Мекенчил инсандарыбызга ыраазычылык билдиребиз

чаткал таланттары 1 (2) “Чаткал таланттары –  1” китебин  чыгарууга  кошкон каржылык колдоосу, жардамы жана  салмактуу салымы  үчүн мекенчил инсандарыбыз-белгилүү  юрист  Идирис Кубатбековго, жандуу  аракеттери  үчүн  белгилүү журналист  Мухамедалы  Эшназаровго  биз  В.И. Ленин  атындагы  мектеп-интернатынын  администрациясы  жана  жалпы   жамааты чоң  ыраазычылык билдиребиз. Ошондой  эле “Талант  булагы – эл”,  “Талантка  көмөк  керек”, “Акылдуунун пайдасы көп”-деп  элибиздин  акыл кенчинде  айтылгандай,  Чаткал таланттарына  көрсөткөн  көмөгүңүздөр үчүн, таланттарды  ташкындатып,  таланттарды тааныткандыгыңыздар үчүн сиздерге  дагы  бир ирет  рахмат   айтабыз. Сиздер  сыяктуу  көмөкчүлөр, колдоочулар  менен  Чаткал таланттары көкөлөй  берсин, таланттар ташкындай берсин – деп тилек кылабыз. Сиздердин  колдооңуздар жана жардамыңыздар менен Чаткал  таланттарынын катарын түзүшкөн Сумсар  айыл  аймагынын Шекафтар мектеп-интернатынын мугалим – авторлору Зулайка  Алимбекова, Айтилла  Алимбекова, Аяткан  Карабекова, Айжамал  Күзөбаева, Курбаналы  Тагаев, Бекмурат Исаковдордун таланттары  элге таанылды. Бул  саамалык  В.И.Ленин  атындагы  мектеп-интернатынын  администрациясы  жана  анын жалпы жамааты үчүн чоң  сыймык  болду. Урматтуу  Идирис Кубатбеков  жана  Мухамедалы  Эшназаров! Биз  сиздерге  чың  ден соолук, узак өмүр каалоо менен  бирге  ишиңиздерге  ийкемдүү  ийгиликтерди жарата беришиңиздерге  тилектешбиз. Т.Орозбаев, В.И.Ленин атындагы  мектеп-интернатынын администрациясынын башчысы]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *