101 билдирет: Өрттөн сак бололу

  өрт коопсуздугу 1 Урматтуу  районубуздун тургундары 2015-жылы районубуздун аймагында 8 өрт кырсыгы  катталып, өрттөн келтирилген материалдык чыгымы 299879 сомду түздү.  2014-жылга    салыштырмалуу  9 өрт кырсыгына кыскарып, материалдык чыгымы мурунку жылга салыштырмалуу   215 миң 383 сомго кыскарган. Көпчүлүк өрт кырсыктары  турак үйлөрдөн чыгууда. Адамдардын отко шалаакы жана кайдыгерлик  менен мамиле кылуусу көп учурда өрттүн чыгышына себепкер болуп калат. Ыргытып ташталган тамеки калдыгы, түйүндөргө сайылган боюнча унутта калган электр шаймандары, балдардын от менен ойноосунан күтүлбөгөн өрт кырсыгы  болуп,  үйлөр, үй мүлктөрү күйүп, кээ  бир учурда адамдар да каза болот.Ошондуктан, өрттүн алдын алуу ар бирибиздин колубузда. Бул үчүн  өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактап, кайдыгерликтен алыс болуубуз талап кылынат. Ушул макалада өрттүн чыгуу себептерин чагылдыруу максатыбыз, сиздерди өрт коопсуздугунун эрежелерине так болууга чакыруу. Төмөнкү эрежелерди сактай билүүңүз керек: балдарды кароосуз калтырбаңыз, балдардан ширенкелерди катып салыңыз, күйүп турган ширенке жана тамекилердин күйгөн калдыктарын таштабаңыз, тиричилике керектүү электр шаймандарын, радио-теле аппаратураларын, газ плиталарын иштеген бойдон кароосуз калтырбаңыз, электр жылыткыч шаймандарын күйүп кетүүчү буюмдарга жакын орнотпоңуз, имараттарга (курулуштарга) жакын от жакпагыла жана өрт кооптуулугу күчөгөн маалда калдыктарды өрттөбөөнү, электр шаймандарын түнкү же үйдөн кеткен учурда күйгөн боюнча калтырбаңыз, жашы жете элек балдардын газ жана электр шаймандарын колонууга жол бербеңиз. Урматтуу районубуздун тургундары, өрттүн алдын алуу ар бирибиздин колубузда. Кайдыгер болуу менен бирге өрткө өбөлгө түзүп, артынан өкүнүп калбайлы. Өз маңдай терибиз жана ак эмгегибиз менен тапкан байлыгыбызды кайдыгерликтин себебинен «тилсиз жоонун» чеңгелине салып бербейли. Ошондуктан өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактап, кайдыгерликтен алыс болуубуз талап кылынат. Биз ошондо гана тилсиз жоонун жолуна бөгөт койгон болобуз. Өрт учурунда эмне кылуу керек: Өрт болуп жаткандыгы тууралуу 101 телефонуна кабарлоо, адамдарды сактап биринчи жардамды көрсөтүү, колдо болгон каражаттар менен өрттү өчүрүүгө киришүү, материалдык баалууктарды жана жаныбарларды эвакуациялоо – булар өрт учурундагы зарыл болон эң биринчи аракеттер. Бул макалада баяндалган өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо. Сиздин турак жайыңызды жана мүлкүңүздү өрттөнүп жок болуп кетүүдөн сактайт..   И.Кубатбеков, Чаткал райондук Өрткө каршы мамлекеттик  кызмат бөлүмүнүн башчысы,  капитан]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *