Чаткал районунда малдын саны өсүүдө

IMG_1480 (2) 2015-жыл аяктап бара жатканда райондо мал санак жүргүзүлүп, 2016-жылдын 1-январына карата анын жыйынтыгы чыгарылды. Айыл аймактары боюнча алганда райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн чыгарган жыйынтыгы менен кара мал Каныш-Кыя айыл аймагында 3372 баш болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 371 башка, топоздор 66 баш болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 5 башка, кой-эчки 18939 баш болуп, 10 башка, жылкылар 1467 баш болуп, 133 башка, канаттуулар 10482 баш болуп, 12 башка көбөйсө, Чаткал айыл аймагында кара мал 2053 баш болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 6 башка көбөйүп, топоздор 96 баш болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 9 башка азайса, кой-эчки 12944 баш болуп, 1144 башка көбөйсө, жылкылар 825 баш болуп, 25 башка, канаттуулар 6828 баш болуп, 83 башка көбөйсө, Терек-Сай айыл аймагында кара мал 1013 баш болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 11 башка көбөйүп,  кой-эчки 19757 баш болуп, 628 башка көбөйсө, жылкылар 206 баш болуп, 4 башка, канаттуулар 7389 баш болуп, 22 башка көбөйсө, Сумсар айыл аймагында кара мал 1222 баш болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 10 башка көбөйүп, кой-эчки 19330 баш болуп, 144 башка көбөйсө, жылкылар 373 баш болуп, 31 башка, канаттуулар 9676 баш болуп, 132 башка көбөйгөн. Ал эми район боюнча алып караганда  кара мал 7660 баш болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 389 башка көбөйүп, топоздор 162 баш болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 4 башка азайса, кой-эчки 70970 баш болуп, 1896 башка көбөйсө, жылкылар 2871 баш болуп, 193 башка, канаттуулар 34375 баш болуп, 249 башка көбөйгөндүгү такталды. Акыркы убакта үйүрү менен айыл аралап көпчүлүктү тажатып жаткан эшектердин жалпы саны 456 болуп, 91 башка азайса, эти менен жумурткасы пайдалуу тооктор райондо 25559 баш болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 105 башка көбөйгөн. Ошондой эле дасторконго көрк жана ден соолукка пайдалуу бал берүүчү аарылардын бал челеги 505 болуп, 6га көбөйгөн. Б.Дилдебаев]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *