“Кичи Чаарат” ЖАК Куру-Тегерек кенин иштетүүнү көздөөдө

Компаниянын жетекчилигинин маалыматында, кендүү ташты иштетүү күнүнө 6000 тоннадан иштетилген учурда он айда 1,800 миң тонна иштетилмекчи. Жылдын эки айын климаттык шартка ылайык чыгарып салып, бир жылда он ай иштеген учурда жогорудагыдай көрсөткүч келип чыккан. Жогорудагыдай алдын ала эсептөөлөргө ылайык, кенди иштетүү жалпысынан 17 жылдан ашыгыраак мезгилди камтуусу күтүлүүдө. Бүгүнкү күндө, компаниянын өкүлдөрү кенди иштетүүнүн алдынан кен жайгашкан аймакка жакын жайгашкан Башкы-Терек жана Чакмак-Суу айылдарынын калкы менен жолугушууларды өткөрүшүүдө.]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *