Чаткалда “Түшүм майрамы” белгиленди

  IMG_4673 IMG_4664 IMG_4666 IMG_4667 IMG_4650 IMG_4651 IMG_4652 IMG_4697 IMG_4708 IMG_4741Жыл сайын күз айларында районубуздун төрт айыл аймагында кезек менен “Түшүм майрамы”   белгиленип келет. Аталган майрам быйыл Чаткал айыл аймагынын Жаңы-Базар айылында чоң салтанат менен өткөрүлдү. Салтанатта район акими К. Эшалиев, Чаткал айыл аймагынын башчысы Н. Мырзаяровдор баштаган райондук бийлик өкүлдөрү, алдыңкы айыл чарба кызматкерлери куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, райондун айыл чарбасынын өнүгүшүнө көрүнүктүү салым кошкон инсандарга райондук, облустук деңгээлдеги сыйлыктар жана “Ардак Грамоталар” тапшырылды. Мында, көрүнүктүү дыйкан-фермерлер Г. Таирова, Н. Молдобеков, Н. Курбанов, Э. Аширбеков, Н. Кудайбердиев,  Г. Мырзабекова, С. Исматов, Д. Нышанбай кызы, Т. Чоңатаев, И. Айталиев ж.б. бир топ айыл чарба ишмерлери райондук жана облустук деңгээлдеги сыйлыктарга ээ болушту. Маарекенин расмий бөлүгү аяктаган соң улуттук спорт оюндарына кезек берилип, таш билек спортчулар арасында улак тартыш, эр оодарыш, улуттук күрөш боюнча мелдештер өтүп, жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктарга ээ болушту. Мында өзгөчөлөнгөн нерсе, бул жолку маарекеде кыз-келиндер арасында эр оодарыш  болуп, төрт балбан кыз-келиндер ат үстүндө эркектерден кем калышпай билек кармашып, күч сынашып, элдин кыйкырык, сүрөөнүн жарата алышты. Мындан сырткары, маарекеде райондогу дыйкан-фермерлер тарабынан өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын жарманкеси болуп, анда ишкер дыйкан-фермерлер өздөрү өндүргөн ар түрдүү айыл чарба продукцияларын сатыкка чыгарышты. Т. Алмарсбек кызы «Чаткал оттору»]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *