Район мектептеринде шашке чайын берүү өз деңгээлинде

IMG_4550 IMG_4548 Райондо учурда 19 мектеп, анын ичинен 15 орто, 3 негизги жана 1 башталгыч мектеп бар. 2015-2016-окуу жылы үчүн 269 класс комплектиде 4971 окуучу билим алышууда. Ал эми 2010 – жылдын 1 – сентябрь айынан баштап Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 1-4-класстар үчүн 1 окуучуга 10 сом өлчөмүндө жалпысы 1740 окуучуга шашке чайына 2015-жылдын январь айынан май айына чейин 723857 сом акча каражаты жумшалган. Ал эми  2015-2016-окуу жылы үчүн 1839 окуучу шашке чайын ичип келишүүдө. Жаны окуу жылынын башында  бардык мектептерге айыл аймактары тарабынан  муздаткычтар алынып берилген. Ошондой эле  ата-энелердин жардамы менен жетишпей жаткан идиш аяктарды толуктоо боюнча иштер жүргүзүлүп, толугу менен идиш аяктар менен камсыз болду. Мындан сырткары М. Исмаилов атындагы орто мектеби 120 мин сомдук, С.Мырзалиев 75 мин сомдук, Т.Жаналиев 112 мин сомдук, Б.Камчыбеков 125 мин сомдук, Сумсар 189 425 сомдук жана Ю.А.Гагарин атындагы орто мектеби 175 мин сомдук, жалпы суммасы 796 425 сомдук ашканаа жабдуулары менен жалпы 6 мектеп МерсиКО уюмунан идиш – аяктар жана тамактануучу азыктар менен камсыздалды. Ал эми С.Байдөөлөтов жана Терек-Сай орто мектептеринин ашканаларына таза суу киргизилип, ПРООН тарабынан ашкана эмеректери менен камсыздалды. Атайын кабарчы        ]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *