Таза колдор — таза жашоонун булагы!

IMG_4602IMG_4620IMG_4605IMG_4617IMG_4629 IMG_4610 Азыркы   учурда  районубуздун  мектеп, бала  бакча  жана  мектеп  жашына чейинки  балдар  арасында  вирустуу   гепатиттин  А  түрү  менен ооруп  катталгандардын  саны  күндөн  күнгө өсүп  жатат.  Вирустуу гепатиттин А түрү ар 3-4 жылда  кайталанып, күз-кыш  айларында  көбөйуп  туруучу карым катнаш,кир колдор, тамак  аркылуу жугучуу  жугуштуу оору болгондуктан, азыркы күндө  уюшкан мекемелер арасында көп катталып  аба- ырайынын  тез,өтө сууп  кеткендигинен да сарык оорусу күчөп жатат. Райондук медициналык  мекемелерге 10 ай ичинде вирустуу гепетиттин  А туру менен 100 адам  катталып, үйүндө дарыланышкан. Үйлөрдө эрежелер так сакталбай бир үйдөн  бир канча бала  бири биринен  жугуп,оорунун  күчөп кетишине шарт түзүлдү.Үйлөрдө кыдырууда  ата- энелер тарабынан залалсыздандыруучу эритмелер менен оорулунун идиш-аяктары, жуулбай, бөлүнбөй, бир бөлмөдө  жаткан учурлар да жок эмес. Берилген тез билдирүүлөрдун негизинде РОААжМСЭКБу  тарабынан эпид иликтөө иштери жүргүзүлүп, “Келечек” балдар бакчасына  23-сентябрдан,” Наристе” мектепке чейинки билим берүү уюмуна 19- октябрдан КР ССМнин № 488 буйругунун негизинде 35 күнгө карантин коюлган.    Каныш-Кыя айылындагы “ Наристе” бала бакчасына кенже тайпасына 4 бала  ооруп калган. Жалпы тарбиялануучулардын  саны 102 бала. 19-октябрь куну 63, 20–октябрда 63, текшерүү  учурунда 21-октябрь куну 58 бала гана бала бакчага келгендиги аныкталды, бул 57% түздү. Ар бир группада балдар жуунучу бөлмөлөрдө жуунгуч (умывальник) коюлбаган.  Эреже боюнча ар бир беш балага бирден жуунгуч болуш кере,ага карбай коридордо 2 гана жуунгуч коюлган.   Балдар өз деңгээлинде   өздук гигиенаны  сакташпайт.  Горшокторду  залалсыздандыруу  үчүн бак коюлбаган, хлорамин менен чайкап гана коюлат.з Залалсыздандыруучу эритмелер менен иштөөнүн эрежелери так сакталбайт. Залалсыздандыруучу заттарды камсыздоо, эрежеге ылайык жууп,  тазалоо  төшөнчүлөрдү маркировкалоо, жогоруда аталган кемчиликтер жоюлганга чейин  бала бакча   10 күнгө  (22-октябрьдан 1- ноябрга  чейин)  жабылды.  Каныш-Кыя айыл аймагынын  А.Баймырзаев орто мектебинен  5 бала ооруп  катталган. мектепте 19-октябрдан каратин коюлган мектеп жана бала бакчаларга  35 кундук  аралыкта карантин коюлду,каратин учурунда жаңы оору  табылса    карантин узартылат. Сарык оорусу мектеп, бала бакчалардын ашканаларында  залалсыздандыруучу  каражаттарды  өз деңгээлинде сактабай, ашканаларда иштетилип жаткан дезинфекциялоочу каражаттар сертификаттары жок , текшеруу учурунда аптекалар менен келишимдер түзүлбөй, кандай каражат экендигин иштеп жаткан кызматкерлер иштетүүнү   билишпейт. Эрежелер так  сакталбагандыктан, жетекчилер  тарабынан балдардын өздүк гигиенасына маани бербей, көп оорулар жуулбаган колдор  аркылуу жугаары көмүскөдө калып, балдардын катышуусуна гана көнүл бөлүнүп калган. Кир колдор сарык оорусунун гана эмес көптөгөн  жугуштуу оорулардын  (мите курт оорулары-гельминтоз,лямблиоз, эхинококкоз, курч кармаган ичеги- карын инфекциялары,  ич келте, ич өткөк,сальмонеллез) таркатуу болуп эсептелет.  Районубуздун соода сатык ашкана  дукөндөрүндө  сатуучулар залалсыздандыруу  каражаттары менен иштешпейт,талапка ылайык идиш- аяктар жуулбай,өздөру билип эле столдорду коюп, граммдап спирттик ичимдиктерди жана суусундуктарды сатып, оорунун таралуусуна шарт тузуп жатат. Урматтуу райондун жарандары азыркы учурда районубузда жугуштуу сарык оорусу күчөгөндүгүнө  байланыштуу балдарыбыздын өздук гигиенасын сактоо,мектеп бала бакчаларда уюштурулуп жаткан  иш чараларды азайтуу, ооруган балдарды өз убагында таап,дарылануусуна ак халатчандар менен биргеликте бул ооруну азайтууга баарыбыз милдеттубуз!     Г. Акылбекова.   Чаткал райондук ОААжМСЭКБнун башкы дарыгери]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *