Чаткалга белгилүү ишкер, фармацевт Зыяда Азикеева

Элдин жүрөгүнөн уя тапкан ишкерибиздин чынында эле эл үчүн эмгеги чоң баага ээ. Анткени сыркоологон элдин ден-соолугуна аба менен суудай керек болгон дары-дармектерди элге жеткирип, камсыз кылып келет. Ишкердин өмүр жолуна кылчайсак, ал 1960-жылы 18-октябрда Ысык-Көл областынын Тоң районунун Кажы-Сай шаарчасында төрөлгөн. 1967-77 жылдары Ала-Бука районундагы Жданов атындагы мектепти аяктап,1977-жылы Ташкент шаарындагы фармацевтикалык иниститутуна тапшырып, 1982-жылы аталган окуу жайын ийгиликтүү бүтүрүп, ушул эле жылдан баштап,1998-жылга чейин Чаткал райондук борборлоштурулган дарыканада провизор-технолог жана дарыкананын башчысы болуп эмкгектенген.Тактап айтканда, бул  жумушта 16 жыл эмгектенген. Ал эми, 1998-жылдан тартып, Каныш-Кыя айылындагы №567 дарыканада иштеп келүүдө. Күндүр-түндүр дары-дармектерге муктаж болгондорго дарыкананын эшигин кенен ачып, элдин талабын орундатып, ыраазычылыгын алып келүүдө. зыяда эжеIMG_4182 Анын күжүрмөн эмгектери өз учурунда жогору бааланып, 2013-жылы Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы   тарабынан “Жылдын мыкты ишкери”номинациясына ээ болгон. 2014-жылы болсо,   калкты сапаттуу дары-дармек менен камсыз кылууда кошкон чоң салымы үчүн Кыргызстандын түштүк аймагы боюнча провизор жана фармацевттер ассоциациясынын “Диплому” менен сыйланган. зыяда эжеIMG_4187 (2) IMG_4186 (2) зыяда эжеIMG_4184   зыяда эжеIMG_4193 (2)     2009-жылы  райондук салык кызматы тарабынан 1-июнь салык кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Чаткал элине көрсөткөн ак эмгеги жана иштеги ийгиликтери, бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууда кошкон салымы үчүн “Ардак Грамотага” арзыган.  Ал эми, 2012-жылы “Адилет-Фарм” фармацевттер ассоциациясы тарабынан фармацевтика тармагындагы көп жылдык эмгеги үчүн “Ардак Грамотага” ээ болгон. Эл адамы Зыяда эже үй-бүлөсүндө бактылуу эне жана өмүрлүк жолдошунун сүйүктүү жубайы экендигин да кошумчалай кетүү ашыкча кылбайт. Өмүрлүк жубайы экөө эки уул эки кызды тарбиялап эрезеге жеткирип, учурда чоң уулу Муктар Ош шаарында Финка банкында кзыяда эжеIMG_4192редиттик специалист болуп иштейт. Экинчи уулу Бакыт ички иштер кызматында эмгектенет. Ал эми, эгиз кыздары Апел менен Үпөл экөөсү тең англис тили боюнча мугалимдик кесипти аркалашат. Уул-кыздарынын баары үй-бүлө очогун куруп калышкан.   зыяда эжеIMG_4190зыяда эжеIMG_4191 Учурда каарманыбыз төрт неберенин кубанычтарын тең бөлүшүп, чоң ата, чоң эне жана таята, таене болуп бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктап келишет.Эл кызматындагы эженин мындан ары да иштерине ийгиликтер кошулуп, журт арасында бар болсун демекчибиз. М. Эшназаров, КР. Журналисттер  кошунунун мүчөсү     ]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *