Чаткал районунун 80 жылдыгы чоң салтанат менен белгиленди

Конференциянын соңунда, окумуштуулар жана коноктор Чаткал  району келечекте бир топ тармактарда алдыңкы райондордун катарына кошулууга мүмкүнчүлүгү зор экендигин баса белгилешти. Эртеси күнү раймамадминистрациянын алдындагы атайы даярдалган жайда маарекенин салтанаттуу ачылышы болуп, анда КР. Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Жумагүл Эгембердиева баштаган облустук жетекчилер тобу, маарекенин сыйлуу конокторунан болушту. чаткал 80_DSC0011чаткал 80DSC0019   чаткал 80_DSC0029чаткал 80IMG_4402   Салтанаттуу ачылышта алгач, райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көрүнөөрлүк салым кошкон Канжарбек Эшалиев баштаган бир топ инсандарга райондук, облустук жана өкмөттүк деңгээлдеги сыйлыктар тапшырылды. чаткал 80_DSC0115чаткал 80_DSC0068 Андан соң, Чаткал районунун тарыхына байланышкан театрлаштырылган “Чаткал жерим-бүтпөс дастан” аттуу оюн-зоок иш чарасы чаткал 80_DSC0106 тартууланды.чаткал 80_DSC0046чаткал 80_DSC0106чаткал 80_DSC0070чаткал 80_DSC0083     Оюн-зооктон соң, төкмө акын Рахматулла Козукеев,  ырчылар-Сыймык Бейшекеев, Аскат Мусабеков, Гүлнур Асанова баштаган кыргыз эстрада жылдыздарынын жана белгилүү таланттардын катышуусунда концерт тартууланды. чаткал 80_DSC0173чаткал 80_DSC0159чаткал 80_DSC0024чаткал 80_DSC0156чаткал 80_DSC0140чаткал 80_DSC0129 Маарекенин жүрүшүндө улуттук күрөш, улак тартыш, күлүк чабыш сыяктуу улуттук ат оюндары да болду. Улуттук күрөш боюнча мелдеште чаткалдык балбан Мамыров Тынчтык балбандардын баарын жеңип,  жыйынтыгында чаткалдык жеке ишкер Идирис Кубатбеков тарабынан коюлган “Жигули” автоунаасына ээ болду. чаткал 80 чаткал 80IMG_3170 чаткал 80IMG_3195 чаткал 80IMG_3198 чаткал 80IMG_3211 Ал эми, улак тартыштан баш байгеге коюлган эки даана “Жигули” автоунааларын чаткалдык балбандар Турматов Асылбек жана Кубатбеков Улукбектер илип кетишти. Күлүк чабыштан баш байгеге коюлган жеңил автоунаа бардык күлүктөрдөн озуп келген Таластан келген чабандеске ыйгарылды.  ]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *