Арстанбаптыктардын быйылкы негизги кирешесинин азайышына эмне себеп?

 

Быйыл арстанбаптыктар жаңгак токойлорунан жылдагыдай киреше ала алышпады. Буга быйыл жаз айларындагы аба ырайынын кескин өзгөрүшү себеп болду деп айтылууда. Ал эми, айрым тиешелүү адистердин белгилөөсүндө, мунун башка да бир нече себептери бар.

12042950_892187037526730_4560671539349306552_n

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда 631 миң га мөмөлүү токойлор болсо, анын көпчүлүк аянты Арстанбапка туура келет. Мында, алча, алма, мисте, долоно, акчечек жана жаңгак токой аянттары бар болуп, мунун көпчүлүк үлүшү жаңгак токойлоруна туура келип, анын жалпы аянты 47 миң га ны  түзөт. Ал эми, биз сөз башында айткандай, Арстанбаптын жергиликтүү калкынын негизги кирешесинин азайышынын башка себептерин иликтеп көрсөк, 1990-жылдардын башында Советтер Союзу ураган мезгилден баштап жергиликтүү калктын көңүлү жаңгак токойлорунан пайда табууга бурулуп, натыйжада токойлор таланып, тонолууга учурап, андагы мекендеген жапайы жаныбарлар башка жактарга ооп кете баштаган. Тактап айтканда, токой арасына мал жаюудан улам такырайып, бадалдар таптакыр суюлуп, жердин эрозияга учуроосуна жол ачылган. Ар түрдүү мөмөлөрдүн кырк пайызы жан-жаныбарларга азык катары калтырылуусу тийиш болсо тетирисинче, жан-жаныбарларга эч нерсе калтырылбай натыйжада, жапайы жаныбарлар керектүү азыктардан айрылышып, бул көрүнүш алардын башка тараптарга ооп кетүүсүнө түрткү болгон.  Арстанбап токой чарбасы менен биргеликте иш алып барган “Лесик-Түштүк” экологиялык бирикмесинин биоартүрдүүлүк боюнча адиси Закирходжа Сарымсаковдун билдиришинче,   Арстанбап токойлорун буга чейин сүт эмүүчүлөрдүн түрүнө кирген жапайы жаныбарлардын жыйырма төрт түрү мекендеп келсе, жаратылышка жасалган жогорудагыдай туура эмес мамиледен улам, бүгүнкү күндө алардын аз гана түрү калган. Мындан сырткары, ошол кездерде токойдон отун даярдап, сатуу бизнеси гүлдөп, мунун айынан бир топ долоно дарактары кыйылган. Кыскасын айтканда, ал кездеги кыйынчылыктан улам мукурап турган калк  токойлорду орунсуз пайдаланышып айтор, токойлор бир топ бүлүнүүгө учураган. Бүгүнкү күндө деле, токой чарбаларындагы токойчулардын санынын аздыгы жана алардын айлык маяналарынын өп-чаптыгы да токойду өз деңгээлинде кайтарууга алууга тоскоолдук жаратып келет.

12036710_892186634193437_5238592010664531762_n

Албетте, жергиликтүү тургундардын бул боюнча пикири да ар түрдүү. Өзүн атагысы келбеген арстанбаптык тургундун пикиринде, Арстанбаптагы токой чарбаларынын жумушчулары ошол жерден айлык маяна алып иштеген соң, токойду жакшы корушу керек. – Токойчулар өздөрү жакшы иштешпейт. Мен мисалы, ал жерден айлык алсам, аны акташ үчүн жакшылап иштейм да. Мага бөлүнгөн токой тилкесине барып көргүлө ишенбесеңер, мен токой чарбасынан айлык албасам деле, алар коруган токойлордон бир топ жакшы карайм-дейт ал. Айта кетчү нерсе, токойлуу аянттарынын айрым бөлүктөрү бир нече жыл мурда жергиликтүү тургундардын камкордугуна бөлүнүп берилген.

Чындыгында, жергиликтүү тургундардын билдиришинче, калк үчүн дыйканчылыктын башка түрлөрү менен алектенгенге караганда, жаңгак терип сатуу бир топ жогору киреше алып келет. Жергиликтүү тургун Кутлуг Садиевдин айтымында, 200 кило жаңгак терип сатсаң 20 миң сомдой киреше таба аласың. Ал эми, жергиликтүү тургундардын айрымдары жыл сайын  700-800 килого чейин жаңгак терип, сатып пайда көрүшөт.

З. Сарымсаковдун билдиришинче, дагы бир көйгөйлүү маселелердин бири-жергиликтүү тургундар токойлуу аянттарга мыйзамсыз түрдө үй салып алышууда. Буга чейин 460 тургундун токойлуу аянттардан мыйзамсыз жер ээлеп, үй салып алгандыгы ачыкка чыккан. Жакынкы жылдардагы мөмөлүү токойлорду пайдаланууга киргизилген мораторийден соң, токойлорду коромжу пайдалануу бир топко тыйылган бирок, жергиликтүү калктын токойлорду жайыт катары пайдалануусу такыр токтобой келет.  –Мындай жосунсуз мамилелердин айынан мөмө берүүчү токойлордун аянты азайбаса да, токойлордун ички экосистемасы талкаланууда.-дейт биоартүрдүүлүк боюнча адис З. Сарымсаков.

12036710_892186634193437_5238592010664531762_n

Акыркы убактарда жогорудагыдай терс көрүнүштөргө кайдыгер карабаган чет элдик уюмдардын колдоосу менен жаңгак баштаган мөмөлүү токойлорду сактоо иштери колго алына баштаган. Бүгүнкү күндө, Германиялык техникалык кызматташтык уюмунун (GIZ) колдоосу аркылуу Арстанбап жана Ачы токой чарбаларында биоартүрдүүлүктү сактоо, токойлорду коромжуга учуратпоо жана келечек муундарга бүтүн бойдон өткөрүп берүү ишине коомчулуктун өзүн тартуу иштери алынып барылып, бул иш аракеттер бүгүнкү күндө оң натыйжаларын берүүдө. Бул багытта алгач атайы иш чараларда кала берсе, мектептерде жана мечиттерде жергиликтүү калкка жана жаш муундарга кайрылуулар жасалып,эл туура кабыл алып жаткандыгын билдирди З. Сарымсаков.

Буга кошо эле, быйыл Арстанбап жана Ачы токой чарбаларындагы көчөт өстүрүүчү аянттарда-питомниктерде GIZ уюмунун колдоосу менен мөмө берүүчү дарактардын бир нече түрүнүн көчөттөрү өндүрүлүүдө.

Албетте, бул аракеттер жакшы көрүнүш экендиги талашсыз.  Ал эми, биз макала башында айткандай, быйыл Арстанбаптын жергиликтүү калкынын мөмөлүү токойлордон жылдагыдай киреше ала албай калышына быйылкы аба ырайынын өзгөрүшүнүн кесепети гана себеп боло алдыбы же,  жогоруда айтылган токойлорго карата кыянаттык мамилелер да өз “үлүшүн” кошо алабы, аны окурман өзү талдап көрөөр.

Мухамедалы Эшназаров. КР журналисттер кошунунун мүчөсү

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *