Калктын социалдык абалы жакшырууда

Өлкөбүздө калктын социалдык абалын жакшыртуу, таза суу менен камсыз кылуу өңдүү маселелерге өзгөчө көңүл бөлүнүп жаткандыгы жалпыбызга маалым.
Мына ушул багытта Кызыл-Токой айылында кандай иш аракеттер болуп жаткандыгына кызыгып көргөнүбүздө айыл башчы Мирлан Таиралиев мына буларды айтып өттү.
-Айылыбызды аралап чоң суу агып өткөнү менен бизден жогоруда бир нече кен иштеткен фирмалар бар. Алардын иштеткен сууларынын саркындылары агып сууга түшүп, ошонун натыйжасында биздин көк кашка мөлтүр суубуз ичүүгө жараксыз абалга келип отурат. Мына ушундай шартта калкты таза суу менен камсыз кылуу маселеси келип чыкты. Мына ошондо маселени чечүү максатында кен казган фирмаларга кайрылууга туура келди. Натыйжасы жаман болгон жок. Минтип “саргара жорсоң кызара бөртөсүң” демекчи, Фульгольдмайнинг” компаниясы менен келишим түзүүгө жетиштик. Ошентип өткөн 2014-жылы айылыбызга суу түтүктөрү орнотулуп бүттү. Буга жалпысынан 36 миллион каражат жумшалды. Бирок, кеч күз болуп, күн суук тартып калгандыктан суу түтүктөр ишке түшүрүлгөн жок. Кудай буюруса эрте жазда суу түтүктөрү ишке түшөт.
Калкыбыздын маданий эс алуусу үчүн да жеткиликтүү шарт түзүү зарыл эмеспи. Бул багытта эбак эскилиги жеткен айылдык клубду кайра куруу маселеси келип чыкты. Буга айыл эли өзү демилгечи болуп, каражат чогултуп ишти баштаганбыз. Азыр курулуш иши аяктоо алдында. Курулуш бүтсө, аны эмеректер менен толтуруу маселеси турат.
Жогоркулардан сырткары да айылдык ФАПтын, балдар бакчасынын имараттарын учур талабына ылайык деңгээлде куруу, Агата арыгын салуу өңдүү көйгөйлүү маселелер бар. Бирок, Москва бир күндө курулбагандай эле убакыт сааты келгенде бул көйгөйлөр да чечилет деп ойлоймун.
Ооба десең. Аракетке берекет деген ушул да. Минтип айыл көйгөйлөрү күн санап чечилүүдө. Бул да болсо элдин биримдиги, ынтымагы. Өлкөбүздөгү бардык айылдарга ушундай иштер жүрсө, албетте калктын социалдык маселелери өз убагында чечилери шексиз.
Т.Темиралиев. «Чаткал оттору»

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *