Кылымдарды карыткан Чаткал

IMG_3787 (2)

Көк асмандын алдында Ала-Тоого курчалган кут даарыган Чаткал жергесинин тарыхы тээ алмуздактан башталат. Мындан нечендеген кылымдар илгери эле Чаткалды эл байырлап, күн кечирип жашап келишкенин эл арасында айтылып келе жаткан уламыштардан жана тарыхый булактардан улам билүүгө негиздер бар.

Биздин заманга чейинки 44-жылдары Улуу Кыргыз каганатынын доорундагы кыргыз шаарларынын катарына Гузия, Янги-Кент, өзкент, Ош, Аксы, Талас, Баласагын, Барскоон жана Чаткал шаарлары кирген. Ирандын тарыхчысы Истахри, Араб тарыхчысы Мукадаси өз эмгектеринде IХ-кылымда Чаткалда чоң шаар жана кыштактар болгон деп жазган. Мындан тышкары бир кездерде канды уруусунан тараган Осмон түрктөрү кыпчактардын үстөмдүгүнөн качып Чаткалда Кызыл-Белден тартып  Мазар-Сайга чейинки аймакты жайлап, кышкысын Аксы тарапка ооп кетип жүргөнү маалым.

Ал эми Адам Алейхи-Салам менен Шис Алейхи-Саламдан кийинки        адамзаттын ичинен биринчи болуп колуна калем алып, башкача айтканда жазуу түрүндө илим алып билим берүүнү баштаган    үчүнчү пайгамдар Ыдырыс пайгамдардын IХ-ХI-кылымдарга таандык күмбөсүнүн Чаткал жергесинде курулганы да Чаткалдын ыйык касиеттүү жер экенин айгинелеп турат.

Тарыхый маалыматтарга караганда Чаткалда IХ-ХII-кылымдарда Күлбөс хан менен Жанчар хандын шаарлары өз мезгилинде гүлдөп-өнүккөн. Аны “Муңдук-Зарлык” эпосторунан билүүгө болот. Мына ушул эки хандыктын ордолорунун орду күнү бүгүн да даана байкалып турат.

бешарал коругу12 (2)

Деги эле бир убактарда Чаткалда элдин көп жашагандыгынын күбөсү катарында тоо боорлорундагы эски арыктардын издеринин сакталып калышы ошол убактарда жашап өткөн элдердин дыйканчылык менен алектенгендигинин далили катарында билүүгө болот. “Мажму-ат-таварих” китебинде жазылган колдо бар материалдарга жана кыргыз элинин нечен кылымдарды камтыган оозеки энциклопедиясы болгон “Манас” эпосуна таянсак, кезинде Манастын бабалары да Чаткалды жайлап келген экен. Кыргыз жерин душмандардан бошотууда Чаткалда көптөгөн согуштар болуп, Манас атабыз өзү да Чаткалда жашап турган учурлары жазма булактарда жазылып калган. Ал тарыхтын күбөсү катары Чаткалда Карахандын Кара-Жаңырык, Манас – Төр, Жоо-Жүрөктүн чокусу, Семетей-Булак, Кара-Үңкүр, Кара-Тоо, Эчкили – Тоо деген топонимдер (жер аталыштары) сакталып калган.

Андан бери алсак, тарыхый инсан, айтылуу Кожожаш мерген да Чаткалда жашап, кезинде Кашкардан Букарга чейинки аймакты бийлеп турган айтылуу Кара-хандын кызы Зулайкага үйлөнөт эмеспи.

Жергебизде Совет мезгили орногонго чейин элди бий, датка, болуштар  башкарып келген. Аларга Тоголок бай, Момун датка, Ибрагим бий, Нурманбай болуш, Эшалы болуш, Наралы болуш, Эралы уулу Мусабек болуштарды айтууга болот.

 

Ал эми Чаткалдын район болуп уюшулуп, атайын статуска ээ болгону 1935-жылдын 8-февралынан башталат. Ал күнү Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу комитетинин Президиумунун №8 протоколунун негизинде райондордун биригиши жана жаңы райондор уюшулгандыгы жөнүндө токтом кабыл алынган. Ал эми 1935-жылдын 11-февралында Москвада Бүткүл Россиялык Аткаруу Комитетинин токтому менен Кыргыз АССРинде 33 район болуп Чаткал району бекитилген. Мына ошол токтомго ылайык Жаңы-Базар кыштагында райаткомдун кезексиз пленуму болуп, Чаткал району өзүнчө район болуп Кызыл – Жар районунан бөлүнгөн.

1935-жылы район жаңыдан уюшулганда калктын саны өтө аз болуп, өрөөндө 2863 эле адам жашаган. Райондун экономикасын өнүктүрүү, аймактагы калктын жашоо-тиричилигин жакшыртуу үчүн административдик башкаруунун негизи катары айылдык кеңештер түзүлгөн. Ошол учурда Ак-Суу, Каныш-Кыя, Айгыр-Жал, Чандалаш, Ак-Таш айылдык кеңештери болгон. Архивдик маалыматтарга токтолчуу болсок, анда Коргон-Сай айылдык кеңешинин карамагындагы Жданов колхозунда 28 кожолук, Каныш-Кыя айылдык кеңешинин карамагындагы Энгельс колхозунда 32 кожолук, Айгыр-Жал айылдык кеңешинин карамагындагы Чапаев колхозунда 35 кожолук, Сары-Булак айылдык кеңешинин карамагындагы Будённый колхозунда 43 кожолук болгон.

Мурда калкыбыздын орчундуу бөлүгү мал багуу менен алек болушуп, негизинен күңгөй бет түзөң-колоттордо жашап келишкен. Совет бийлиги орноп, жамааттык чарбаларды уюштуруу башталгандан кийин калкыбыз колхоздун борбордук аянттарына көчүп келип отурукташып олтуруп, акырындап өрөөндө айыл-кыштактар пайда боло баштаган.

Өзгөчө Улуу Ата Мекендик согуштун алдында эмгекчилерди отурукташтыруу боюнча маселе олуттуу коюлуп, Чаткал дарыясынын баш жагындагы токойлордон курулушка жарактуу тал-теректер кыркылып, сууга агызылып келип, үй салууга бөлүнүп берилген участкаларга жеткирилген.

 

Совет өкмөтү орногондон кийин Чаткалда элге билим берүүгө чоң көңүл бурулган. 1926-жылы Ошто, Жалал-Абадда педагогикалык техникум жана анын айыл-кыштак мугалимдерин даярдоочу кыска мөөнөттүү курстары ачылда ал окууларды алгачкы болуп бүтүп келишкен Матиш Исмаилов, Абдыкул Мамадияров, Ырыскул Нарымбетов, Кошбай Орозбаев, Кошдөөлөт Бекмырзаев, Барпы Сарпашов, Тоялы Сулайманов, Бекмырза Тоялиев деген мугалимдер жер-жерлерде ачылган башталгыч жана ликбез мектептерине мугалим болуп барышкан. Айыл кыштактарда араб алфавитинен латын алфавитине өтүү жүрүп жаткан мезгилдерде Б.Шерматов, А.Токторалиев, М.Эшкараев, К.Досумбетов, Б.Орозов биринчи мугалимдерден болушкан. Райондун Айгыр-Жал, Каныш-Кыя кыштактарында окутуу үчүн мурдагы байлардан жана кулактардан конфискацияланып, мамлекетке өткөрүлгөн имараттар башталгыч жана 7 жылдык мектепке имарат катары пайдаланылып, 1927-жылдан 1944-жылга чейин сабак берүү ошол мектептерде өткөрүлгөн.

Мектеп жашындагы балдарга жана чоң адамдарга билим берүүнүн алгачкы мезгилдеринде айрым бир кыштактарда бирден гана башталгыч мектептер ачылган болсо, 1934–1935-жылдары 7 жылдык, 1943–44-жылдары 8 жылдык мектептер ачылган. Райондо окутуу, тарбиялоо жана мугалимдерди даярдоо иштери климаты татаал, жол каттамы алыс болгондугуна байланыштуу 1950-жылдарга чейин башка райондорго салыштырмалуу артта калып келген.

Талас облаткомунун 1948-жылдын 28-майындагы токтомунда райондо 1–4-класстарда 762, 5-7-класстарда 174, 8-класстарда 24 окуучу окугандыгы катталган. Сабатсыздыкты жоюну ишке ашыруу жөнүндөгү Жалал-Абад облустук кеңешинин 1941-жылдын 26-апрелиндеги сессиясында 1941-жылы ликбездик окутуунун (сабатсыздыкты жоюу) планындагы 282 кишинин ордуна 386, 1942-жылдагы пландагы 213 кишинин ордуна 364 киши окуп сабатсыздыгын жоюп, китептерди шыр окуп, сабаттуу кат жазууга үйрөнүшкөндүгү белгиленген.

Жергиликтүү мугалимдер жетишпегендиктен, адис мугалимдер Пишпектен, Таластан жана башка коңшу райондордон жиберилген. 1943-окуу жылы Каныш-Кыяда жети жылдык мектеп, 1943–44-жылдары Айгыр-Жал орто мектебинде интернат ачылып, биринчи жолу Айгыр-Жалда 32 окуучу 8-классты бүтүрүп чыккан. Ошол бүтүрүүчүлөр Каныш-Кыядан Акылбек Мырзалиев, Талип Жакыпбеков, Музан Сейталиев, Терек-Сайдан Камчыбек Качикеевдер болушкан.

Чаткал району уюшулган соң райондун борбору Жаңы-Базарда 1936-жылы биринчи жолу 12 орундуу оорукана ачылып, анда башкы врач болуп Россиядан Юсупов деген врач келген. Андан кийин Чураков, медсестра болуп Маруся Емцова Домбровская деген орус улутундагы адамдар иштешкен. Акырындап убакыт өтүп, 1940-жылдары райондун көпчүлүк кыштактарында медпункттар ачылып, профессионал медициналык кызматкерлер келе баштаган.

1950-жылы райондо саламаттыкты сактоо мекемелеринин саны ондон ашып, колхоздордо үч төрөт үйү иштеген. Аялдардын мурдагыдай төрөттөн жабыр тартуулары жоюлган. Анда Терек-Сай, Шекафтар, Сумсар Чаткалга кошула элек болчу. Ал тарапта немецтер, карачай-балкарлар жана башка улуттар жашап, борборго жакын болгон үчүн медицина тармагы тез өнүккөн.

Райондук борбордук оорукана 1939–42-жылдары курулган.

1939-жылы Чаткалдын этек тарабы болгон Ак-Таш кыштагынан, баш жак тарабы болгон Коргон-Сай айылына чейин автомашина жүрүүчү жолду куруунун долбоору түзүлүп, кол менен жол куруу иши жаңыдан эми колго алына баштаганда Улуу Ата Мекендик согуш башталып кетип, жол салуу иши үзгүлтүккө учураган. 1000 ден ашык эр жигиттер фащизмдин кулчулугунан элди коргоп калуу үчүн кан күйгөн согушка аттанышкан. Ошол чоң алааматта согушка барып катышкан чаткалдык жоокерлердин арасынан 105 адамдын согуштагы көрсөткөн эрдиктери бүгүнкү күнү Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн архивинде сакталып турат.

Ошол кыйын-кезең кырдаалда Терек-Сай, Шекафтар, Сумсар аймактарына Кавказдан жүздөгөн кара чай, чечен улутундагы үй-бүлөлөр көчүрүлүп келген. Согуштан кийинки жылдары Чаткал районунан майданга аттанып, согуш талаасында курман болгон жана дайынсыз жоголгон 367 адамдын аты-жөнү такталган жана тактоо иштери дагы да уланууда.

Райондо электр жарыгын пайдалануу 1947-жылы Будённый колхозунун башкармасынын төрагасы Аминжан Момуновдун уюштуруучулук демилгеси менен ишке ашырылып, дизел аркылуу Жаңы-Базар кыштагынын калкы биринчи жолу 220 вольттук “ильич шамын” пайдаланган.

 

1944-жылдын 22-июнунда Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен Чаткал районунун борбору Жаңы-Базар айылы болуп белгиленип, Талас областынын карамагына кошулган.

1947-жылдын ноябрь айында Чаткал районунда райондук “Социалисттик мал чарба” гезити жарык көрүп, окурмандарга таркатылган.

 

Чаткал-Талас  аба жолунда 1952-жылдан баштап 12 орундук «АН-2» самолету күн сайын каттап, Жаңы-Базар аэропортуна конгон.

 

Терек-Сай – Чаткал жолунун курулушун баштоо 1952-жылга жана аяктоо – 1953-жылдын жай айына белгиленип, кошмо жыйналышта олтуттуу маселе катары каралган.  Жол казуунун долбоорун ошондогу жол бөлүмүнүн башчысы Иманбай Таштанбеков даярдаган.  1952-жылдын 19-апрелинде райондо жалпы жол казуу иши башталган.    Терек-Сай – Жаңы-Базар жолун мөөнөтүнөн мурда бүтүрүүгө райондогу бардык мүмкүнчүлүктөр жумшалып, 900дөн ашык колхозчу, кызматчылар, 23 темир согуучу усталар, 250ден ашык ат унаалар, 84 араба, 26 ат чийнелер тартылып, 4000ден ашык жол казуучу куралдар, кетмен, күрөк, чөкүр, чот, лом, балта жана башкалар топтолгон. Терек-Сай кен башкармасынан курамы 15 кишиден турган жардыруучу бригада даярдалган.

 

Чаткал эмгекчилеринин күжүрмөн эмгектеринин натыйжасында 90 чакырымга созулган Терек-Сай – Чаткал жолу 1953-жылы июнь айында казылып бүтүп, 29-июлда Жаңы-Базар айылында жол курулушунун бүтүшүнө арналган салтанаттуу жыйын өткөрүлүп, биринчи катчы Рысбек Айдаралиев тарабынан жаңы жолдун лентасы кыркылган.

Ошентип, деңиз деңгээлинен 2841 метр бийиктиктеги Чапчыма ашуусу аркылуу Терек-Сайдан Жаңы-Базарга биринчи жолу орус улутундагы профессионал шоферлор, кийинчерээк Камчыбек Мырзаев, Конокбай Абдраманов, Турду Бегалиев, Текебай Чоңатаевдер автомашиналарды айдап келишкен.

Ошол эле жылы Чаткал аймагында Жаңы-Базар – Коргон-Сай жолу да тегизделген. Жаңы-Базардын тескейиндеги «Опуруктун» жантайма беттеринен казылган жол аркылуу автоунаалар Айгыр-Жал айылын аралап, андан ары Коргон-Сай айылына чейин каттай баштаган. Ошентип, Чаткал өрөөнүнүн ичиндеги бардык колхоздордун аралыгына автомашина жолдору курулган. Чаткал өрөөнүнө жол салынып, автомашиналар каттаган күндөн тартып, райондун экономикасында жана маданий турмуш тармактарында бир кыйла жаңы өзгөрүүлөр боло баштаган. Мурдагы Чаткал өрөөнүнүн алты айга созулган кыш мезгилине карата коомдук малдарга тоют камдоонун кыйынчылыгынан кутулуп,  Аксы тараптагы (Кызыл-Токой, Сумсар, Шекафтар, Терек-Сай) кышкы жайыттарга коомдук малдар кыштатыла баштаган. Колдо болгон 1700ден ашык жылкылар, 2300 ири мүйүздүү малдар, 21000ден ашык кой-эчкилердин теңинен көбү кышкы жайыттарга жөнөтүлүп, жылкы, уй, кой багуучу малчылар, кышта жашоочу үй, азык-түлүк жана жылуу кийимдер менен камсыз болду. Коомдук малдардын саны жылдан-жылга өсүп, алардын азык-түлүктүүлүгү да жогорулаган. Бул мезгилде уйлардан сүт саап алуу көрсөткүчүн жакшыртуу ишине өзгөчө көңүл бурулган. Ошол кездеги Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун председатели Төрөбай Кулатов Сары-Камыш, Кызыл-Токой, Шекафтар, Сумсар кышкы жайыттарын Чаткалга пайдалануу ишинин оң чечилишине чоң көмөк көрсөткөн.

Райкомдун 2-катчысы Корчубек Акназаровдун демилгеси боюнча райондун бардык колхоздорунда жайкы мезгилде уйларды түндө жайып откозуу уюштурулган. Анын натыйжасында райондун Ленин, Сталин атындагы колхоздорунда саанчылар жылына ар бир уйдан 2500-3000 литрден сүт саап алууга жетишкен. Буга мисал катары Ленин атындагы колхоздун Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган саанчысы Байыс Айтназарова, Крупская атындагы колхоздун Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган саанчысы Ороскүл Барпиева сыяктуулардын татыктуу эмгегин көрсөтүүгө болот.

Дыйканчылык иштеринде да көрүнүктүү жылыштар болгон, райондо 3700 гектар эгин айдалып, агротехникалык эрежелерди колдонуу менен эгиндин түшүмдүүлүгү да жогорулаган.

Рысбек Айдаралиевдин убагында согуш мезгилинде экономикалык жактан артта калган чарбаларды калыбына келтирүү, мал чарбасынын башын жана азыктуулугун жогорулатуу, маданий мекемелердин иштерин активдештирүү, жаңы жолдорду, көпүрөлөрдү куруу, эл агартуу, соода, медицина тармагынын иштерин жакшыртып, эмгекчилердин турмуш деңгээлин жогорулатуу, курулуш иштеринин өркүндөшүнө өзгөчө көңүл буруу колго алынган.

 

 

1953-жылы Чаткал райондук аткаруу комитетинин карамагында Коргон-Сай, Каныш-Кыя, Айгыр-Жал, Чандалаш, Сары-Булак, Ак-Таш 6 селолук совети, Молотов, Коганович, Ленин, Фрунзе, Сталин, Каганович атындагы 6 колхоз болгон. Ошол убакта Молотов колхозун Осмонов, Коганович колхозун Сапарбек Кубатбеков, Ленин колхозун Ашырбек Тайыров, Фрунзе колхозун Багышбек Досматов, Сталин колхозун Барпы Сарпашев, Калинин колхозун Наримбетовдор башкарып турушкан.

Согуштан бүлүнгөн чарбаларды тез арада калыбына келтирүү максатында райондорду ирилештирүү чаралары колго алынып, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Жарлыгы менен 1956-жылы Чаткал районун карамагы Ала-Бука районунун карамагына кошулуп турган.

Ошентип, Чаткал аймагы 1956-жылдан 1963-жылга чейин, кийин 1969-жылдан 1980-жылга дейре Ала-Бука районуна карап турган.

Ал эми 1963-жылдан 1969-жылга чейинки мезгилде Ала-Бука району да жоюлуп, Жаңы-Жол районуна бириктирилген. Чаткал өрөөнү болсо анда “Чаткал” совхозу деген ат менен Жаңы-Жол районуна карап турган. Өрөөнүбүздүн областтын борборунан 396 чакырым, райондун борборунан 130 чакырым узак болушу көптөгөн экономикалык жана социалдык кыйынчылыктарды пайда кылган.

1973-жылы өзбекстан  Чаткал дарыясын тосуп, ГЭС куруп, Чаткалды суу сактагыч кылуу планын иштеп чыкканда Кыргызстан КП БКнын 1-катчысы Турдакун Усубалиевдин, Ош обкомунун 1-катчысы Султан Ибраимовдун, Ала-Бука райкомунун 1-катчысы Абдибаит Тажибаевдердин көптөгөн аракеттеринин натыйжасында Чаткал жергеси суу алдында калуудан сакталып калган.

Улам областтан областка, райондон районго которулуп келген Чаткал аймагынын экономикасы, социалдык жана маданий турмуш деңгээли артта кала берген. Акыры ошол акыбалды түшүнгөн республикалык жана областтык жетекчи кызматкерлер Чаткал аймагын бөлүп, өзүнчө район кылуунун зарылчылыгына токтолушкан. 1980-жылдын 3-сентябрында Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиуму Ала-Бука районунун курамынан Чаткал өрөөнүн бөлүп, анын аймагына Сумсар, Шекафтар, Терек-Сай шаарчаларын жана Кызыл-Токой айылын кошуп туруп, Чаткал районун түзүү тууралуу чечим чыгарган. Райондун борбору катары Жаңы-Базар кыштагы белгиленген.

1980-жылы октябрь айында Темиркул Кошбаев партиянын Чаткал райондук комитетинин 1-катчылыгына дайындалат. Өз мезгилинин жигердүү уулу катары ал ошондон тартып 1991-жылга чейин партиянын Чаткал райкомунун 1-катчысы болуп иштеген. Ошол мезгилде район туруктуу өсүп-өнүгүп, эмгекчилердин материалдык турмуш шарттары жакшырып, жогорку вольтогу электр кубатынан пайдаланышып, бийик чокуларга радиорелелик телестанциялар курулуп, телекөрсөтүү, телефон байланыштары жакшырган.

 

Алыскы жайлоолорго, тоо аймагындагы мал кыштоочу сарайларга чейин автомашиналар каттап, электр жарыгы жеткирилген.

1980–1991-жылдары жалпы малдын башы 30 пайызга көбөйүп, мамлекеттик мал-чарба жана азык-түлүктөрдүн планы ар жыл сайын аткарылып турган. Райондо мал чарбачылыгындагы мыкты жетишкендиктери үчүн чабандар Ташбай Айдаров Социалисттик Эмгектин Баатыры, Качканак Алымкулов Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланышса, Бегалы Нарматов СССР Жогорку Советинин депутаты болуп шайланган.

Дыйканчылык маданияты жогорулап, көптөн бери айдалбай жаткан дың жерлер өздөштүрүлөп, 8000 гектар жер айдалып, гектарынан 25-30 центнерден, жылына 5000 тоннадан түшүм жыйналып алынган. Кийинки жылдарда түшүм жыйноо жылына 12000 тоннага чейин жеткирилген. 2–3 миң гектар аянтка суу жеткирүүчү ондогон жаңы каналдар курулган.

Ар бир үйдүн бакчасында алма, өрүк, албөлү ж.б. жемиш бактары өстүрүлүп, өрөөн жемиш бактуу аймакка айланган. Эл агартуу, соода, медицина жана искусство, маданият иштеринде да көрүнүктүү жылыштар болгон.

 

1980-жылдын башында Чаткалга электр линиясын жеткирүү пландалып, алгач жогорку чыңалуудагы ВЛ-110 кв Шекафтар-Жаңы-Базар линиясын куруудагы алгачкы долбоор өзбек республикасынын Ташкенттеги долбоорлоо институтуна берилет. Бирок, ал жактын адистери келишип, линияларды тартуу, куруу үчүн трассаларды изилдеп бийик  тоолуу өрөөндөгү табигаттын катаалдыгынан улам алар өздөрүнө жоопкерчиликти алуудан баш тартышкандан кийин Кыргызглавэнергосунан атайын топ түзүлүп, ал курам жогорку чыналуудагы электр энергиясын Чаткалга жеткирүүнү ишке ашырышат.

1980-жылдын 8-октябрында Чаткал районуна жогорку чыңалуудагы электр кубаты жеткирилип, Чаткал эли электр энергиясы менен камсыз болот. Андан кийинки жылдары электр линиялары совхоздордун коомдук мал кыштатылуучу короо сарайларына чейин жеткирилген.

1984-жылдын 1-январынан тартып партиянын Чаткал райондук комитети менен райондук аткаруу комитетинин органы болгон “Чаткал оттору” гезити жарыкка чыга баштаган. Гезит ошол аталышын азырга чейин сактап келатат.

1985-жылдан баштап райондун борбору Каныш-Кыя кыштагы болуп аныкталып, райондогу мекеме уюмдар райондун жаңы борборуна көчүрүлгөн жана имараты жок мекемелерге жаңы имараттардын курулушу башталган. Ондогон эки-үч кабаттуу имараттар, көптөгөн квартиралар, нан, кыш заводдору курулуп, эмгекчилер таза суу менен камсыз болгон. Аэропорт да Жаңы-Базар аймагынан көчүрүлүп, Жер-Капчыгайда жаңы курулган аэропортко Таластан, Бишкектен Ан-28 учагы келип конуп, ал Чаткал-Талас-Фрунзе каттамдары боюнча жүргүнчүлөрдү, почта товарларын үзгүлтүксүз ташып турган.

1990-жылдары айыл чарбасында менчиктештирүү башталган мезгилде райондогу Каныш-Кыя, Чаткал, Ак-Таш, Башкы-Терек совхоздорунун коомдук малдары 2276 фермердик дыйкан чарбаларына бөлүштүрүлүп берилген.

Райондун символикалары болгон Туусу, Герби жана Гимни 2004-жылдын 7-июлунда райондук Кеңештин III –чакырылышынын ХVIII-сессиясында райондук Кеңештин депутаттары тарабынан кабыл алынган.

2013-жылдан баштап райондо социалдык тармактарга өзгөчө маани бериле баштады. Райондун аймагында тоо кен тармактарында ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатышкан фирмалардын колдоосу менен автожолдорду асфальтоо иштери колго алынды.

2014-жылы ардагер Мелисбай Сейталиев тарабынан 2015-жылы Чаткал районунун уюшулгандыгынын 80 жылдыгын белгилөө сунуш кылынып, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 2014-жылы Чаткал районунун уюшулгандыгынын 80 жылдыгын белгилөөгө карата райондо “80 жылдыкка 80 долбоор” проектиси иштелип чыгып, анын алкагында алдыга койгон максаттар толугу менен аткарылуу алдында турат. Каныш-Кыя, Жаңы-Базар, Курулуш, Шекафтар, Айгыр-Жал айылдарына жалпысы 10 чакырым автожолдорго асфальт төшөлдү. Райондун борбору болгон Каныш-Кыя айылында жөө адамдар жүрүүгө ылайыкташкан  эки жарым чакырымга жакын тратуар салынып, асфальтталды. Ошондой эле Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан 3 чакырым борбордук жана ички көчөлөргө, Жаңы-Базар, Курулуш, Терек-Сай, Сумсар айылдарына түнкү жарыктар орнотулду. Мекеме ишканалардын айланасы тосулуп, түнкү жарыктар коюлду.

ДЭП-27 ишканасына имарат жана Көк-Кыя участкасына бир бокс, бир жумушчулар жашоочу үй, райондук Архивге жаңы имарат салынды. Санепид көзөмөл борборуна 8 миллион сомдук лабороториянын жаңы имараты салынып бүткөрүлдү. Чакмак-Суу, Коргон-Сай, Башкы-Терек жана Шекафтар айылдарына типтүү спорт залдар, Каныш-Кыя айылына коомдук мончо салынды, Ыдырыс пайгамбардын сыйынуучу булактын жанына кухня салынып, күмбөзгө чейинки жолго тепкич жасалды, Арка орнотулуп, фонтан чыгарылды. Айгыр-Жал айылындагы эски котелныйдын имараты күрөш зал үчүн ылайыкталып ремонттон өткөрүлдү. Айгыр-Жал айылына АРИС программасы тарабынан 6 миллион сомдук жаңы көпүрө курулду. Кызыл-Токой айылына эл ичүүчү таза суу жеткирилди. Ак-Таш, Айгыр-Жал айылдарында жаңы мектептер курулууда. Башкы-Терек жана Коргон-Сай айылдарына жаңы балдар бакчаларынын имараттары курулду. Жылдызча балдар бакчасына кошумча имарат салынды. Коомдук ишмер Темиркул Кошбаевдин музейи ачылды. өрт өчүрүү ишканасына жаңы имарат, Айгыр-Жал айылына маданият үйү салынды. Жаңы-Базар айылындагы мечит капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Коргон-Сай айылына айыл башчыга контора, китепкана салынды.

Белгилеп кетүүчү нерсе акыркы үч жыл аралыгында райондо социалдык, маданий, спорт жана билим берүү тармактарына бир топ басым жасалып, көптөгөн иштер аткарылды. Жогоруда белгиленгенден тышкары көптөгөн жумуштар бүткөрүлүп, элдин кызыкчылыгына пайдаланылууда.

Бүгүнкү күндө райондо 5697 кожолук же 24815 адам жашап жатат. Анын ичинен 13941 адам эмгекке жарамдуулар. Учурда 116 мекеме ишкана иштейт. Элди тейлөөдө 1640 ээлик кылуучу субьект катталган. Ал эми тоо кен тармагында  алты субьект ишмердүүлүгүн жүргүзүшүүдө.

Чаткал район болуп алгач уюшулгандан бери районду бир топ инсандар жетектеп, алар райондун баардык тармактарынын өсүүсүнө өздөрүнүн салымдарын кошуп келишкен. Алардын катарына райкомпартиянын биринчи катчылары  Эралиев Анарбай(1935-1938-жылы), Сатикеев Жумабай (1938-07.1938-жылы), Сакеева Алия (08.1938-08.1939-жылдар), Ниязов Абыл (11.08.1939-04.09.1939-жылдар), Кубатбеков Сапар (09.1943-жыл), Айдаралиев Ырысбек (01.05.1952-01.08 1955-жылдар), Акназаров Корчубек (19.12.1955-11.07.1956-жылдар), Юлдашев Усоржан (07.01.1956-01.08.1956-жылы), Жаналиев Назар (23.08.1956-15.12.1958-жылдар), Эргешов Малик (15.12.1958-01.1963-жылдар), Касымов М (10.01.1963-19.08.1969-жылдар, Жангазиев И. Д. (04.10 1969-1972-жылдар), Тажибаев Абдиваит (05.06.1972-1974-жылдар), Төрөгелдиев Балтагул (08.1974-15.07.1977-жылдар), Жапиев Наби (13.11.1974-15.07.1977-жылдар), Кошбаев Темиркул 10.1980-1991-жылдар, ал эми райондун акимдери болушкан Акматов Кубанычбек (1991-1994-жылдар), Камчыбеков Равшан (1994-1996-жылдар), Бүргөбаев Болотбек (1996-1998-жылдар), Мамбетов Мукаш (1998-2000-жылдар), Төрөев Мамарасул (2000-2002-жылдар), Касмалиев Ажыбек (2002-2005-жылдар), Досбаев Ыманберди (2005-жыл), Орозов Талант (2005-2007-жылдар), Эгембердиева Жүмагүл (2008-2010-жылдар), Акматбек Таласбай уулу (2010-2013-жылдар) иштешкен.

Ал эми аткаруу комитетинин төрагасы  болуп Максымбеков Самат, Балтагулов Шералы, Меделканов Жолдошбек, райондук Кеңештин төрагалары болуп Досматов Мурат (1993-1995-жылдар), Байматов Абдылда(1995-2000-жылдар), Айымбетов Шадыкан (2000-2006-жылдар), Бекмырзаев Эгемберди (2006-2008-жылдар),Мусабаев Сатаркул (2008-2012-жылдар) иштешкен.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *