Чаткал районунун 80 жылдык маарекесине карата райондук аялдар кенешинин төрайымы Гулбарчын Акылбекованын куттуктоосу

Чаткал райондук аялдар  кеңешинин төрайымы Гүлбарчын Акылбекова (2) Урматтуу Чаткалдык жердештерим! Ардактуу Чаткал элим! Жалпыңыздарды Чаткал районунун  80 жылдык  маарекеси менен райондук аялдар кенешинин атынан кызуу куттуктайм !  80 жыл айттууга оной болгону менен  баштан өткөргөн адамдарга  чоң тарых экендиги маалым.  Чаткал  району башынан чон таарыхты оркорду. өткөн 80 жыл ичинде  райондо кандай окуялар болгондугу тарыхта маалым. Тарыхты адам түзөт демекчи, Чаткал районунун  райондук дээңгээге  жеткирип, аны  биздин муунга  өткөрүп берген аталарыбызга  ар дайым таазим этүүгө тийишпиз.  Чаткал районунун  түптөлүшүнө  аял заттынын  ролу да  чексиз  болгон деп ишенимдүү айта алам . Аял заттынан чыккан  көптөгөн  жетекчилер  жогорку  жооптуу кызматта иштешип, өз ысымдарын  район тарыхында калтыра алышты.     Алардын айрымдарын атай кесем  Жумагул Эгембердиева, Роба Насырова, Жамила Рыспаева, Нарбу Мамбетова, Гулжамал Рысбекова жана башкалар. Бул инсандар эркектер менен тең  тайлаш  күнү-түнү  элге кызмат кылып  көптөгөн жаш муундарга үлгү боло алды. Бүгүнкү күндө да  ондогон аял заттынынын өкүлдөрү   районубузда  билим берүү, саламаттыкты сактоо  жана  маданият  жаатында эмгектенип , райондун сациалдык- экономикалык  өнүгүүсүнө  өздөрүнүн зор салымын  кошууда.  Бир кылымга жакын тарыхы бар  районубузда бүгүнкү күндө да  чоң-чоң  алга жылуулар  болуп жаткандыгына күбө болуудабыз.Чаткалга жараткан кооз жаратылышы  менен  бирге  асты толо кен берген экен.  Бүгүнкү күндө ошол кендерди  иштетип жаткан  ишканалар менен кызматташууну  колго алган  азыркы райондун жетекчилигине  райондун  инфрактрурасын  өнктүрүү  менен бирге  эле, башка райондорго  үлгү болоорун  ишенимдүү  айта алам. Бул аракеттер  Чаткал районунун  80 жылдык маарексин татыктуу  тосуп алууга  болгон  аркеттер  деп билүүгө болот.  Жалпыбыз мааракени таттыктуу тосуп  алалы!]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *