Кышка даярдыктар көрүлдү

SAM_1045 Чаткал районундагы 2015-2016-жылдагы күз-кыш мезгилине карата көмүр, отун камдоо боюнча алгылыктуу иштер аткарылып, кышка карата даярдыктар көрүлдү. Алсак айыл аймактар боюнча Каныш-Кыя айыл округунун билим берүү тармагы боюнча 86пайызга,Чаткал айыл өкмөтү боюнча 75,4 пайызга, Терек-Сай айыл өкмөтү боюнча 100 пайызга, Сумсар айыл өкмөтүнүн билим берүү тармагы боюнча 100 пайызга, жалпысынан 87,9 пайызга аткарылган. Мындан тышкары саламаттыкты сактоо тармагында бардык айыл аймактар 100 пайызга камдалган жана калкка көмүр камдоо анын ичинде шарттуу отунду кошкондо аталган айыл аймактар боюнча 82,2 пайызга бүткөн. Ошондой эле райондогу социалдык-экономикалык обьектилерди жана кательныйларды кышка даярдоо боюнча билим берүү,саламаттыкты сактоо тармактары 100 пайызга бүтүп кышка даяр. Г. Ташбаева]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *