Миллиондор иштетилүүдө

асфальттоо иштери Терек-Сай  айыл аймагында ”Терек-Сай Жаштары” ЖЧКсынан 18миллион сом каражат которулуп, бул акча аймактагы социалдык обьектилерди курууга, ремонттоого, керектүү инвентарларды алууга бөлүнгөндүгүн кабарлаганбыз.Бул иш бүгүн да уланууда.Тактап айтканда айыл өкмөткө 280000  сомго эмеректер сатып алынса, эби-сыны кетип калгандай эле, эми 300000 сом которулуп, ичи-тышы ремонттолуп көргөндүн көз жоосун алып калды. Ал эми Кызыл-Токой айылдык маданият үйүнүн курулушун бүткөрүүгө 2129400 сом каражат бөлүнүп учурда курулуш аяктоо алдында турат.Ошондой эле 165750 сомго Терек-Сай ФТБсына пластикалык терезелер коюлду. Ай-Нуру балдар бакчасын ремонттоого 20000 сом каражат жумшалса, Камчыбеков атындагы орто мектебинде 50 миң сомдук ремонт иштери жүргүзүлдү. Аймактагы 2 айылга телевышкалар орнотулса, Кызыл-Токой, Горняк-2, Эшалы болуш, Мырзабаев көчөлөрүнө ажаатканалар курулду. Айтор айыл аймактын социалдык обьектилери күн санап жаңыланууда. Бир гана айылдык мечиттин айланасын тосуу жана ремонтто үчүн каралган 300 миң сом акча айрым статьяларга туура келбегендиги үчүн башка тармакка которулду. Т.Темиралиев «Чаткал оттору»]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *