Келишимдин чечимдери ишке ашырылууда

 

 

“Чаарат ЗААВ” компаниясы Чаткал районунун бийлик органдары жана жашоочулары менен тыгыз байланышты түзүп иштешип, райондо көпчүлүк маселелерди чечүүдө четте калбай, активдүү катышып келүүдө. Компания өзүнүн ишмердүүлүгүн ачык-айкын жүргүзүү аркасында жергиликтүү коомчулуктун колдоосуна ээ боло алды.

 

 

Чаткал районунун социалдык-экономикалык абалын өнүктүрүү жана жергиликтүү калктын турмуш-шартын жакшыртуу максатында, компания тарабынан бир нече пландар, программалар жана долбоорлор иштелип чыккан. Мындай пландардын алкагында 2014-жылы 28-апрелде Бишкек шаарынын “Россия” бизнес-борборунда Чаткал районунун мамлекеттик адиминистрациясынын жетекчилиги, райондук Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен “Чаарат ЗААВ” компаниясынын жетекчилеринин ортосунда жолугушуу  (Тегерек стол) өткөрүлгөн. Бул жолугушууда эки тараптын өкүлдөрү өз ара кызматташтыкты мындан ары да ачык-айкын улантуу максатында Меморандум-Келишим түзүү менен, келээрки 3 жылдык (2014-2016-жж..) Стратегиялык план  кабыл алынган эле.

чаарат 2

          Мына ушул иштелип чыккан 3 жылдык Стратегиялык пландын чегинде 2015-жылы 28-июлда “Чаарат ЗААВ” компаниясынын жетекчилигинин жана Чаткал районунун акиминин катышуусунда 2015-жылга карата эки тараптуу Меморандум-Келишим түзүлдү.

Бул Келишим боюнча 2015-жылы ичинде “Чаарат ЗААВ” компаниясы Чаткал районуна 11 000 000 (он бир миллион) сомдук демөөрчүлүк жардамын көрсөтмөкчү. Атап айтканда:

  1. Райондун борбору Каныш-Кыя айылынын жолдоруна асфальт төшөө иштерин улантууга 6 000 000 (алты миллион) сом;
  2. Чаткал районунун уюшулгандыгынын 80 жылдык мааракесин өткөрүүгө 2 200 000 (эки миллион эки жүз миң) сом;
  3. Чаткал айыл аймагынын имаратын ремонт жасоого 400 000 (төрт жүз миң) сом;
  4. Курулуш айылында балдар бакчасын ремонт жасоого 200 000 (эки жүз миң) сом;
  5. Жаңы-Базар айылында балдар бакчасын ремонт жасоого 200 000 (эки жүз миң) сом;
  6. Жаңы-Базар айылында мектепти ремонт жасоого 250 000 (эки жүз элүү миң) сом;
  7. Чандалаш айылында мектепти ремонт жасоого 100 000 (жүз миң) сом;
  8. Жаңы-Базар айылында мечитти ремонт жасоого 200 000 (эки жүз миң) сом;
  9. Акташ айылынын инфратүзүмүн өнүктүрүүгө 100 000 (жүз миң) сом;
  10. Сумсар айылында балдар бакчасын ремонт жасоого 50 000 (элүү миң) сом;

чаарат1

  1. Сумсар айылында мектепти ремонт жасоого 100 000 (жүз миң) сом;
  2. “Чаткал” волейболдук клубуна колдоо көрсөтүүгө 250 000 (эки жүз элүү миң) сом;
  3. Каныш-Кыя айылында майда дүң соода жасочу дүкөнүн кеңейтүүгө 500 000 (беш жүз миң) сом;
  4. Автобусту оңдоо иштерине 200 000 (эки жүз миң) сом;
  5. Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында чаткалдык студенттерди окутууга жана башка чыгымдар үчүн 250 000 (эки жүз элүү миң) сом бөлүнүп берилмекчи.

чаарат 6

Ошону менен бирге, бул жолугушууда экологияны сактоо, жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыз кылуу, салыктардын өз убагында төлөнүп турушу, эки тарап бири-биринин мыйзам чегинде жүргүзүлүп жаткан ишмердигине кийлигишпөөсү жөнүндөгү маселелер жана сунуштар каралып, талкууланды. Компаниянын жетекчилери бул маселелер боюнча толук түшүндүрмөлөрдү беришип, жогоруда айтылган сунуштар компаниянын ишинин жүрүшүндө дайыма эске алынып турарын билдиришти.

чаарат 5

Бүгүнкү күнү “Чаарат ЗААВ” компаниясы кабыл алынган Меморандумдун негизинде жогоруда  көрсөтүлгөн пункттар боюнча өз милдеттенмелерин так аткаруу менен акча каражаттарын өз убагында  которуп берип жатат.  

Мындан тышкары, компания чаткалдык жаштарды жумуш менен камсыз кылуу жана кесиптик билим алуусуна да олуттуу мамиле жасап келүүдө. Бул максатта Чаткал районунун борбору Каныш-Кыя айылындагы № 46-кесиптик лицейдин жамааты менен үзүрлүү байланыш түзүлүп, демөөрчүлүк жардам көрсөтүп келе жатат. 2014-жылы № 46-кесиптик лицейдин окуу бөлмөлөрү үчүн жаңы эмеректер (стол, стул, парта, доска) сатылып алынып, жеткирилип берилди.  

чаарат 3

Бүгүнкү күндө “Чаарат” компаниясынын жетекчилиги райондун жергиликтүү тургундары менен эки тарапка тең пайдалуу мамилени түзүү зарылдыгын жакшы түшүнүп, кызматташтыкты ийгиликтүү улантууда. Компания мындан ары да биргелешип кабыл алынган пландар ийгиликтүү жүзөгө ашырылат деген ишеничте.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *