Элдик жыйындарда жетекчилерге тиешелүү талаптар коюлду, тийиштүү жооптор алынды

Жакында   Чаткал райондук  мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким  Канжарбек Эшалиев баш болгон  райондогу мекеме, ишканалардын жетекчилери жана тийиштүү кызматкерлери  Айгыр-Жал айылында эл менен жолугушуу өткөрүп, анда айыл тургундарынын суроолоруна тийиштүү жетекчилер жооп беришти. Элдик жыйында райондук социалдык фонд башкармасынын башчысы Адылбек Эшикуловго тийиштүү суроолор жер салыгы жана пенсиялардын көбөйүшү туурасында  айыл тургундары суроолорду беришти. Берилген суроо-талаптарга тийиштүү жоопторду алышты. IMG_3856 “ЧААВ Чаарат” фирмасынын өкүлү  Абдыракман Сапарбеков  акыркы жылдары айыл-чарбасына жакшы көңүл бурулбай жаткандыгы район алкагында иштеп жаткан фирмалардан бөлүнгөн акча каражатына техникалар алынса, эгин жыйноо маалында көйгөйлөр жаралбайт эле деген пикирин айтып кетти. IMG_3859 Ошондой эле райондук токой-чарба бөлүмүнүн башчысы Нургазы Жолдошев жылдан-жылга токойлордун кыйылып жок болуп жаткандыгын эске салуу менен кышка карата атайын инвесторлорду таап арзан баада көмүр тарттырсак жакшы болмок деген сунушун билдирди. IMG_3869 Мындан тышкары Чаткал РИИБнун башчысы, милициянын подполковниги Медербек Муратов айыл тургундарына мектеп окуучулар арасында кылмыштуулуктун алдын алалы ата-энелер балдарды кечкисин көзөмөлгө алып турсак.-деп, жакында айылга аймактык тескөө бөлүмчөсү ачылаарын билдирди. IMG_3879 Буга кошумчалай мектеп директору Абдуваит Стамбеков да мектеп окуучулары окуудан тышкары маалда ата-энелер өздөрү балдарына көңүл буруп, айрыкча түнкүсүн  кайда жүргөнүн көзөмөлгө алсаңыздар деген суранычын айтып кетти. Айыл тургундары “ЗААВ Чаарат” фирмасы каржылаган Каныш-Кыя айылындагы ачылган дүкөндүн азык-түлүктөрдүн баасы баштагыдан кымбаттай түшкөндүгүн көзөмөлгө алсаңар, биздин айылдын өзүнө эле дүкөн ачып берсеңер жакшы болмок деген ойлорун айтышты. IMG_3872 Райондогу №47кесиптик лицейдин директору Бактыбек Алибеков балдарды туура кесипке багыт алдырып, район ичинде иш жүргүзүп жаткан фирмаларга ишке жайгаштыруу үчүн сөзсүз түрдө билим болуш керектигин  айтып, андыктан лицейге балдарды окутуп колдон келсе, Терек-Сай, Кызыл-Кыядагы окуу жайларга окуткула деген сунушун билдирди. Бул сунушка район акими-Канжарбек Эшалиев жана Каныш-Кыя айыл округунун башчысы Сатаркул Мусабаевдер да кошулуп, мындан тышкары мүмкүндүк болуп турган кезде фирмалар менен ынтымакта иш жүргүзүп, райондун мындан ары да жетишпеген көйгөйлүү маселелерин алар аркылуу чечтирип алсак деген ойлорун билдиришти. IMG_3894 Мындан тышкары да тийиштүү жетекчилер менен бирге  бир топ маселелер каралды. Андан соң элдик жыйын Каныш-Кыя айылында уланып, мында да эл менен ар тараптуу маселелер каралды. IMG_3866 Айыл тургуну Ойгонбай Кожобеков райондук социалдык фонд башкармасына, жер салыгы боюнча, жана райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун жетекчисине  көбүнчө бизде орулууларга  туура диагноз коюлбайт мындай боло берсе айыл элинин саламаттыгы эмне болот. Мындай көрүнүштөргө ким жооп берет деген оюн билдирди.  Аталган маселе боюнча элдик жыйындын катышуучуларынын арасында кызуу талкуу жүрдү. Элдик жыйында мындан тышкары,  Чаткал районунун 80-жылдыгына карай Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, район үчүн көп эмгектерди жасаган Дербиш Чотбаевдин атын бир көчөгө ыйгарсак деген сунуштар айтылды.IMG_3861 Жыйын соңунда райондук мамлекеттик администрация башчысы — аким Канжарбек Эшалиев алдыда келе жаткан шайлоого активдүү катышып, ынтымакты сактап,татыктуусуна өз добушуңуздарды берсеңиздер жана Чаткал районунун 80-жылдыгын жакшы саамалыкта белгилеп алсак деген пикирин билдирип кетти.  ]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *