Колу жеңил, ак пейилдүү киндик эне

       айша нурбаеваIMG_3777 (2)     Дүйнө жүзүндө бир күндө миңдеген наристелер жарык дүйнөгө келишет, алардын жарык дүйнөгө келиши ата-энесин гана эмес, мээрман киндик энелерди да чоң кубанычка бөлөшөт. Умай энелердин алтын колдору менен наристелер коомубузду шаңга бөлөп, келечекке жол алышат, алардын эмгектерине баа жеткис, түйшүктүү жана өтө жоопкерчиликтүү. Ошондой өз кесибин сүйүп, талыкпай иштеп келе жаткан мээрман энелерибиздин бири жүздөгөн ымыркайлардын киндик энеси Айшабү Нурбаева болуп эсептелет. нурбаева айшаIMG_3776 (2) Айшабү Нурбаева 1962-жылы 5-январда Чаткал районуна караштуу Ак-Таш айылында туулган.1979-жылы орто мектепти аяктаган соң, Жалал-Абад медициналык окуу жайынын акушердик бөлүмүнө тапшырып,1982-жылы аталган окуу жайын ийгиликтүү аяктаган соң, алгач эмгек жолун Чаткал райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун төрөт бөлүмүндө иштөөдөн баштаган. Жеңил колдору жана ак пейили менен болочок энелерге жылуу мамиле жасап, ал тургай  төрөтү оор болгон, өмүрү кылдын учунда турган энелерди да аман-эсен көз жардырып, нечендеген энелер гана эмес анын бардык жалпы үй-бүлөсүнүн алкышына татыды. Далай жолу күндү-күн, түндү түн дебей уйкусуз атырган күндөрү да болгон. нурбаева айшаIMG_3773 Албетте, айтып олтурсак мээрман умай энебиздин энелерге кылган камкордугу айтып бүткүс. Ушундай ак эмгегинин жемиши менен көптөгөн ийгиликтерге жетишип, алкыштарга жана ондогон “Ардак Грамоталарга” ээ боло алды. нурбаева айшаIMG_3765нурбаева айшаIMG_3760 Алсак,  2009-жылы Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким  Ж.Эгембердиева тарабынан райондун социалдык –экономикалык өнүгүүсүнө кошкон бараандуу салымы үчүн Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын “Ардак Грамотасы” менен,  2010-жылы Жалал-Абад мамлекеттик администрация башчысы губернатор К.Масиров тарабынан көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенип,чоң ийгиликтерди камсыз кылгандыгы үчүн ”Ардак Грамотасы” менен, нурабаева айшаIMG_3762айша нурбаеваMG_3757нурабаева айшаIMG_3763 2013-жылы Чаткал райондук аялдар кеңеши тарабынан медицина тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн “Ардак Грамота” жана ушул эле жылы областтык саламаттык сактоо координатору М.Миянов жана областтык ССККБК төрагасы Э. Исмаев тарабынан калктын ден-соолугун чыңдоого кошкон зор салымы, коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн “Ардак Грамотасы” ошондой эле, 2015-жылы саламаттыкты сактоо тармагына кошкон салымы,жогорку кесипкөйлүгү үчүн  КР. Саламаттыкты сактоо министри Т. А. Батыралиев тарабынан “Ардак Грамотага” ээ болгон. нурбаева айшаIMG_3766 “Элге кызмат кылып, журтка жарандуу, өлкөгө керектүү болуу-эбегейсиз бакыт, улуу дөөлөт”-демекчи, киндик эненин кызматына миңдеген алкыш сыйлыктарды ыйгарсак да анын эмгегин жеткире баалай албаспыз. Айшабү Нурбаева учурда да Чаткал райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун төрөт бөлүмүнүн акушерка-гинеколог кызматын аркалап, жаш кызматкерлерге өзүнүн мыкты тажрыйбаларын үйрөтүп, энелерге жана наристелерге кам көрүп, талыкпай эмгектенип келүүдө. Киндик эне айша Нурбаева алгач иштей баштаганда өзүнүн жеңил колдору менен жарык дүйнөгө алып келген ымыркайлар бүгүнкү күндө өздөрү ата-эне болуп калган кездери. Алар киндик энеге чексиз ыраазы экендигин жашырышпайт. Түйшүктүү кесипти аркалаган биздин каарман, айыл элинин бел туткан умай энеси, жети баланы тарбиялап чоңойтуп, беш неберени эркелетип,жолдошу менен бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктап келет. Эл үчүн, энелер үчүн талыкпай эмгектенген Айшабү Нурбаева мындан ары да ата-энелердин кубанычын арттырып,  наристелердин күлкүсүнүн улам жаңырып турушуна себепкер киндик эне болуп жүрө берсин демекчибиз. Гүлмайрам Ташбаева КР. Журналисттер кошунунун мүчөсү ]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *