31-август-Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысы-акими Канжарбек Эшалиевдин район калкын куттуктоосу!

ipp Урматтуу районубуздун калайык калкы! Кадырлуу ата-эне, ага-ини, эже-карындаштар! Убакыт өтүп, жыл айланып, минтип,  мамлекетибиздин Эгемендүүлүк күнүн чоң салтанат менен белгилөөчү күн да кирип келди. Бул күндү көрүүнү эңсеп, ата-бабаларыбыз эчен кылымдап кан төгүп, жан берсе да, улуттук ар намысын бийик тутуп жашап келишкен. Эгемендүүлүк мезгили минтип, биздин доордун шыбагасына туш келип, аны жыл сайын белгилеп келебиз. Мамлекетибиз эгемен болгонуна быйыл жыйырма төрт жыл толуп олтурат. өткөн жыйырма төрт жыл ичинде жаш Кыргыз мамлекети канчалаган саясий, экономикалык оош-кыйыштарды башынан өткөрүп, ага карабай өз эгемендүүлүгүн сактап, ага жараша башка мамлекеттерге демократиялык принциптеринен тайбаган эркин өлкө катары белгилүү болуп келе жаткандыгы кубандырат. Башка чоң мамлекеттер Кыргызстандын эгемендүүлүүлүгүн таанып, мамлекетибиз алар менен теңата ар кандай саясий-экономикалык жана аскерий алакаларды түзүп, ошонусу менен эл аралык деңгээлде өз аброюн сактап келет. Урматтуу районубуздун тургундары! Кадырлуу журтташтар! Мамлекетибиздин эгемендүүлүгүн сактоого ар бир кыргызстандык өз салымын кошуусу тийиш. Бул үчүн өз мекенин сүйгөн чыныгы атуул катары мамлекеттүүлүгүбүздү мамлекеттин ичинде да, сыртында да сактай билип, ага шек келтирбей, тетирисинче, кайда болсок да атуулдук бийик парзыбызды унутпай жүрсөк, ошол биздин мамлекетибиздин чыңдалышына кошкон зор салымыбыз-деп ойлойм. Ошондуктан, ар бирибиз эгемен мамлекетибиздин алдында өз милдетибизди так билип, ага жараша чыныгы атуул катары мамлекетибиздин мындан ары чыңдалышына өзүбүздүн ар тараптуу салымыбызды кошо билели демекчимин. Урматуу ага-ини, эже-карындаш жана бир туугандар! Баарыңыздарды кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк майрамы менен өзүмдүн жана райондук мамлекеттик администрациянын атынан кызуу куттуктап, жалпыңыздарга ден соолук жана чексиз бакыт каалап кетмекчимин. К. Эшалиев, райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *