Чаткалдык жаш спортчу дүйнөлүк бийиктиктерди багынтууда

уулу Нуркамил 1992-жылы 8-августта Жаңы-Базар айылында жарык дүйнөгө келген. 2010-жылы Т. Жаналиев орто мектебин ийгиликтүү аяктап, Ош Мамлекеттик Университетинин теология факультетине тапшырат.IMG_20150513_091158_27 Спортко болгон кызыгуусу 2-класста башталып, спорттогу биринчи мугалими Кошбаев Кабылдын колунда 2 жыл спорттун дзю-до түрү менен машыгат. Андан соң, мектепти аяктаганга чейин эркин күрөш жана кур күрөш менен (мугалимдери-Мамыров Райкан,Кошбаев Кабыл, Убалиев Калый) машыгат. Мектепте окуп жүргөн кезинде эле,күрөш жаатында ийгиликтерге жетишип, 8-11 класстарда окуучулар арасында эркин күрөш боюнча өткөн областык мелдештерде 1-2-3 орундарды багынта алган. Ош Мамлекеттик Университетинин теология факультетине тапшырган соң, 2010-2011 жылдары окуу жайдын даярдоо курсун окуу үчүн Түркия мамлекетинин Болу шаарында 1 жыл окуйт. Болу шаарында да спорт менен астейдил шугулданганын токтотпой, тетирисинче,  өзүнүн чеберчилиги менен түрк спорт адистеринин назарына илинип, Болу шаардык эркин күрөш федерациясынын курамына кирип, эркин күрөш чебери Ухут Четиндин кол алдында машыгат. 2011-жылдан баштап ОшМУнун теология факультетинде кайрадан окуусун улантып, азыркы кезде ушул  окуу жайда 4 курста окууда. IMG_20150513_091056_26IMG_20150519_150802_30 Нуркамил 2013-жылдан баштап карате-до боюнча 6-дан кара курдун ээси Рысбеков Нурдөөлөттүн кол астында спорттун карате-до спорту менен машыгып баштайт. Ал бул жаатта да да бир топ ийгиликтерди жаратып, 2013-жылы Түркия Мамлекетинин Алашехир шаарында  түрк тилдүү мамлекеттердин ортосунда өткөн ачык чемпионатта 3-орунду ал эми, 2014-жылы Косово мамлекетинин Приштина шаарында өткөн карате-до WSKU дүйнөлүк чемпионатында 3-орунду багынтса, 2015-жылы Ош шаарында өткөн Кыргызстандын ачык чемпионатында 1-орунду ээледи. Мындан башка да, бир топ эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды багынтып келүүдө. Нуркамил өзү окуган жогорку окуу жайдын турмушуна активдүү аралашып, андан өз ордун тапкан. Ал тактап айтканда, 2013-2014 жылдары ОшМунун  теология факультетинин жаштар комитетинин төрагасы болуп иштесе,  2014-жылдан баштап ушул эле факультеттин жаштар акыйкатчысы болуп иштеп келүүдө. Келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш спортчуга мындан ары да ар тараптуу жетишкендиктерди каалап кетмекчибиз.]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *