Элге эмгеги сиңген ишмер жубайлар

мелисбай 4 Районубузда өзүнүн кажыбас эмгеги, мамлекетке жана элге жасаган ак кызматы менен таанылган инсандардын көп экендиги кубандырат. Андай инсандар, эл үчүн жасаган эмгегин милдет кылбай, карыса да, өзүнүн баа жеткис акыл-ойлору, эң бир керектүү демилгелери жана көсөмдүгү менен жжалпы журтка жол көрсөтүп, калк арасында, мамлекеттик башкарууда али да өз орду бар экендигин тастыктап келишет. Мындай инсандардын бири да эмес, экөөсү тактап айтканда, эмгектин баатырлары, жубайлар-Сейталиев Мелисбай аба менен Абылкасымова Сардал эне. Сөздү алгач Мелисбай Сейталиевден баштасак, Мелисбай аба1939-жылы 3-мартта Чаткал районунун Сталин колхозунда жарык дүйнөгө келген.1956-жылы 10-классты аяктаган соң, Жалал-Абад шаарындагы зооветтехникумга  тапшырып, тилекке каршы ал окууну улантпай таштап койгон.1958-жылы Кызыл-Армиянын катарына чакырылат. Мелисбай аба аскердик кызмат өтөп жүргөн кезде эле алдын-ала көрөгөчтүк кылып,  жогорку окуу жайына тапшырууга даярданып жүргөн. Алдын-ала билгендей, аскердик милдетти аяктап келген оң, 1961-жылы Ош Мамлекеттик Педагогикалык Иниститутуна тапшырып, аны 1966-жылы ийгиликтүү аяктап,география-химия адистиги боюнча  кесипке ээ болот.мелисбай 3 Ошол жылы эле, Каныш-Кыя айылындагы Каныш-Кыя сегиз жылдык мектебине завуч болуп дайындалып , анда эки жыл иштеген соң, 1968-жылы өзү туулуп, өскөн  Курулуш айылындагы Крупская атындагы сегиз жылдык мектебине директор болуп дайындалат. Ал жерде1980-жылга чейин тактап айтканда, 12 жыл эмгектенди. 1980-жылы Чаткал өзүнчө район болуп, түзүлгөндө, райсполкомдун жооптуу катчысы болуп дайындалып, бул кызматта 1984-жылга чейин иштеп, райондун андан ары түптөлүшүнө өзүнүн көрүнүктүү салымын кошо алган.1984-жылдын февраль айында Беш-Арал мамлекеттик коругуна директор болуп дайындалып, бул кызматта 1989-жылга иштеген. Андан соң, тактап айтканда, 1989-жылы Чаткал совхозуна башкарма болуп дайындалып, анда да бир топ жыл эгектенип, совхоздун чарбалык жумуштарын бир топ алга сүрөйт. Кийин Беш-Арал мамлекеттик коругуна илимий-кызматкер болуп жумушка орношуп, ошол жерде эмгектенип жүрүп ардактуу эс алууга чыккан.  мелисбай 2 Мелисбай аба мамлекетке жана элге көрсөткөн албан эмгектери көмүскөдө калбай, жогорку даражадагы бир топ сыйлыктар менен сыйланган. Алардын айрымдарына токтоло кетсек, Ош облустук комитети тарабынан элге Марксизм –Ленинизмдин идеяларын тушундүрүүдө көрсөткөн эмгегим үчүн “В.И.Лениндин 100-жылдык юбилейине карата” мактоо Граммотасы жана Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиуму тарабынан “В.И.Лениндин 100-жылдык юбилейине карата” маарекелик медалы менен сыйланган. 1984-89 жылдарда “Беш-Арал” мамлекеттик коругун жетектеп, коруктун өнүгүшүнө чоң салым кошкондугу үчүн “Беш-Арал” мамлекеттик коругунун 30 жылдык маарекесине карата Мактоо баракчасы менен сыйланган. 2011-жылы Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 20-жылдыгына жана Курманжан Датканын 200 жылдыгына карата айылдын экономикасынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Мактоо баракчасы менен сыйланган. 2009-жылы мамлекет жана эл үчүн кылган зор эмгеги эске алынып, райондук жетекчилик тарабынан “Чаткал районунун ардактуу атуулу” ардактуу наамы ыйгарылган. Мелисбай Сейталиев буга кошо эле, коомдук жана саясий иштерге көп аралашып, райондук кеңештин бир нече жолку чакырылышына депутат болуп шайланып, өзүнүн баа жеткис сунуштары, калыс пикири жана учур талап кылган демилгелери менен райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өз салымын кошуп келген. Мында сөзсүз айта кетчү нерсе, үстүбүздөгү жылда Чаткал районунун 80 жылдык маарекесин белгилөө демилгеси алгач Мелисбай Сейталиев тарабынан райондук жетекчиликке сунуш кылынып, колдоо тапкан. Мелисбай аба Чаткал районунун качан уюшулгандыгын архивдик материалдар аркылуу далилдеген соң гана район жетекчилигине сунуш кылгандыгы айдан ачык. Бул иш Мелисбай Сейталиевдин коомдук ишмер катары даанышмандыгын жана алысты көрө билген көсөмдүгүн дагы бир ирет далилдеп турат. “Баатырды баатыр кылган жубайы”-демекчи, Мелисбай абанын жубайы Абылкасымова Сардал эне тууралуу да өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Сардал эне  жогорку билимдүү. 1966-жылы Ош Мамлекеттик Институтунун биология-химия факультетин аяктаган соң алгач, Каныш-Кыя 8жылдык мектебинде мугалим болуп эмгек жолун баштаган.  Андан кийин, 1968-69 окуу жылында Курулуш айылындагы 8 жылдык мектебинде биолог мугалим болуп иштеп жүрүп, 1987-жылы Курулуш айылындагы Крупская атындагы 8 жылдык мектебинде директорлук кызматка дайындалган. 1987-88 окуу жылында Сардал эненин аракети менен Крупская мектебинин аталышы “Сары-Булак толук эмес орто мектеби” болуп өзгөртүлгөн жана мектептин окуу корпусу кеңейтилип, он бир жылдык мектепке ылайыкташтырылып, он бир жылдык мектепке айландырылган. Көрүнүп  тургандай, аталган мектептин түптөлүшүнө Сардал эненин жетекчилик орду чоң экендигин танууга болбойт. Сардал эненин агартуу тармагындагы элүү жылдык үзүрлүү эмгеги жогорку жетекчилик тарабынан өз учурунда жогору бааланып, “Кыргыз СССРинин методисти” ардактуу деген наам ыйгарылган. коомдук жана саясий иштерге активдүү катышып, эл ишенимине ээ болуу менен, айылдык советке эки ирет депутат болуп шайланган. Баатыр жубайлар-Сейталиев Мелисбай менен Абылкасымова Сардал эне бири-биринен калышпай, жооптуу кызматтарды аркалап, мамлекетке ак кызмат өтөө менен бирге,  төрт уул, үч кызды тарбиялап, эрезеге жеткиришип, баарысын жогорку билимдүү кылышты. Уулдардын улуусу Талант айылда жекече мал чарбачылык менен алектенет. Экинчи уулу Эрнис Новосибирск шаарында бизнес тармагында, Урал С. Мырзалиев  атындагы орто мектебинде мугалим жана ошону менен бирге эле, Чаткал айылдык кеңешинин төрагасы ал эми, кичүү уулу Мекен салык кызматында эмгектенет. Кыздарынан-Венера райондук социалдык фонд башкармалыгында инструктор, Рахат С.Байдөөлөтов орто мектебинде мугалим болуп эмгектенип келет. Баатыр жубайлар бүгүнкү күндө, жыйырмадан ашуун неберенин, бир чеберенин,чоң ата, чоң энеси жана таята, таенеси энеси болуп, кутман карылыктын доорун сүрүп жаткан кездери. М. Эшназаров ]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *