Элибиз жетик уул-кыздарына ар дайым ишеним артат

3. Исмаилов Нурбек Сапарбекович Ар бир жерди, ар бир элди башка жактарга ошол жерден, элден чыккан окумуштуу, акын, жазуучу, спортчу айтор, ар тараптуу таланттуу инсандар таанытат эмеспи. Андай инсандар  өз жеринин сыймыгы, куту керек болсо өз жеринин, өз кичи Мекенинин абийири болуп калаары талашсыз. Мындай инсандардан Ала-Тоонун бейиштей кооз бурчу болгон биздин Чаткал районубуздун да куру эместиги сыймыктантат. Мен жогорудагыдай инсандарыбыздын катарына белгилүү спортчу, КР. cпорт чебери Нурбек Исмаиловду кошоор элем. Нурбек Исмаилов 1980-жылы 25-майда Жаңы-Базар айылында карапайым жумушчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ал жаш кезинен спортко аралашып, алгач райондук деңгээлде ийгилик жарата алса, эр жеткенде студент болуп, шаардын чоң турмушуна аралашып, анда да спортту таштабай, тетирисинче, спортко жан-дили менен киришип, облустук, республикалык деңгээлдеги бийиктерди багындырып, дүйнөлүк деңгээлдеги мелдештерде Кыргызстандын желегин желбиретүүгө жетишти. Анын спорттогу ийгиликтерине учкай токтоло кетсек, 1995-1996-жылдары эркин күрөш жана улуттук күрөш боюнча мектеп окуучулары арасында областтык мелдештерде бир нече ирет биринчи орундарды багындырган. 1998-жылы республикалык мелдештерде биринчиликти багындырып, анын натыйжасында Казакстанга жолдомо алып,  Кордой шаарында болуп өткөн эл аралык турнирде 2-орунду ээлеген. 1999-жылы Тажикстандын Душанбе шаарында жана Өзбекстандын Фергана шаарында өткөн эл аралык турнирлерде 1-орундарды камсыз кылган. 2000-жылы Жалал-Абаддагы КГИФти ийгиликтүү аяктап, Жалал-Абад балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде жана Р.Санатбаев атындагы олимпиадалык мектепте машыктыруучулук жумушка кабыл алынган. 2003-жылы алыш күрөшү боюнча Республиканын биринчилигин утуп, Иран республикасынын Тегеран шаарында өткөн дүйнөлүк жана Азиянын  биринчилигинде алыш күрөшү боюнча алтын жана күмүш  медалдардын ээси болгон. 2006-жылы Ысык-Көлдө өткөн кыргыз күрөшү боюнча Азия биринчилигинде кумуш медалга ээ болгон. Нурбек Исмаилов жаштайынан спорт менен бирге эле, коомдук-саясий иштерге активдүү аралашып, чебер спортчу гана эмес, өз позициясы бар, көз карашы жетик, жогорку мамлекеттик жооптуу кызматтарды аркалай алган жоопкерчиликтүү жана саясатта өз орду бар активдүү жаран катары да коомго белгилүү болуп келе жаткан кези. Анын буга чейинки мамлекеттик кызматтагы басып өткөн эмгек жолуна токтоло кетсек: 2010-жылы КР. ӨКМдин борбордук аппаратында министрдин жардамчысы, 2011-2012-жылдары Жалал-Абад областтык ПГП «Темир» ишканасында жетекчиси кызматтарын аркалаган. Ал эми, 2012-жылы жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын тизмеси аркылуу Жалал-Абад шаардык Кеңешине депутат болуп шайланган. 2014-жылы Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарлыгына шайланып, төрага өз эрки менен отставкага кеткенин учурда ага,  жаңы төрага шайланган кезге чейин төраганын милдетин кошумча аткаруу милдети чоң ишеним менен жүктөлүп, ал бул жоопкерчиликтүү, ары саясий мааниси чоң кызматта алты ай иштеген.  Бул анын жаш болсо да, саясий жактан жетик жаран катары калыптанып калгандыгын жана элибизди келечектен көптү үмүттөндүргөн кадрлардын бири экендигин ачык айгинелеп турат. 4 баланын атасы, эркин жана кыргыз күрөш спорт чебери, билим берүүнүн отличниги Нурбек Исмаилов азыркы убакта КР ТИМнин алдындагы К.Дыйканбаев атындагы Дипломатиялык Академиясынын 3-курсунда билим алып жатат. Сөз соңунда, элибиз Нурбек Исмаилов сыяктуу республикалык деңгээлде иш алып бара билген, жетик уулдарына ар дайым ишеним артаарын айта кетмекчимин. Азисбек Осмонкулов]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *