"Салкын-Төр" эс алуу жайы элге кызмат көрсөтүүдө

салкынтор Изображение 4568салкынтор Изображение 4585 Бул жай жеке ишкер Өмүрбек Токтогулов тарабынан ачылган. Эс алуу жвйында азыркы кезде сегиз орунга ылайыкташкан беш сөөрү жана жасалгаланган боз үй орнотулган. Мында күн сайын эки жүздөй адам келип, жапжашыл бак-даракка оронгон кенен жайда тамактанышып, көңүл ачышып, эс алышып кетишет. Буга кошо эле, чаткалдыктар сырттан келген кадырлуу конокторду да мында апкелип, таза аба, кооз жаратылыштын койнунда сый көрсөтүүнү адатка айландырышууда. салкынтор Изображение 4574салкынтор Изображение 4577 Ашканасында  элпек ашпоздор түрдүү тамактарды жасашып, эки адам жалаң гана шишкебек жасоо менен алек. салкынтор Изображение 4593салкынтор Изображение 4579салкынтор Изображение 4581 -Күн сайын элден жүз литрдей кымыз сатып алабыз, кечке дейре калбайт.  Мындан сырткары, күн сайын тамак-ашка 25-30 килого чейин малдын этин пайдаланабыз. Муну да жергиликтүү калктан сатып алабыз.-дейт эс алуу жайынын ээси Өмүрбек Токтогулов. салкынтор Изображение 4587салкынтор Изображение 4591 Өмүрбек Токтогуловдун маалымдашынча, эс алуу жайында азыр жалпы он эки адамды жумуш менен камсыздай алды. -Мындан башка да соода-сатык жүргүзгөн жайларыбыз бар. Ал жерде иштегендер менен кошо жалпы он тогуз адамды жумуш менен камсыз кылуудабыз-ишкер. Ишкер буга кошо эле, келечекке койгон максаттары тууралуу айтып, «Салкын-Төр» эс алуу жайын кыш мезгилинде да иштей тургандай шарт түзүп, эс алуу жайына кошумча шарттарды түзүү боюнча ойлору менен бөлүштү. М. Эшназаров      -]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *