Темиркул Кошбаевдин музейи-гүлдөгөн доордун күзгүсү

кошбаевдин музейи 1кошбаевдин музейи 2 “Өмүр бизден өтүп  кетсе, эл эмгектен эскерсин” деп улуу акын Аалы Токомбаев даанышмандык менен айткандай, өз кезинде калкка кадыр-баркы артып, элге эбегейсиз эмгеги сиңген инсандарды ар дайым эскерип, алардын баа жеткис эмгектеринин кадырын бил жүрүү келечек муундарга парз эмеспи.  Ушундай изги тилектин жетегинде районубузга кезегинде зор эмгек сиңирген инсандардын жасап кеткен иштери эскерилип келаткандыгы кубандырат.   Албетте, Чаткалга зор эмгек кошбаевдин музейи 4кошбаевдин музейи 3сиңиргендердин башында көптөгөн инсандар менен бирге эле, Темиркул Кошбаев тураары шексиз. Бул республикага аттын кашкасындай белгилүү инсан быйыл 83 жашка чыкмак экен. Жарыкчылыкта канча узак жашаса да, эч бир адам баласы өлбөй калбайт экен. Антсе да, адамды өлбөс кылган анын эмгектери эмеспи. Темиркул Кошбаев өз кезинде республиканын, анын ичинде Чаткал районунун социалдык-экономикалык, маданий өнүгүүсүнө тоодой эмгек жасап кеткендиктен, анын эмгектерин, өрнөктүү өмүр жолун кийинки урпактар унутпай жүрсүн үчүн жыл башында райондук жетекчилик тарабынан райондук мамлекеттик администрациянын имаратында музейи ачылган. кошбаевдин музейи 6кошбаевдин музейи 5 Музейде Темиркул Кошбаевдин жумуш учурунда, ар кандай убактарда түшкөн сүрөттөрү, “Ардак Грамоталары”, баалуу сыйлыктары, иш кагаздары, олтуруп иштеген жумуш стол, отургучу айтоор, ал инсандын пайдаланып жүргөн айрым буюмдарына чейин ирээти менен коюлган. Музейге кирген адам Темиркул Кошбаевдин өрнөктүү өмүр жолу менен кеңири тааныша алат.  Көрүүчүлөр музей тууралуу өз таасирлерин жана каалоолорун жазып калтыруучу китепче да ачылган.  Бул музей бир жагынан белгилүү инсандын өрнөктүү өмүр жолунан кабар берсе, экинчи жагынан, Чаткал районунун гүлдөп, өнүгүп  турган мезгилин чагылдырып тургандыгы менен да баа жеткис десем жаңылышпайм. Төмөндө өмүрү өрнөктүү инсандын бараандуу эмгек жолуна токтоло кетсек. кошбаевдин музейи 12 Бир гана Чаткал районуна  эмес, Республиканын көпчүлүк жерлерине таанымал, учурунда өз эли үчүн жан үрөп эмгектенген инсан, Чаткал районунун ардактуу атуулу Темиркул Кошбаев көзү тирүү болгондо 9-майда 82 жаш курагына чыкмак. Бирок, улуу элибизде “Атаң өлсө да, атаңды көргөң өлбөсүн” деген кеп бар эмеси. Анын сыңарындай бүгүн туруп кечээкини эстебей калуу адамдык касиетке да сыйбас. Ошол багытта Темиркул Кошбаевди туулган күнүндө дагы бир жолу эстеп, анын жасаган эмгектерин эске алганыбыз эп. Кошбаев Темиркул 1932-жылы 9-майда Ала-Бука районуна караштуу Айгыр-Жал айылында туулган. Ал кезде Чаткал Ала-Бука районуна карап турган. 1947-1950-жылдары Пржевальск айыл чарба техникумунда окуп, зоотехник кесибине ээ болгон. кошбаевдин музейи 6кошбаевдин музейи 7 алгачкы эмгек жолун 1950-жылдын август айында Айгыр-Жал зоовет участкасында зоотехник болуп иштөө менен баштаган. 1953-жылдын сентябрь айынан 1955-жылдын май айына чейин Чаткал райондук айыл чарба башкармалыгында ага зоотехник, башкы зоотехник, 1956-жылдын июнь айынан 1957-жылдын сентябрь айына чейин Кызыл-Жар МТСда мал чарбасында ага зоотехник, 1957-жылдын сентябрынан 1962-жылдын август айына чейин К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институнун студенти болгон. Ала-Бука ветлечебницада 1962-жылдын август айынан 1963-жылдын апрель айына чейин дарылоочу врач, 1963-жылдын августунан 1964-жылдын январь айына чейин башчысы болуп иштеген. 1964-жылдын январь айынан 1966-жылдын август айына чейин Жаңы-Жол районунун Жаңы-Жол совхозунда башкы ветврач болуп эмгектенген. 1966-жылдын август айынан 1973-жылдын январь айына чейин Токтогул районундагы Үч-Терек совхозунда директор, 1973-жылдын январь айынан 1977-жылдын ноябрь айына чейин Ала-Бука районундагы “Бирлик” совхозунда директор, 1977-жылдын ноябрь айынан 1980-жылдын октябрь айына чейин Эл депутаттарынын Ала-Бука райондук аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштеген. кошбаевдин музейи 8 1980-жылдын октябрь айынан Кыргызстан компартиясынын Ош областынын Чаткал райкомунун биринчи сектретары, 1990-жылдын 10-мартынан Кыргызстан Коммунисттик партиясыкошбаевдин музейи 11нын Чаткал райкомунун биринчи секретары, Эл депутаттарынын райондук  Советинин төрагасы болгон. Кыргыз ССР Жогорку Советин депутаты болгон. Мамлекет алдында сиңирген зор эмгеги үчүн “Знак почета” ордени, В.И. Лениндин туулгандыгынын100 жылдыгына карата “За доблестный труд” медалы жана эки жолу Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланган. Темиркул Кошбаев 2011-жылдын 19-июнунда дүйнөдөн каткан. кошбаевдин музейи 9кошбаевдин музейи 10 Темиркул Кошбаев чарбакер, уюштургуч, демилгечил жөндөмүнө эгедер адам болгон. Айрыкча, 1980-жылы Чаткал району жаңыдан район болуп уюшулгандан анын түптөлүшүнө чейин күн-түн деп тыным албай, чаалыкпай эмгектенген. Чаткал жергесине электр энергиясынын келиши, анын тоо арасындагы короо-сарайларга чейин жеткирилиши эле канчалаган түмөн-түйшүктү жараткан. Район жаңыдан уюшулуп жатканына байланыштуу канчалаган социалдык курулуштар, кабат үйлөр, мал сарайлар, көпүрөлөр, тоо боорун жарган авто жолдор, аэропорт, нан заводу, кулинарный цех, кирпич заводу, асфальт заводу (курулушу башталып союз жоюлганда аягына чыкпай калган), 3 теле мунара курулуп, элге теле көрсөтүү көрсөтүлгөн, радио уктурула баштаган. Мындан сырткары байланыш, почта тармактары ишке киргизилген. Райондо басмакана уюштурулуп, райондун газетасы жана жергиликтүү радиосу иштеген. Элдин маданиятын өстүрүү колго алынып, маданият үйү, кинофикация, чачтарачкана, мончо, сүрөткана, быткомбинат ишке берилген.Айыл чарбасына башкы көңүл бурулуп, ак койдун саны өсүп, башы 120 000ге жеткен. Райондун борбору 1985-жылы Жаңы-Базар айылынан Каныш-Кыя айылына көчүлүлүп келген. Мамлекетке тиешелүү болгон баардык тармактардын мекемелери ачылып, толук кандуу иштеген. Мына ушул айтканга оңой болгону менен канчалаган түйшүктү талап кылган иштердин ар биринде анын уюшулушуна жана түптөлүшүнө Темиркул Кошбаевдин түздөн-түз байланышы бар.   Темикем темир болчу, бүгүлбөгөн Тросттой эрки бекем үзүлбөгөн, Темикем темир болчу, бүгүлбөгөн. Чаткалдын ар-намысын бийик сактап, Эч качан өзгөлөргө жүгүнбөгөн.   Бүркүттөй бийиктикти бүрүп кетчү, Жалкоону жарганаттай илип кетчү. Чаткалдын маселеси чечилбесе, Чагылган болуп күйүп-күйүп кетчү.   Келечек үчүн эркти бүлөгүлө, Сүрөсөң, чыгаандарды сүрөгүлө! Элиңе арбын эмгек жасаганды, үйрөнсөң, Темикемден үйрөнгүлө! Атантай Акбаров, акын, Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын ээсикошбаевдин музейи 3 кошбаевдин музейи 5 кошбаевдин музейи 6 кошбаевдин музейи 7 кошбаевдин музейи 8 кошбаевдин музейи 9 кошбаевдин музейи 10 кошбаевдин музейи 11 кошбаевдин музейи 12]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *