Сумсарда “Жаш куткаруучу” кароо-сынагы болду

өрт коопсуздугу 1 Май айынын соңунда Шакафтар айылындагы  Ю. А. Гагарин орто мектебинде Сумсар айыл аймагындагы мектептердин жогорку класстарынын арасында “Жаш куткаруучу” кароо-сынагы болду. Кароо-сынакка Сумсар орто мектебинин “Ак Шумкар”, Ю. А. Гагарин орто мектебинин “Жаш куткаруучу”, В. И. Ленин атындагы мектеп интернатынын “Шумкар” командалары өз ара беттешип,  өрт кырсыктарынын алдын алуу боюнча даярдыктарын көргөзүшүп, күч сынашышты. Кароо-сынактын жүрүшүнө Чаткал райондук мамлекеттик өрткө каршы кызматынын башчысынын орунбасары, лейтенант Дастан Тайиралиев, өрткө каршы кызматтын инспектору, лейтенант Азамат Жумабаев, Сумсар айылдык кеңешинин депутаты, Сумсардагы №80 өрткө каршы бөлүмүнүн ага айдоочусу Нурдин Курмантаевдер күбө болушту. Кароо-сынак өтө курч мүнөздө өтүп, жыйынтыгында, 164 упай менен 1-орунду В. И. Ленин атындагы мектеп интернатынын “Шумкар” командасы жеңип алды. 2-орунду Ю. А. Гагарин орто мектебинин “Жаш куткаруучу” командасы ээледи. Ал эми, 3-орун Сумсар орто мектебинин “Ак Шумкар” командасына берилди. Ошондой эле, кароо-сынактын жүрүшүндө, өзүнүн мыкты көрсөткүчтөрү менен Сумсар орто мектебинин “Ак Шумкар” командасынын мүчөсү Тынарбек Шайназаров “Мыкты куткаруучу” наамына татыды. Ал эми, “Өрт-дос, өрт-душман” аттуу сүрөтү менен Сумсар орто мектебинин 8-классынын окуучусу Мисиров Данияр (мугалими Рахим Юлдашев) Чаткал райондук өрткө каршы мамлекеттик кызматынын II-даражадагы диплому менен сыйланды. Мындан сырткары, кароо-сынактын бир топ активдүү катышуучулары Чаткал райондук мамлекеттик өрткө каршы кызматынын I-II-III-даражадагы дипломдору менен сыйланышты. Б. Исаков, Сумсар айылы  ]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *