Чаткалдын эли, жери үчүн тоодой эмгеги сиңген

 

SAM_4185 Калк тааныган адамдын, өткөн көп жылдар арасындагы үзүрлүү эмгеги элдин жана коомчулуктун көз алдында болуп келген жетекчинин өмүр таржымалы  жөнүндө маалымдалып келген. Саматкул  Максымбеков Чаткал, Ала-Бука райондоруна, областка, республикага таанымал инсан, ишти  уюштура  билген жөндөмдүү жетекчи, Кыргыз  Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген ишмер.305385

 

Адамды эл эмгегинен тааныйт, эмгегинен сыйлайт эмеспи. Анын сыңарындай, акылмандарыбыздан болгон Ж.баласагын “Кишини ичинен бил, ичинен биле албасаң ишинен бил”-деп бекеринен айтып кетпесе керек. Жакшыны эмгегинен, аракетинен, ишинин натыйжалуулугунан эл баалайт. С.Максымбеков Кыргызстандын айыл чарбасынын өсүп-өнүгүшүнө өзүнүн салмактуу салымын кошкон, өзгөчө Чаткал районунун район болуп түптөлүшүнө алгачкы жандуу аракеттерин, демилгелерин багыттап келген. Буга аргументтер жана фактылар бар.

Чаткалдын район болуп түптөлүшүнө алгачкы аракеттер, алгачкы кадамдар С.Максымбековдун Чаткалдын өнүгүшүнө, келечегине  багытталган ошол мезгилдеги көз караштарынан, ой жүгүртүүлөрүнөн, тийиштүү инстанцияларды жана чогулуштарда айткан далилдүү, перспективалуу ой-сунуштарынан, демилгелеринен башталат.

Ал төмөнкүдөй:

1971-жылы Кыргызстан КПБК менен Кыргыз ССР Министрлер Советинин кошмо Токтому чыгат. Кошмо Токтомдо Чаткап өрөнүн кылымдар бою айдалбай  жаткан дың жерлерин өздөштүрүү жана элдин социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, мал-чарба продукциясын көбөйтүү маселеси  көтөрүлөт. Токтомдун негизинде Чаткал машиналаштырылган мал чарба станциясы уюштурулат (Чаткал МЖС). Бул Токтомдун аткарылышы боюнча Чаткал МЖСне кадр тандоо болот. Ала-Бука райком партиясы, Ош обком партиясы Саматкул Наркулович Максымбековду Кыргызстан БКга Чаткал МЖСне директорлук кызматка сунуш кылат жана бекитет. Анан МЖСти өнүктүрүүгө, ага тоют базасын кеңири түзүүгө, калктын тамак-ашка карата болуп жаткан талабын канаттандырууга, кыштактар аралык катнашты жакшыртуу үчүн шарт түзүүгө, Жаңы-Базар, Башкы-Терек, Киров жолдорун жакшыртууну жүзөгө ашырууга аракеттерин жумшай баштайт. Ошондой эле “Бизге, МЖСке иштөөгө келгиле, жаштар!”-деген үндөө менен жаштарды ишке чакырат. 1500 гектар айдалбай жаткан жер өздөштүрүлөт.

309

Башкы-Терекке 416 тонна үрөн, анын ичинен 32 тонна буудай, 61 тонна эспарцет, арпа жана башка үрөндөр жеткирилет. Чаткалдын  оор, катаал шарттарында, кыйын жолдорунда С.Максымбеков өзү башында болуп, жолдо, белде, талааларда түнөшүп, кар баскан үйлөрдө жатышып, 2 Урал автоунаа, 2 бульдозер жеткирилет. Ошондой эле 1972-жылы 6 “ДТ-75, 8 “К-700” тракторлору,  5 “Т-74” бульдозерлери жана башка техникалар, үрөн сепкичтер жеткирилет. “Ийгилик издегенге ийилет”-деп айтылгандай С.Максымбековдун жөндүү иш-аракеттери, демилгелери, уюштуруучулук жөндөмдүүлүктөрү менен МЖСте иш кызуу жүрө баштайт. Директор ишке механизаторлорду жана ар түрдүү кесиптеги жумушчуларды тартуу боюнча демилге көтөрөт. Натыйжада 30 механизатор, 70ке жакын ар түрдүү кесиптеги жумушчулар ишке тартылып эмгектене башташат. Алардын иштөөсү үчүн жакшы шарттар түзүлөт.

Жаңы иштер пландаштырылат. Ал мезгилде Чаткалдан жол туш тарапка башталган.

Жаңы-Базар-Башкы-Терек-Киров таш жолу салына баштайт. Бул жолдор 15 миң гектар жерди толук өздөштүрүүгө жол ачат. Ак-Таш, Айгыр-Жал, Каныш-Кыя кыштактарын бири-бири менен байланыштыра баштайт. Бул кыштактар Чаткал дарыясынын өйүз-бүйүзүндө болгондуктан аларга көпүрө салуу пландаштырылат. Чаткал жемдин базасына айланат.

Чандалаш, Коргон-Төбө, Чакмак сыяктуу көптөн бери айдалбаган жерлерге арык казуу иштери башталат. Чаткал байлыкты көбөйтүүнүн мүмкүнчүлүгү болуп калат. С.Максымбеков жетекчилик иши менен, эмгеги менен элге көрүнө баштайт. Тактап айтканда 1972-жылы пландаштырылган 1500 гектар жер толугу менен өздөштүрүлөт. 1300 гектар жерге арпа, 200 гектарга буудай, 600гектарга эспарцет айдалат. Өндүрүлгөн дан эгиндери ошол мезгилдеги Ала-Бука, Жаңы-Жол райондорунун колхоз, совхоздоруна жеткирилип турган. 1973-жылы Чаткал өрөөнүндө 2600 гектарга эгин айдалат. Жыл өткөн сайын өндүрүлгөн эгинди көп алуу үчүн С.Максымбеков башында турган жаңы жердин азаматтары катуу күрөшө баштайт. Алардын күрдөөлдү күрөшү ийгиликтерди жаратып, айыл чарба майданында жакшы жетишкендиктерге, жаңы жеңиштерге жеткирет. С. Максымбеков өзү эскерип айткандай, бул жетишкендиктерге Ала-Бука, Жаңы-Жол, Ноокат райондорунан, ошондой эле Өзбекстандан, Казакстандан келип иштешкен жаштардын салымы чоң болгон.

SAM_4179

МЖСтин борбору болгон Башкы-Теректе иш жаңыдан башталганда курулушу, имраты жок, ээн жерде С.Максымбеков жетектеген жумушчу топ, адистер алгач чатырларда, вагон үйлөрдө туруп башташкан иштеринин натыйжасында Башкы-Теректин көрүнүшү кийинчерээк таптакыр башкача боло баштайт.

Ал жерде үйлөр, жатаканалар, чабандар үчүн үйлөр, кашарлар курулат. Вагон-үйлөр орнотулат. Мунун бардыгы жетекчинин иштин көзун билгендигине, ишти уюштура билүүсүнө, анын камкордуктуу жана перспективалдуу иш-аракеттерине, анын оптимизмине байланыштуу болот эмеспи.

Бир сөз менен айтканда, С.Максымбеков 1971-1978-жылдар арасында өзүнүн алгачкы уюштуруу иштери жана демилгелери, сунуштары менен чоң жоопкерчиликти мойнуна алып, Ала-Бука райком партиясынын, Ош обком партиясынын, Кыргызстан БКнин Бюросунун ишенимин актап, Чаткалды өздөштүрүүгө, Чаткалдын инфраструктурасын көтөрүүгө өзүнүн жетекчилик салмактуу салымын кошкон. “Эр жигит эмгегинен абийир табат” эмеспи. Анын Чаткалды өздөштүрүүдөгү ийкемдүү ийгиликтери, жетишкендиктери, ишинин натыйжалуулугу учурунда өз жемишин берген.

1978-жылы Чаткал МЖСнин базасында уюштурулган Башкы-Терек совхозунун директору болуп иштеген. 1980-жылдан 1983-жылга чейин эл депутаттарынын Чаткал райондук аткаруу комитетинин төрагасы болуп элге кызмат кылган. “Эр эмгегин эл эстен чыгарбайт” демекчи, 1971-1983-жылдар аралыгындагы  Чаткал өрөөнүн өздөштүрүүгө, анын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымдары үчүн Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын жана райондук Кеңешинин биргелешкен Токтомунун негизинде 2006-жылы “Чаткал районунун ардактуу атуулу” наамы ыйгарылган. Эң башкысы ишиндеги жоопкерчиликти, эл ишенимин ыйык сезген, элдин кызыкчылыгын көздөгөн, Чаткалдын келечегине көз жүгүрткөн, Чаткалды өздөштүрүүгө салмактуу салымын кошкон зирек жетекчи болгон.

Саматкул Наркулович Максымбеков Кыргыз Республикасынын айыл чарба тармагындагы жараткан ийгиликтери, күжүрмөн жана үзүрлүү эмгеги үчүн 1999-жылы КР Президентинин Жарлыгы менен “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына  эмгек сиңирген кызматкер “Жогорку наамынын ээси болгон. Ошондой эле бир нече мамлекеттик жогорку сыйлыктарга татыктуу болуп келгендигин айтпай кетүүгө болбойт. Атай кетсек:  “Ардак белгиси” ордени, “Күжүрмөн эмгеги үчүн” медалы, “Юбилейный”, “Социалисттик мелдештин жеңүүчүсү-1973” төш белгилери жана башка бир топ баалуу белектер, эстелик буюмдар менен сыйланган.

Саматкул Максымбеков 4

Мунун баарысы С.Максымбековдун күжүрмөн, үзүрлүү эмгеги, жандуу аракеттери, демилгелери, сунуштары, кызматы элге, мамлекетибизге, Кыргызстандын айыл чарбасынын жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө арналып, багытталып келгендигинен кабарлап турат.

М. Эшназаров, Кыргызстан Журналисттер Союзунун мүчөсү

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *