Сумсарда Улуу Жеңиштин урматына эстелик ачылды

SAM_3155 Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 70 жылдыгы Сумсар айыл аймагынын Шекафтар айылында да чоң салтанат менен белгиленди. Ал күнү айылдын тургуну жеке ишкер Рашид Гизатулиндин аракети жана салымы менен айылдагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине арналып тургузулган эстелик кайрада реконструкциялангандыгына байланыштуу эстеликтин ачылуу аземи болду. Ал күнү экинчи дүйнөлүк согушка арналган ырлар жаңырып, салтанаттын алдынан эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын жана оорукта эмгектенгендердин сүрөттөрү жана Улуу жеңишке арналган транспаранттар менен коштолгон “Бессмертный полк” (“өлбөс-өчпөс полк”) жүрүшү болду. Салтанаттын жүрүшүндө Эстеликти реконструкциялаган Р. Гизатулин сөз сүйлөп, анын демилгесин колдоп эстеликти реконструкциялоого ар тараптан колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирди. Ал эми Р. Гизатулиндин эмгегине ыраазы болушкан айыл аймагындагы мекеме жетекчилери, калк арасынан чыгып сүйлөгөндөр ага баалуу белектерин беришсе, райондук мамлекеттик администрациясы  Ардак грамотасын тапшырды. Эстеликтин ачылуу аземинде марафон да өткөрүлүп, айыл аймагындагы мекемелер, элдер жана “Казакмыс Голд Кыргызстан” компаниясынын “Бозумчак” кенинин Ала-Бука районундагы атайын өкүлү У. Баймырзаев компаниянын атынан марафонго 20 миң сом салым кошсо, элдин салымы менен жалпысы 40 миң сом акча каражаты топтолду. Эстеликти ачуу салтанатынын соңунда айыл таланттарынын концерттик программасы тартууланды. өзгөчө № 8 Шекафтар айылдык китепканасынын китепканачысы Кансулуу Мадалиеванын аткаруусундагы Толгонайдын монологу, аткарган комуз күүлөрү, ырдаган обондуу ырлары көпчүлүктүн купулуна толду. Б.Исаков]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *