Архив за месяц: Октябрь 2021

Жарыя!

Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкү бош кызмат орунуна ачык сынак жарыялайт:

1) – Экономика, финансы жана инвестиция тартуу боюнча башкы адиси (1 штаттык бирдик);

Мамлекетик кызматчыларга коюлуучу талаптар:

  1. Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
  2. Мамлекеттик жарандык кызмат үчүн -21 жаштан жогору;

Квалификациялык талаптар:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө”;
  • “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары;
  • Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө”
  • Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”;
  •  “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамдары.

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;

Билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

Көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

1.Кесиптик билими:

жогорку билим — Финансылык экономикалык, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында

2.Стажга жана адистик боюнча иш тажрыйба:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3. Сынака катышуу үчүн документтер:

— бош кызмат ордун көрсөтүү менен жеке арыз конкурсттук комиссиянын төрагасына (контактык телефон номери менен);

— кадрларды эсепке алуу боюнча баракча, сүрөтү менен;

— резюме, сунуш каттары, өмүр баян соттолбогондугун көрсөтүү менен;

-билими жөнүндө, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам ыйгарылгандыгы жөнүндө дипломдордун көчүрмөлөрү, эмгек китепчесинин, паспорттун көчүрмөлөрү, аскер билетинин көчүрмөсү (эмгек китепчесинин жана дипломдордун көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги кызматчыларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт),

Документтерди кабыл алуу жарыя сайтка чыккандан баштап 10 жумушчу күн жүргүзүлөт.

Керектүү документтерди төмөнкү дарекке тапшырсаныздар болот:

Чаткал району, Каныш-Кыя айылы, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы, сурап билүү телефондору (03749) 30048 .

Эскертүү: квалификациялык талапка жооп берген талапкерлерге конкурстун өтө турган күнү кошумча маалымдалат.

Жарыя!


Чаткал   районундагы  Каныш-Кыя  айыл өкмөтү  төмөнкү   бош кызмат   орунуна   ачык   сынак  жарыялайт:
1.   Башкы  адис -Юрист    (1 штаттык бирдик):
1) Кесиптик билимдин деңгээли:

  • жогорку билим-Юриспруденция, Укук  тануу адистиктери  боюнча.
    2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
  • жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
    3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
  • Төмөнкүлөрдү билүү:
    Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана  
       муниципалдык кызмат жөнүндө”;
  • “Коррупцияга  каршы аракеттенүү  жөнүндө”;
    -“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”мыйзамдары;
  •  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120-токтому  “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама  жөнүндө”;
  • Мамлекеттик  жарандык кызмат жана муниципалдык  кызмат  боюнча кеңештин  2016-жылдын  19-августундагы  №43  токтому  менен  бекитилген  “Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик  жана муниципалдык  кызматчыларынын этикасынын  Кодекси.
    Тиешелүү  тармактагы мыйзамдарын:
    —       Кыргыз  Республикасынын  Бузуулар  жөнүндө  кодекси;
    —       Жер кодекси;
    —       Эмгек  кодекси;
    —       Кыргыз  Республикасынын  “Жергиликтүү  өз алдынча  башкаруу  жөнүндө”;
    —       “Жарандардын  кайрылууларын кароо  тартиби  жөнүндө”  мыйзамдары.
    Кызматтык  милдеттерин  аткаруу  үчүн  зарыл болгон  көлөмдө  мамлекеттик  (Кыргыз  республикасынын  Өкмөтүнүн  2017-жылдын21-ноябрындагы  №757  токтомуна ылайык)  жана  расмий  тилдери;
  • Билгичтиги:
  • маалыматты  жыйноо, талдоо, системалаштыруу  жана жалпылоо;
  • аналитикалык документтерди даярдоо;
  • тиешелүү   чөйрөдөгү ата-мекендик  жана чет  өлкөлүк тажрыйбаны  талдоо  жана  практикада  колдонуу;
  • кесиптештер менен  натыйжалуу  кызматташуу;
  • иштиктүү  сүйлөшүүлөрдү  жүргүзүү;
  • эмгектин жаңы  шарттарына көнүү;
     
  • Көндүмдөрү:
  • ченемдик укуктук  актылар  менен  иштөө  жана  аларды  тажрыйбада  колдонуу;
  • ишти пландаштыруу  жана жумуш  убакытын  туура бөлүштүрүү;
  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам  жүзөөгө  ашыруу;
  • компьютердик  жана  уюштуруу  техникасын, зарыл  болгон  программалык протуктуларды   колдоно  билүү;
  1. Сынакка  катышуу  үчүн  документтер:
    Конкурска катышуу үчүн керектүү документтердин топтому өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
  • жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмесин, сүрөтүн;
  • паспорттун көчүрмөсүн;
  • керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);
  • сунуш каттарын (мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын талабы боюнча);
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган учурларда ден соолук абалы жөнүндө маалымкат.
    Аңгемелешүү этабына катышууга уруксат берилген талапкерлерге мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан компетенттүү мамлекеттик органдардан талапкердин соттолбогондугу жөнүндө маалымкат талап кылынат.
  • Эгерде конкурстан өтүп, кызмат орунуна дайындалган адамда жоюлбаган соттолгондугу бар экени аныкталса, анда мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алат.
    Документтерди  кабыл  алуу  жарыя  сайтка жана гезит  бетине  чыккандан  баштап  10  жумушчу  күндүн  ичинде  жүргүзүлөт.
    Дареги: Каныш-Кыя   айылы ,  Каныш-Кыя  айыл  аймагынын Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн  имараты.  Моб: 0777 21 11 76,   0501 21 11 76

Чаткал айылдык кеңешинин токтомдору (сентябрь 2021)

     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ                                                     КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ                                                      ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ

ЧАТКАЛ РАЙОНУ                                                                      ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН

ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ                                      ЧАТКАЛЬСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ

Жаны-Базар айылы  Досматов  көчөсү                                                         с.Жаны-Базар ул.Досматова

Чаткал айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын  V кезексиз сессиясынын

Токтому  № 1

24.09.  2021-жыл                                                                                          Жаңы-Базар айылы.

Бюджетке кошумча акча каражатын

толуктоо жөнүндө”

Чаткал айылдык кенешинин бюджет комитетинин чечимин  угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кенешинин кезексиз сессиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Чаткал айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн  башчысы Т.Абдыкеримовдун  б сунушу боюнча  Чаткал айылдык кенешинин  Бюджет комитетинин чечими эске алынсын .
  2. Чаткал айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин атайын каражаттык эсебине кошумча тушкон “ЗААВ ЧААРАТ” кен иштеткен ишканасынан жалпысы 900,1 мин сом акча каражаты төмөндөгүдөй багытта чыгымдалсын:

-Чаткал айыл өкмөтүнүн башкаруу тармагынын  22154900 статьясына 95,0 мин сом республикалык денгээлде өтүүчү  волейбол  оюнуна оюнчулардын катышуусун камсыз кылуу үчүн, спорт чебери 22154900 статьясына 240,0 мин сом Айтбеков Мелистин  дуйнөлүк олимпиадага катышуусун камсыз кылуу үчүн, 22154900 статьясына 565,1 мин сом социалдык пакеттин негизинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү үчүн чыгымдоого уруксаат берилсин.

  • Бюджеттик акча каражатын мыйзам чегинде жумшоону  колго алуу жагы  Чаткал айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т.Абдыкеримовго милдетендирилсин.
  • Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы  К.Карабаевге жүктөлсүн.

      Чаткал айылдык Кеңешинин

      төрагасы:                                                                     М.Козубаев

     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ                                                     КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ                                                      ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ

ЧАТКАЛ РАЙОНУ                                                                      ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН

ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ                                      ЧАТКАЛЬСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ

Жаны-Базар айылы  Досматов  көчөсү                                                         с.Жаны-Базар ул.Досматова

Чаткал айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын  V  кезексиз сессиясынын

№ 2-Токтому 

24.09.2021-жыл                                                                                              Жаңы-Базар айылы

“ Нарын Кен Ресурс” ОсОО го

 уруксат берүү жөнүндө”

Чаткал айыл аймагынын Курулуш айылынын кун чыгыш тарабындагы Ак булак  участкасынан

№ 6901 АE  ,    № 6900 АЕ   лицензияга ылайык жалпы аянты 13,04 га   жер аянтына “Нарын Кен Ресурс” ОсОО ишканасына кен казуу иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү боюнча сунушун карап чыгып жана талкуулап  Чаткал айылдык кенешинин  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1.  “Нарын Кен Ресурс”  ОсОО  ишканасына Чаткал айыл аймагынын Курулуш айылынын кун чыгыш тарабындагы  Ак булак  участкасынан  элдик жыйндын макулдугунун негизинде № 6901 АE лицензиялуу 4,4 га ,  Лицензия № 6900 АЕ  8,64 га жер аянтына кен казуу иштерин жүргүзүүгө   макулдук берилсин.
  •   “Нарын Кен Ресурс” ОсОО ишканасына Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык иш  жүргүзүү жана рекултуациялык иштерди жүргүзүү , КРнын салык мыйзамдарында көрсөтүлгөн төлөмдөрдү жана  элдик жыйында макулдашылган башка төлөмдөрдү өз убагында   төлөө жагы милдеттендирилсин.
  • Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Чаткал айылдык  Кенешинин жер

           маселелери боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

        Чаткал айылдык Кеңешинин

        төрагасы:                                                                М.Козубаев

     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ                                                     КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ                                                      ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ

ЧАТКАЛ РАЙОНУ                                                                      ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН

ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ                                      ЧАТКАЛЬСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ

Жаны-Базар айылы  Досматов  көчөсү                                                         с.Жаны-Базар ул.Досматова

Чаткал айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын  V кезексиз сессиясынын

Токтому  № 3

24.09.2021-жыл                                                                                                   Жаңы-Базар айылы.

Бюджетке   толуктоо

 киргизүү жөнүндө”

Чаткал айылдык кенешинин бюджет комитетинин чечими б-ча маалыматын угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кенешинин сессиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Чаткал айыл өкмөтүнүн  ФЭБ башчысынын жергиликтүү бюджеттине толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү маалыматы эске алынсын.
  • Чаткал айыл өкмөтүнүн жергиликтүү  бюджетинин 2021-жылга  бекитилген жергиликтуу бюджетинин атайын каражаттык эсебине кошумча түшкөн ЗАВ Чаарат кен иштеткен ишканасынан жалпысы 200 000 сом акча каражаты 22221100 статясына 100 000 сом,  22221200 статясына  100 000 сом койулуп  чыгымдалсын.
  • Бюджеттик акча каражаттын мыйзам чегинде жумшоону  колго алуу жагы  Чаткал айыл  өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Т.Абдыкеримовго милдеттендирилсин.
  • Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана финансы,агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

         Чаткал айылдык Кеңешинин  

         төрагасы:                                                        М.Козубаев

     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ                                                     КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ                                                      ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ

ЧАТКАЛ РАЙОНУ                                                                      ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН

ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ                                      ЧАТКАЛЬСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ

Жаны-Базар айылы  Досматов  көчөсү                                                         с.Жаны-Базар ул.Досматова

Чаткал айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын  V  кезекcиз сессиясынын

№ 4-Токтому 

24.09.2021-жыл                                                                                              Жаңы-Базар айылы

“ Жер маселелер жөнүндө”

Чаткал айыл аймагынын жергиликтүү тургундарынын ар кандай сунуштарын карап чыгып

жана талкуулап  Чаткал айылдык кенешинин кезектеги сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1.  Мамыров Алмаздын көпүрө салуу боюнча  Терс участкасындагы  мал өтүүчү көпүрөгө тиешелүү акчасын таап машина өтүүчү кылып салууга смета проектиси дардалсын жана айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
  2. Жедигеровдун арызы  топурак алынган карьер боюнча   Токоев Атакулдун тамы жайгашкан көчөнүн үстү жагы  каралсын жана айыл өкмөт тиешелүү адистери менен  карап көрүп кайсы жер ынгайлуу болсо ошол жерге токтом чыгарылып берилсин.
  3.  Нарбековдун арызы боюнча  там аркасынан тышкаркы жерди кызына берүүгө сураган арызы канаттандырылсын жана Жер адис жеринен көрүп талаш тартыш жок болсо кызынын атына мыйзам чегинде токтом чыгарылып берилсин.
  4. К. Оморовдун арызы боюнча  райондук комиссия жеринен көрүп чечүү боюнча  айыл өкмөтүнүн жер адисине жүктөлсүн. Комплекстүү комиссия менен депутаттар кошулуп комиссия түзүп чечип берүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
  5. Э.Исабековдун арызы боюнча  __________ участкасынан мал чарбачылыгына жер берүү боюнча арызы  райондук комиссия тарабынан жеринен көрүп чечүү боюнча  айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
  6. Ш.Атабаевдин арызы боюнча  Ири Сай участкасынан 1 га жерди тегиздеп  чөп өсүмдүгүн өздөштүрүүгө  сураган арызы боюнча  жайыт эсебиндеги жер категорияга которуу райондук комиссия тарабынан чечилсин жана  иш алып баруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
  7. Айыл өкмөтүнө10 тонна үрөө алууга акча каражатын бөлүп берүү боюнча  өкмөт башчы өзү акча  таап келип үрөөн алып келүүнү уюштурсун.

        Чаткал айылдык Кеңешинин

        төрагасы:                                                                М.Козубаев

     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ                                                     КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ                                                      ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ

ЧАТКАЛ РАЙОНУ                                                                      ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН

ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ                                      ЧАТКАЛЬСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ

Жаны-Базар айылы  Досматов  көчөсү                                                         с.Жаны-Базар ул.Досматова

Чаткал айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын  V кезексиз сессиясынын

Токтому  № 5

24.09.2021-жыл                                                                                                   Жаңы-Базар айылы.

Билим берүү мекемелеринин

класстарын калтыруу жөнүндө”

Чаткал айылдык кенешинин регламент, депутаттык этика жана  маданият боюнча, жаштар, спорт жана социалдык ( билим берүү жана саламаттыкты сактоо) маселелери боюнча комитетинин маалыматын угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кенешинин сессиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Чаткал айыл аймагына караштуу  Усупбек уулу Кубатбек атындагы  жалпы билим берүүчү орто мектебинин, С.Мырзалиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин, Б.Шерматов атындагы башталгыч класстар  мектебинин жетекчилеринин  билдирүүлөрү эске алынсын.
  2. С.Мырзалиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебиндеги  окуу бөлмөлөрүнүн таардыгына байланыштуу  8а — 8б — класстары  өз ордунда эки класс болуп калтырылсын жана райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
  3. Усупбек уулу Кубатбек атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин 8-10-11- класстардын окуучуларынын  саны аз болгондуктан, райондон 45 км алыстыкта жана  эн жакынкы мектеп  Курулуш айылындагы С.Мырзалиев атындагы  жалпы билим берүүчү орто мектеби 15 км алыстыкта жайгашып окуучулардын каттоосуна жана жашоосуна мүмкүнчүлүк болбогондугуна байланыштуу жогорудагы аты аталган мектепте билим алуусу үчүн райондук билим берүү бөлүмүнөн чечип берүү жагы суралсын.
  4. Б.Шерматов атындагы башталгыч класстар мектебинин 1-2-3-4-класстардын окуучуларынын саны аз болгондуктан жана эн жакынкы мектеп  Жаны Базар  айылындагы Т.Жаналиев  атындагы  жалпы билим берүүчү орто мектеби 5 км алыстыкта жайгашып окуучулардын каттоосуна жана жашоосуна мүмкүнчүлүк болбогондугуна байланыштуу жогорудагы аты аталган мектепте билим алуусу үчүн райондук билим берүү бөлүмүнөн чечип берүү жагы суралсын.
  5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө регламент, депутаттык этика жана  маданият боюнча, жаштар, спорт жана социалдык ( билим берүү жана саламаттыкты сактоо) маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

         Чаткал айылдык Кеңешинин  

         төрагасы:                                                        М.Козубаев