Архив за месяц: Март 2021

Жарыя!

    Каныш-Кыя  айыл өкмөтүнө караштуу төмөндөгү комерциялык жерлерди  сатуу  үчүн  аукцион  өткөрүүнү  жарыялайт.

Лот № 1. Башкы-Терек айылынан 300 м2 старттык баасы 3000 сом.

Лот № 2. Чакмак-Суу айылынан 100 м2 старттык баасы 2000 сом.

Лот № 5. Каныш-Кыя айылынан 300 м2 старттык баасы 3500 сом

Лот № 8. Каныш-Кыя айылынан 100 м2 старттык баасы 2000 сом.

Лот № 9. Каныш-Кыя айылынан 120 м2  старттык баасы 3000 сом

Лот № 10. Каныш-Кыя айылынан 200 м2  старттык баасы 3000 сом . .

Лот № 12. Каныш-Кыя айылынан 1000 м 2 старттык баасы 7000 сом .

Лот № 13. Каныш-Кыя айылынан 300 м2 старттык баасы 3000 сом

Лот № 15. Каныш-Кыя айылынан 1000 м2 Старттык баасы 7000 сом

Лот № 16 Каныш-Кыя айылынан 100 м2 Старттык баасы 2500 сом

Лот № 18 Каныш-Кыя айылынан 200 м 2 Старттык баасы 2500 сом

Лот № 19 Каныш-Кыя айылынан 100 м 2 Старттык баасы 3000 сом

Лот № 20 Каныш-Кыя айылынан 100 м 2 Старттык баасы 2500 сом

Аукцион  2021-жылдын 16-март күнү  Каныш-Кыя  айыл өкмөтүнүн имратында  саат             15-00  дө  өткөрүлөт.

Сурап  билүү  телефону (0772) 85-87-87. (0508) 87-93-87

Үй бүлөлүк зомбулукка байланыштуу кеңешме өттү

Чаткал райондук мамлекеттик администрациясында райондук прокуратуранын демилгеси менен үй бүлөлүк зордук-зомбулукту болтурбоо жана анын алдын алуу боюнча координациялык кеңешме өттү. Кеңешмеге район акими Жуманалы Накетаев, район прокурору Сыргабек Акылбек уулу жана айыл өкмөт башчылары, айыл өкмөттөрүнүн, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын адистери, райондук оорукананын, райондук билим берүү бөлүмүнүн, РИИБдин тиешелүү кызматкерлери катышты.Кеңешмени өткөрүүнүн негизги себеби-райондо үй бүлөлүк жана жаш балдар арасындагы зомбулуктун алдын алуу иштеринде мекемелер ортосундагы биргеликте иш алып баруу төмөндөп кеткен. Февраль айында райондук прокуратура тарабынан РИИБ, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгын текшерүү учурунда үй бүлөлүк зомбулук көрсөтүү окуялары мурдагы жылдарга карата көбөйгөндүгү белгилүү болгон. Район боюнча 2019-жылы бир факт, 2020-жылы алты факт, ал эми жыл башынан бери үч факт катталган.Жыл башында спирт ичимдиктерине ууланып каза болгон жарандар тууралуу билдирүү ыкчам иш алып барылбагандыктын себебинен райондук ооруканадан РИИБге кеч жеткен.Райондо жыл башында жүз берген жаш балдар арасындагы бачабаздык окуясы буга чейин тиешелүү соцкызматкерлердин жаш балдардын жеке жашоосуна көңүл буруп, алдын алуу иштерин жүргүзбөгөндүктөн келип чыккан.Кеңешменин жүрүшүндө айыл өкмөт башчылары, соцадистер, РИИБдин жашы жете электер менен иштөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери, райондук оорукананын өкүлү, Кыргыз Республикасынын «Үй бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» мыйзамынын алкагында кандай иш алып барып жаткандыгы суралып, такталды.Кеңешмеде үй бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алууда райондогу айыл өкмөттөр баш болгон тиешелүү мекемелер тарабынан биргеликте тыгыз алып барылбагандыгы белгилүү болуп, район акими Ж. Накетаев жана район прокурору С. Акылбек уулу бул маселени тез колго алып, мекемелердин биргеликте тыгыз иш алып баруусун талап кылышты.Кеңешме соңунда үй бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча райондогу тиешелүү мекемелер, аялдар кеңештери, аксакалдар кеңештери, дин кызматкерлери менен биргеликте тыгыз иш алып баруу жана өз ишине жоопкерчиликсиз мамиле жасаган соцкызматкерлерге кызматтык чараларды көрүү боюнча чечим кабыл алынды.

М. Эшназаров

2828Комментарии: 5Поделились: 10НравитсяКомментироватьПоделиться

Жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алууга байланыштуу иш чара өттү

Бүгүн Чаткал районунун Айгыр-Жал айылындагы Смайыл уулу Матиш атындагы орто мектебинде Чаткал райондук прокуратурасынын демилгеси менен «Жаш өспүрүм балдар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу» темасында иш чара болду.Иш чарага Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тажибай Тынышов, район прокурору Сыргабек Акылбек уулу жана райондук тийиштүү мекемелердин кызматкерлери катышты.Анда алгач райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тажибай Тынышов учурда мектеп окуучуларынын жетиштүү билим алуусу үчүн керектүү бардык шарттар түзүлүп берилип жаткандыгын, мамлекет жана ата-энелердин камкордугун жана аракетин туура баалап, жакшы окууга аракет жасоо керектигин айтты. Район прокурору Сыргабек Акылбек уулу өспүрүм балдардын тарабынан жасалган кылмыш иштеринин мыйзам тарабынан кандай жазага кириптер болушу тууралуу мисалдарды айтып, тиешелүү мыйзамдар жөнүндө окуучуларга кеңири түшүнүк берди. Ал буга кошо эле, жыл башында аталган мектептин алты окуучусу түнкүсүн ата-энесинин уруксатысыз жеңил автоунааны көчөгө айдап чыгышынан улам жол кырсыгына кабылып, РИИБде катталгандыгы тууралуу айтып, мындай терс окуяга сөзсүз мыйзам чегинде чара көрүлөөрүн билдирди жана мектеп окуучуларын мыйзамды, ата-энени, мугалимди сыйлоого, тартипти бузбоого жана жакшы окууга чакырды. РИИБ алдындагы өспүрүм балдар менен иштөө бөлүмүнүн кызматкери, милициянын ага лейтенанты Айбатиллаев Айбек өткөн окуу жылында мектеп окуучулары арасында чоң кылмыштуулук катталбагандыгын, бирок район боюнча үч окуучунун жүрүм-туруму начар болгондуктан РИИБ тарабынан каттоого алынгандыгын маалымдады.Иш чарада башка кызматкерлер да сөз сүйлөшүп, мектеп окуучулары тарабынан берилген суроолорго жоопторду беришти.

М. Эшназаров