Архив за месяц: Апрель 2019

«Айыл Банк» китеп белек кылууда

«Айыл Банк» ААК тарабынан республиканын алыскы тоолуу райондорундагы мектептерине демөөрчүлүк иретинде жетишсиз окуу китептери берилүүдө.
Бүгүн «Айыл Банк» ААКунун Ала-Бука филиалынын башкаруучусу Алыбаев Сырдаш Бузурманкулович тарабынан Чаткал районунун Т. Жаналиев орто мектебинде мектеп мугалимдери жана окуучулардын катышуусунда жүз даана китеп салтанаттуу түрдө тапшырылды.
-«Айыл Банк» ААКунун Башкармалыгынын Төрагасы Акимов Мурат Кудайбергеновичке мектеп жамаатынын атынанчоң ыраазычылык билдиребиз. Бүгүнкү берилген китептер биздин мектепте абдан таңкыс болчу.-деп мектеп директору Айсулуу Маматова ыраазычылык билдирди.
Эскерте кетсек, 2017-жылы «Айыл Банк» ААК тарабынан ушул эле мектепке окуучулардын билим алуусуна көмөк катары 3 компьютер белек катары берилген эле.
Кошумчалай кетчү нерсе, «Айыл Банк» ААКнын өкүлү Сырдаш Алыбаев аталган мектепке демөөрчүлүк катары берилген китептерден сырткары, өз эсебинен «Манас» эпосунун атактуу манасчы Сагынбай Орозбаковдун вариантындагы төрт томдугун белек катары тапшырды.

Техникалар жазгы айдап себүү мезгилине карата даярдалууда

Район аймагында жазгы айдап себүү мезгилине карата айыл чарба техникаларын даярдоо кызуу жүрүүдө. Алсак, бүгүнкү күнгө карата район боюнча жалпы 95 даана трактордун 62 си оң абалга келтирилди. Жер айдоо мезгили башталганча тракторлорду толук калыбына келтирүү аракеттери көрүлүүдө. Ал эми, үрөн себүү сүйүү шаймандар азырынча 80 % га даяр жана жакынкы күндөрү толук даярдыкка келтирилет. Булардан тышкары, соко, мала жана чиркегич сыяктуу керектүү шаймандар да оңдолуп, түзөлүп, толукталууда.

Кошумчалай кетсек, өткөн жылы Каныш-Кыя жана Чаткал айыл аймактарында уюшулган МТСтердин айыл чарба техникалары райондун айыл чарба тармагынын алга жылуусуна бир топ өбөлгө болууда.

М. Эшназаров

Суугат каналдары оңдолот

Быйыл райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан Арпа-Төктү, Аюу-Чачы жана Ак-Суу каналдары оңдолмокчу. Аталган каналдарды оңдоого республикадан үч млн. сом каражат бөлүнгөн.

Каналдарды оңдоо иштери кар кетээри менен башталмакчы.

Сүрөт сайттын архивинен алынды

Үрөн даярдоо кызуу жүрүүдө

Ал эми, райондогу дыйкан-фермерлердин талабына ылайык, КР. Айыл арба министрлигине керектүү урөндөргө билдирүү берилди.

Алдыдагы жазгы айдап себуу мезгилине карата раййонубузда кызуу даярдык жүрүүдө. Бүгүнкү күндө Каныш-Кыя айыл аймагында 20 тонна буудай жана 6 тонна арпа үрөнү бар. Мындан сырткары, Каныш-Кыя айыл аймагынын Жайыт комитетине республикалык коомдук үрөн фондунан 12 тонна 1-репродукциядагы «Гетман» сортундагы арпа үрөнү, 1 тонна 1-репродукциядагы эспарцеттин үрөнү, 400 кг беде үрөнү алынып келинди. Буга кошумча, жакынкы мезгилдерде 9 тонна аммофос жана 9 тонна амиак селитрасы келээри күтүлүүдө.

Иштелбей жаткан айдоо аянты 51 га кыскарды

сайттын архивинен алынган сүрөт

Үстүбүздөгү 2019-жылда карата райондо бекитилген айдап себүүнүн түзүмү боюнча жалпы айдоо жер аянты 6080 га ны түзөт жана мунун ичинен район боюнча 2046 га жер аянты айдалмакчы. Ал эми, айдалбай калган жер аянты былтыркыга салыштырмалуу 51 га кыскарып, 403 га ны түздү.

М. Эшназаров

айдоо, район,2019