Архив за месяц: Февраль 2019

Райондук ЖААК бөлүмүнө имарат салуу максат кылынууда

Буга чейин Чаткал райондук ЖААК бөлүмү райондук токой чарбасынын имаратында иш жүргүзүп, өз алдынча имаратка ээ болбой келгендиги маалым. Быйыл бул маселе чечилип калуусу мүмкүн. Бул тууралуу райондук ЖААК бөлүмүнүн башчысы  Гүнөтай Ибраева билдирди. Анын билдиришинче, ЖААК бөлүмүнө имарат салууга район борборунун Маданият участкасынан жер тилкеси бөлүнүп берилди. Эми, каражат маселеси чечилип калса, имараттын курулуш иштери колго алынмакчы.

Район мектептери интернет байланышы менен камсыздалат

Быйыл районубуздун бардык мектептери кабелдик интернет байланышы менен камсыз болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу райБББ башчысы Тажибай Тынышов элдик жыйында билдирди. Анын маалымадашынча,  интернет байланышын камсыздоо жумушу “Кыргызтелеком” ишканасы тарабынан жүзөгө ашырылмакчы.

Зым карагайларды оңдоого 2 млн. сом бөлүнүүдө

Быйыл Каныш-Кыя айыл аймагынын айрым жаңы конуштардагы зым карагайлары оңдолуп, калыбына келтирилет. Бул тууралуу Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Нургазы Жолдошев билдирди.  Анын билдиришинче, айыл аймагы тарабынан аталган иштерге 2 млн. сом акча каражаты бөлүнүүдө.

Жер көчкүсүнүн алдын алуу максатында

Район акими Канжарбек Эшалиев Айгыр-Жал айылынын Карасуу участкасындагы мазардын жыл сайын аздап сүрүлүп, көчүп жаткан тарабын токтотуу үчүн, ал жерге Чаткал токой чарбасынан терек көчөттөрүн алып тигүү сунушун айтты жана буга кошумча, аталган жумушту аткарган жумушчулардын эмгек акысын БУУнун “Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы” аркылуу азык-түлүк катары бердирүү жагына жардам берээрин билдирди. Бул тууралуу Айгыр-Жал айылындагы элдик жыйында аталган мазардын алды жагы көчүп, чоң жер көчкүгө айланып кетсе, айыл тургундарына чоң коркунуч жаралаары сөз болгон эле.

Кормоцех участкасына таза суу чыгарылат

Айгыр-Жал айылынын Кормоцех участкасына быйыл “Чаткал өнүктүрүү фондунун” эсебинен   таза суу чыгарылат. Бул тууралуу Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы  Нургазы Жолдошев билдирди. Аталган участкага таза сууга чыгарууга былтыр аракет көрүлүп, аягына чыкпай калган.

Каныш-Кыя МТСте 20 тонна үрөн бар

Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы  Нургазы Жолдошев Айгыр-Жал айылында болгон элдик жыйында азыркы мезгилде Каныш-Кыя МТСтин кампасында 20 тоннадан ашык арпа жана буудай үрөнү бар экендигин билдирди жана калкты бул үрөндөн алып, пайдаланса болоорун айтып, жазгы айдап, себүүгө даярдык көрүүгө чакырды.

Район калкынын саламаттыгы үчүн

Бүгүнкү күндө район боюнча 31 улан, кыздар  район тарабынан  жогорку медициналык окуу жайларында кен казган фирмалардын колдоосу менен окутулууда.   IMG_20190206_110526Бул улан, кыздар окуу жайларын аяктаган соң, алдын ала келишим боюнча Чаткал районуна беш жыл иштеп беришет. Бул тууралуу район акими К. Эшалиев элдик жыйында маалымдады.

Жол коопсуздугун сактоо максатында

Быйыл район борбору Каныш-Кыя айылынын негизги унаа жолунун Жеркапчыгай участкасынан Кайың-Суу участкасына чейинки аралыгына автоунаалардын жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн 3 жерге жасалма дөңсөө (лежачий полицейский) жаткырылат.IMG_20190206_144022

Бул тууралуу Чаткал райондук ДЭП-27 ишканасынын башчысы Муратбек Жоошев билдирди