Архив за месяц: Июль 2018

Жарыя!

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасынын бош кызмат ордуна ачык сынак жарыялайт

Талапкерге карата төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлат:

> Жеке арызы, кадрларды каттоо баракчасы, өмүр баяны.

> Паспорттун көчүрмөсү.

> Эмгек китепчесинин көчүрмөсү.

> Айылдык аймактын башчысынын сунушу.

> Жогорку же орто кесиптик билими. (Менеджмент, экономика, зоотехник, финансы, ветеринардык илимдер чөйрөсүндөгү)

> Айыл чарба чөйрөсүндөгү иш тажрыйбасы бар.

> Соттолбогондугу тууралуу тактама.

> Жашы курагы 25 тен кем эмес 60 тан ашпаган.

Документтерди кабыл алуу жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт, башкача айтканда 1-август 2018-жылы саат 17:00 токтотулат. Дареги: Каныш-Кыя айылы, Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн имараты

Байланыш тел:0554 55 65 85, 0771 78 79 73

Социалдык фонд эскертет

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик Социалдык камсыздандыру боюнча камсыздандыруу тогумдорунун тарифтери жонундо » мыйзамынын 5-статьясынын 2- пункту боюнча эл арасында коп нааразычылыктар   айтылып жер улушу бар жарандар менен жолугушууда бир нече сунуштар берилген .Ушундай айтылган сунуш пикирлер эске алынып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары тарабынан жогоруда аталган мыйзамдын 5 статьясынын 2-пунктуна озгортуулор киргизилип мыйзамга Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2017-жылдын 5-январында кол коюлган .

Аталган мыйзамга киргизилген озгортуулорго ылайык райондогу жер улушу бар жарандар (дыйкан ,фермерлер ) 2017-жылдын 1-январынан тартып жердин коломуно жана категориясына карата толой баштайт.   атап айтсак:

-1га суугат жерге-194 сом

-1га кайракы жерге -62,30 сом

-1га чоп чабынды жана жайыт жерлерге -20 сомдон эсептелинип толонот.

Ал эми 2016-2017-жылдарга жер улушу бар жарандарыбыз мурдагы тариф боюнча же орточо айлык эмгек акы менен эсептелинген тарифтер боюнча толошот.Тактап айтканда бул жылдар учун тарифтер озгортуусуз калтырылган.

Толонгон камсыздандыруу тогумдорунун суммаларын фонддор боюнча болуштуруу томондогудой олчомдо жургузулот. -Пенсиялык фондк

о -90 пайыз.

-Милдеттуу медициналык камсыздандыруу фондуна 10 пайыз.

Жогоруда белгиленгендей Социалдык фондко тологон ар бир акча каражаты тийешелуу олчомдо жарандарыбыз (толоочулорго) учун пенсиялык фонд жана милдеттуу медициналык камсыздандыруу фондуна болунот жана келечекте пенсияга чыгуу учун ар бир толонгон жыл (мезгил)камсыздандыруу стажы болуп эсептелет.

Азыркы учурда райондун тургундары тарабынан ооруканада даарыланууда Социалдык фонддон справка алып ,женилдиктерди пайдаланууда ар кандай пикирлер айтылып журот Жогоруда белигиленгендей жер улушу учун жана жеке ишкерлер тарабынан тологон ар бир камсыздандыруу толомдорунун эсебинен 10 пайыз милдеттуу медициналык камсыздандыруу фондуна чегерилет жана ушул толонгон акча каражатынын эсебинен орууканада мыйзам чегинде женилдик алууга шарт тузулот.Бул толонгон акча каражаты боюнча

 

жарандарыбыз орууканада даарыланууда же пенсияга чыгууда же башка учурларда биздин Социалдык фонд тарабынан аныкталып  справка же тийиштуу документтер берилет.

 

Юридикалык жакты тузбогон Фермердик (дыйкан)  чарбанын башчылары жана мучолору камсыздандыруу тогумдорунун тарифтерин жер улушунун иш жузундогу аянтына жараша жогоруда белгиленген ставкаларга ылайык толойт.

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу тогумдорунун тарифтери жонундо» мыйзамынын 11-статьясынын 2-

пунктуна юридикалык жакты тузбогон  дыйкан (фермердик) чарбасында жер улушу бар 1 жана 2 топтогу майыптар жеке ишкердик жургузгон 1жана 2 топтогу майыптар   2017-жылдын 1-июлунан баштап пенсионерлер камсыздандыруу   тогумдорун толоодон       толугу менен бошотулат.Юридикалык жакты тузбогон дыйкан (фермердик )чарбасында 1 жана 2 топтогу майыптарга тийешелуу жер улушу учун чарбанын эмгеке жарамдуу мучолору камсыздандыруу тогумдорун толоого укуктуу .Токкон камсыздандыруу тогумдорунун суммалары алардын оздук камсыздандыруу эсебине киргизилет.

Азыркы учурда пенсиянын олчому ар бир жарандын пенсиялык фондко тологон салымдарынан коз каранды .Камсыздандыруу эсебинде топтолгон тогумдору канчалык коп болсо, пенсиянын олчому ошончолук жогору болот.

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик пенсиялык  социалдык камсыздандыруу  жонундо» мыйзамына ылайык азыркы учурда биздин райондун тургундары аялдар 55 жаштан жана эркектер 60 жаштан пенсияга чыга алышат ,эгерде тиешелуу турдо райондун аймагында жашап ,иштеген 20 жана 25 жыл камсыздандыруу стажы болуусу талап кылынат.

Азыркы учурда жер улушуно толоп пенсияга чыгып алып жаткан пенсионерлердин саны 2016-жылы 119 адам, 2017-жылы 193 адам болгон бир айлык орточо пенсиясы 2514 сомду тузот.

Жогоруда белгиленгендей  мамлекетибиз   тарабынан  жарандарга  бир топ женилдиктер каралган ошол эле учурда пенсионерлердин социалдык абалын жакшыртуу максатында жыл сайын пенсиялардын олчому кобойтулуп турат.Биздин райондун аймагында жалпысынан 3034 пенсионер бар.Мындан 2127 адам жаш курагы боюнча 279 адам багуучусунан айрылгандыгы учун пенсияларды алышат.2017-жыл ичинде бул пенсионерлерге жалпысынан 174319,9 мин сомдук пенсия толонуп берилди Ал эми 2016-жылга 159395,6 мин сомдук пенсиялар толонуп пенсиялык чыгымдар  2017-жылы 14924,3 сомго кобойгон.Ошондой эле 2017-жылы жалпысынан 227978,3 мин сомдук социалдык камсыздандыруу тогумдору топтолуп мындан 1348,8 сому же болбосо 0,6 % жер улушу учун тологон камсыздандыруу тогумдору болуп эсептелинет.Ал эми 2016-жылы жалпысынан 182943,0мин сомдук камсыздандыруу тогумдору топтолуп ,мындан 387,6 мин сому гана  жер улушунун эсебинен топтолгон же 0,2% гана тузгон.

Жогоруда белгиленгендей мамлекетибиз тарабынан жарандарыбыз учун бир топ ынгайлуу шарттар тузулуудо.Ошондуктан жер улушу учун камсыздандыруу тогумдорунун оз убагында толоону колго алып ,Социалдык фондко тийиштуу маселелер боюнча б-01-41 жана 0773-82-56-35 телефондору аркылуу байланышып маалымат алсаныздар болот. Ал эми татыктуу пенсия алып,бактылуу карылыктын доорун суруу учун азыртан баштап Социалдык фондко толомдорду толоо менен мыйзамдарда белгиленген милдеттерди так аткаруу жана укуктарды туура пайдалануу менен жетишууго кам корушубуз керек.

 

А.Эшикулов,    Чаткал райондук Социалдык фонд башкармасынын башчысы                                                                                                          

Балдарга жакшы маанай тартууланды

18-июнь күнү  Каныш-Кыя айылындагы «Чаткал-Жеткинчек » балдар эс алуу жайында райондун ар кайсы айылынан ата-энелери менен биргеликте келип, эс алып жаткан  мүмкүнчүлүгү чектелген он беш балага Ч. Айтматов атындагы райондук маданият үйүнүн өнөрпоздору чакан концерт тартуулашты. Иш чарага район акиминин орунбасары Асел Чынасова, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин райондук кесиптик бирлигинин төрагасы Бактыбек Алиев, Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Нургазы Жолдошевдер катышты.
Эскерте кетсек, бул эс алуу иш чарасы «Борбор Азиялык өнөктөштүк » жана «Илимий-техникалык тил институту » уюмдарынын колдоосу менен беш күндүк убакытка уюштурулган.

М. Эшназаров

лагерь 37277249_622462874805953_7015378613256060928_n лагерь 37289238_622462788139295_6066771498943643648_n лагерь 37310933_622463428139231_5688990251511447552_n лагерь 37311751_622463131472594_5289082161498947584_n лагерь 37323978_622463231472584_5436002959651504128_n лагерь 37357315_622463304805910_3056723749207277568_n лагерь 37390780_622462984805942_6541083527922843648_n

Кулактандыруу!

АЙМАКТЫК КЕҢЕШ БЕРҮҮ БОРБОРЛОРУН АЧУУ

9-июлда “Аймактарды өнүктүрүү программасынын” алкагында Россия-Кыргыз өнүгүү фонду Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Баткен облустарында аймактык кеңеш берүү борборлорун ачты. Алдын ала конкурс жарыяланып жана белгиленген аймактарда бизнеске кеңеш берүү менен алектенген уюмдар тандалган болчу. Кеңеш берүү борборлорунун кызматкерлери окутулуп жана Фонддон сертификат алышты.

Жалал-Абад облусунун ишкерлери «Агролид» КУсы менен байланыша алышат: Жалал-Абад ш., Айбек Абдырахманов 0772177184, Coordinator-ja@agrolead.org

Ысык-Көл облусундагылар маалыматты  «БТ Инновэйшнс» Финансы фондунан ала алышат: Каракол шаары, Жаныбеков Аскарбек, 0555418818, djaskar@mail.ru

Баткен облусунда маалыматты  «БТ Инновэйшнс» Финансы фонду берет: Баткен шаары, Нуркулов Даниярбек, 0555290529

Аккредитацияланган кеңеш борборлордон ишкерлер Фонддун кызматтары жана насыялык продуктулары тууралуу маалымат ала алышат. Кеңеш берүү борборлору ишкерлерге Фонд аркылуу түз дагы, ошондой эле коммерциялык банктар аркылуу каржылоо алган учурда бизнес-пландарды даярдоого, долбоордун техникалык-экономикалык негизин иштеп чыгууга, рынокту изилдөөгө жана башка коштогон кызматтарда көмөк көрсөтүшмөкчү.

2015-жылдын сентябрь айынан тарта  Кыргызстанда Фонд тарабынан жалпы суммасы  278.5 миллион долларды түзгөн чакан, ири жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча 1282 долбоор каржыланган.

МЫКТЫ БИЗНЕС-ДОЛБООРГО ЖАРЫЯЛАНГАН КОНКУРС

“Аймактарды өнүктүрүү программасын” ишке ашыруунун алкагында Россия-Кыргыз өнүгүү фонду Кыргызстандын аймактарындагы мыкты бизнес долбоорлорду тандоого конкурс жарыялайт. Бизнес-долбоордун минималдуу суммасы 300 миң АКШ доллары болууга тийиш.

Конкурска туруктуу финансылык абалга ээ болгон жана КРдин аймагында рентабелдүү ишмердүүлүктү ишке ашырып жаткан коммерциялык уюмдар катыша алышат. Старт-ап долбоорлор ошондой эле инвестициялык долбоор менен байланышта болбогон иштеп жаткан бизнеси бар болгон шартта катыша алышат.

Тандалган бизнес-долбоорлор үчүн насыянын негизги суммасын төлөө боюнча 24 айга узартуу берилиши мүмкүн. Интенсивдүү бак өстүрүү чарбасы тармагында – 36 айга чейин берилет.

Насыя алуучунун өздүк салымы долбоордун баасынын 20%ынан кем болбошу керек. Долбоордун суммасынан 10%га чейинкиси долбоорду ишке ашырууга салынган активдер түрүндө берилиши мүмкүн. Ошол эле учурда өздүк салымы катышуучу тарабынан  Фонд каржылоону бергенге чейин толук көлөмдө же Фонд тарабынан ар бир траншты бергенге чейин транштын 20%нан кем эмес өлчөмүндө  төлөнөт.

Инвестициялык максаттарга пайыздык коюмдар төмөндөгүдөй өлчөмдө белгиленет:

АКШ доллары менен 4% жылдык;

Сом менен 8% жылдык.

Улуттук валютадагы насыя каражаттары Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн гана товарларды жана кызматтарды сатып алууга колдонулушу мүмкүн.

Долбоорду даярдоо жана ишке ашыруунун баскычтарында техникалык жардамды гранттык негизде берүүгө болот.

Мыкты деп таанылган долбоорлорго насыя боюнча төлөнгөн пайыздардын жарымы кайтарылып берилет.

Аймактардагы долбоорлордун саны жана артыкчылыктуу тармактар менен инфографиканын картасынан таанышууга болот. Конкурстун жоболору:http://www.rkdf.org/ru/kreditovanie/konkursy_proektov/regiony_tochki_rosta

Билдирмени сайтка 2018-жылдын  31-декабрына чейин берүү зарыл.

РКӨФ КАПИТАЛГА КИРҮҮ ҮЧҮН ӨНӨКТӨШ-КОМПАНИЯЛАРДЫ ИЗДӨӨ БОЮНЧА ДОЛБООРДУ ИШКЕ КИРГИЗЕТ

Конкурска катышуу үчүн 0,5 млн. 6 млн. АКШ долларына чейинки бизнес-долбоору бар, айыл чарбасы, жеңил өнөр жайы, машина куруу, химиялык жана тамак-аш өнөр жайы тармагында,  IT секторунда иштеген компаниялар чакырылат.

Артыкчылыкка экспортко жана импортту алмаштырууга  багытталган аймактык өндүрүштүк ишканалар ээ болушат.

Фонддун ишканага катышуу мөөнөтү – жети жылга чейин, долбоордун суммасы демилгечинин жана\же кош инвестордун өздүк взносуна жалпы баанын 25%дан кем эмес өлчөмүндө киргизилет.

РКӨФтөн берилген каржылоо жабдууларды, жаңылоо үчүн техника сатып алууга жана иштеп жаткан өндүрүштү кеңейтүүгө же жаңысын түзүүгө, курулуш-монтаждоо иштерин аткарууга багытталмакчы.

Толук маалыматты Фонддун сайтынан алууга болот.

Конкурса билдирмени 2018-жылдын  01-октябрына чейин Фонддун сайтына берүү керек.

Регионы точки роста kg-08 Регионы точки роста kg-09 Регионы точки роста kg-10Вхождение в капитал kg-04

РИИБ эскертет: Жаш балдарга көзөмөлдү күчөтөлү

Жай мезгили келип, жаш балдар каникулга чыккан убак болгондуктан, жаш балдардын агын сууларга, дарыяларга түшүп, ойноосу күч алган кез. Буга байланыштуу Чаткал РИИБинин МАЫ өкүлдөрү, ЖЖӨИсы, КР.ӨКМнин райондогу өкүлдөрү, райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын ү бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүнүн кызматкерлери, турак-жай комитеттери жана коомчулуктун өкүлдөрү  менен биргеликте жашы жете элек  өспүрүм балдарга карата ар канда кылмыштуу аракеттердин алдын алуу, эскертүү жана болтурбоо максатында ата-энелерге жана жалпы эле райондун коомчулугуна кайрылуу жасалып, түшүндүрүү иштери алынып барылууда.IMG-20180706-WA0027 рииб эскертуу

Ошондуктан, Чаткал РИИБи жашы жете элек өспүрүмдөрдүн өз алдынча агын сууларга жана көлмөлөргө чоң адамдардын көзөмөлүсүз, өз алдынча  түшүүсүнө тыюу салууну эскертет.

Азыркы кезде, балдардын суугат түшүу учурунда ар кандай кырсыктар болуп кетүүсүнүн алдын алуу максатында район аймагында жайгашкан  сууга түшүүчү жайларда,  көлмөлөрдө жана дарыяларда жана сууга түшүүгө тыюу салынган жайларда атайы мобилдик топтор түзүлүп,  тыюу салынган жайларда  сууга ата-энесинин коштоосу жок түшүп жаткан өспүрүмдөр кармалып, эскертүүлө берилүүдө.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын башынан бери 8 өспүрүм кырсыкка кабылып, мындан алтоосу сууга чөгүп каза болду.

Чаткал РИИБи

Компания жаңы жумушчуларын окутууда

Өтүп бараткан жылдын 22-июнунан баштап “Кичи Чаарат” компаниясындагыфабриканын жаңы жумушчуларын даярдоо классы ачылды. Компаниянын планы боюнча жаңы жумушчуларды даярдоо мөөнөтү3 ай болот.

22-июнь күнү күндүзгү саат 10:00дө сабак өтүү залында 1-нөөмөттүн 75 жумушчусуна сабак башталды. Сабактын башталуу аземине компаниянын администраторунун орун басары Дуан Хайжун, компаниянын башкы инженери Ажыгулов Таалай, компаниянын менеджери Кубаныч Орозбаев катышып,жаңы жумушчулардын фабрикага келүүсү салтанаттуу түрдө тосуп алынды.

кичи чаарат окуу 3 кичи чаарат окуу 1 кичи чаарат окуу 2Башкы инженер өз сөзүндөКичи-Чаараткомпаниясы бул-азыркы заманбап компания экендигин, Куру-Тегерек аймагындагы курулган курулмалар алдыңкы заманбап курулмалар экендигин айтып-Ошондуктан сиздер бул компанияга кирип иштегениңиздерге сыймыктанып, ошону менен бирге, жаңы жумушчулар азыркы окуу мүмкүнчүлүктөрүн бекем кармоо менен көңүл коюптырышып үйрөнүүсү жана келечекте фабрикага киргенде теориялык жагын жатка билүүсү тийиш- деди.

Даярдоо курсуна башкы инженер, котормочу, юрист, копсуздукту башкаруу бөлүмүнүн мүчөсү, администрациянын мүчөсү негизги сабак берүүчүлөрдөн болуп, жумушчулар күндөлүк норма, коопсуздук жагын, кытай тилин, фабриканын ичиндеги кесипкөй орус тилин, фабриканын техникалык жактарын,ошону менен бирге компаниядагы мамлекеттик экотехинспекциясынан тиешелүү кесиптик адистеринин компанияга келип сабак өтүүсүн суранышкандыгын билдирди.

Компаниядагы бул жаңы жумушчуларга жакшы шарттагы жатаканаларын даярдап берилип, ар бир кишиге жылуу жумшак төшөк-жууркан, даамдуу тамак-аш менен камсыз болушуп, ошону менен бирге жумушчулардын үй бүлөсүнүн шарттары эске алынып, жаңы жумушчулардын окуу мезгилинде ар бир кишиге 10000 сомдон стипендия төлөнүп берилет.

Б. Молдобеков, компаниянын өкүлү

Фирма өз жумушчуларын медкароодон өткөрдү

Өтүп бараткан жылдын 20-июнунан 22-июнуна чейин  “Кичи Чаарат” компаниясында иштеген жумушчулардын ден-соолугунун жакшы болушу үчүн жана ар бир жумушчунун  өзүнүн ден соолугунун абалын билүүсүнө жакшы  өбөлгө түзүлүп,   компанияга Жалал-Абад облустук ооруканасы  жана райондук ооруканасынан  түзүлгөн 6 врач чакырылды.

бакай 2 бакай 4 бакай 1 бакай 5

бакай 4Алар  өздөрүнүн керектүү медициналык  аспаптары менен келишип, Куру-Тегерек аймагындагы компанияда иштеп жаткан бардык кыргыз жумушчуларды жалпы текшерүүдөн өткөрдү. Бул жолку текшерүүдөн компаниянын ичиндеги бардык кыргыз жумушчулары жана фабрикага жаңы келген 150 жумушчу, жалпы саны 258 жумушчу ар тармактуу текшерүүгө катышып, алар хирург, ЛОР, УЗИ, фтизиатр, терапевт, кардиологдордун кароосунан өтүшүп, лабораторияга анализ тапшырышты.

Б. Молдобеков, компаниянын өкүлү