Архив за месяц: Июнь 2018

Айыл чарба кызматкерлерин кесиптик бирликке биригүүгө чакырык ташталды

Кечээ,  раймамадминистрацияда КР. агроөнөржай комплексинин жана айыл чарбасынын муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин жетекчилиги келип, райондогу мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жолугушту.
Жолугушууда республикалык кесиптик бирликтин өкүлдөрү өз уюмунун артыкчылыктуу багыттарын түшүндүрүшүп, кызматташууу сунушунайылпрофс 1 айылпрофс 2айылпрофс 3айылпрофс 4
Район акими Канжарбек Эшалиев айыл чарба кесиптик бирлиги кызматкерлердин укуктарын коргоо жана айрым талаптарын аткаруу багытында артыкчылыктуу багыттары бар экендигин кошумчалап, кызматташууну тандоо кызматкерлердин өзүндө экенин айтты.
Өкүлдөр чаткалдык айыл чарба кызматкерлерин кесиптик бирликке биригүүгө чакырышты.

М.Эшназаров

Коргон-Сай айылында «Мен айылымды даңктаймын» маданий иш чарасы болду

4-июнда раймамадминистрациянын буйругуна ылайык, Коргон-Сай айылында «Мен айылымды даңктаймын» аттуу кароо-сынак өткөрүлдү.
Кароо-сынакта айыл калкы күү, ыр, бийлерди, Ч. Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү аткарышып, кол өнөрчүлүк жана улуттук тамак-аш көргөзмөлөрүн уюштурушуп, айылдын социалдык-экономикалык жана маданий жетишкендиктерин көргөзүштү.

к-сай сынак 1 к-сай сынак 2 к-сай сынак 3 к-сай сынак 5 к-сай сынак 6 к-сай сынак 7 к-сай сынак 8 к-сай сынак 9 к-сай сынак 10 к-сай сынак 11 к-сай сынак 12

Мындай сынак буга чейин Чакмак-Суу жана Башкы-Терек айылдарында өткөн.

Сынак жыл соңуна чейин улантылып, жыл аягында жыйынтыгы чыгарылып, сынакка катышкан 12 айылдын жеңүүчүлөрү аныкталмакчы.

Эскерте кетсек, аталган иш чара КР.Президентинин жыл башында жарыяланган «Аймактарды өнүктүрүү жылынын» алкагында өткөрүлүүдө.

М.Эшназаров

Балдар майрамында «Балдар сүрөтү» сынагы болду

1-июнь-Балдарды коргоонун Эл аралык күнүндө Каныш-Кыя айыл аймагы жана Чаткал райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы менен биргеликте   «Балдар сүрөтү» аттуу сынак уюштурулуп, сынакка айыл аймакка караштуу 9 мектептин окуучулары сүрөттөрдү тартып келген сүрөттөрү менен катышты. Комиссиянын чечими менен сынактын жеңүчүлөрүнө айыл аймагы тарабынан 15 000 сом акча каражаты сыйлык катары ыйгарылды.

1-июнь к-кыя4 1-июнь к-кыя 7 1-июнь к-кыя 6 1-июнь к-кыя 5 1-июнь к-кыя 3 1-июнь к-кыя 2 1-июнь к-кыя 1

Андан сырткары ар бир бала бакчаларда майрамдык салтанаттар өткөрүлдү. «ЗААВ Чаарат» фирмасы тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү жана ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү 40 балага 20 000 сом акча каражаты таркатылды. Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошев, айылдык Кеңештин депутаттары Г.Рысбекова жана У.Каратаевдер дагы демөөрчүлүк көрсөтүп балдарды куттукташты.

М.Эшназаров

Балдар майрамында «Сүрөт тартуу» сынагы болду

Каныш-Кыя айыл аймагы, Чаткал райондук өнүгүү башкармалыгы менен биргеликте 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата «Балдар сүрөтү» аттуу сынак уюштурулуп, сынакка айыл аймакка караштуу 9 мектептин окуучулары сүрөттөрдү тартып келген. Комиссиянын чечими менен сынактын жеңүчүлөрүнө айыл аймагы тарабынан 15 000 сом акча каражаты сыйлык катары жеңүүчүлөргө ыйгарылды. Андан сырткары ар бир бала бакчаларда майрамдык салтанаттар өткөрүлдү.

1-июнь к-кыя 1 1-июнь к-кыя 2 1-июнь к-кыя 3 1-июнь к-кыя 5 1-июнь к-кыя 6 1-июнь к-кыя 7 1-июнь к-кыя4

«ЗААВ Чаарат» фирмасы тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү жана ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү 40 балага 20 000 сом акча каражаты таркатылды. Айылдык Кеңештин депутаттары Г.Рысбекова жана У.Каратаевдер дагы демөөрчүлүк көрсөтүп балдарды куттукташты.

М.Эшназаров

«Жылдызча» балдар бакчасындагы майрамда

1-июнь-Балдарды коргоонун Эл аралык күнүндө Шакафтардагы «Жылдызча» бала бакчасында  бакчанын улуу тайпаларынын тарбиялануучулары катышкан «Кош бол бакчам» аттуу майрамдык иш чара өттүүдө.
Иш чарага район акими Канжарбек Эшалиев, райБББ башчысы Тажибай Тынышов, райондук соцфонд башчысы Адилбек Эшикуловдор катышты.

жылдызча 1 жылдызча 2 жылдызча 3 жылдызча 4 жылдызча 5 жылдызча 6
Бакчанын тарбиялануучуларына райондук жетекчилик тарабынан майрамдык белек катары балмуздактар берилди.
Бакчада азыркы кезде жүз наристе тарбияланууда.

М.Эшназаров

КР. ЖК депутаты А.Турсунбаев Сумсарда иш сапары менен болду

1-июнда КР. ЖК депутаты Азизбек Турсунбаев Сумсар айыл аймагында иш сапары менен болду. Ал алгач КР. Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан жиберилген коляскаларды майыптар-Насиров Сапарбекке жана Тыныбек кызы Айжамалга тапшырды.
Андан соң, В. И. Ленин атындагы жатак мектебинин абалы жана айылдык спорт клубу менен таанышты.
Андан кийин Азизбек Турсунбаев Сумсар айыл аймагынын калкы менен жолугушту.

турсунбаев 1 турсунбаев 2 турсунбаев 3 турсунбаев 4 турсунбаев 5 турсунбаев 6 турсунбаев 7 турсунбаев 8 турсунбаев 9 турсунбаев 10
Мында алгач Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев Сумсар айыл аймагында аткарылып жаткан иштер менен кыскача тааныштырып, Шакафтар айылына таза суу жеткирүү жана Сумсар айылынын таза суу түтүктөрүн оңдоого аракеттер көрүлүп жаткандыгын билдирди.
А. Турсунбаев Алабука-Сумсар унаажолун оңдоо боюнча тиешелүү министрликке кайрылып, ишти тездетүүгө аракет көрөөрүн билдирди. Ал эми, Алабука-Сумсар унаажолу аркылуу каттап жаткан Бозумчактагы Казакмыс компаниясынын оор техникалары үчүн тараза коюу боюнча аракет көрүлөөрүн айтты.
Жолугушуунун жүрүшүндө республикадан 2-орунду алган Сумсар орто мектебинин окуучуларын окуткан Альмира Халитовага белек тапшырды.

М.Эшназаров