Архив за месяц: Июнь 2018

Жарыя!

«Чаарат ЗААВ» ЖАК төмөнкү бош кызмат орундарына ачык сынак жарыялайт.

1. Кадрлар бөлүмүнүн башчысы-1 орун

Квалификациялык талаптар:

кесиптик билими:

-Билими-жогорку юридикалык\экономикалык\бизнес башкаруу\педагогикалык билими,

-Персоналдарды башкаруу боюнча иш тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес.

-кадрлар менен иштөө боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы.

-кадрлык кагаздарын жүргүзүү, КР мыйзамдарын жана башка ченемдик-укуктук актыларын билүү.

-кыргыз, орус жана англис тилдерин жакшы билүү.

—microsoft offise  боюнча эң жакшы тажрыйбасы.

Кызматтык милдеттери:

-Адам ресурстарын башкаруу (АРБ) бөлүмүнүн башчысы тескемелерин, буйруктарын жана тапшырмаларынын өз убагында аткарылышын көзөмөлгө алат.

-КР эмгк мыйзамына жана жоболоруна, компаниянын жетекчисинин буйруктарына жана башка кадрлар боюнча белгиленген документтерине ылайык кызматкерлерди кабыл алуу, которуу жана бошотууну тариздейт.

-Баштапкы эспке алуу документациясынын белгиленген бир өңчөй формаларына ылайык бөлүмдөрдүн өздүк курамы боюнча эсебин жүргүзөт.

-Персонал боюнча белгиленген отчеттуулукту карайт.

-Кызматкерлердин жумуш убактысын эсепке алуу табелдерин өз убагында жана белгиленген тартипте тапшыруусун көзөмөлгө алат.

-Компаниянын корпоративдик иш чараларына катышат.

2. Юрист-1 орун

Квалификациялык талаптар:

кесиптик билими:

-юридикалык жогорку билими.

-Адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.

-КР мыйзамдарын билүү, анын ичинен жарандык, эмгек, салык, жер жана жер казынасына пайдалануу тармагындагы мыйзамдар.

-Руксат берүүчү документтерди алуу жана жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча тажрыйбасы.

-Жатык, жергиликтүү эл менен мамиле түзүүнүн мыкты жөндөмдүү, ийкемдүүлүк.

-иш  сапарга чыгуу жөндөмдүүлүгү.

-кыргыз, орус тилдеринде эркин сүйлөө, иш кагаздарын кыргыз тилинде алып баруу жөндөмү.

-ангилс тилин билүүсү артыкчылык катары эсептелет.

-компьютердик сабаттуулук\компьютерде иштей билүүсү.

Кызматтык талаптар:

-Башка бөлүмдөр менен биргеликте Компаниянын ишмердүүлугүн, мыйзамдуулугун камсыздоого багытталган иш чараларды иштеп чыгат жана аларды ишке ашырат.

-Компаниянын жердик\локалдык ченемдик актыларын жана башка документтерин КР мыйзамдарына жооп беришине юридикалык экспертиза  жүргүзөт.

-Өзгөчө маанилүү документтердин базасын алып барат жана алардын тийиштүү сакталышын, архивдештирилишин камсыздайт, пайдаланышын көзөмөлдөйт.

-Компания жана анын бөлөк структуралык бөлүмдөрүн каттоо, (кайра каттоо) боюнча иш алпарат ж.б. бөлүмдөр менен бирдикте Компания  ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн керектүү лицензияларды жана руксат берүүчү башка  документтерди алуу  боюнча тийиштүү иш-аракеттерди аткарат.

-Сот процесстеринде эки тараптын бири Компания болгон учурда Компаниянын кызыкчылыгын коргойт ж.б. органдарда да укуктук маселелерди кароодо бекитилген тартипте Компания өкүлү катары катышат.

-Компаниянын башка бөлүмдөрүнүн ишинде пайда болгон укуктук маселелер боюнча консультация\кеңеш, маалыматтык жардам берет, аларга мамлекеттик ж.б. органдардын, юридикалык жактардын кайрылууларын мыйзамдуу чечүүгө керектүү колдоо көрсөтөт.

Сынакка катышуу үчүн документтер:

-Бош кызмат ордун көрсөтүү менен конкурстук комиссиянын төрагасына жеке арыз (байланыш телефон номери менен)

-кадрларды эсепке алуу боюнча баракча, сүрөтү менен

-резюме, сунуш каттар, өмүр баян

-билими, квалификациясын жогорулаткандыгы,  илимий даражасы, же илимий наам ыйгарылгандыгы жөнүндө дипломдордун көчүрмөлөрү,  эгек китепчесинин, паспорттун, аскер билетинин көчүрмөсү (эмгек китепчесинин жана дипломдорунун көчүрмөлөрү нотариустан күбөлөндүрүлгөн болуусу тийиш)

Документтерди кабыл алуу жарыя chatkal.kg сайтына жарыялангандан баштап 10 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт.

Талапка жооп берген конкурсанттар жазуу түрүндөгү сынак тапшырышып, аңгемелешүүдөн өтүшөт да, конкурстук комиссиянын чечими менен тандалып алынат.

Дареги: 

Каныш-Кыя айылы, Чаарат ЗААВ ЖАКтын райондук кеңсеси.

Суроолор болсо төмөнкү телефондорго кайрылсаңызар болот: 0773127563, 0777764036, же hrd@chaarat.com  электрондук дарегине документтерди жөнөтсөңүздөр болот. Сынактын өткөрүү күнү бюнча конкурсанттарга кошумча маалымат берилет.

Жарыя!

Каныш-Кыя айыл аймагы ар бир айылдардагы коммерциялык жерлерди сатуу үчүн аукцион өткөрүүнү жарыялайт.

Аукцион 2018-жылдын 5-июль күнү Каныш-Кыя айыл аймагынын имаратында саат 14-00 дө өткөрүлөт.

Сурап билуу телефону (0772) 85-87-87

Эки компания менен кызматташууга кол коюлду

«Кичи Чаарат » кен өндүрүүчү компаниясы жана Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын ортосунда 15 млн. сомдук, ал эми «Вертекс Голд Компани» кен өндүрүүчү компаниясы жана Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын ортосунда 10 млн. сомдук кызматташууга кол коюлду.
Жалпы эки компания менен кызматташууга макулдашылды.

IMG_1530068945075 IMG_20180626_195047

Кен ылгоочу фабриканын долбоору тааныштырылды

«Вертекс Голд Компани » ЖЧКсы «Глобал Джамгыр Майнинг » ЖЧКсы менен биргеликте район борбору Каныш-Кыя айылында алдыда куруу пландаштырылып жаткан алтын ылгоочу фабриканын долбоору менен жергиликтүү калкты тааныштыруу иш чарасын өткөрүштү.
Иш чара учурунда быйылкы алдыңкы бүтүрүүчүлөргө аталган фирмалар тарабынан акчалай сыйлыктар берилди.
Ал эми, «Вертекс Голд Компани » ЖЧКсынын жетекчиси Абдыбакыт Баялинов, Глобал «Джамгыр Майнинг » ЖЧКсынын жетекчиси Николай Ермошкин жана мамлекеттик геологиялык агенттиги менен мамлекеттик теникалык көзөмөл агенттигинин өкүлдөрү катышуучулардын фабриканын курулушуна байланышкан бир нече суроолоруна жооп беришти.
Кечкисин Ч. Айтматов атындагы райондук маданият үйүндө айыл тургундарына «Вертекс Голд Компани » жана «Глобал Джамгыр Майнинг» ЖЧКларынын колдоосу менен КР. Маданияттын мыкты кызматкери, белгилүү ырчы жана обончу  Тотомидин Жолдошев жетектеген «Таалай элеси » эстрадалык тобунун жана белгилүү эстрада жылдыздарынын  концерти тартууланды.

М.Эшназаров

вертекс презент_DSC0253 баялинов Захват_2018_06_26_23_08_27_425 баялинов Захват_2018_06_26_23_09_01_917 Захват_2018_06_26_23_07_33_903 Захват_2018_06_26_23_08_02_432 Захват_2018_06_26_23_08_53_805 вертекс....... вертекс...... вертекс..... вертекс.... вертекс... вертекс......... вертекс........ жаныбек _DSC0344

вертекс элбурс вертекс чай ичуу

жаныбек _DSC0367 тото _DSC0333 тото _DSC0339 тото _DSC0358 тото _DSC0359

Коргон-Сай айылында жаңы аталыштагы көчө пайда болду

24-июнда Чаткалдан чыккан белгилүү инсандардын бири, маркум Сариев Токторбайдын ысымы Коргон-Сай айылындагы чоң көчөлөрдүн бирине салтанаттуу түрдө ыйгарылды.
Салтанатка маркумдун уул-кыздары, район акими Канжарбек Эшалиев баштаган жетекчилер, алыс-жакындан келген коноктор, замандаштары катышып, маркумду эскерүү сөздөрүн сүйлөшүп, маркум Сариев Токторбайдын жаркын элесин өчүрбөө максатында көчөгө коюлуп жаткандыгына ыраазылыктарын айтышты.

Эскерте кетсек, маркум Сариев Токторбай 1900-жылы Чаткал районунун Үр-Кедей айылында төрөлгөн. 1934-жылдыан баштап бир нече жыл Коргон-Сай айылынын айыл башчысы болуп иштеп, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында каржалган элге тапкычтык жана уюштуруучулук менен жардам бере алгандыгы менен эл оозуна алынган.

Маркумдун ысымын көчөгө коюу демилгеси анын уулу Токторбаев Тургуналы тарабынан көтөрүлүп, Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан колдоого алынды.

М.Эшназаров

маркс көчө 1 маркс көчө 2 маркс көчө 3 маркс көчө 4 маркс көчө 5 маркс көчө 6

Белгилүү педагогдун ысымы көчөгө ыйгарылды

20-июнда Чаткалдан чыккан белгилүү педагог, СССРдин эл агартуусунун отличниги, маркум Жунусбек Бейшенбаевдин ысымы өзү жашаган көчөгө салтанаттуу түрдө ыйгарылды.

Салтанатка Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Нургазы Жолдошев, райБББнын башчысы Тажибай Тынышов, билим берүү кызматкерлеринин райондук бирлигинин төрагасы Ызан Кудайбердиев, маркумдун кесиптештери, замандаштары, айылдаштары, уул-кыздары жана жакын туугандары катышты.

Захват_2018_06_20_07_23_40_483 Захват_2018_06_20_07_24_10_53 Захват_2018_06_20_07_25_54_212 Захват_2018_06_20_07_26_21_981

1 DSC_0056 2 DSC_0062 3 DSC_0065

Алгач Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Нургазы Жолдошев маркумдун эмгек жолу менен тааныштырды. Андан  соң катышуучуларга сөз берилип, алар маркумдун эмгегин баалап, ысмын түбөлүккө калытруу максатында көчөгө коюлуп жаткандыгына ыраазылыктарын билдиришти.

Чаткалдан чыккан белгилүү педагог, СССРдин эл агартуусунун отличниги, маркум Жунусбек Бейшенбаев 1927-жылы 1-сентябрда Айгыр Жал айылында төрөлгөн. 1960-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык окуу жайын аяктаган. 54 жыл райондун агартуу тармагына өз эмгегин арнап, катардагы мугалимден мектеп директору, райБББнын инспектору кызматтарын аркалаган. Маркумдун эмгеги жогору бааланып, Каныш-Кя айылдык кеңеши тарабынан өзү жашаган көчөгө ысмын ыйгаруу чечими кабыл алынган.

М.Эшназаров

«Кичи чаарат » компаниясы ифтар откорду

2018- жылдын 8-июнь куну «Кичи-Чаарат» жабык акционердик коому тарабынан «ооз ачты» сый тамак уюштурулуп, Чаткал районунун бардык айылдарынан айыл аксакалдары конокко чакырылды. Андан сырткары Район жетекчилери да чакырылып, конок болуп кетишти. Алгач компаниянын генералдык директорунун орун басары Ван Ин айым соз суйлоп, айыл аксакалдарын, район жетекчилерин жана жалпы жумушчуларды ыйык рамазан айы менен куттуктоо менен бирге компанияда жургузулуп жаткан иштер боюнча маалымат берип отту.

221IMG_0219IMG_0248

«Кыргыз Республикасынын президенти Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин 6-июндагы Кытай Эл Республикасына болгон расмий иш сапарында 2 олконун достук мамилесин чындоо учун жана эки олконун осуп онугуусуно тарыхта кала тургандай бир чон долбоорду ишке ашырып келди. Эки мамлекет учун бул долбоор чон ийгилик алып келет. Кыргыз Республикасы «Алтын Жибек Жолу» мамлекеттик долбооруна биричилерден болуп кирген. Ошону менен бирге эле «Куру-Тегерек» кен казуу жери да бул долбоорго кирген. Чаткал районунун жетекчилери жана элдин колдоосу менен бизде байытуучу фабрика курулуп бутуп олтурат. Бул фабриканын калдык сактоочу жайы да курулуп бутуп, мамлекеттик экпертизанын кароосунан отту. Эми калдык сактоочу жайга геомембрананы тошоодо райондун жетекчилери жана тиэшелуу эл окулдорунон комиссия тузулду. Бул тузулгон комиссия геомембрананы тошоп жаткан учурда жана башка учурда да козомол кылып турууга болот.
2014-жылдан бери бул компанияда жергиликтуу элден 400 жумушчу жумуш менен камсыз болуп келуудо. 2012-жылдан бери бугунку кунго чейин жалпы жумушчулардын соцфондго тогулгон налогу 99210000 сомду, ал эми подоходук налогу 601360000 сомду тузду. 2012-жылдан бери чаткал районуна жакындан жардам берип келе жатабыз. Айта кетсек райондогу жолдорду ондоого, студенттерди окутууда, айылдардагы курулуш иштерине, турмуш шарты оор оорукчан жарандарга, спорттук оюндарга, райондук ооруканага, билим беруу мекемелерине, маданият уйуно, Андан сырткары Чакмак-Суу айылына 150 орундуу заманбап мектеп, Башкы-Терек айылына таза-суу курулду. Быйылкы жылы да райондук коомдук угуудагы тузулгон меморандумдун негизинде 15000000 сом акча каражатын которобуз.
Урматтуу районубуздун аксакалдары, жетекчилер жана жаштар сиздерден суранып кетет элем «Куру-Тегерек» кенинин онуп осуусу учун сиздердин колдоонуздар керек. «Кичи-Чаарат» компаниясы Чаткал районунун компаниясы. Компаниянын осуп онугуусундо сиздердин мыйзам чегинде жардамыныздарга муктажбыз. Келечекте копту умуттондургон бул компанияда райондун жаштары бир кесиптин ээси болуп чыгат деген умуттомун. Компания онуксо район онугот деген ойдомун. Кыргыз республикасынын осуп онугуусуно барыбыз биргеликте салымыбызды кошойлу. Конул бурганыныздар учун чон рахмат »

Андан кийин компанияда болуп жаткан жумуштар жана районго берилген жардамдар тууралуу слайт шоу корсотулду.
Андан сон куттуктоо учун соз Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Акимдин биринчи орун басары Накетаев Жуманалы Алтымышовичке берилип, ал да келген конокторду жана жумушчуларды ыйык рамазан айында орозо туткандардын орозосу кабыл болушун каалап, жыл сайын рамазан айында ооз ачты откоруп келе жаткан компаниянын жетекчилерине терен ыраазычылык билдирип кетти. Андан сон президентибиз Сооронбай Жээнбековдун 6-июнда Кытай республикасына расмий иш сапары менен барганын баса белгилеп отту. Эки олко башчыларынын жолугушуусунда ар тараптуу стратегиялык оноктоштукту орнотуу жонундо Биргелешкен декларацияга жана экономикалык, медициналык, туризм жана социалдык багыттагы 10 документке кол коюлгандыгын. Кытай Республикасынын президенти Си Цзиньпин Сооронбай Жээнбеков менен жылуу учурашып, Кыргыз олкосу менен оз ара мамилелерди терендетууго Кытай Республикасы кызыкдар экенин белгиледи.
Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай Республикасынын башчысы Си Цзиньпинге жылуу кабыл алуусу учун ыраазычылык билдирип аны менен алгачкы жолугушуп жатканына кубанычта экенин белгиледи.
Ошону менен бирге Жуманалы Алтымышович «Кичи-Чаарат» жабык акционердик коомунда кыргыз-кытай жумушчулары оз ара ынтымакта иштешишине тилектеш экенин белгилеп кетти.

Андан сон район жетекчилери жана келген коноктор куттуктоо соз суйлошуп, жыл сайын рамазан айында сый тамакка чакырып турган «Кичи-Чаарат» компаниясынын жетекчилерине ыраазычылык билдиришип отушту.

Келген коноктор компаниянын офиси жана жумушчулардын жатаканалары менен жакындан таанышып чыгышты.
Ооз ачтыга келген аксакалдар, жетекчилер жана жумушчулар куптан намазын жана тараба намаздарын окушту. Чаткал райондук имамы тарабынан куран окулуп, Нармырзаев Эргешбай ава бата берди. Аягында келген конокторго компания тарабынан даярдалган чакан белектер берилди.

Кесиптик бирлик жыл жыйынтыгы менен

Билим берүү кызматкерлеринин Чаткал райондук кесиптик бирлиги үчүн 2017-2018-окуу жылы жемиштүү аяктады.
Бирликтин төрагасы Ызан Кудайбердиев окуу жылы ичинде райондогу мектеп жана бала бакчалардагы райондук деңгээлдеги ар бир иш чарага катышып, өзү да кесиптик бирлик тарабынан бир топ иш чараларды каржылап берди.
Жыл соңунда, 12-июнь күнү райондогу мектеп жана бала бакчалардын кесиптик бирликтеринин төрага, төрайымдарынын катышуусунда жыйын өткөрдү.

IMG_20180612_110125

IMG_20180612_110143IMG_20180612_121537Мындан сырткары, жыйында Чаткал районунан облустук Грамотага 1, «КР. Эл агартуунун отличниги» наамына 1 мугалим, облустук жана райондук кесиптик бирликтин Грамотасына 2 мугалим сунушталды. Райондук кесиптик бирлик тарабынан уюштурулган жылы ичинде «Жыл мугалими «, «Жылдын мыкты кесиптик бирлиги «, «Жылдын мыкты мектеби «, «Жылдын мыкты бала бакчасы «, «Жылдын мыкты тарбиячысы «, «Жылдын мыкты уюштуруучусу «, «Жылдын мыкты китепканачысы «, «Жылдын мыкты усулдук канасы «, «Жылдын мыкты предметтик канасы » наамдарынын ээлери курорт, же санаторийлерге эс алууга баруусу маалымдалды
Мындан сырткары бир нече ар кандай маселелер каралды.
Жыйын соңунда катышуучулар билим берүү кызматкерлеринин райондук бирлиги тарабынан өткөн окуу жылында көптөгөн жогорку деңгээлдеги өткөрүлүп, мурдагы жылдарга караганда көп каржылык колдоолор болгондугун баса белгилешип, бирликтин төрагасы Ызан Кудайбердиевдин ишин бир ооздон жогору баалашты.

М. Эшназаров

Кен казган компания ифтар өткөрдү

Кечээ, 9-июнь күнү район борбору Каныш-Кыя айылында район аймагында кен казуу менен алектенген «Вертекс Голд Компани» компаниясы үстүбүздөгү  Рамазан айына карата район тургундарына ифтар-ооз ачуу өткөрдү.

Бул иш чарага Чаткал өрөөнүнүн бардык айылдарынан айыл аксакалдары жана орозо туткан жарандар келишип, ак дасторкондун үстүндө ооз ачышты.

Ооз ачуу иш чарасына 150дөн ашуун адам катышты.

Соңунда, «Вертекс Голд Компани» компаниясынын өкүлү Жаныбек Сагындыков катышуучуларга компания жетекчисинин  жиберген саламын айтып, келгендерге ыраазылык билдирди.

ифтар DSC_0058

ифтар DSC_0060 ифтар DSC_0064 ифтар 1ифтар DSC_0074 ифтар DSC_0076 ифтарDSC_0069ифтар DSC_0079 ифтар DSC_0090