Архив за месяц: Май 2018

АРИС айыл чарба техникаларын тапшырды

Бүгүн район борбору Каныш-Кыя айылында АРИС программасынын колдоосунда 2015-жылдан бери Чаткал районунда иш жүргүзүп кеIMG-20180514-WA0023латкан “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2″ долбоорунун алкагында районго келген айыл чарба техникаларын салтанаттуу тапшыруу аземи болду.IMG-20180514-WA0020

Аземге район акими Канжарбек Эшалиев баштаган райондук жетекчилик, айыл аймак башчылары, аталган долбоордун облустагы координатору Мирлан Айтказиев баштаган АРИС программасынын өкүлдөрү катышты.

Тактай кетсек, “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2″ долбоорунун алкагында Каныш-Кыя жана Чаткал айыл аймактарына жалпы сегиз даана  трактор, бир даана Палессе комбайны, төрт даана чөп таңгактоочу, үч даана соко берилген. Каныш-Кыя айыл аймагына жайыт үчүн төрт көпүрө курулган.

Мындан сырткары, аталган эки айыл аймакка эки көчмө кыркым уюштурулган жана ветеринарларды колдоо багытында да бир топ техникалык колдоолор берилген.

Аталган долбоор райондо 2015-2019-жылдар ичинде иш алып бармакчы.

М. Эшназаров

Мектептерге жана бала бакчаларга көчөттөр берилди

Быйыл Каны-Кыя айыл өкмөтү тарабынан айыл аймакка баш ийген мектеп жана бала бакчаларга жалпысы 53700 сомдук 1345 даана ар түрдүү гүлдөрдүн көчөттөрү берилди.ишембилик 5 ишембилик 6 ишембилик 7 Буга кошо эле 51 даана карагайдын, 290 даана мырза теректин жана 96 даана кайыңдын көчөттөрү берилип, бул көчөттөрдүн жалпы суммасы 56300 сомду түздү. Бул тууралуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнөн билдиришти.

М.Эшназаров

120 тоннадан ашуун таштанды айылдан сырткары ташылып чыгарылды

Апрель-май айларында болуп өткөн ишембиликтер учурунда Каныш-Кыя айылынан 120 тоннадан ашуун таштанды айылдан сырткары ташылып чыгарылды. ишембилик 20180417_123102 ишембиликишембилик 20180417_123210Бул иштерге Каныш-Кыя айыл өкмөтүнөн 180 миң сомдой акча каражаты жумшалды. Бул тууралуу Каныш-Кыя айыл аймагынан билдиришти.

Таштанды тазалоо жана ташуу иштери Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн техникаларынын жардамы менен ишке ашырылды.

Айыл өкмөтүнөн билдиришинче, мындан ары айына 3-4 ирет айыл өкмөтүнүн алдындагы турак-жай, коммуналдык чарбасынын техникалары менен Каныш-Кыя айылынан таштандыларды жыйнап, сырткары чыгаруп турууну максат кылынууда.

М.Эшназаров

«Кыз-Булак» эс алуу жайы оңдолууда

Чаткал өрөөнүнүн кире беришиндеги «Кыз-Булак» жүргүнчүлөрдүн эс алуу жайы жеке ишкер Мухамедалы Батырбеков тарабынан оңдолуп-түзөлүп жана кеңейтилип, жалпы коомчулук үчүн кошумча тамактанып, эс алуучу жайга айландырылууда.
Быйылкы «Аймактарды өнүктүрүү жылына» карата аталган жайды өнүктүрүү үчүн Чаткал айыл аймагы тарабынан жеке ишкер Мухамедалы Батырбековго бөлүнүп берилген. Бул тууралуу Чаткал айыл аймагынын башчысы Бакытбек Исабеков маалымдады.кызбулак 1 кызбулак 2 кызбулак
Ал эми, жеке ишкер Мухамедалы Батырбековдун билдиришинче, бул эс алуучу жайга азырынча бир боз үй жана эки сөөрү орнотулууда. Эс алуучу жай толук ишке кирген соң, бир учурда жүздөн ашуун эс алуучуну тейлемекчи. -Бул жерге көбүнчө жаштар үйлөнүү үлпөтүн өткөрүп, жаратылыш койнунда эс алганы келишет. Эс алуучу жай ишке кирсе, алардын да ойдогудай эс алуусуна шарт түзүлөт- дейт жеке ишкер.
«Кыз-Булак» эс алуу жайы май айынын соңуна чейин пайдаланууга берилет.
Жеке ишкер мындан сырткары Жаңы-Базар айылындагы жеке менчик «Нурсауле» ресторанын ачып, 5 жылдан бери калктын маданий эс алуусун камсыздап келүүдө.

М. Эшназаров

Бүгүн, Чаткал районунун борбору Каныш-Кыя айылында 9-Май-Улуу Жеңиш майрамына карата «Өчпөс полк» жүрүшү болду. Жүрүшкө Улуу Жеңиш майрамына карата ураандар айтылып, желектер көтөрүлүп, жалпы жүз элүүдөн ашуун жаран катышты.
Андан соң, Улуу Жеңишке арналган эстелик-мемориалга гүлчамбар коюлуп, маркум ардагерлердин арбагына куран окулду.
Салтанаттуу Гимн ойнолгон соң, район акими баш болгон райондук жетекчилер куттуктоо сөздөрдү айтышып, ооруктун ардагерлерине жана согуштун ардагерлеринин жесирлерине белектер тапшырылды.

9-май к-кыя 1 9-май к-кыя 2 9-май к-кыя 3 9-май к-кыя 4 9-май к-кыя 5 9-май к-кыя 6 9-май к-кыя 7 9-май к-кыя 8 9-май к-кыя 9 9-май к-кыя 10 9-май к-кыя 11 9-май к-кыя 12 9-май к-кыя 13 9-май к-кыя 9-май к-кыя14
Салтанаттан соң, райондук маданият үйүнүн өнөрпоздору тарабынан чакан концерт тартууланып, спорттук оюндар болду.
Азыркы кезде райондо эки ооруктун ардагери жана согуш ардагерлеринин он бир жесири бар.
Майрам алдынан оорук ардагерлерине жана ардагерлердин жесирлерине райондук жетекчилик жана мекемелер тарабынан белектер тапшырылды.

М. Эшназаров

Башкы-Терек орто мектебинде «Ачык эшиктер күнү» болду

Бүгүн, Башкы-Терек орто мектебинде Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинетинин планына ылайык, «Ачык эшиктер күнү» болду. Анын алкагында «Кырк миң жыл өтсө да эстен чыккыс, кыргыздын кырааны бар, аты-Чыңгыз» аттуу концерт тартууланды.иш чара б терек 1 иш чара б терек 2 иш чара б терек 3 иш чара б терек 5 иш чара б терек ишчара б терек 6 ишчара б терек 7 ишчара б терек 8
Анда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына байланышкан ырлар, сахналаштырылган көрүнүштөр, мугалимдер тарабынан тартылган чакан фильм жана слайд шоу тартууланды.
Иш чарага 9 мектеп жана 6 бала бакчадан келген 34 мугалим катышты.
Соңунда, болуп өткөн иш чарага байланыштуу тегерек стол болду.

М. Эшназаров

Бүгүн, Чандалаш айылынын негизги суугат каналы болгон Төлөбаев атындагы каналы ашар жолу менен тазаланды.
Бул ишке жалпысынан жүзгө жакын тургундар катышып, каналдын жыртык-тешиктерин чым, топурак жана цемент менен жамашып, ичиндеги акыр-чикирлерин жана топтолгон кум, шагылдан тазалашты.чандалаш 1 чандалаш 2 чандалаш 3 чандалаш 4 чандалаш 5 чандалаш 6
Канал тазалоого Чаткал айыл өкмөтү 600 кило цемент бөлүп берип, трактор менен кум, шагылды ташып, эксковатор менен толуп калган жерлерин тазалоо иштерин жүргүзүп берди. Буга кошо эле, ашарчылардын тамак-ашына бир баш кой берди.
Эскерте кетсек, Жаңы-Базар айылынын тургундарынын үлүш жерлеринин сексен пайызы Чандалаш өрөөнүндө жайгашып, суугат маалында Төлөбаев атындагы каналын пайдаланышат. Канал 1982-жылы курулган. Узундугу 9 чакырымды түзөт.

М. Эшназаров

Калкты керектүү үрөн менен камсыздоо максатында

Чаткал айыл аймагында жыл өткөн сайын буудай аянттарын кеңейтүү колго алынууда. Буга дыйканчылыкка жарамдуу,  суулуу жерлердин көбөйүшү себеп болууда. Мисалы, былтыр айыл аймак боюнча кырк гектар гана буудай себилсе, быйыл буудай аянты жалпы жетимиш гектарды түздү. Келерки жылы мындан да көбөйтүлмөкчү. -Быйыл айыл аймакка караштуу отуз гектар жерге буудай септик. Келерки жылдан буудай аянттарын дагы көбөйтүп, элди өзүбуз жогорку сорттогу керектүү үрөн менен камсыздоону максат кылуудабыз. Себеби, дыйкандарыбыз райондон сырткары алыс жактардан үрөн алдырышып, түшүм начар болгон жылдары аракеттери актабай калып, кыйынчылыкка туш болууда.-дейт Чаткал айыл аймагынын башчысы Бактыбек Исабеков

М.Эшназаров

Б. Исабеков:-«Дыйкандарыбызды колдоо-милдетибиз»

-Чаткал айыл аймагынын дыйкандарынын нокот эгүүгө жылдан жылга кызыгуусу артууда.-деп билдирди айыл аймак башчысы Бактыбек Исабеков.  Анын айтымында, буга нокоттун башка айыл чарба өсүмдүктөрүнө караганда аз жерден көп тушүм бергендиги жана базарда өтүмдүүлүгү себеп болууда.  акташ DSC_0421

-Нокотту оруп, түшүмүн жыйноого караганда, аны алгач эгүү көп түйшүктү талап кылат.  Ошондуктан, биздин дыйкандар айыл аймагынан нокот эгүүчү техника, же шайман алып берүү боюнча суроо-талап коюшууда. Алардын суроо-талабын туура түшүнүп, быйыл тушүм жыйноо мезгилине карата айыл аймагына нокоттун түшүмүн жыйноочу айыл чарба техникасын, же шайманын сатып алууну максат кылуудабыз. Эл бизге ишенип, бизден жардам сурап аткан соң, аны аткарууга милдеттүүбуз-дейт Бактыбек Исабеков

М. Эшназаров

20 жылдык бүтүрүүчүлөр соопчулук жумуш жасашты

Курулуш айылындагы С. Мырзалиев атындагы орто мектебин 1998-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөр  Тастопиян мазарына чыкчу төтө жолго цементтен тепкич жасап беришти. Алар бул ишти мектепти аяктагандыгынын 20 жылдык мааракесине карата соопчулук иш катары жасашкандыгын билдиришти.тастопиян DSC_0443 тастопиян DSC_0441

-Биз быйыл 20 жылдык мааракени өткөрүүнүн алкагында элге чай берип, же бир башкалар сыяктуу бөлөк жумуштарды деле жасасак болмок. Классташтар кеңешип олтуруп, элге пайдалуу жана көпкө чейин кызмат кылчу жумуш жасайлы деп, айыл мазарына барчу жолго тепкич куруп берүүнү чечтик-дейт уюштуруучулардын бири.

Тепкич куруу иштерине жалпысынан жүз миң сом акча каражаты жумшалды.

М. Эшназаров