Архив за месяц: Апрель 2018

«Кош, Алиппе» майрамында мугалимдерге белек берилген жок

23-апрелде Каныш-Кыя айыл аймагындагы Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде «Кош алиппе» майрамы болуп өттү. Анда, 1-класстын окуучулары ушул күнгө чейинки мектептен алган билимдерин мугалимдерге жана ата-энелерге сахналаштыруу аркылуу көрсөтүшүп, ыр, бийлерди аткарышып, ата-энелерге чакан концерт тартуулашты. Келген ата-энелер наристелердин ыр, бийлерине күбө болушуп,  мугалимдерге ыраазычылыгын билдирип кетишти.акназаров алиппе
Бул жолку  майрамдын мурдагылардан өзгөчөлүгү- жылдагыдай ата-энелер тарабынан мугалимдерге белек бечкек берилген жок.
-Биздин мектепте өтчү бардык иш чараларда ата-энелер тарабынан мугалимдерге ар кандай белек-бечкектерди берүүгө таптакыр тыюу салынган. Ар кандай коррупциялык аракеттерди болтурбоо боюнча катуу көзөмөл бар-дейт мектеп директору Акжол Эгембердиев
М. Эшназаров

Мектепке гүлдөр тигилүүдө

Каныш-Кыя айыл өкмөтү тарабынан Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебине 15 даана роза гүлү,2 кутучаакназаров мектебинде майда гүл урук,20 даана ар кандай гүлдүн уругу 5 даана кайын,15 даана карагат,3 даана ийне жалбырактуу карагай көчөттөрү берилди.Учурда көрктөндүрүү иштери жүрүүдө.

-Мектеп жааматынын атынан мектебибизге жасаган камкордугу үчүн Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө ыраазычылык билдиребиз.-дейт мектеп директору Акжол Эгембердиев

Мугалимдер усул алмашышты

Апрель айынын 26 сында  Жаңы-Базар айылындагы Т. Жаналиев орто мектебинде райондук «Ачык эшиктер күнү» иш чарасы болду.
Иш чарага он үч мектептен келген мугалимдер катышып, тажрыйба алмашты.усул алмашуу 1 усул алмашуу 2 усул алмашуу 3 Мында, Т. Жаналиев орто мектебинен тандалып алынган үч мугалим алдыңкы деп тандалып алынган сабактарын презентациялашты. Катышуучулар бул өтүлгөн сабактарды өз мектептеринде тажрыйба катары жайылтышмакчы.

М.Эшназаров

Тегерек стол: «Кылмыштуулуктун арты-өкүнүч»

Өткөн жуманын бейшемби күнү Жаңы-Базар айылындагы Т. Жаналиев орто мектебинде «Кылмыштуулуктун арты-өкүнүч» аттуу тегерек стол болду.
Иш чарага райБББ, РИИБ, ЖДПБ, райондук соцкоргоо мекемелеринин тийиштүү кызматкерлери, райондогу мектептерден келген мугалимдер, айыл имамы, ата-энелер жана жогорку класстардын окуучулары катышып, мында мектеп окуучуларынын арасында кездешип жаткан кылмыштуулук боюнча талкуу өткөрүлдү.жаналиев 1 жаналиев 31253120_462265107545618_8095680761892429670_n жаналиев 31297925_462264984212297_279994432938270470_n жаналиев 31318252_462265134212282_6599306888553351977_n жаналиев 31326779_462265060878956_802344712813158401_n жаналиев 31441201_462264944212301_3495609869028578881_n
Талкуунун жүрүшүндө окуучуларга интернеттин терс таасири, өспүрүм кыздардын эрте турмушка чыгып жаткан себептери, окуучуларды ар түрдүү терс диний агымдарга кирип кетип жаткандыгы тууралуу көйгөйлүү маселелер ортого салынып, катышуучулардын көпчүлүк бөлүгү жогорудагыдай терс көрүнүштөргө ата-энелердин өз балдарын жөндүү тарбиялай албай жаткандыгы себеп деген ойлорун айтышты.

М.Эшназаров

Жарыя!

Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын чыгыш тарабынан киреберишде Ала-Бука МЖС автожолунун түндүк тарабына “АЗС” куруу үчүн 200м2 жер тилкеси аукционгоберилет.

Баштапкы  баасы     100 сом.

Конкурс Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн имаратында 2018-жылдын 7-Май кунү саат        10-00до  өткөрүлөт.

 

Байланыш учун тел :  +996778-48-17-57      +996556-07-08-57

 

Жарыя!

Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын Касан-Сай суусунун түндүк жагынан Ала-Бука, МЖС автожолунун түштүк жагынан Кызыл-Токой айылындагы Осмон ата көпрөсүнүн чыгыш тарабынан 150-200м аралыгында жайгашкан Осмон ата көпүрөсүнүн ылдый жагына чай кана катары иштетүүгө 50м2 жер тилкеси аукционго коюлат.

Баштапкы  баасы     1000 сом.

Конкурс Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн имаратында 2018-жылдын 7-Май кунү саат        10-00до  өткөрүлөт.

 

Байланыш учун тел :  +996778-48-17-57   +996556-07-08-57

 

Жарыя!

Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагына караштуу Горняк-1 көчөсүнүн түштүк тарабында Терек-Сай-Ала-Бука багытындагы автожолдун сол тарабында,Касан-Сай дарыясынын оң жээгиндеги Ак-Тилек дүкөнүнүн жанындагы Аялдаманын сол тарабындагы 24м2жер дүкөн куруу үчүн аукционго коюлат.

 

Баштапкы  баасы     100 сом.

 

Конкурс Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн имаратында 2018-жылдын 7-Май кунү саат        10-00до  өткөрүлөт.

 

Байланыш учун тел :  +996778-48-17-57    +996556-07-08-57

 

Жарыя!

Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагына караштуу Горняк-1 көчөсүнүн түштүк тарабында Терек-Сай-Ала-Бука багытындагы автожолдун сол тарабында,Касан-Сай дарыясынын оң жээгиндеги Ташбаев Жаманкулдун дүкөнүнүн тушунда жайгашкан 60м2жер вулканизация куруу үчүн аукционго коюлат.

 

Баштапкы  баасы     100 сом.

Конкурс Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн имаратында 2018-жылдын 7-Май кунү саат        10-00до  өткөрүлөт.

 

Байланыш учун тел :  +996778-48-17-57   +996556-07-08-57

 

Райондук спорттук иш чара болду

18-19-апрель күндөрү Чаткал районунда райондук деңгээлдеги спорттук иш чара болуп өттү.  Иш чарада алгач Айгыр-Жал айылына салынган стадиондун ачылыш аземи болуп, анда  район акими Канжарбек Эшалиев баштаган райондук жетекчилик, «Вертекс Голд Компани» фирмасынын өкүлү Жаныбек Кубандыков жана айыл тургундарынын катышуусунда  кызыл тасмасы кесилди.

Иш чаранын алкагында спортчулар волейбол, футбол, ордо жана чикилдек оюндары боюнча кызуу таймаш  өткөрүштү.

вертекс DSC_0015 жаныбек вертекс DSC_0039 вертекс DSC_0036 айгыржал стадиондун ачылышы DSC_0045 вертекс футбол DSC_0057 чикилдек DSC_0085 ордо DSC_0139 вертекс DSC_0148 вертекс DSC_0203 вертекс DSC_0233

Иш чаранын жыйынтыгы менен, волейбол боюнча 40 жашка чейинки спортчулар арасында 1-орунду  Т. Эрматов атындагы райондук өспүрүм балдар спорт мектебинин командасы ээледи. 2-орун Жаңы-Базар командасына ыйгарылды. Ал эми 3-орун  Айгыр-Жал командасына, 4- орун Каныш-Кыя командасына берилди.

Ал эми волейбол боюнча кырк жаштан жогоркулар арасында 1-орунду Башкы-Терек командасы ээледи. 2-орун Каныш-Кыя-1 командасына ыйгарылды. 3- орун  Жаңы-Базар командасына, 4-орун Каныш-Кыя-2 командасына берилди.

Футбол боюнча мелдеште Жаңы-Базар-1 командасы  жеңишке жетишти. 2-орунду болсо Жаңы-Базар-2 командасы ээледи. 3-орун Айгыр-Жал кеомандасына, 4-орун Каныш-Кыя командасына берилди.

Ордо оюну боюнча мелдеште Жер-Капчыгай командасы жеңүүчү аталды. 2-орунга Айгыр-Жал командасы ээ болду. 3-орунду Коргон-Сай командасы, 4-орунду Чакмак-Суу командасы ээледи.

Чикилдек атуу  боюнча 1-орун Айгыр-Жал командасына ыйгарылды. 2-орунга Чакмак-Суу командасы ээ болду. 3-орун Кызыл-Токой командасына, 4-орун Чапай командасына берилди.  Тактай кетсек, бардык оюндун түрү боюнча 1-орунга 12 миң сомдон, 2-орунга 9 миң сомдон, 3-орунга 6 миң сомдон, 4-орунга 2 миң сомдон акчалай байгелер берилди.

Белгилей кетсек, бул спорттук иш чара Чаткал районунда кен казуу менен алектенген  “Вертекс Голд Компани” фирмасы тарабынан каржыланды.

Аталган фирма тууралуу айта кетсек, былтыр районго 18 млн. сомго көпүрө куруп берген. Мындан сырткары, районго соцпакетке жыл сайын 10 млн. сом которуп берет жана жогорудагы сыяктуу райондогу маданий массалык жана спорттук иш чараларга каржылык колдоо көрсөтүп келет.

М. Эшназаров

Малга татаал операцияларды жасаган Өмүрбек аба

Айгыр-Жал айылынын тургуну, ветеринар дарыгер Беккулиев Өмүрбек аба карыса да өзүнүн сүйгөн кесибин таштабай,  элге пайдасын тийгизип келет. Ал жыл сайын 3-4- кара малга, он чакты кой-эчкиге ар кандай операцияларды жасап, калктын колундагы төрт түлүк малынын амандыгына салым кошуп келүүдө. -Өз практикамда көбүнчө тууй албай, кыйналган уйлардын жатынына операция жасап келүүдөмүн. Бир ирет уйга ценуроз (айламбаш) оорусуна да операция жасап, айыктыргам. Козуларга да операция жасадым, бирок аман алып кала албадым. Жылкыга операция жасап көрө  элекмин-дейт Өмүрбек аба биз менен ой бөлүшүп жатып.

20180411_113227

Өмүрбек аба 1968-жылы мурдагы Фрунзе, азыркы Бишкек шаарындагы айыл чарба институтунун ветеринардык факультетин аяктаган. Жогорку билимдүү ветеринар дарыгер. Көп кырк жыл бою Чаткал районунун совхоздорунда өз кесиби боюнча эмгектенип келген. Азыркы кезде ардактуу эс алууда.

-Колдон келген жумушту аткарып келатам. Жардам сурап кайрылгандарга жок дебейм-дейт Өмүрбек аба.

Калк колунда төрт түлүктүн саны өсүп, ветеринарларга таңкыстык болуп жаткан азыркы мезгилде Өмүрбек абанын элге тийгизип жаткан пайдасын баалабай коюуга болбос.

М. Эшназаров