Архив за месяц: Март 2018

Терек-Сайда райондук «Чаткал периси-2018» кароо-сынагы болду

19-март күнү Чаткал районунун Терек-Сай айылдык маданият үйүндө райондун 4 айыл аймагынын кыз-келиндери катышкан «Чаткал периси-2018»  кароо-сынагы болду.

Кароо-сынаккка жалпысынан 7 кыз-келин катышып, саламдашуу, өз өнөрүн көргөзүү, улуттук жана эвропалык стилде бийлөө, мода көрсөтүү, кыргыз элинин улуу жазуучусу Ч. Айтматовдун чыгармаларынан монолог айтуу сыяктуу жалпысынан 6 номер боюнча өз өнөрлөрүн корсөтүшүп, күч сынашышты. пери-2018 DSC_0322пери-2018 DSC_0328

пери-2018 DSC_0332 пери-2018 DSC_0351 пери-2018 DSC_0315 пери-2018 DSC_0385 пери-2018 DSC_0399 пери-2018 DSC_0405

Кароо-сынак жогорку уюшкандыкта өтүп, соңунда калыстардын баалоосу менен 1-орун Жаңы-Базар айылынан келген Талантбек кызы Айгеримге ыйгарылып. I-даражадагы Диплом жана 5000 сом акчалай байге менен сыйланды. 2-орун Шакафтар айылынан келген Айтурган Эгеновага берилип, II-даражадагы Диплом жана 3000 сом акчалай байгеге ээ болду. 3-орунга Терек-Сай айылынын катышуучусу Айдана Мамырбекова ээ болуп,   III-даражадагы Диплом жана 2000 сом акчалай сыйлык менен сыйланды. Ал эми,  Айгыр-Жал айылынын катышуучусу Айжамал Сатымкулова «Сахна жылдызы», Кызыл-Токой айылынын катышуучусу Бибигүл Апсамат кызы «Үлгүлүү кыз», Сумсар айылынын катышуучусу Айнагүл Ташматова «Ажарлуу айым», Курулуш айылынын катышуучусу Жаңылай Салиева «Бийкеч» номинацияларына ээ болушту.

Эскерте кетсек, «Чаткал периси-2018» кароо-сынагы раймамадминистрация, райондук маданият бөлүмү жана райондук жаштар кеңеши тарабынан уюштурулуп, райондогу төрт айыл аймак тарабынан каржыланды.

М. Эшназаров

Жол эрежелерин бузган айдоочуларга айып салынды

Март айынын 18инде жол кырсыктарынын алдын алуу максатында Чаткал РИИБнин алдындагы патрулдук милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан «Маяк» иш чарасы өткөрүлдү.  IMG-20171218-WA0009

Иш чаранын жүрүшүндө айдоочулар тарабынан жол режелерин бузуу учурлары текшерилип, автоунаасынын айнегин караңгылатып алган (тонировка) 1 айдоочуга жана талаптагыдан ашыкча жүргүнчү алган 10 айдоочуга административдик айып салынды.

Бул тууралуу Чаткал РИИБдин ЖКККБнын ага тескөөчүсү, милициянын ага лейтенанты С. Абдиев билдирди.

М. Эшназаров

Кызыл-Токой айылында мугалимдер таймашты

18-март күнү Чаткал районунун Кызыл-Токой айылындагы Б. Камчыбеков орто мектебинде Ю. А. Гагарин, Б. Камчыбеков, Сумсар орто мектептеринин жана В. И. Ленин атындагы мектеп интернатынын мугалимдеринин ортосунда волейбол, теннис жана шахмат боюнча мелдеш болуп өттү.
Мелдеш абдан кызыктуу өтүп, волейбол боюнча эркектер арасында 1-орунду Б. Камчыбеков орто мектебинин командасы, 2-орунду В. И. Ленин атындагы мектеп интернаттын командасы, 3-орунга Сумсар орто мектебинин командасы жетишти.
Аялдар арасында мелдеште 1-орунду Сумсар орто мектебинин, 2-орунду Ю. А. Гагарин орто мектебинин, 3-орунду В. И. Ленин атындагы мектеп интернаттын командалары ээлешти.районо мелдеш DSC_0135 районо мелдеш DSC_0152 районо мелдеш DSC_0158 районо мелдеш DSC_0167 районо мелдеш DSC_0184 районо мелдеш DSC_0187 районо мелдеш DSC_0192 районо мелдеш DSC_0200 районо мелдеш DSC_0205 районо мелдеш DSC_0212 раойно мелдеш DSC_0193
Теннис боюнча 1-орунга Сумсар орто мектебинин мугалими Чыңгыз Оморов, 2-орунга Б. Камчыбеков орто мектебинин мугалими Равшан Арзыматов, 3-орунга В. И. Ленин атындагы мектеп интернатынын мугалими Шерзат Бабаев ээ болушту.
Шахмат боюнча мелдеште 1-орунду Терексай орто мектебинин мугалими Нарынбай Анарбаев, 2-орунга Сумсар орто мектебинин мугалими Абыл Таиров, 3-орунга В. И. Ленин атындагы мектеп интернатынын мугалими Кылыч Коргонбаев ээ болду.
Мындан сырткары, бир нече спортчу мугалимдер кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушту.
Катышуучулар мелдештин демөөрчүсү болгон мугалимдердин райондук профсоюз уюмуна жана мелдештин жогорку деңгээлде өтүшүн камсыздаган Б. Камчыбеков орто мектебинин жетекчилигине ыраазылык билдиришти.

М. Эшназаров

Видеокөзөмөл билим сапатына зор пайда берүүдө

Бүгүнкү күндө мектеп окуучуларынын арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу маселеси биринчи орунга чыгып, буга карата жер-жерлерде райондук, облустук жана республикалык деңгээлде иш чаралар өткөрүлүп жаткандыгы маалым. Антсе да, республикабызда мектеп окуучулары катышкан кылмыштардын саны кыскарбай келаткандыгы өтө өкүнүчтүү.  Бирок, мындай жагдайда ар бир мектеп жетекчилиги кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча чукул чараларды көрүп, ар тараптуулук менен аракеттенсе жакшы жыйынтык чыгаарын Чаткал районунун Чакмак-Суу орто мектеби далилдеп койду.

Айта кетсек,  мектеп мугалимдери тарабынан уюшулган «Алтын казына» фондунун каражатына өтүп бараткан окуу жылынын башталышында мектептин кире беришинен баштап 7 класстык бөлмөсүнө, мугалимдер канасына, ашканага жана тийиштүү жерлерге жалпысынан 16 даана видеокөзөмөл орнотулган эле. Мунун натыйжасында окуучулар арасындагы тартипсиздик таптакыр тыйылып, билим берүү ишинде бир топ алга жылуулар болду.  Тактап айтканда, II-чейректин жыйынтыгы менен окуучулардын билим сапаты 49,1 пайызды түзүп, жыл башындагыга салыштырганда 5,3 пайызга жогорулаган.видеокөзөмөл DSC_0974 видеокөзөмөл DSC_0977видеокөзөмол DSC_0856 — копия видеокөзөмөл 1 видеокөзөмөл 2 видеокөзөмөл DSC_0954 видеокөзөмөл DSC_0958 видеокөзөмөл DSC_0981

Видеокөзөмөлдүн мектептин жалпы эле ички тартибине зор таасири бар экендигин айткан мектептин директору Бактыбек Турсункулов-Видеокамераларды сатып алууга мугалимдердин «Алтын казына» фондунан жалпысынан 75 миң сом акча каражаты жумшалган. Видеокөзөмөл орноткондон бери окуучулар арасында гана тарип маселеси оң жолго коюлбастан, мугалимдерибиздин да сабак өтүүсүндө активдүүлүгү артты. Себеби, ар бир класста сабак кантип өтүлүп жаткандыгы  директордун кабинетиндеги жалпы монитордон көрүнүп тургандыктан, мугалимдер да сабак учурунда себепсиз сабакты таштап, сыртка чыгып кете алышпайт. Мындан сырткары, чарбалык, же башка жумуштар менен 2-3 күнгө кетип калсам да, видеокөзөмөлдү кайра артка түрдүрүп, директор жок кезде мектепте  кандай иштер болгондугун көрүп алам. Бул мектептеги тартипти өз деңгээлинде кармап турууга чоң жардам  берет экен. -дейт.

Бүгүнкү күндө мектепте 136 окуучу билим алууда.

Кеп соңунда, башка мектептер да Чакмак-Суу мектебинен үлгү алып, сырттан колдоо күтүп  олтурбай эле, өздөрүнүн  ички каражаттарын туура пайдалануу менен, мектептин жалпы ички тартибин оң жолго коюп алышса болоор деген изги тилекти айткыбыз келет.

М. Эшназаров.

 

Чырактай уулубуздан жардамыбызды аябайлы, калайык!

Урматтуу кыргыз элим!
Кадырлуу чаткалдык жердештер!
Сиздерге өтө зарыл сураныч менен кайрылуудабыз. Кайрылуубуздун себеби, Чаткал районунун Жаңы-Базар айылынын тургуну жердешибиз Кыдыров Сапарбек боорунан «цирроз печени» дартына чалдыгып, тез арада боорун алмаштыруу зарылдыгы келип чыгып олтурат. Боорун алмаштыруу операциясы өтө кымбат болгондуктан, Кыдыровдордун үй бүлөсү каражат жагынан жардам сурап калың журтка кайрылууну туура көрүүдө.
Кайрылууну туура түшүнүп, эл арасында колу ачык, жүрөгүндө ыйманы бар берешен инсандар каражат жагынан кайрылышып, чырактай уулубузду бул оор дарттан айыктырып алалы, туугандар. Операция эки айдан кийин болмокчу. Эки ай аралыгвнда жардамга кол сунчу кайрымдуу адамдарды күтөбүз.
Жардамга кол сунам деген инсандар төмөнкү банктык эсепке которсо болот.
Получатель:ОАО»РСКБАНК»   
БИК:129034.   Банк получателя:Каныш-Кийский филиал ОАО РСК Банк с.Канышкыя.Расчетный счет:1290347900000003.Назначение платежа:Кыдырова Назгуль Абдулдаевна. (Кыдыров Сапарбектин бир тууган карындашы) Кыдыров СапарбекКарт счет:000000966125

 

«Сармерден» маданий оюн-зоок иш чарасы болду

14-март күнү Айгыр-Жал айылынын Абдырайым Мамадалиев атындагы айылдык маданият үйүндө Каныш-Кыя айылдык маданият үйү тарабынан уюштурулган «Сармерден» маданий оюн-зоок иш чарасы болду.

Иш чарада, сармерден оюнунун тартибине ылайык жигиттер жана кыз-келиндер эки топко бөлүнүшүп,  кыргыздын көөнө жана заманбап обондуу ырларынан созолонтушуп, табышмак, жаңылтмачтарды айтышып, бий бийлешип, өз өнөрлөрүн көргөзүшүп, өз ара таймашышты.

Оюндун жүрүшү кезеги менен  атайы калыстар-Каныш-Кыя айылдык кеңешинин депутаты Садырбек Исмаилов жана Каныш-Кыя айыл аймагынын социалдык иштер боюнча башкы адиси Жайнагүл Осмоновалар тарабынан калыс сынга алынып,  баа берилип турду.сармерден DSC_0023 сармерден DSC_0060 сармерден DSC_0007 сармерден DSC_0041 сармерден DSC_0038 сармерден DSC_0066 — копия сармерден DSC_0068 — копия сармерден DSC_0091 — копия сармерден DSC_0098 — копия сармерден DSC_0108

Сармерденде жигиттер тарабы комуздун коштоосунда дастан жана элдик ырларды аткарууда өздөрүнүн мыктылыгын көргөзүшсө, кыз-келиндер тарабы элдик ырларды ийине жеткире аткаруу менен элдин кызуу кол чабуусун жаратышты.  Тактап айтканда, жигиттер тобунан дастанчы Нооруз Анарбек уулу жана Нурсултан Наралы уулу, ал эми кыз-келиндер тобунан Гүлүмжан Мамакеева, Айгүл Ботобекова жана Махабат Кайыпкуловалар өз өнөрлөрү менен көрүүчүлөрдүн купулуна толушту.

Иш чаранын соңунда көрүүчүлөр Сармердендин уюштуруучулары-Каныш-Кыя айылдык маданият үйүнүн башчысы Нооруз Анарбек уулуна жана Абдырайым Мамадалиев атындагы Айгыр-Жал айылдык маданият үйүнүн усулчусу Гүлүмжан Мамакеевага жана иш чараны өткөрүүгө каражат жагына колдоо көрсөткөн Каныш-Кыя айыл аймагына ыраазылык билдиришти.

М. Эшназаров

Жарыя!

Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкү бош кызмат ордуна ачык сынак жарыялайт.

1) адис-1 орун

Квалификациялык талаптар;

Адис:

Кесиптик билими;

жогорку кесиптик билими (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юридикалык).

Стажга жана адистик боюнча иш тажрыйба:

-иш стажына талап коюлбайт.

Тийиштүү тармактагы ченемдик-укуктук актыларды билүүсү:

КР «Жарандык Кодекси», КР «Жер Кодекси», КР «Эмгек Кодекси», КР «Жергиликтүү мамлекеттик  администрация жөнүндө» мыйзамы, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароо тариби жөнүндө» мыйзамдарын,

 

Билгичтиги;

-жогорку жактагы жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу,

-документтерди, маалыматтарды, сурамдарга жоопторду сапаттуу даярдоо,

-тиешелүү чөйрөдө ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаларга талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу,

-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо,

-жарандардын кайрылуулары боюнча жоопторду кароо жана жоопторду даярдоо,

-мамлекеттик жана/же расмий тилде ишкердик кат алышуулар;

-командада иштей билүүсү,

Көндүмдөрү;

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу,

-компьютердик жана уюштуруу техникалары, керектүү программалык продукттарды колдоно билүү

Сынакка катышуу үчүн документтер;

-бош кызмат ордун көрсөтүү менен жеке арыз сынак комиссиясынын төрагасына (байланыш телефон номери менен );

-кадрларды эсепке алуу боюнча баракча, сүрөтү менен

-резюме, сунуш каттары, өмүр баяны

-билими жөнүндө, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража, же илимий наам ыйгарылгандыгы жөнүндө дипломдун көчүрмөлөрү, эмгек китепчесинин, паспорттун көчүрмөлөрү, аскер билетинин көчүрмөсү (эмгек китепчесинин жана дипломдун көчүрмөлөрү нотариус же иштеген жериндеги кызматчыларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт)

Документтерди кабыл алуу жарыя сайтка чыккандан баштап 10 жумушчу күн жүргүзүлөт.

 

Керектүү документтерди төмөнкү дарекке таршырсаңыздар болот.

Чаткал району, Каныш-Кыя айлы, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы, сурап билүү тел; (03749 ) 60310, 60033.

Эскертүү; квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлерге сынак өтө турган күн кошумча маалымдалат.