Архив за месяц: Январь 2018

Кызыл-Токой айылында муктаждарга жана майыптарга зекет таратылды

Чаткал районунун Кызыл-Токой айылынын имамы Бүркүтбаев Раталы Атабаевич зекет чогултуу иш чарасын уюштуруп, колунда бар жергиликтүү тургундардан 24 кой 30 миң сом акча чогултуп, 5 жетим-жесир, 6 аз камсыз болгон үй-бүлөгө жана ошондой эле майыпттарга таратып бергендигин / райхатиб Кубанычбек ажы Токонов билдирди. Бул тууралуу Muftiyat.kg  сайты кабарлады.

IMG-20180107-WA0166

Эске салсак, Раталы Бүркүтбаев 2015-жылы 12 кой-эчки, 2016-жылы 43 кой-эчки жана 15 миң сом берсе, 2017-жылы 24 кой чогултуп, муктаждарга таркаткан.   Ал эми облустук казыят мындай  кайрымдуулук иштерин активдүү уюштуруп, аз камсыздарга жардам берип жаткандыгы үчүн Чаткал районунун Кызыл-Токой айылынын имам хатиби Бүркүтбаев Раталыга  ыраазычылык  баракчасын тапшырган.

Бул тууралуу аталган сайтка Жалал-Абад казыятынын маалымат катчысы А.Хаджибеков билдирген

Кулактандыруу!

Каныш-Кыя  айыл  аймагы  ар  бир  айылдардагы  коммерциялык  жерлерди  сатуу  үчүн  аукцион  өткөрүүнү  жарыялайт.

Аукцион  2018-жылдын  9-февраль  күнү  Каныш-Кыя  айыл  аймагынын  имратында  саат  14-00  дө  өткөрүлөт.

 

Сурап  билуу  телефону (0770) 66-89-89.

Жеке ишкерлердин жана соода-сатык дүкөн ээлеринин эсине!

Салык кызматынын Чаткал району боюнча башкармалыгы КР салык кодексинин 342-беренесинде белгилегендей, ар бир жеке ишкердин ишкерди кылуу  үчүн айыл аймактан алган токтомдун негизинде соода-сатык үчүн алынган, айыл чарбасына байланышпаган жер аянттары боюнча (райондук Мамкаттоодон алынган күбөлүктүн негизинде) 2018-жылдын 1-февралына чейин маалымат расчетторун берүүнүзөрдү талап кылат.

2018-жылдын 1-февралынан кечигип, жер салыгынын маалымат расчетторун өз мөөнөтүндө бербеген атуулдарга КР административдик жаза кодексинин 346-беренесинин негизинде 2000 (эки миң) сом өлчөмүндө айыпка кириптер болушуңуздарды эскертет.

Ошондой эле толук маалыматты Мамлекеттик саылк кызматынын КОЛЛ-борборунун бирдиктүү 194 номуру аркылуу алууга болот.

Сурап билүү тел: 03749 6 02 36, моб. тел: 0772618964, 0771505263

 

Салык кызматынын Чаткал району боюнча башкармалыгы

Кулактандыруу!!!

Кр Өкмөтүнө караштуу салык кызматынын Чаткал району боюнча башкармалыгы юридикалык жактардын 2017-жыл үчүн Бирдиктүү Салык Декларациясын тапшыруу мөөнөтү 2018-жылдык 1-мартында аяктаарын эскертет.

Бирдиктүү Салык Декларациясын 1-мартка чейин ата мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен, КР аймагында ишмердүүлүгүн ишке ашырган чет өлкөлүк уюмдар, Бирдиктүү Салык Декларациясын тапшырууга милдеттүү.

Бирдиктүү Салык Декларациясы Мамлекеттик салык кызматынын Чаткал району боюнча башкармалыгында ишемби жана жекшембиден башка күндөрү 9.00 дөн 18.00 гө чейин кабыл алынат.

Байланыш телефондору: 03749 6 02 36, 03749 6 02 44,

мобилдик телефондор: 0772 61 89 64, 0771 50 52 63

Ошондой эле, толук маалыматты Мамлекеттик салык кызматынын КОЛЛ-борборунун бирдиктүү 194 номуру жана электрондук дарек  www.sti.gov.kg аркылуу алууга болот.

Эгерде белгиленген убакытта Бирдиктүү Салык Декларациясы тапшырылбаса КР административдик жаза кодексинин 351-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө айыпка кириптер болушуңуздарды эскертебиз!!!

 

Салык кызматынын Чаткал району боюнча башкармалыгы

Жарыя!

Райондук №46 кесиптик лицейи 2018-2019-окуу жылына окуучуларды төмөнкү кесиптер боюнча  кабыл алууну

                                                                                                                      Жарыялайт

  1. “Электромонтер” окуу мөөнөтү 3 жыл, “С” категориясындагы айдоочу, окуу мөөнөтү 3 жыл. Бүткөндөн кийин төмөндөгү документтерди алышат: 11-класстын аттестаты, Диплом. “С” категориясындагы айдоочулук күбөлүк.
  2. “Электр ширетүүчү” окуу мөөнөтү 10 ай. Диплом алат.
  3. Тракторчу машинист “С” категориясындагы автоунаа айдоочу, слесарь-оңдоочу, окуу мөөнөтү 10 ай.
  4. Токойчу “С” категориясындагы автоунаа айдоочу. Окуу мөөнөтү 10 ай.
  5. “Байытуучу”. Окуу мөөнөтү 10 ай. Бүткөндүгү тууралуу Диплом алат.
  6. “Өткөөлчү”, “С” категориясындагы автоунаа айдоочу. Окуу Терек-Сай айыл аймагында окутулат. Окуу мөөнөтү 10 ай. Бүткөндүгү тууралуу Диплом алат.
  7. “Компьютерди тейлөөчү жана оңдоочу устат.” Окуу мөөнөтү 10 ай. Диплом алат.

 

Кыска мөөнөт менен төмөндөгү курстарга кабыл алынат.

 

  1. “В,С” категориясындагы автоунаа айдоочу. Бүткөндүгү тууралуу аттестат алат.
  2. “Өткөөлчү” окуу мөөнөтү 3 ай.
  3. “Байытуучу” окуу мөөнөтү 3 ай.

 

Кыска мөөнөттөгү курстар

 

  1. “Өткөөлчү” окуу мөөнөтү 3 ай. Бүткөндүгү тууралуу сертификат алат
  2. “Ашпозчу” окуу мөөнөтү 3 ай. Бүткөндүгү тууралуу сертификат алат
  3. “Кенже ветеринар” окуу мөөнөтү 3 ай. Бүткөндүгү тууралуу сертификат алат
  4. “Байытуучу” окуу мөөнөтү 3 ай. Бүткөндүгү тууралуу сертификат алат
  5. “Электромонтер” окуу мөөнөтү 3 ай. Бүткөндүгү тууралуу сертификат алат
  6. “Электр ширетүүчү” окуу мөөнөтү 3 ай. Бүткөндүгү тууралуу сертификат алат

 

Окуу жайына тапшыруу үчүн төмөндөгүдөй документтер кабыл алынат

-Окуу жайынын директорунун наамына жазылган арыз

-Паспорт, же туулгандыгы тууралуу тактама

-Аттестат (9-11-класстардын) түпнускасы

-3х4 өлчөмүндөгү 6 даана сүрөт

-086\у формасындагы ден соолугу тууралуу  тактама

Өздүк делосу, (мектептен келгендер үчүн)

-Үй бүлөсү тууралуу тактама (айыл өкмөтүнөн)

-Жашагандыгы тууралуу тактама

 

Окууга тапшыруучулардын эсине

Алыскы айылдардан келип окуган балдардын ата-энелери өздөрү алып келип, окуу жайынын шарты менен таанышып, тапшырып кетишсе болот. Окуучулар жатакана, тамак-аш жана стипендия менен камсыз болот. Окуу мөөнөтү 10 айлык курстардын стипендиясынын өлчөмү жалаң “5” деген баага окуган окуучуларга 500 (беш жүз) сом, “4”, “5” деген бааларга окуган окуучуларга 400 (төрт жүз) сом, “4”  деген баага окугандарга 300 (үч жүз) сом өлчөмүндө алышат.

Окуу мөөнөтү 3 жылдык тайпалардын стипендия өлчөмү “5” деген баага окуган окуучуларга 300 (ү жүз) сом, “4”, “5” деген бааларга окугандарга 250 (эки жүз элүү) сом, ал эми “4” деген баага окугандарга 200 (эки жүз) сом өлчөмүндө стипендия берилет.

 

Толук маалымат алуу үчүн төмөндөгү телефон номерлерине кайрылыңыздар

0777193969, 0778070786

 

Окуу жайынын дареги: Каныш-Кыя айылы, тел-03749 6-00-40