Архив за месяц: Декабрь 2017

Балдар бакчалары оңдолду

Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан өтүп бараткан жыл ичинде бала бакчаларды куруу жана оңдоп-түзөө иштери жүргүзулдү. Токтоло кетсек, Кайын-Суу участогуна былтыр курулуп баштаган бала бакчанын курулушунун уланышына жыл башында тендер өткөрүлүп, тендердин жыйынтыгы менен бул иштерди аткарууга 10745,0 мин сомго келишим түзулгөн эле. Бүгүнкү күндө, бала бакчанын курулуш иштери аяктап, ишке берилүү алдында турат. Коргон-Сай айылындагы жаны курулган бала бакчанын курулушун аягына чыгарып, колдонууга берүү үчүн жыл башында 1600,0 мин сом каралган. Өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы менен 2176,3 мин сомго келишим түзүлүп, курулуш иштери толугу менен бүткөрүлдү. Коргон-Сай айылындагы жаны курулган бала бакчага кошумча кошумча корпус курууга 1800,0 мин сом акча каражатын жумшалуусу аныкталып, бала бакчаны айылдык аймакта кен казуу иштерин жүргүзүп жаткан “Аскар Тоо Кен” компаниясы тарабынан ишке ашыруу максат кылынган эле. Бакчанын курулуш иштери бүгүнкү күндө аяктоо алдында турат. “Чебурашка” балдар бакчасынын имаратынын 1-корпусун капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн айыл аймактын жергиликтүү бюджетинен жана түрткү берүүчү гранттан жалпысынан 4582,1 мин сомго, ал эми, “Наристе” балдар бакчасынын имаратын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн 4401,3 миң сомго долбоор даярдалып, КР каржы министрлиги тарабынан долбоор жактырылып, каржыланууга коюлган эле. Аталган эки бакчанын оңдоп-түзөө иштери өз мезгилинде бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

М. Эшназаров

Өспүрүм балдар спорттук мектеби оңдолууда

Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин жана түрткү берүүчү гранттын эсебинен райондук өспүрүм балдар спорттук мектебин оңдоп-түзөө иштери өткөрүлүүдө. Бул иштерге жалпысынан 4111,2 миң сом каралган. Бүгүнкү күндө, оңдоп-түзөө иштери 60 пайызга аткарылды.

М. Эшназаров

«МТС Каныш-Кыя» ишканасына техникалар сатылып алынды

Каныш-Кыя айыл аймагындагы “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2” долбоорунун алкагында “МТС Каныш-Кыя” муниципалдык ишканасына Чаткал райондук өнүктүрүү фондусу жана АРИС долбоору аркылуу 4 трактор жана бир комбайн сатылып алынды. Долбоордун жалпы суммасы 23515500 сомду түздү. Долбоорго ылайык, Каныш-кыя айыл аймагы тарабынан айыл чарба техникалары турчу гараж да сатылып алынган.

М. Эшназаров

Кургак учук менен ооругандарга жардам берилүүдө

Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан кургак учукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында алгылыктуу тарабынан иш алып барылууда. Тактап айтканда, бүгүнкү күнгө чейин бул оору менен ооруган  7 жаранга айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен дарылануу үчүн  38500 сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Андан сырткары, зарыл учурларда кургак учук менен ооруган жарандардын анализдерин лабораториядан өткөрүү үчүн да керектүү акча каражаты бөлүнүп берилип турат

М. Эшназаров

Жакырчылыктын деңгээли төмөндөөдө

2016—жылдын  1-январына   карата  калктын  жакырчылык  деңгээли 41,2 пайызды түзсө, 2017-жылдын III-кварталына  карата  жакырчылык деңгээли 39,9, пайызды  түзүп, жакырчылыктын деңгээли 2,2,пайызга  азайды.

 

Жардамга муктаж  көптөгөн тургундар Каныш-Кыя айыл аймагына кайрылышып, тиешелүү жардамдарды алып келишет.

Тактай кетсек, Каныш-Кыя айыл  аймагынын башчысына өткөн 9 ай аралыгында жардам сурап 85 тургун кайрылган.  Кайрылуулар айыл аймагынын адистери тарабынан анализденип, жардамга муктаж атуулдарга Каныш-Кыя айыл аймагынын  резервдик фондусунан  681500 сом жардам берилди.

Кошумчалай кетчү нерсе, Каныш-Кыя айыл аймагындагы колдоого муктаж 26 үй бүлө мекеме, ишканалардын жетекчилеринин камкордугуна бөлүнүп берилген. Өтүп бараткан жыл ичинде аталган үй бүлөлөргө мекеме, ишканалардын жетекчилери тарабынан 37000 сомдук жардамдар берилген.

М. Эшназаров

Жайыттарга көпүрөлөр курулду

Быйыл Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитети тарабынан жайыттардын инфраструктурасын оңдоо багытында бир топ иштер аткарылды. Атай кетсек, кичи долбоорлор аркылуу Кайың-Суу, Чоң-Чаар-Таш жана Түлөберди жайлоолоруна көпүрө салынды.

Буга кошо эле,  кой кыркуучу агрегат сатып алынды.

Мындан сырткары, төрт түлүккө кол салып жаткан карышкырларды жок кылууга каражат берилди. Жогоруда аталган жалпы иштерге 554267 сом акча каражаты жумшалып, бул каражаттын 75 пайызы АРИС тарабынан берилди. Бул тууралуу Каныш-Кыя жайыт комитетинин башчысы Жоомарт Камчыбеков билдирди.

М. Эшназаров

 

Төрт түлүк эмдөөдөн өткөрүлдү

Өтүп бараткан жыл ичинде Каныш-Кыя айыл аймагында шарп ылаңына каршы 2840 баш, кара сан ылаңына каршы 1862 баш, ал эми ичеги жана боор курт ылаңдарына каршы 2386 баш кара мал дарылоодон өткөрүлдү. Ал эми, 7864 баш кой-эчки чечек ылаңына каршы эмдөөдөн өткөрүлдү.IMG_6281

Мындан сырткары, 814 баш ит кутурма жана эхинококкоз дартына каршы эмделип, эмдөөдөн өткөн иттерге паспорттор берилди жана 112 баш жолбун ит атылып, жок кылынды.

М. Эшназаров

Түшүмдүн көрсөткүчү жогору болду

Быйыл Каныш-Кыя айыл аймагында эгилген дан эгиндеринин жана жашылчанын түшүмүнүн көрсөткүчү жогору болду.тоо бурчак талаасы 6

Буудай 367,5 тонна, арпа 113,4 тонна, буурчак 221,4 тонна, жүгөрү 71,4 тонна, картошка 477,9 тонна, жашылча 271,25 тонна, май өсүмдүктөрү 45,5 тонна өндүрүлүп, аталган дан эгиндерин жана жашылчаны өндүрүүнүн 100 пайызга аткарылды.

М. Эшназаров

44 күнөскана калкка кызмат көрсөтүүдө

Өткөн 2016-жылы Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан айылдарга 25 даана күнөскана курулган эле.  Өтүп бараткан жыл ичинде  Каныш-Кыя  айыл  аймагы тарабынан кошумча 19   күнөскана  курулуп, жалпы 44 күнөскана калкка кызмат кылды.Снимок_2017_09_05_11_25_14_889

Күнөсканаларды   куруу  үчүн  жергиликтүү  бюджеттен  500000  сомдук  жардам  берилди.

М. Эшназаров

«Соолубас үмүттөр-2017» кароо-сынагы болуп өттү

Каныш-Кыя айыл аймагынын 2017 -жылдагы №252 буйругу менен 3-декабрь бүткүл дүйнөлүк майыптарды коргоонун Эл аралык  күнүнө карата уюштурулган “Соолубасын үмүттөр 2017” атуу кароо-сынакка ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында бекитилген жобого ылайык  ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын таланттарын элге алып чыгып, аларга моралдык жана ар тараптуу  колдоо көрсөтүү менен ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын көмүскөдө калган таланттарын элге алып чыгуу максатында жобого ылайык  Каныш-Кыя  айыл аймагы тарабынан 1-2-3   топтогу майыптардын “Келечеке багыт”  командасы даярдалып  6 катышуучу Ала-Бука районуна барып катышып келишти жана алар аталган кароо сынакта  II  орунду ээлегендиги үчүн II даражадагы диплом менен сыйланды .image1 image2 IMG_3129 IMG_3134

Ал эми, областтык турга Башкы-Терек айылынын тургуну I- топтогу  майып   Мамытова  Акбермет жана Каныш-Кыя айылынын тургуну II-топтогу майып Орозбекова Айдайкандар  жолдомо алышты. Каныш-Кыя айыл аймагы  тарабынан бардык катышуучулардын  жол киреси, тамак-ашы, жатаканасы жана  белектери үчүн 17600(он  жети мин алты жуз) сом акча каражаты бөлүнүп берилди.

Андан сырткары  3-декабарь Буткул дуйнөлүк майыптарды коргоонун эл аралык күнүнө карата  Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан 1-топтогу 38  майыпка  ар бирине 600 сомдон жалпы 22200 сомдук белектер таркатылды. Бул иш чараларды уюшкандыкта өткөрүү үчүн Каныш-Кыя айылаймагы тарабынан жалпы майыптар кунуно карата жалпы 40000 сом акча каражаты бөлүндү.

М. Эшназаров