Архив за месяц: Октябрь 2017

Жарыя!

Чаткал   районундагы  Каныш-Кыя  айыл өкмөтү  төмөнкү   бош кызмат   орунуна   ачык   сынак  жарыялайт:

1)- Жооптуу  катчы (Г-Б)  1 (бир)  бош орун

Муниципиалдык   кызматчыларга  коюлуучу  талаптар:

Кыргыз  Республикасынын  жараны  болууга;

Муниципиалдык  кызмат  учун  -18 жаштан  жогору;

Квалификациялык  талаптар:

1)-Жооптуу  катчы (Г-Б)  1 (бир)  бош орун

1. Кесиптик  билими

— Толук  жогорку  кесиптик  билим (мамлекеттик  жана  муниципиалдык  башкаруу, юриспруденция,  менежмент, экономика, айыл  чарба  жана   гуманитардык  илимдер  чөйрөсүндөгү).

2. Стажга  жана  адистик   боюнча   иш  тажрыйба:

— Жалпысынан  3 жылдан  кем эмес   мамлекеттик  жана  муницпиалдык  кызмат  стажы  же  тиешелүү   тармактык  багыты  боюнча  тиешелүү   кесиптик  чөйрөдөгү   5 (беш)  жылдан  кем эмес  иш  стажы.

Сынакка  катышуу  учун  документтер:

Бош кызмат  ордун  көрсөтүү  менен  жеке  арыз  конкурстук  комиссиянын   төрагасына  ( контактык  телефон  номери  менен);

Кардарларды  эсепке  алуу  боюнча   баракча, сүрөтү   менен;

Резюме, сунуш каттары, өмүр  баян;

Билими  жөнүндө, квалификациясын  жогорулаткандыгы, илимий  даража  же илимий  наам  ыйгарылгандыгы  жөнүндө  дипломдордун  көчүрмөлөрү, эмгек  китепчесинин,  паспорттун  көчүрмөлөрү, аскер  билетинин  көчүрмөсү  (эмгек  китепчесинин  жана   дипломдордун  көчүрмөлөрү  нотариустан  же   иштеген  жериндеги   кызматчыларды  башкаруу   кызматы  тарабынан   күбөлөндүрүлөт),

Документтерди  кабыл  алуу  жарыя  гезит  бетине  чыккандан  баштап  10  жумушчу  кундун  ичинде  жүргүзүлөт.

Дареги: Каныш-Кыя   айылы ,  Каныш-Кыя  айыл  өкмөтүнүн  имараты  , тел: 0777 21 11 76

Карылар сыйга бөлөндү

1-октябрь күнү  Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан  153 кары  жашоочуга  сый көрсөтүлдү. Тактап айтканда, иш чарада карылар үчүн атайы ак дасторкон жайылып,  дүйүм тамактар коюлуп, райондук маданият үйүнүн өнөрпоздору тарабынан чакан  концерт тартууланды.

IMG-20171003-WA0005 IMG-20171003-WA0006 IMG-20171003-WA0008

IMG-20171003-WA0001IMG-20171003-WA0003 IMG-20171003-WA0000Иш чара соңунда ар бир катышуучуга белектер берилди.

Эскерте кетсек, райондогу эң кары жашоочу Зуура Токторалиева эне Каныш-Кыя айыл аймагынын Айгыр- Жал айылында жашайт. Быйыл 102 жашка чыккан  энеге жыл сайын айыл аймагы тарабынан камкордук көрүлүп келет. Быйыл да  Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан Токторалиева Зуура энеге алдыдагы кышка карата  көмүр жана жыгач отун  жаатында камкордук көрүү максатталууда. Бул тууралуу айыл аймактын кызматкери Токтобү Дубанаева билдирди.

М. Эшназаров