Архив за месяц: Июль 2017

Дин иштери боюнча облустук көчмө жыйын болду

Бүгүн раймамадминистрациянын жыйындар залында КР. Коргоо Кеңешинин 2014—жылдарга карата кабыл алынган Концепциясынын  багыттарын турмушка ашырууга жана 2017-жыл -ыйман, адеп жана маданият жылына карата облустук маанидеги көчмө жыйын болду.

Көчмө жыйынга облустук дин башкармалыгынын жетекчилиги,  он эки район, шаарлардан келген имам хатибдер жана райондук мекеме, ишканалардын кызматкерлери катышты.20170727_111925 20170727_111932 20170727_113048 20170727_113125

Көчмө жыйында алгач  адеп-ахлак жана маданият тууралуу слайд шоу тартууланды.

Андан соң, күн тартибине ылайык, Чаткал районунун баш имам хатиби Токонов Кубаныч ажы райондук хатибиятта өткөн алты айда аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.

Мындан сырткары, ынтымакты даңазалоо, диаспоралар аралык ынтымакты бекемдөө, диний экстремизм жана терроризмдин алдын алуу маселелери талкууланды.

Көчмө жыйын соңунда, облус казысы Закиров Абдулазиз кары  көчмө жыйынды уюштурууда жакындан жардам көрсөткөн райондук жетекчиликке ыраазылык билдирип,  район акими Канжарбек Эшалиевге «Ыраазылык» тапшырды. Буга кошо эле, Терек-Сай айыл аймагынын имам хатиби Умаров Нармырза жана Кызыл-Токой айылынын имамы Бүркүтбаев Раталы облустук казияттын ал эми,  Каныш-Кыя айылынын имамы Акулов Улан жана Сумсар айылынын имамы Полотов Мавлян райондук хатибияттын «Ардак Грамоталары» менен сыйланышты.

Эскерте кетсек, көчмө жыйын буга чейин Майлы-Суу, Таш-Көмүр, Ала-Бука жана Жалал-Абад шаарларында өткөрүлгөн.

Көчмө жыйын жакынкы күндөрдө Тогуз-Торо районунда өткөрүлмөкчү.

М. Эшназаров

Жарыя!

Долбоордун аталышы: Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү долбоору-2

 

Каржылоо булагы: IFAD

 

Контракт номери: IFAD-J-A-CH-Кanysh-Kya-2017-5

 

Каныш-Кыя жайыт комитетинин жана кичидолбоордук топтун тендердик комиссиясы

 

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагы.

“Каныш-Кыя айыл аймагынын Тулеберди-Сай-Токойлуу суусуна мал отуучу копуро куруу”    кичидолбооруна

 

Т Е Н Д Е Р   Ж А Р Ы Я Л А Й Т

 

Тендердик котировкалар 2017-жылы 7-август саат 16-00го чейин Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн имаратынын жайыт комитетинин кабинетинде кабыл алынат.

Тендердик заявкалар 2017-жылдын 7-август саат 16-00дө Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн имаратынын жайыт комитетинин кабинетинде ачылат.

 

Тендердик документтердин пакетин жана кошумча маалымат алуу үчүн Ж Камчыбеков  жана М Райимбековдон  төмөндөгү телефондор аркылуу байланышсаңыздар болот.

Байланыш тел.: 0777240036; 0551668188; 0778 56 52 81

Жарыя!

 

Долбоордун аталышы: Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү долбоору-2

 

Каржылоо булагы: IFAD

 

Контракт номери: IFAD-J-A-CH-Кanysh-Kya-2017-4

 

Каныш-Кыя жайыт комитетинин жана кичидолбоордук топтун тендердик комиссиясы

 

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагы.

“Каныш-Кыя айыл аймагынын Тулеберди-Сай суусуна мал отуучу копуро куруу”    кичидолбооруна

 

Т Е Н Д Е Р   Ж А Р Ы Я Л А Й Т

 

Тендердик котировкалар 2017-жылы 7-август саат 15-00го чейин Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн имаратынын жайыт комитетинин кабинетинде кабыл алынат.

Тендердик заявкалар 2017-жылдын 7-август саат 15-00дө Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн имаратынын жайыт комитетинин кабинетинде ачылат.

 

Тендердик документтердин пакетин жана кошумча маалымат алуу үчүн Ж Камчыбеков  жана М Райимбековдон  төмөндөгү телефондор аркылуу байланышсаңыздар болот.

Байланыш тел.: 0777240036; 0551668188; 0778 56 52 81

Жарыя!

Долбоордун аталышы: Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү долбоору-2

Каржылоо булагы: IFAD

Контракт номери: IFAD-J-A-CH-Кanysh-Kya-2017-3

Каныш-Кыя жайыт комитетинин жана кичидолбоордук топтун тендердик комиссиясы

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагы.

“Каныш-Кыя айыл аймагынын Кайын-Суу-Чонташ суусуна мал отуучу копуро куруу”    кичидолбооруна

 

Т Е Н Д Е Р   Ж А Р Ы Я Л А Й Т

 

Тендердик котировкалар 2017-жылы 7-август саат 11-00го чейин Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн имаратынын жайыт комитетинин кабинетинде кабыл алынат.

Тендердик заявкалар 2017-жылдын 7-август саат 11-00дө Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн имаратынын жайыт комитетинин кабинетинде ачылат.

 

Тендердик документтердин пакетин жана кошумча маалымат алуу үчүн Ж Камчыбеков  жана А Байдулетовдон  төмөндөгү телефондор аркылуу байланышсаңыздар болот.

Байланыш тел.: 0777240036; 0551668188; 0778 56 52 81

Жарыя!

Долбоордун аталышы: Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү долбоору-2

Каржылоо булагы: IFAD

Контракт номери: IFAD-J-A-CH-Кanysh-Kya-2017-2

Каныш-Кыя жайыт комитетинин жана кичидолбоордук топтун тендердик комиссиясы

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагы.

“Каныш-Кыя айыл аймагынын Кайын-Суу суусуна мал отуучу копуро куруу”  кичидолбооруна

Т Е Н Д Е Р   Ж А Р Ы Я Л А Й Т

Тендердик котировкалар 2017-жылы 7-август саат 10-00го чейин Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн имаратынын жайыт комитетинин кабинетинде кабыл алынат.

Тендердик заявкалар 2017-жылдын 7-август саат 10-00дө Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн имаратынын жайыт комитетинин кабинетинде ачылат.

 

Тендердик документтердин пакетин жана кошумча маалымат алуу үчүн Ж Камчыбеков  жана А Байдулетовдон  төмөндөгү телефондор аркылуу байланышсаңыздар болот.

Байланыш тел.: 0777240036; 0551668188;

Жарыя!

Долбоордун аталышы: Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү долбоору-2

Каржылоо булагы: IFAD

Контракт номери: IFAD-J-A-CH-Chatkal-2017-2

Чаткал жайыт комитетинин жана кичидолбоордук топтун тендердик комиссиясы

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Чаткал айыл аймагына

“Чаткал айыл аймагынын Кара-Корум суусуна мал отуучу копуро куруу”  кичидолбооруна

Т Е Н Д Е Р   Ж А Р Ы Я Л А Й Т

Тендердик котировкалар 2017-жылы 4-август 11-00го чейин Беш-Арал мамлекетик коругунун  имаратында жайгашкан Жайыт комитетинин кабинетинде кабыл алынат.

Тендердик заявкалар 2017-жылдын 4-август күнү саат 11-00дө Беш-Арал мамлекетик коругунун имаратында жайгашкан Жайыт комитетинин кабинетинде ачылат.

Тендердик документтердин пакетин жана кошумча маалымат алуу үчүн М. Матишев жана А. Эшдоолотовго  төмөндөгү телефондор аркылуу байланышсаңыздар болот.

Байланыш тел.: 0778849398; 0551996888;

Жарыя!

Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкү бош орунга ачык сынак жарыялайт.

Башкы адис-1 (бир) орун.

Мамлекеттик кызматчыларга коюлуучу талаптар;

1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга,

2)  Мамлекеттик кызмат үчүн 21 жаштан жогору болуусу,

Квалификациялык талаптар;

Башкы адис.

1. Кесиптик билими

-жогорку кесиптик билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, тоо кен тармагы боюнча)

2. Стажы жана адистиги боюнча иш тажрыйба;

-мамлекеттик же муниципалдык кызматта 1 жылдан кем эмес, же кесиби боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы болушу;

3. Сынакка катышуу үчүн документтер;

-бош кызмат ордун көрсөтүү менен жеке арыз сынактык комиссиянын төрагасына (контакттык телефон номери менен)

-кадрларды эсепке алуу боюнча баракча, сүрөтү менен

-резюме, сунуш каттары, өмүр баяны;

— билим жөнүндө, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же, илимий наам ыйгарылгандыгы жөнүндө дипломдордун көчүрмөлөрү, эмгек китепчесинин, паспорттун көчүрмөлөрү, аскер билетинин  көчүрмөсү ( эмгек китепчесинин жана дипломдордун көчүрмөлөрү нотариустан же, иштеген жердеги кызматчыларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт)

Документтерди кабыл алуу жарыя сайтка чыккандан баштап 10 жумушчу күн жүргүзүлөт.

Керектүү документтерди төмөнкү дарекке тапшырууга болот;

Чаткал району, Каныш-Кыя айылы, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы. Сурап билүү үчүн телефон номерлери-(03749) 60310, 60030,

Эскертүү; Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлерге сынактын өтө турган күнү кошумча маалымдалат.

Балдардын жаңы эс алуу жайы ачылды

Бүгүн Чаткал районунда «Чаткал-Жеткинчек» балдар эс алуу жайынын ачылыш салтанаты болду.

Салтанатка КР. Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Рысбек Ызабеков жана КР. Өкмөтүнүн Талас облустук ыйгарым өкүлүнүн орун басары Чолпон Төрөкулов баштаган коноктор катышты. 20170705_131544 20170705_131803 20170705_132211 20170705_132500 20170705_133308 20170705_133132 20170705_133459 20170705_110224 20170705_105102 20170705_105057

Ачылыш аземинде район акими Канжарбек Эшалиев буга чейин райондо бир гана «Орленок» эс алуу жайы болгондугун жана ал район борборунан 200 чакырым алыс болгондуктан, район борборуна жакын, ыңгайлуу тоо койнуна жаңы балдар эс алуу жайы ачылгандыгын айтты.

Ыйгарым укуктуу өкүл Рысбек Ызабеков облуста азыркы кезде 18 балдар эс алуу жайларында 3 миңдей балдар эс алып жаткандыгын, алыскы тоолуу райондо балдар эс алуу жайы ачылып жаткандыгы чоң жетишкендик экендигин белгиледи.

Башка коноктор да куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, балдар эс алуу жайына ийгилик каалашты.

Аземдин жүрүшүндө, райондо буга чейин бир топ мектеп жана бала бакчалар курулуп, райондун билим берүү тармагында чоң жетишкендиктер болуп келе жаткандыктан, Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиевге аталган иштерге кошкон түздөн-түз салымы үчүн ыйгарым укуктуу өкүл Рысбек Ызабеков «Эл агартуунун отличниги» төш белгисин тапшырды.

Жаңы ачылган балдар эс алуу жайында 50 бала 10 күн эс алышат. Балдардын биринчи агымы эс алып кеткен соң, экинчи агымын кабыл алуу күтүлүүдө.

Бул жер мурда эс алуу жайы болгон, эми балдар эс алуу жайына айландырылды.

М. Эшназаров