Архив за месяц: Июнь 2017

Сумсарда 10 жылдык бүтүрүүчүлөр машыгуу залын ачып беришти

Баарыбызга  белгилүү   мектепти  бүткөндө  10, 20  жыл  деп  юбилей катары  белгилөө   бардык  жерде  салтка  айланып  калды. Албетте  10 жыл  бою  бир  класста  окушуп   кеткен  классташ   курбулардын   минтип  жолугушууларды уюштуруп, чер  жазыша сырдашып  отурушу  жакшы деңизчи,  бирок  бир  өкүнүчтүүсү  миңдеген   сом  акча   ар  түрдүү   спорттук   мелдештерди   өткөрүү    менен  дүнгүрөткөн   той  беришип   асманга  сапырып  кеткендей  эле  болуп   келген.  Бирок  сонку  мезгилде  чолулткан  акчаны  аздыр -көптүр  соопчулук  иштерге  жумшагандар да   чыгып жаткандыгы    кубандырат. Бул  да  болсо   адамдардын   жүрөгүндө   ыйман  куруунун   орношу  эмеспи.  Үстүбүздөгү   жылы  Сумсар   орто  мектебин  мындан 20 жыл  мурун бүтүп  кетишкен   окуучулар  жолугушууга  келгенде  акчаны курулай талаага  чачпай,  айылга  бир  пайдалуу    иш  жасоону  чечишкен. Натыйжада,  кенешип  туруп  айыл  аймактын  алдына  отургучтарды  орнотуп  беришти.  Буюруса,  эми  мындан  ары   айыл аймактын кеңсесине жумуштап келген айыл  тургундары  мурдагыдай бут  талып тик  турбай , олтурганга  да  ынгайлуу  болуп  калды.

Ал эми  мектепти  10 жыл  мурун  бүтүргөн  бүтүрүүчүлөр да   өздөрү  окуп  билим  алган   ак  мектебине   машыгуу  залын   ачып  берип  кубандырышты. Мындай  мыкты  белек  албетте келечек  ээлерине  да  мыкты  табылга  болду.  Мындан  ары    айылдын  боз  балдары көчө  таптабай   дал  ушул  залга  келип машыгып,  ден-соолугун  чындайт.

Т. Темиралиев

Бүтүрүүчүлөрдөн айтаарлык жардам

Быйыл май айында район мектептерин жылдагыдай эле, 10,20,30 жана 40 жыл мурда аяктап кеткен инсандар «учкан уясын» көргөнү келишип, мында  өздөрүнүн сагынычтарын таркатуу менен бирге эле, бир топ жардамдарды беришип, мектептерди жана мугалимдерди баалуу белектерге маарытышты.

Алсак, Т. Жаналиев атындагы орто мектебине 40 жылдык жолугушууга келгендер 40 000 сом акчалай, 30 жылдык жолугушууга келгендер 3 кой, 20 жылдык жолугушуу өткөргөндөр 100 000 миң сомдук компьтердик комплект, 10 жылдык өткөргөндөр 40 000 сомдук панель, 11-класстын бүтүрүүчүлөрү  20 000 сом нак акчалай жардамдарын беришти. Ал эми, С. Байдөөлөтов атындагы орто мектебинин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү 100 000 сом өлчөмүндө демөөрчүлүк кылышарын убада кылышты. Ошондой эле Терек-Сай орто мектебинин 10 жылдык бүтүрүүчүлөрү  7000 сомдук телевизор, мектептин быйылкы бүтүрүүчүлөрү люстра тапшырышты. М. Исмаилов орто мектебинин  20 жылдык бүтүрүүчүлөрү 20 000 сом акчалай жардам беришсе, быйылкы бүтүрүүчүлөрү мектепке 46 000 сом каражат жумшашып, музей курушуп жатышат. Мындан тышкары, Матишов Эдил мектепке 1000 сом демөөрчүлүк кылды. С. Мырзалиев атындагы орто мектебинин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү  25 000 сом,  10 жылдык бүтүрүүчүлөрү 5000 сом акчалай жардамдарын беришти. В. И. Ленин атындагы жатак мектебинин 10 жылдык бүтүрүүчүлөрү мектептин имаратын оңдоп-түзөөгө беришсе,  20 жылдык бүтүрүүчүлөрү  бир интерактивдүү доска,  30 жылдык бүтүрүүчүлөр 30 000 сом каражатка мектеп имаратын ондоп-түзөөгө жардам беришкен. Ал эми жатак мектебинин мурдагы бүтүрүүчүсү Асылбек Муратбеков 70 000 сомдук демөөрчүлүк кылды. А. Баймырзаев атындагы орто мектебинин 10 жылдык бүтүрүүчүлөрү теннис столун, 20 000 сомго дарбаза коюп беришти. Ал эми, мектептин быйылкы бүтүрүүчүлөрү тумба күзгү тапшырышты. Ж. Ташкеев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү мектепке 13 000 сомдук проектор  белек кылышты.

Б. Дилдебаев

Айдап себүү жумуштары толук аяктады

Райондо быйылкы айдап себүү жазгы талаа жумуштары толугу менен аякталды.  Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын берген маалыматына караганда быйыл Чаткал айыл аймагы боюнча жалпысы 648 гектар жер айдалып себилди. Анын ичинен  50 га жазгы буудай,  2 га арпа, 13 га жүгөрү, 78 га буурчак, 175 га картошка,  132 га жашылча, 20 га май өсүмдүгү, 180 га көп жылдык чөп,  Терек-Сай айыл аймагы боюнча жалпысы 51 гектар жер аянты айдалып себилсе, анын ичинен 16 га жүгөрү, 15 га картошка, 10 га жашылча, 10 га май өсүмдүгү, Сумсар айыл аймагы боюнча жалпысы 101 гектар жер аянты айдалып себилсе, анын ичинен 30 га жүгөрү, 30 га картошка, 28 га жашылча, 13 га май өсүмдүгү айдалып себилди. Ал эми Каныш-Кыя айыл аймагы боюнча жалпысы  1238 гектар жер аянты айдалып себилсе, анын ичинен  245 га жазгы буудай, 81  га арпа, 17 га жүгөрү, 158 га буурчак, 339 га картошка, 250 га жашылча, 35 га май өсүмдүгү, 113 га көп жылдык чөп айдалып себилди.

Быйылкы жылы район боюнча алып караганда жалпысы 2038 гектар жер айдалса, анын ичинен  295  гектар жазгы буудай, 83 гектар жазгы арпа, 76 гектар жүгөрү, 236 гектар буурчак,  559 гектар картошка, 418 гектар жашылча, 78 гектар май өсүмдүгү жана 293 гектар көп жылдык чөп айдалып, себилди.

Б. Дилдебаев

Жарандарга социалдык жактан жеткиликтүү колдоолор көрсөтүлүүдө

Чаткал районунда райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан ай сайын берилүүчү жөлөк пул алуучу үй-бүлөлөрдүн саны азыркы убакта 1574 түзүп, тактап айтканда 4103 балага жөлөк пул чектелип келүүдө. Бул көрсөткүч райондогу жалпы кожолуктун санынын 25,6 пайызын түзөт.  Аларга жыл башынан бери 22393,3 миң сом каржыланып, бир балага орточо 1091 сом 55 тыйындан жөлөк пул берилип келе жатат.

Ал эми мамлекеттик жөлөк пул алып жүргөн үй-бүлөлөр үчүн бала төрөлгөндө бир жолу берилүүчү жөлөк пул (сүйүнчү пул)  2700 сом болуп, быйылкы жылдын 5 ай аралыгында жаңыдан төрөлгөн 150 балага 427 миң 100 сом сүйүнчү пул төлөнүп берилди.

Мындан тышкары райондогу социалдык өнүгүү башкармалыгынын каттоосундагы ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 381 адамга, карылыгы боюнча 10 адамга, атасынан же энесинен ажыраган 91 адамга, “Баатыр эне” медалы менен сыйланган (карылыгы боюнча камсыздандыруу укугу жок жарандар) 2 энеге, тоголок жетим 2 балага, баардыгы болуп 486 адамга социалдык жөлөк пул чектелип, 7503,8 миң сом жыл башынан бери төлөнүп берилди.

Бүгүнкү күндө райондо жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай төлөнүүчү компенсациялар 7 категория боюнча 115 адамга өткөн 5 ай убакыт аралыгында 962 миң 500 сом болуп, ал акча каражаты тиешелүү адамдарга толугу менен берилди.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык өмүр бою берилүүчү стипендияларга кошумча 2015-жылдын 1-майынан тартып Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана катышуучуларына ай сайын1 адамга 7000 сомдон, ал эми өмүр бою берилүүчү стипендия 1 адамга 3000 сомдон төлөнүп келүүдө. Үстүбүздөгү жылдын 1-июнуна карата  райондогу Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусуна 50 миң 500 сом төлөнүп берилди.

Б. Дилдебаев

Камсыздандыруу төгүмдөрү ашыгы менен аткарылууда

Чаткал райондук социалдык фонд башкармасында 2017-жылдын 1-июнуна карата жалпысынан 78005,7 миң сомдук камсыздандыруу төгүмдөрү топтолуп, белгиленген план 106,4 пайызга, өткөн жылдын ушул убагына салыштырмалуу 132,1 пайызга аткарылып, 18970,1 миң сомго камсыздандыруу төгүмдөрү көп болгон.

Бүгүнкү күндө райондун аймагында жалпысынан 2769 пенсионер бар. Мындан 1891 адам жаш курагы боюнча, 592 адам майыптыгы боюнча жана 286 адам багуусунан ажырагандыгы боюнча пенсияларды алышууда. Жыл башынан бери район боюнча жалпысынан 70109,7 миң сомдук пенсиялар каржыланып, мындан 48731,4 миң сому почталык байланыш түйүндөрү жана 21408,3 миң сому райондогу банктар аркылуу төлөнүп берилди. Ошондой эле 39 адамга пенсиялар жаңыдан чектелип төлөнүүдө.

Балдардын жайкы эс алуу лагери ачылууда

 

 

Кайран СССР кулагандай кийин Чаткал өрөөнүндө мектеп окуучуларынын жайкы каникулда эс алуучу лагери да жок болгон эле. Эми минтип, жергиликтүү бийликтин аракети менен Өрдөш участкасындагы эс алуучу жайды окуучулардын эс алуучу лагерине айлантуу иштери жүрүп жатат. Азыркы учурда райондогу мүмкүнчүлүгү бар мекемелерге тиешелүү тапшырмалар берилип, уюштуруу иштери жанданууда.

Буйруса июль айынын алгачкы күндөрүндө мектеп окуучуларын кабыл алган лагердин алгачкы агымы башталмакчы. Азыркы учурда мектептердин мугалимдери лагерге барууну каалаган окуучуларды каттоого алышып жатышат.

Б. Дилдебаев

Биометрикалык паспорттор бериле баштады

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги №238 токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы-биометрикалык паспортко (е ID-карта) быйылкы жылдын май айынан баштап электрондук арыздары кабыл алынып бериле баштады. Бул паспорт 2017-жылдын аягына чейин акысыз берилет.  Жаңы паспортту алуу үчүн ар бир жаран өзүнө тиешелүү документи менен өзү келип тапшыруусу керек.

Ушул күнгө чейин Чаткал району боюнча райондогу паспорт виза жана каттоо иштери бөлүмү 346 жарандын электрондук арызын кабыл алып, 185 жарандын паспорттору берилди. Ал эми райондун аймагындагы  айыл аймактарына биометрикалык паспортту алуу тартиби боюнча маалыматтар элге маалымдоо үчүн толук жеткирилген.

Б. Дилдебаев

Жарандарга 254500 сомдук акчалай жардам берилди

Жыл башынан бери ушул мезгилге чейин Каныш-Кыя  айыл  аймагы  тарабынан  жардам сурап кайрылган жарандарга жана колдоого муктаж 52 үй бүлөгө жалпысынан 254500  сомдук акчалай жардам көрсөтүлдү.  Бул тууралуу айыл аймактын соцадиси Жайнагүл Осмонова маалымдады. Анын билдиришинче, акчалай жардам алгандардын арасында Орусияда иштеп жүрүп кырсыкка чалдыккан жарандар да бар. –Жардам сурап кайрылгандар Каныш-Кыя айыл аймагынын тургундары болбосо да жардам берип келебиз. Жарандарыбыз оор кырдаалга кептелген учурда жолун таап жардам берүүгө аракеттенебиз-дейт Ж. Осмонова.

М. Эшназаров

Жумуш орундары ачылууда

Өткөн жылдан бери Каныш-Кыя айыл  аймагында жакыр үй бүлөлөрдү  колдоо жана жаңы жумуш орундарын түзүү  багытында алгылыктуу иштер аткарылып келүүдө.Изображение 4357 Изображение 4359 Изображение 4365 Алсак, өткөн 2016-жылда 25 аз камсыз болгон үй бүлөгө күнөскана курулуп берилип, бул иштерге 500 миң сом акча каражаты жумшалган эле. Быйыл да бул алгылыктуу иштер улантылууда. Тактап айтканда, 300 миң сом акча каражаты бөлүнүп, Каныш-Кыя  айыл  аймагына караштуу   Чакмак-Суу айылынан 3, Башкы-Терек  айылынан  1, Коргон-Сай айылынан 2, Айгыр-Жал айылынан 6, Каныш-Кыя айылынан  7, жалпысы  19 аз камсыз болгон үй бүлөгө күнөскана  курулуп берилди.

Жалпысынан алганда,  өткөн жылдан бери Каныш-Кыя айыл аймагы  тарабынан аз камсыз болгон 44 үй бүлөгө бекер күнөсканалар курулуп берилип, жалпы жүзгө жакын тургун жумуш менен камсыздалды. Кошумчалай кетчү нерсе,  күнөсканага ээ болгон үй бүлөлөр помидор жана бадыраңдын уруктары менен жетиштүү түрдө бекер камсыздалды.

М. Эшназаров

Өрт коопсуздугунун эрежелерин сактаңыздар

Урматтуу районубуздун тургундары!

Эгин талааларында жана чөп жайыттарда жүргөндө төмөнкү эрежелерди  эсиңизден чыгарбаңыздар:

Күйүп жаткан ширенке жана тамеки калдыктарын ыргытпаңыз;

Отту топурак катмарына чейин тазалаган аянтчада гана жагыңыз;

Өрт кооптуу  мезгилде от жагып жана калдыктарды өрттөбөңүз;

Чай кайнатып же тамак жасаган соң, отту суу менен өчүрүңүз, же очоктогу чок толугу бойдон өчкөнгө чейин топурак менен комүп, отту толугу менен өчүрүп салыңыз.

Жаңы башталган өрттү, суу жалбырактуу дарактардындын бутактары менен же топурак чачып өчүрүңүз.

Эң оболу чөп, саман, пакал  ж.б.у.с. Тоютарды үйлөрдөн, сарайлардан, чаркаптардан 30-40 метрден кем эмес алыстыкта жайгаштыруу жана алардын айланасын жакшылап тосуу талапка ылайык. Тоютту ж.б. тез күйүп кетүүчү заттарды үйлөрдөн жана сарайлардын чатырында сактоо опурталдуу. Себеби кокусунан имараттын чатырынан өрт чыгып калса, жогорудагы аты аталган заттар өрттүн тез күйүп кетүүсүнө өбөлгө түзөт да, аны өчүрүү бир топ татаалдашат.  Тоютту аба аркылуу өтүүчү электр линияларынын астына жана жолдордун боюна жыюу да өрт коопсуздугунун эрежелерине дал келбегенин эстете кетмекчибиз.

Дагы бир айта кетчү орчундуу маселе, тандыр, очок, ж.б.у.с. ачык жалынды колдонуу менен байланышкан курулмалардан тоют жыйылган жерден  аралыгы 40 метрден кем эмес болуусу талап кылынат. Күл төгүү үчүн да атайын чуңкур казылып, ал да тоют жыйылган жерден мүмкүн болушунча алыс болуусу зарыл. Мындан сырткары, жаш балдарды көзөмөлсүз калтырбоо жана алардын ширенке менен ойноосуна жол бербөө керек.

Ар бир үй өрт өчүргүч шаймандар жана сууну запасы менен камсыз кылынышы зарыл. Себеби, бул  кокусунан өрт чыгып калса, өрт өчүрүүчү бөлүмчө келгиче, өрттүн тез күч алып кетүүсүнүн алдын алат.

Өрт чыкса «101» телефонуна чалыңыздар. Эстетип кетебиз , уюлдук  телефондон  101ге чалуу акысыз.

Урматтуу  жердештер, өрттүн алдын алуу өз колубузда. Бул үчүн жогорудагы көрсөтүлгөн өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактасак тилсиз жоонун жолуна бөгөт койгон болобуз.

А. Жумабаев, Чаткал райондук  ӨКМКБнүн  инспектору, улук  лейтенант