Архив за месяц: Июнь 2017

Терек-Сайда унаа жолдорун асфальттоо иштери жүрүүдө

Терек-Сай айыл аймагындагы негизги көчөлөргө эми айдоочулар мурдагыдай  ой-чуңкурга кептелип, түйшүк тартуудан арылышат. Дегеним, Ак-Терек айылынан Терек-Сай айылына чейинки 8 чакырым аралыктагы борбордук көчө асфальтталмай болду. Терек-Сай айыл аймагы, “ Эти Бакыр Терек-Сай” жана “Интергрупп” компаниялары арасында  үч тараптуу келишим түзүлүп, учурда асфальт төшөө башталды.

Т. Темиралиев

Чаткалда 100 гектар төө бурчак эгилди

тоо бурчак талаасы 5Быйыл Талас облусунан келген “Бактал” айыл чарба кооперативи Башкы-Терек айылындагы “Жүз он” участкасына 100 гектарга  төө бурчак эгип, учурда тегиз чыккан маалы. Бул тууралуу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынан билдиришти. Башкармалыктын кызматкерлеринин билдиришинче, төө бурчактын түшүмү ойдогудай алынса, келерки жылдардан тарта Чаткалда төө бурчак эгүү жайылтылмакчы.

Б. Дилдебаев

Жол кырсыктары былтыркыдан аз катталды

Районубузда өткөн 6 ай аралыгында 2 ирет жол кырсыгы катталып, өткөн 2016-жылдын 1-жарым жылдыгына караганда бирөөгө  аз болду.  Былтыркы жылдын 1-жарым жылдыгында 3 жол кырсыгы катталган эле. Бул тууралуу Чаткал РИИБнин патрулдук милиция бөлүмчөсүнүн ага инспектору, милициянын ага лейтенанты Сагынбек Абдиев билдирди. Анын билдиришинче, милициянын патрулдук бөлүмчөсүнүн кызматкерлеринин тынымсыз аракеттеринин, айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү жол эрежелерин сактоону эскертүүлөрүнүн жана ар кандай мызамдан тыш аракеттерге өз убагында чара көрүүнүн натыйжасында жол кырсыктары азаюуда.

М. Эшназаров

Айрым жапайы жаныбарларга аңчылык кылууга чектөө киргизилди

Жаныбарлар дүйнөсүн коргоо, калыбына келтирүү, сактоо жана көбөйтүү максатында «Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө» жана «Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө» КР мыйзамдарына, «КР Өкмөтү жөнүндө» КР. Конституциялык мыйзамынын 10- жана 17-беренелерине ылайык, 2017-жылдын 1-июлунан 2020-жылдын 1-июлуна чейин аркар, кулжа, тоо эчки, каман жана уларга аңчылык кылууга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Чаткал токой чарбасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, азыркы кезде Чаткал токой чарбасына аталган токтомдун негизинде иш алып баруу башталды.

М. Эшназаров

70 жылдык мааракени утурлап…

Быйыл күзүндө өтчү КР. токой чарбасынын түзүлгөндүгүнүн 70 жылдык маарекесине карата Чаткал райондук токой чарбасында кызуу даярдыктар жүрүүдө. 20170623_11151120170623_112142Тактап айтканда, мекеменин имаратынын айланасы темир тосмолонуп, ичине чакан бакча тигилүүдө. Бул тууралуу токой чарбасынын директору Курманалы Анарбаев билдирди. Ал мындан сырткары, токой чарбага кампа курулуп жаткандыгын да маалымдады.

М. Эшназаров

Тоютту сактоодо өрткө жол бербейли

Урматтуу жердештер, учурда төрт түлүк мал үчүн тоют камдоодо, өрт коопсуздук эрежелерине токтолуп кетмекчибиз.

Эң оболу чөп, саман, пакал  ж.б.у.с. Тоюттарды үйлөрдөн, сарайлардан, чаркаптардан 30-40 метрден кем эмес алыстыкта жайгаштыруу жана алардын айланасын жакшылап тосуу талапка ылайык. Тоютту ж.б. тез күйүп кетүүчү заттарды үйлөрдөн жана сарайлардын чатырында сактоо опурталдуу. Себеби кокусунан имараттын чатырынан өрт чыгып калса, жогорудагы аты аталган заттар өрттүн тез күйүп кетүүсүнө өбөлгө түзөт да, аны өчүрүү бир топ татаалдашат.  Тоютту аба аркылуу өтүүчү электр линияларынын астына жана жолдордун боюна жыюу да өрт коопсуздугунун эрежелерине дал келбегенин эстете кетмекчибиз.

Дагы бир айта кетчү орчундуу маселе, тандыр, очок, ж.б.у.с. ачык жалынды колдонуу менен байланышкан курулмалардан тоют жыйылган жерден  аралыгы 40 метрден кем эмес болуусу талап кылынат. Күл төгүү үчүн да атайын чуңкур казылып, ал да тоют жыйылган жерден мүмкүн болушунча алыс болуусу зарыл. Мындан сырткары, жаш балдарды көзөмөлсүз калтырбоо жана алардын ширенке менен ойноосуна жол бербөө керек.

Ар бир үй өрт өчүргүч шаймандар жана сууну запасы менен камсыз кылынышы зарыл. Себеби, бул  кокусунан өрт чыгып калса, өрт өчүрүүчү бөлүмчө келгиче, өрттүн тез күч алып кетүүсүнүн алдын алат.

Өрт чыкса «101» телефонуна чалыңыздар. Эстетип кетебиз , уюлдук  телефондон  101ге чалуу акысыз.

Урматтуу  жердештер, өрттүн алдын алуу өз колубузда. Бул үчүн жогорудагы көрсөтүлгөн өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактасак тилсиз жоонун жолуна бөгөт койгон болобуз.

 

А. Жумабаев, Чаткал райондук  ӨКМКБнүн  инспектору, улук  лейтенант

Айгыр-Жалда футбол оюну жанданууда

Районубуздун Айгыр-Жал айылындагы былтыр курулуп, жаңыдан ишке берилген стадиондо жаштар  арасында футбол  оюну боюнча мелдеш өтүүдө.

IMG-20170619-WA0001 IMG-20170619-WA0009 IMG-20170619-WA0001 IMG-20170619-WA0008 IMG-20170619-WA0003Өз ичине 18 жаштан 30 жашка чейинки жаштардан турган  он  чакты команданы камтыган мелдештин байге фонду катышуучулар тарабынан топтолгон каражаттан түзүлүп,  жеңүүчүлөргө акчалай байгелер ыйгарылат.

-Футбол боюнча мелдештер былтыр башталган. Бүгүнкү күндө да, футболдук мелдештер кызуу жүрүүдө.  Бул жуманын башында 1992-жылы төрөлгөн жаштар мелдешти уюштурушуп, 1995-жылы төрөлгөн жаштарга кезекти салтанаттуу түрдө өткөрүп беришти. Эми, алар бир күндү белгилешип,  өткөрүп беришет. Мелдештер кеч күзгө чейин уланат — дейт мелдештин катышуучусу  Нурсултан  Наралы уулу.

М. Эшназаров

Жалал-Абад ОИИБнин жетекчилиги районго келди

Жалал-Абад областтык ички иштер башкармасынын башчысы, милициянын полковниги Мамасеитов Акылбек Садырбекович жетектеген ОИИБнын орун басары, милициянын подполковниги А. Хажиматов, ОИИБнын штабынын башчысы, милициянын подполковниги К. Сариев, ОИИБнын ички коопсуздук кызматынын башчысы, милициянын майору Б. Маматов, ОИИБнын кадрлар бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги Э.Тажиев,  ОИИБнын патрулдук милициянын башчысы, милициянын подполковниги А Досовдор Чаткал районуна иш сапары менен келишип, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К. Эшалиев менен биргеликте Чаткал РИИБнүн өздүк курамы жана райондун жашоо шарты менен жакындан таанышты.21

Областтык ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги А. Мамасеитов райондук ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы менен таанышуунун алдында  райондук ички иштер бөлүмүндө көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан РИИБнүн казына башчысы Турсунбаева Гүлчехра Хамидовнаны Кыргыз Милициясынын “90-жылдык” төш белгиси медалы менен сыйлады. Ал эми Чаткал райондук патрулдук милиция бөлүмчөсүнүн ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана коопсуздукту камсыздоодо ыкчам чараларды жүргүзүү үчүн ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү автоунаасын тапшырды.

Өздүк курам менен болгон жолугушуу учурунда ОИИБнын башчысы, милициянын полковниги А. Мамасеитов кызматкерлердин жашоо шартына, кызмат орундары жана кызматкерлердин окуу деңгээлине терең токтолуп, кенже курамдын кызматкерлерин жогорку окуу жайларга тапшыруусуна, ар бир кызматкердин жогорку кесиптин ээси болуусу керектигин айтып өттү. Ошону менен катар эле өздүк курамдын жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгүнө баа берип, атуулдар менен кылдат жана сылык мамиледе болуп, райондук мамлекеттик администрация жана айыл аймактарынын кызматкерлери менен тыгыз байланышта иш алып баруусуна токтолуп, РИИБнүн кызматкерлеринин берген суроолоруна жооп берип, муктаждыктарын чечүүгө убадасын берди.

О. Өскөнбаев, РИИБнүн башчысынын кесиптик жана дене-тарбия боюнча орун басары, милициянын подполковниги.

Сурьма казгандар өз коопсуздуктары үчүн күйүшсө дейм…

Ооба  десеңизчи,  “ Көр  тириликтин айынан  Тиленбай  сартка  үч  тийдим” –деп  күйгөнүнөн бирөө айтса  керек. Анын  сынары   көр  тириликтин  көйгөйү  пендени  оттон  алып  сууга, суудан  алып  отко салып дегендей өз элегинде каалагандай өкчөйт тура.  Ыраматылык  союз  мезгилинде   баары  жумуш   менен  камсыз  болуп турган үчүнбү, телегейи  тегиз  көрүнчү. Союз  таркаганы ыдырап баары өз алдынча болгон өлкөлөр “баштагынын бири жок, каран калган дүйнө бок” болуп алапайын таппай калышпадыбы. Баардык  жерде  жумушсуздук    башкы  көйгөйгө  айланды.  Дал ушул  жумушсуздуктун  айынан    далай  мекендештерибиз    дүйнө  кезип  жүрүшөт.  Караламан  жумушчуну мындай кой,   жогорку  билимдүү   адистер  маянанын  аздыгынан   кызматтарын  таштап   чет  жакта  көчө  шыпырып, пол жууп, айтор үй-бүлөсүн бакканга киришти.   Анан  кантмек, жашоо  үчүн  күрөшү  керек.  Алар  ак  эмгек  менен  акча  таап  үй-бүлө  багууда.   Ошол  эле  мезгилде   чет  өлкөгө    кете албагандар  же  ал  жактан  кара  тизмеге  киргендер  аргасыз болуп калышты. Алла таалам ар  бир  пендеге ар кандай өлчөмдө ырыскы бөлүп, анысын ар кай жерге чачып койгон тура.   Кенебеген  кен  пейил    элибизди кейишке салбай,  кен  байлыкты  мол  бериптир.  Союз ыдыраган 90-жылдары    көпчүлүк  аймактын  алапайын  таппай  калган тургундары алтын  казып  күн  кечиришти.  Азыр  да  бул  багытта   алектенгендер  арбын.  Бирок  алтындын  кол  күчү  менен   казып  алуучу  запастары  улам азайып, сонку  мезгилде  кыйынчылык  жаратып  жаткандыгы  маалым.  Бул   Ала-Бука-Чаткал жергесине  да  мүнөздүү  көрүнүш  эмеспи.

Дал  ушундай  шартта  Терек-Сайдагы   таштанды  шахтыларга  кирип  сурьма  казуу “өнөктүгү”   башталды.  Эбак  урандыга айланган    бул  шахтыларда   иштөө үчүн эч кандай  шарттары  жок. Бирок  “буюкканга  жылдыз  ай  болуп көрүнгөдөй” тиричиликтен  кыйналгандарга  бул  да  тоскоол  боло  албады.   Түндөп-күндөп  сурьма  казып   сатышып,   жашоо үчүн  күрөш  уланды.   Урандылардын  арасын тытып , анча-мынча  калган  сурьма калдыктарын  таап талкалап,   ондогон чакырым  аралыкка  оор жүктү аркалап  келип     сатышат.

Оолда шору арыбаган  шордуу  эл!

Эч  кандай  коопсуздук  чаралары   көрүлбөгөн   шахтыларда   азап  менен  акча  таап, кайран суйкайган жандар сурьманын газына уугуп, ден соолугунан ажырап, жамандыктын бетин ары кылсын айрым учурда күтүлбөнөн кырсыктар болуп, кулаган таштын алдында калып каза болгондору да жок эмес. Бирок  жумушсуздук   кендирин  кескен   элди   бул  коркунучтар  токтото  албай, кайра эле сурьмага азгырып келүүдө.

Болуп  жаткан  кырсыктарды  алдын  алуу  максатында   жергиликтүү  бийлик      тарабынан    далай  жолу  түшүндүрүү  иштери  жүргүзүлүп, ондогон    протоколдор  түзүлсө да сурьма казгандардын аягы тыйылаар эмес.  Албетте,  жашоо   үчүн  күрөшкөн сурьмачыларды деле түшүнүү керек. Бирок, бир гана өкүнүчтүү жагдай алардын ден соолугу, келечеги, анан өмүрү. Дегеним, дарыгерлердин атымында эч кандай коопсуздук чаралары көрүлбөй туруп, таш талкалап сурьма казуудан өпкөнүн силикос дартына кабылуу коркунучу бар. Мындан сырткары кен чыккан жерде уран болорун эске алсак, анда ден соолук үчүн чоң коркунуч турганын унутпайлы. Ошондуктан сурьма казгандар абайлашса.

 Т.Темиралиев

12 жаштагы өспүрүм бир тууган карындашын кырсыктан сактап калды

Өрт менен суу тилсиз жоо дейт эмеспи. Өзгөчө  быйылкы  жылдын  жаан-чачындуу  болушу   жер  көчкү,  суу  ташкындарын  пайда  кылып  өлкөбүздүн  аймагында  бир топ чыгымдар катталды.

Албетте   жогорудагылардын баары табигый кырсык. Бирок, байкоосуздуктан да мындай   табигый  кырсыктарга  дуушар  болгондор  жок  эмес.  Жакында  эле   Терек-Сай  айылында   дал  ушундай  окуя  болуп  өттү.  Ошол күнү Чымканаев  орто  мектебинин   5-классынын  окуучусу  Муратаалы  кызы Астра бир тууган  агасы  6-классынын  окуучусу  Султанмурат  менен  сууга  келишкен.  Кудай жамандыкты көрсөтпөсүн суу   толуп  ташып  турган  учур  эле. Кырсык  каш  кабактын  ортосунда  дегендей  Астра адатынча чакага  суу сузуп  алам  дегенде  суунун шары  суу куюлган чакага кошо  тартып Астраны  агызып  кеткен. Бир  тууганынын    агып  бара  жатканын  көргөн  агасы   дароо  сууга  секирип,  бир  топко  чейин агып  барып  жыйынтыгы  жакшы  нерсе  менен  аяктады. Суунун  шар  эмес  жайыраак  аккан  жерине  туш  болгон.  Болбосо  атту  адамды  агызайын  деген  суудан  аман-эсен   чыгуунун  өзү  кыйын эмеспи. Кудайга  шүгүр Астранын    ден-соолугу  жакшы. Учурда ойноп-күлүп жүрөт.     Ал  эми  карындашын  куткарган  Султанмурат   чынында  азамат экен.

Т.Темиралиев