Архив за месяц: Май 2017

Абдыжапар Умаров-Чандалаш айылына убактылуу аналогдук телеберүү коюлат

Чаткал айыл аймагынын Чандалаш айылына санариптик телеберүүнүн ордуна убактылуу аналогдук телеберүү коюлат. Бул тууралуу радиорелейлик станциялардын түштүк башкармалыгынын  директору Абдыжапар Умаров жакында районго болгон иш сапары учурунда билдирди. Анын маалымдашынча, санариптик станцияларды орнотууда айылдардын тизмеси такталганда, Чандалаш айылынын өзүнчө “айыл” статусу жок болгондуктан, айылдардын тизмесине кирбей калган. –Азырынча Чандалаш айылына КТРК каналынын аналогдук телеберүүсүн (АТР) коюп, аталган айылдын калкын бир телеканал менен камсыздап турабыз. Бул айылга санариптик телеберүү маселесин санариптик телеберүүгө өтүү жумушунун кийинки этаптарында чечебиз- деп билдирди Абдыжапар Умаров.IMG_20170507_115300

IMG_20170507_112048Белгилей кетсек, Чаткал районунда санариптик телеберүүнү орнотууда  Терек-Сай айылында да маселе жаралган.  Абдыжапар Умаровдун билдиришинче, бул айылга да санариптик телеберүүнү жеткирүү иши кийинки этапта жүзөгө ашырылат. Тактап айтканда,  аталга эки айылдын калкы убактылуу аналогдук телеберүүнү пайдаланышып, санариптик телеберүүгө өтүүнүн экинчи этабында заманбап телеберүү менен камсыздалмакчы.

М. Эшназаров

Айнура Темирбекова-Заманбап телеберүүгө өтүүдөбүз-деп прогрессивдүү ой жүгүртөлү

-Аналогдук телеберүү өчүрүлөт дебестен, заманбап санариптик телеберүүгө өтүп атабыз-деп прогрессивдүү ойлосок-деди КР. Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова Чаткал районунун калкы менен болгон жолугушуусунда. Себеби, аналогдук телеберүү заман талабына жооп бербей калгандыктан, 2006-жылы бир топ мамлекеттер, (анын ичинде Кыргыз Республикасы) аналогдук телеберүүдөн заманбап санариптик телеберүүгө өтүү боюнча Женева келишимине кол коюшкан. Кыргыз Республикасы бүгүнкү күндө, аталган келишимге ылайык, санариптик телеберүүгө өтүп жаткан кези.

IMG_20170507_112031 IMG_20170507_112048

Айнура Темирбековна санариптик телеберүүгө өтүү үчүн республика боюнча 54 станция коюлганын айтып, азыркы кезде республика калкынын 95 %ы санариптик телеберүүгө өткөндүгүн маалымдады. Кыргызстандын санариптик көрсөтүүгө өткөн телеканалдарынын катарынан  Орусиянын эки каналына да орун берилмекчи.

Кыргызстан тоолуу мамлекет болгондуктан, калкка санариптик телеберүүнү толук жеткирүү үчүн 54 даана станция орнотууга туура келген. Мисалы: Эстония мамлекети санариптик телеберүүнү калкка жеткирүүгө ыңгайлуу б.а. ойдуңу аз болгондуктан, анда тогуз гана станция орнотулган.

Айнура Темирбекова жолугушууда КР. Өкмөтү тарабынан 25 млн. сом акча каражаты бөлүнүп, Кыргызстандын 12 телеканалы спутникке чыгарылгандыгын билдирди.

Питомниктеги көчөттөр жетиле баштады

2015-жылы Чаткал токой чарбасы тарабынан Каныш-Кыя токой бөлүмүнө жети жүз миң сом акча каражаты жумшалып,  питомник түзүлгөн эле. Жалпы аянты 2 гектарды ээлеген бул питомникте бүгүнкү күндө теректин отуз миң даана, тянь-шань карагайынын беш миң даана, кызыл карагайдын беш миң даана ал эми, алманын миң даана көчөттөрү өстүрүлүүдө.

IMG_20170510_131138 IMG_20170510_132354 IMG_20170510_132312 IMG_20170510_133120 IMG_20170510_134346 IMG_20170510_132912

Буга кошо эле, беш сотых жерге тянь-шань карагайынын уруктары себилген. Бул көчөттөр жетилсе, район калкына сатыкка чыгарылат.

-Питомникте эки суугатчы жана бир күзөтчү иштейт. Жыл сайын жаз алды менен токой чарбанын жумушчулары питомниктеги көчөттөрдү отоо чөптөрдөн арылтышып, түптөрүн жумшартышып, арыктарды тазалашат.-деп билдирди токой кызматкери Жалил Иманалиев.

Азыркы кезде да питомникте көчөттөргө камкордук көрүү иштери кызуу жүрүүдө.

М. Эшназаров

 

Отуз миң даана терек көчөттөрү отургузулууда

Чаткал токой чарбасынын питомнигиндеги жетилген отуз миң даана терек көчөттөрү көчүрүлүп, Башкы-Терек токой бөлүмүнө тигиле баштады. Бул тууралуу Чаткал токой чарбасынын директору Курманалы Анарбаев билдирди. Анын маалымдашынча, Чаткал токой чарбасына караштуу токой бөлүмдөрүнө жыл сайын кошумча жаңы көчөттөр тигилет.

IMG_20170510_133220 IMG_20170510_133423

 

Мунун максаты-Чаткал токойлорун өз калыбында сактап, токой байлыктарын кийинки муундарга коромжусуз өткөрүп берүү болуп саналат.

— Токой чарбасынын питомнигинде терек көчөттөрүнөн сырткары, карагай жана алма көчөттөрү да бар. Алар жетилген соң, келечекте калкка сатыкка чыгарылып, жергиликтүү калкка да, жашыл жаратылышка да өз пайдасын бермекчи-дейт Курманалы Анарбаев.

М. Эшназаров

Чаткал айыл аймагында буудай себүү колго алынууда

Чаткал айыл аймагында быйыл буудай аянтын көбөйтүү колго алынууда. Аталган айыл аймактын башчысы Бактыбек Исабековдун билдиришинче, быйыл 50 га жерге буудай эгилмекчи.

Буга чейин эгин жыйноодо комбайндын жоктугунан улам, жергиликтүү тургундар буудай, арпа сыяктуу эгиндерди себе албай келишкен. Быйыл айыл аймак башчысы Бактыбек Исабеков жергиликтүү дыйкандарга комбайн маселесин чечип берүүнү убада кылгандыктан, алар буудай себүүнү кайрадан колго алышты.IMG_20170509_174233 IMG_20170509_191947 IMG_20170509_191957 IMG_20170509_185836 IMG_20170509_190031 IMG_20170509_192113

-Буудайды биз ун катары гана пайдаланбастан, малдарга тоют катары да пайдаланабыз. Буудай эгүүгө шарт түзүп берген айыл аймак башчысына ыраазыбыз-дешет жергиликтүү дыйкандар Алмаз Козубаев жана Жумабек уулу Каныбек.

Эскерте кетсек, мурдагы жылдарда буудай аянты таптакыр азайып, өткөн жылы Чаткал айыл аймагында буудай себилген эмес.

М. Эшназаров