Архив за месяц: Апрель 2017

Өзгөчө окуя! Кар көчкүнүн астында 44 күн калган ит аман— эсен табылды

Үстүбүздөгү жылдын 18-февралында Жаңы— Базар айылынын тургуну Бектурганов Конушбайдын короосуна кар көчкүсү түшүп, сарайын жана ашканасын басып калган эле. Кар көчкүнүн кесепетинен К. Бектургановдун жети баш кою өлгөн. К. Бектурганов кар көчкүдөн соң, итинин жоголуп калганын— кар көчкүнүн алдында калып, өлдү го— деп ойлоп калган эле. Минтип, кесепеттүү окуядан 44 күн өткөн соң, тагыраагы, 4-апрелде кар көчкүнүн алдынан ити аман— эсен табылып олтурат.IMG-20170411-WA0014 IMG-20170411-WA0011 IMG-20170411-WA0017 IMG-20170411-WA0012

К. Бектурганов өзү бул өзгөчө окуя тууралуу буларды айтып берди— Итибиз түнкүсүн тандырдын астында жатчу. Кар көчкү келип, тандырды басканда, ит ал жерден чыгууга үлгүрбөй кала берген экен да. Мен 4- апрель күнү сыртта жүрсөм, капыстан иттин кыңшылаганы угулду. Үндү тыңшап басып баратып, бутум бир жерге түшүп кетти. Бутумду сууруп, ал жерди карасам, итим жатат. Көтөрүп, сууруп алсам, бечара ит арыктап, улактай эле болуп калыптыр. Муздак, сыз жерде жата берип, каптал жүндөрү тшүп, кызыл эти көрүнүп калыптыр….

Бир сындырым нан берсем ит дароо жеп алды. Анан, дагы нан берип, кийин тамак жасап берсек оңолуп кетти.—

«Кырк жыл кыямат болсо да, бейажал чымын өлбөйт— демекчи, кар көчкү астында дээрлик бир жарым ай ачкарын жаткан ит азыр бир топ оңолуп,  короо кайтарып, өз озуйпасын аткарууда.

М. Эшназаров