Архив за месяц: Апрель 2017

Согуш ардагерине колдоо көрсөтүлдү

Алдыдагы Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына карата Чаткал айыл аймагынын Курулуш айылынын жашоочусу, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Көчөрбай Таласбаевге Чаткал айыл аймагы тарабынан 17000 сом акчалай колдоо көрсөтүлдү. Бул тууралуу Чаткал айыл аймагынан билдиришти.

Эскерте кетсек, ардагер К. Таласбаев Чаткал районундагы азыркы кездеги жалгыз согуш ардагери болуп саналат.

М. Эшназаров

Турак жайларыбызды өрт кырсыгынан сактайлы

      Көпчүлүк учурда  өрт кырсыгы турак үйлөрдө болот. Адамдардын отко шалаакы жана камырабастык менен мамиле кылуусу көп учурда өрттүн чыгышына себепкер болуп калат. Ыргытып ташталган тамеки калдыгы, түйүндөргө сайылган боюнча унутта калган электр шаймандары, кароосуз калтырылган балдар, бузулган меш анчалык деле өзгөчөлүгү жоктой сезилет, бирок мына ушундан орду толгус кырсыктар болуп өтөт — үйлөр, үй мүлктөрү күйүп, кээбир учурда адамдар да каза болот.

Кантип өрттүн алдын алууга болот:

Бул үчүн өрт коопсуздугунун өтө жөнөкөй жана аткарууга мүмкүн болгон эрежелерин сактоо керек.

Өрттүн чыгуу себептери: отко этиятсыз мамиле кылуу, балдардын от менен ойноосунан, турак үйлөргө жана имараттарга жакын жайгашкан таштандыларды күйгүзүү, тамеки тартуудагы этиятсыздык, электр зымдарынын кыска туташуусу, мештерди пайдаланууда өрт коопсуздугунун эрежелеринин бузулушунан, мештер-моорлордун туура эмес курулгандыгынан жана башка ушундай сыяктуу себептерден өрт кырсыгы келип чыгат. Ошондуктан урматтуу мекендештер, өрттүн алдын алуу ар бирибиздин колубузда. Бул үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактап, кайдыгерликтен алыс болуубуз талап кылынат. Урматтуу мекендештер, ушул макалада өрттүн чыгуу себептерин чагылдыруудан максатыбыз, Сиздерди өрт коопсуздугунун эрежелерине так болууга чакыруу. Элибизде, «Сактыка кордук жок», — деген накыл сөз бар. Бул сөз жөндөн— жөн эле айтылган сөз эмес. Кандай гана ишке болбосун, кайдыгер мамиле жасалса, анын арты өкүнүч менен бүтөт.

Андыктан ар дайым эсиңиздерде болуусу зарыл: балдарды кароосуз калтырбаңыз, балдардан ширенкелерди катып салыңыз, күйүп турган ширенке жана тамекилердин күйгөн калдыктарын таштабаңыз, тиричиликке керектүү электр шаймандарын, радио-теле аппаратураларын, газ плиталарын иштеген бойдон кароосуз калтырбаңыз, электр жылыткыч шаймандарын күйүп кетүүчү буюмдарга жакын орнотпоңуз, имараттарга (курулуштарга) жакын от жакпагыла жана өрт кооптуулугу күчөгөн маалда калдыктарды өрттөбөңүз, ачык күйгөн от менен бөлмөнү жылытпаңыз, электр жана газ шаймандарын түнкү же үйдөн кеткен учурда күйгөн боюнча калтырбаңыз, жашы жете элек балдардын газ жана электр шаймандарын колонууга жол бербеңиз.

Урматтуу жердештер, өрттүн алдын алуу ар бирибиздин колубузда. Кайдыгер болуу менен бирге өрткө өбөлгө түзүп, артынан өкүнүп калбайлы. Өз маңдай терибиз жана ак эмгегибиз менен тапкан байлыгыбызды кайдыгерликтин себебинен «тилсиз жоонун» чеңгелине салып бербейли. Ошондуктан өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактап, кайдыгерликтен алыс болуубуз талап кылынат. Биз ошондо гана тилсиз жоонун жолуна бөгөт койгон болобуз.

Өрт учурунда эмне кылуу керек: Өрт жөнүндө үн чыгаруучу сигналдар менен кабарлоо, өрт болуп жаткандыгы тууралуу 101 телефонуна кабарлоо, адамдарды сактап биринчи жардамды көрсөтүү, колдо болгон каражаттар менен өрттү өчүрүүгө киришүү, материалдык баалууктарды жана жаныбарларды эвакуациялоо – булар өрт учурундагы зарыл болон эң биринчи аракеттер.

Өрттү өчүрүүнүн ыкмалары: Жалындап күйүп жаткан керасинка, керогаздарды жууркан-төшөк менен, бышык кездеме же кийим менен жаап салуу керек. Жерге төгүлүп күйүп жаткан суюктуктарды кум же топурак менен, күйүп жаткан эмеректерди жана буюмдарды суу төгүү менен өчүрүүгө болот. Өрт пайда болгон учурда токтоосуз түрдө өрткө каршы кызматын чакырып жана алдын ала өрттөнүп жаткан имараттан адамдарды эвакуациялап, колдо болгон каражаттар менен өрттү өчүрүүгө киришүү керек.

Бул макалада баяндалган өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо. Сиздин турак жайыңызды жанан мүлкүңүздү өрттөнүп жок болуп кетүүдөн сактайт. Өрт учурунда адамдардын курман болуусун четтетет.

И. Кубатбеков, Чаткал  райондук Өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн башчысы, капитан                                                                                             

 

«Тилсиз жоодон » сактаналы

Урматтуу жердештер, акылман элибиз өрттү «тилсиз жоо», — деп бекеринен атаган эмес. Жалынды колдонууда ага кылдат мамиле кылбаса, ал биз үчүн «жоого» айланат. Урматтуу мекендештер, жаркыраган жаз айы келип тазалоо иштери кызуу жүрүп жаткан мезгил. Айыл жерлеринде топтолгон таштандыларды жана күзгү жалбырактарды өрттөө учурунда, өрт коопсуздук эрежелерин так сактабасак натыйжада олуттуу зыяндарды алып келүүсү мүмкүн. Статистикага карасак, өткөн 2016-жылдын март жана апрель айларында таштандыларды өрттөөдө өрт коопсуздук эрежелери так сакталбагандыктан улам районубуздун аймагында 8 жолу өрт кырсыгы катталып, натыйжада олутуу чыгымдарды  алып келген. 

Урматтуу мекендештер, кандай гана ишке болбосун, кайдыгер мамиле жасалса, анын арты өкүнүч менен бүтөт. Ошондуктан урматтуу мекендештер, өрт коопсуздугунун эрежелерине так бололу. Кайдыгер болуу менен бирге өрткө өбөлгө түзүп, артынан өкүнүп калбайлы. Өз маңдай терибиз жана ак эмгегибиз менен тапкан байлыгыбызды кайдыгерликтин себебинен «тилсиз жоонун» чеңгелине салып бербейли.

А. Жумабаев, Чаткал  райондук өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн инспектору, лейтенант                                           

Дарыя жээктерин бекемдөө иштери колго алынды

Жергиликтүү калктын суроо-талабы менен Чаткал өрөөнүнө жаз келгенден баштап, Чаткал дарыясынын Чаткал айыл аймагын кесип агып өткөн бөлүгүнүн кооптуу жерлерин бекемдөө иштери колго алынды. Тактай кетсек, Курулуш айылындагы үйлөргө кооптуулук жаратып жаткан суу жээгин бекемдөө иштери жүзөгө ашырылып, мында, узундугу 270 метр, ал эми тереңдиги 4 метр болгон канал казылып, айылдагы үйлөргө коркунуч келтирип жаткан суу агымынын негизги бөлүгү коопсуз тарапка бурулду.

курулуш суу жээги IMG_20170425_101153 курулуш суу жээги IMG_20170425_101214 курулуш суу жээги IMG_20170425_101211Буга кошо эле, суу агымын күчөтүп жаткан Жарты-Суу суусунун куймасы да атайы казылган канал аркылуу коопсуз абалга келтирилди. Бул иштерге КР.ӨКМ тарабынан 3,5 тонна күйүүчү май ал эми, Чаткал айыл аймагы тарабынан 27 миң сом каражат сарпталды. Канал казуу иштерине “Консалитед Аурум” кен фирмасынын эксковатору пайдаланылды.

М. Эшназаров

Көпүрөлөрдү бекемдөө иштери жүрүүдө

Чаткал айыл аймагынын Жаңы-Базар айылындагы Чаткал дарыясына курулган мал жана жөө адамдар өтүүчү көпүрөнү бекемдөө иштери жүрүүдө. Аталган жумуш Чаткал айыл аймагы тарабынан жүргүзүлүп,  негизги жумуштарга өз ара сүйлөшүүлөрдүн негизинде “Конслитед Аурум” фирмасынын 2 даана оор техникасы тартылды. Буга кошо эле, кара жумуштары айыл тургундары  тарабынан бүткөрүлүүдө.

жаныбазар копуро IMG_20170425_104102

жаныбазар копуро IMG_20170425_103907жаныбазар копуро  IMG_20170425_103613-Биз бул көпүрөнү бекемдөө иштерин ушул жуманын аягына дейре бүткөрүүнү пландаштыруудабыз. Мындан сырткары, Курулуш айылындагы Чаткал дарыясына курулган көпүрөнүн да астын суу жеп, кооптуу абал түзүлүүдө. Көпүрөнү сактап калуу үчүн көпүрөнүн эки башына кошумча таянычтарды жасап, алды суу жеп жаткан түбүнө чоң таштардан таштоо керек.Бул тууралуу тиешелүү жактарга билдиргенбиз. Каражат жагы чечилсе, керектүү техникаларды сүйлөшүп, табууга дараметибиз жетет. –дейт Чаткал айыл аймагынын башчысы Бактыбек Исабеков.

М. Эшназаров

578 баш кара мал идентификациялоодон өттү

Бүгүнкү күнгө карата Чаткал айыл аймагындагы жалпы 2057 баш кара малдын 578 си идентификациялоодон өткөрүлдү. Идентификациялоо иштерин июнь айынын он бешине карата толук бүткөрүү максат кылынууда.

Бул тууралуу Чаткал айыл аймагынан билдиришти.

М. Эшназаров

Күнөсканалар курулууда

Быйыл Чаткал айыл аймагынын Жаңы-Базар, Курулуш жана Ак-Таш айылдарына бирден, жалпы үч күнөскана курулууда. Күнөсканаларга керектүү курулуш каражаттары алынып берилип, азыркы учурда куруу иштери жүрүүдө. Күнөсканаларды курууга айыл аймак тарабынан 35 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилген.

Бул тууралуу Чаткал айыл аймагынан билдиришти.

М. Эшназаров

12 мекеме өрт өчүрүүчү шаймандар менен камсыз болду

Чаткал айыл аймагы тарабынан айыл аймакка баш ийген 3 ФАП, 4 мектеп, 2 бала бакча, 1 маданият үйү жана айыл өкмөтүн кошкондо жалпы он эки мекемеге заманбап өрт өчүрүүчү шаймандар алынып берилди. Маалыматка ылайык, аталган шаймандарга Огнетушитель воздушно-пенный ОПВ-50Огнетушитель воздушно-пенный ОПВ-100

айыл аймагы тарабынан 180 миң сом акча каражаты жумшалган.

М. Эшназаров

Чаткал айыл аймагында жакырчылыктын деңгээли кыскарууда

2017-жылдын биринчи кварталында  Чаткал айыл аймагында жакырчылыктын деңгээли 2,2 пайызга азайып, 50,7 пайызды түздү. Бул тууралуу аталган айыл аймактан билдиришти.IMG_6281

Маалыматка ылайык, бул аралыкта айыл аймагы тарабынан 8 жаранга 50500 сомдук акчалай жардам көрсөтүлгөн.

Ал эми, айыл аймактагы “Темир мал” фондунан 7 жаранга 2 баш уй жана 29 баш эчки берилген.

М. Эшназаров

Чыгармачылыктан бакыт тапкан Айбарчын айым

Чаткал районунан буга чейин ар тармактан облустук, республикалык жана эл аралык деңгээлдеги бир топ ишмерлер чыккандыгы белгилүү. Алардын айрымдарынын аттарын атай кетсек: техника илиминин докторлору, бир туугандар-Биймырза жана Ыза Токторалиевдер, экономика илиминин доктору Жапар Алыбаев, коомдук ишмерлер-Роба Насырова, Барпы Рысбаев ж.б. Булардын жолун жолдоп, өз таланттары жана көрөңгөсү менен республика калкына опол тоодой кызмат кылып келаткан чаткалдык уул-кыздарыбыз тууралуу да айта кетсек ашыкча болбос. Биз атайы сөз кылууга арзый турган кыздарыбыздын бири, Айбарчын Сыдыкова  экендиги талашсыз. 

IMG-20170415-WA0010 IMG-20170415-WA0009

Учурда «ЭлТР» мамлекеттик телерадиокомпаниясында  реклама – маркетинг жана эл аралык тышкы байланыштар дирекциясынын редактору болуп эмгектенип жаткан Айбарчын Сыдыкова үстүбүздөгү жылдын март айында «Кыргыз Республикасынын ардактуу айымы» жогорку наамы  менен сыйланды.  Албетте, бул жогорку сыйлык Айбарчын Сыдыковага жөн жеринен берилген жок.

FB_IMG_1492341201832 FB_IMG_1492341243335 FB_IMG_1492341255147 FB_IMG_1492341233840Т

Каарманыбыздын буга чейинки эмгек жолуна учкай токтолсок, ал алгач эмгек жолун 1987-жылы Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С.Байдөөлөтов атындагы орто мектебинде мугалим болуп иштөө менен баштаган.

2001-2004-жылдары Чаткал райондук жергиликтүү «Кыял ТВ» телестудиясынын директору жана диктору кызматын аркалаган. Кошумчалай кетсек, Айбарчын Сыдыкова “Кыял ТВ” телестудиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири катары да белгилүү.

2005- жылы «ЭлТР » мамлекеттик телерадио компаниясында режиссерлук кызматка киришет.  Андан соң, 2007-жылы реклама – маркетинг жана эл аралык тышкы байланыштар дирекциясынын редакторлук кызматына которулат.

2008-жылдын ноябрь айында техникалык жактан көзөмөлдөө бөлүмүнүн инженери кызматына которулуп, аталган жооптуу кызматты бүгүнкү күнгө чейин аркалап келе жатат.

Ал ишмердүүлүк жолунда алгач «Ыйык жерлер баяны» радио теле көрсөтүүсү эфирден чагылдыруу менен элге таанылып, аталган көрсөтүү өз кезегинде көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө айланган көрсөтүү боло алган.

Мындан сырткары, “ЭлТР” мамлекеттик телерадио компаниясы аркылуу элге тартууланып келген «Саясий арена», «Бетме- бет»,»Билерман ордо», «Жолугушуу аянты», «Кереге кеңеш»,»Күнмаек»,,»Алтын аяк»,»Элет баяны»,»Кутман таң», «Бөбөк кечи» ж.б. теледолбоорлордун сапатына жана техникалык талабына жоопкер адис катары кызмат өтөп, буга кошо эле, мекемедеги жаш адистерге кеңешчи катары да өз салымын кошуп келүүдө.

Айбарчын Сыдыкованын элге жана мамлекетке өтөгөн ак эмгеги көз жаздымда калбай, буга чейин «КР Эл агартуунун отличниги»,   «ЭлТРдин эң мыкты адиси” төш белгилери,  ЭлТРдин “Ардак грамотасы”, КР ӨКМнин “Ардак Грамотасы”  ж.б. көптөгөн райондук, облустук жана республикалык баалуу сыйлыктарга ээ болгон.

Айбарчын Сыдыкова телерадио тармагында эмгектенүү менен бирге эле, көөдөнүндөгү көрөңгөлүү талантын да бапестеп багып келет. Анын жазган ырлары облустук гезит, журналдардын беттеринен орун алып, радиодон окулуп, Жалал-Абад облустук акын, жазуучулардын чыгармалар топтомуна киргизилип, окурмандар тарабынан өз баасын алган. Ал мындан сырткары, “Ыйык жерлер баяны” аттуу китептин автору. «Жакшы кыздар «, «Махабат— ыйык сезим», «Жаштык ай » аттуу ырларына белгилүү обончу Эгемберди Талипов обон жазып, бул чыгармалар азыр эл арасында ырдалып жүрөт.

Жооптуу кызматты аркалоо менен бирге эле, көрөңгөлүү талантып өчүрбөй багып келаткан Чаткалдын таланттуу кызы Айбарчын Сыдыкованы алдыда көптөгөн чыгармачылык ийгиликтер күтүп тургандыгы талашсыз экендигин баса белгилөө менен, ага мындан ары да чыгармачылык бийиктиктерди каалайбыз. 

М. Эшназаров, КР. Журналисттер кошуунунун мүчөсү