Архив за месяц: Март 2017

Жарыя!

17-март, 2017-жыл

 

Долбоордун аталышы: Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү долбоору-2

 

Каржылоо булагы: IFAD

 

Контракт номери: IFAD-J-A-CH-Chatkal-2017-1

 

Чаткал жайыт комитетинин жана кичидолбоордук топтун тендердик комиссиясы

 

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Чаткал айыл аймагына

“Чаткал айыл аймагына кочмо кыркым пунктун уюштуруу”  кичидолбооруна

 

Т Е Н Д Е Р   Ж А Р Ы Я Л А Й Т

 

Тендердик котировкалар 2017-жылы 31-март 10-00го чейин Беш-Арал мамлекетик коругунун  имаратында жайгашкан Жайыт комитетинин кабинетинде кабыл алынат.

Тендердик заявкалар 2017-жылдын 31-март күнү саат 10-00дө Беш-Арал мамлекетик коругунун имаратында жайгашкан Жайыт комитетинин кабинетинде ачылат.

 

Тендердик документтердин пакетин жана кошумча маалымат алуу үчүн Ш.Атабаев жана М.Эшимбетовго  төмөндөгү телефондор аркылуу байланышсаңыздар болот.

Байланыш тел.: 0779 028 100; 0778 56 52 81;

Жарыя!

17-март, 2017-жыл

 

Долбоордун аталышы: Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү долбоору-2

 

Каржылоо булагы: IFAD

 

Контракт номери: IFAD-J-A-CH-Кanysh-Kya-2017-1

 

Чаткал жайыт комитетинин жана кичи долбоордук топтун тендердик комиссиясы

 

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагы.

“Каныш-Кыя айыл аймагына кочмо кыркым пунктун уюштуруу”  кичидолбооруна

 

Т Е Н Д Е Р   Ж А Р Ы Я Л А Й Т

 

Тендердик котировкалар 2017-жылы 31-март 14-00го чейин Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн имаратынын жайыт комитетинин кабинетинде кабыл алынат.

Тендердик заявкалар 2017-жылдын 31-март күнү саат 14-00дө Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн имаратынын жайыт комитетинин кабинетинде ачылат.

 

Тендердик документтердин пакетин жана кошумча маалымат алуу үчүн Ж Камчыбековго  жана Д Аширбековго  төмөндөгү телефондор аркылуу байланышсаңыздар болот.

Байланыш тел.: 0777240036; 0551668188; 0778 56 52 81

Чаткал районунда байыркы таш жазма эстеликтеринин топтому табылды

Мен кесибим боюнча тоолордо көп жүргөндүктөн, бул сүрөттөрдү алгач көргөндө ички дүйнөмдө бир кызыктай толкундоолор пайда болуп, ушул таштардын арасында олтуруп алып, таштарга сүрөт чегип жаткан байыркы адамдарды көрүп тургандай болдум эле. Ал жаш курак алда качан өтүп, чачты бубак баскан кезде ошол сүрөттөр жөнүндө коомчулукка билдирүүнү эп көрдүм. Ошол себептен, 2013-жылдын август айында атайы ат арытып, Бугулуу-Төр жайлоосуна чыгып барып, ал жердеги петроглифтерди ар бир ташка  бор менен номур коюп фотоаппарат менен сүрөткө тартып келгенмин.

VLUU L110  / Samsung L110 VLUU L110  / Samsung L110 VLUU L110  / Samsung L110 VLUU L110  / Samsung L110

Тилекке каршы, ошол байыркы сүрөттөр чегилген айрым таштарга биздин эле заманда кой багып чыккан малчылар өз ысымдарын чегип жаза коюп, жазууларды “кошмчалап” койгонго абдан кабатырландым.  Байыркы эстеликтерге аяр мамиле жасабасак, аларды жоготуп алуу ар күн сайын актуалдуу болуп кала берээри бышык.

Бүгүнкү күнгө чейин Чаткал өрөөнүнүн тарыхына кызыккан ар түрдүү кесиптеги, ар кандай курактагы адамдар менден ушул сүрөттөрдү сурашып, фотоаппаратымдын флешкасынан көчүрүп алышкан учурлар болгон. Бирок, алар бул сүрөттөрдү кандай максаттарда пайдаланышкандыгы мага чыны, белгисиз бойдон калды. Ошондуктан,Кыргызстандын тарыхын изилдеген тарыхчыларга, археологдорго жана филологдорго келечек илим үчүн изилдегенге материал катары кызыкчылык туудурат-деген ойдомун.

Кызыктуусу-ушул сүрөттөрдү чеккен адамдар алардын эмгектерин миңдеген жылдар бою сактай ала турган таш материалдарды жаңылбай тандай билгендигинде. Алардын тарткан ар бир сүрөттөрү ар кандай формадагы жана көлөмдөгү көгүш түстөгү катуу таштарга чегилген. Бул таш корумдар бир замандарда аска-зоонун урашынан пайда болгону көрүнүп турат. Жайгашкан жери-Чаткал районунун Чаткал айыл аймагындагы Курулуш айылынын түндүк тарабынан агып түшүп, Чаткал дарыясына куюп жаткан Чоң-Жарты-Суу сайынын төрүнөн орун алган. Тактап айтканда, деңиз деңгээлинен 3770  метр бийиктиктеги, Өзбекстанга чектеш жайгашкан Беш-Таш ашуусуна жакын Бугулуу-Төр жайлоосунда жайгашкан. Ташка чегилген сүрөттөрдүн көөнөрүп, эскирип, араң эле байкалышы же, көзгө көрүнүп тургандыгы эле бул сүрөттөрдүн бир канча кылымдар аралыгында тартылгандыгын айгинелеп тургансыйт. Бул жерде петроглифтер чегилген таштардын саны жүздөн ашуун болгону менен, сүрөттөрдүн саны көбүрөөк, себеби, айрым таштарда жалгыз гана сүрөт болсо, айрымдарында беш-ондон сүрөт тартылган. Сүрөттөрдө негизинен, тоо текелер, бугулар жана аңчылар чагылдырылган. Айрым таштарда иттер менен аңчылык кылуу учуру тартылса, айрым сүрөттөрдө аттар менен аңчылык кылып жүргөн көрүнүштөр тартылган.  Эң кызыктуусу жана таңгалыштуусу-айрым сүрөттөрдө куйруктуу же, үч буттуу адамдардын тартылганы. Мындай адамдардын сүрөттөрүн 2016-жылдын декабрь же, январь айында Орусиянын биринчи каналынан белгилүү алып баруучу Валдис Пельш Байкал көлүнүн айланасындагы аска таштардан таап, тартып алып, коомчулукка көрсөтүү менен, аларды –башка планетадан келген адамдарбы?….-деген деген жоромолун айтпады беле.

Дагы бир кызыгы-бул сүрөттөр топтомунда доңузга окшогон жаныбардын сүрөтү бар. Илбирстин башына окшогону да бар.бумерангга окшогон нерсенин сүрөту да кездешет. Кандай  болгон күндө да, бул сүрөттөр биздин жерге ислам дини таралганга чейинки доорлорго таандык деп ишенсек болот. Себеби, ислам дини доңуздун гана эмес, адамдын сүрөтүн тартканга да тыюу салат эмеспи.

Кыргызстанда аска таштарга чегилген сүрөттөр көп эле кездешээри белгилүү. Мис: “Кыргызстандын тарыхы: Урунттуу учурлар” (2012. Авт: Ө. Осмонов, А. Мырзакматова)   окуу китебинен  төмонкүдөй маалыматты ала алабыз:-“Саймалуу-Таштагы аска таштагы сүрөттөр (петроглифтер) коло дооруна таандык. Ал жерде 100000 ден ашуун сүрөт болгондуктан, ал жерди Саймалы-Таш сүрөт галереясы деп атап коюшкан. Бул дүйнөдөгү таш бетине чегилген эң чоң сүрөт галереясы  болуп эсептелет. Аз сандагы аскага тартылган сүрөттөр Сулайман тоосунан, Араван кыштагына жакын аскадан (Дулдул-Ата мазары), Чолпон-Ата шаарына жакын жерден, Кетмен-Төбө жана Алай өрөөндөрүнөн табылган. Бул сүрөттөр б.з.ч. 3 миң жылдан баштап, орто кылымдарга чейинки ташка чегилип келгендиги аныкталган.”

Эми, бул табылгаларга биздин Чаткал өрөөнүндөгү  аска таштарга чегилген сүрөттөрдүн эң ириси катары жогоруда аталган Бугулуу-Төрдөгү сүрөттөрдү  кошуп кетсек калыстык болоор.

Мен тарыхчы, археолог же, байыркы сүрөттөрдү окуп, чечмелеген адис окумуштуу эмесмин. Ошондукта, бул таштардагы байыркы жазууларга окшогон айрым чийме белгилер өзүнүн изилдөөчүлөрүн табат деген ишеничтемин.

Менин кесибим жаратылышты коргоочу болгондуктан, эми ошол өңүттөн ой толгоюн. Бул таштарга чегилген адамдар менен жапайы жаныбарлардын сүрөттөрү аркылуу байыркы ата-бабалар Адам менен Жаратылыштын өз ара байланышына, бири бирине болгон көз карандылыгына өтө терең маани берип, аны бизге осуят катары ушул сүрөттөр аркылуу калтырышканбы-деймин да.  Себеби, илим менен техника өнүгө элек ошол жашоосу катаал жана татаал замандарда адам баласы көбүнчө мергенчилик менен тирилик өтөгөнүн карт тарыхтан билебиз. Далай ачарчылыкта эти ач өлүмдөн, териси жаан-чачындан, сууктан сактаган кайберенди бабалар ыйык тутуп келишкен. Керек болсо аларга сыйынышып, өздөрүнө зарыл болгон учурда же, муктаждыкка жараша пайдаланышкан.

Жаратылышка ашыкча зыян келтирүүдөн сактанышып, бөөдө убалдан коркушкан. Азыркы замандагыдай курсак ток болуп турса да үйүн, офисин же, кафе, ресторанын кооздош үчүн мүйүздүү баштарын, терилерин, катырылган кебин мактануу үчүн кырып, жоюшкан эмес. Алар өлбөстүн оокаты үчүн аңуулоого чыгууга аргасыз болушкан. Ошол мезгилде кайберендер менен жанаша жашашып,  тоо арасында, аска таш аралап көчүп-конуп жашап жүрүшкөн. Болбосо, бийиктиги деңиз деңгээлинен 3770 метр бийиктиктеги Бугулуу-Төрдө таштарга сүрөт чегип аларга не күч келди дейсиң. Алар кайберендерди бир күндүк оокат үчүн кырып-жойбой,  келечек урпактары үчүн көбөйүшүнө кызыкдар болушкан. Аша чапканды табият атактуу  Кожожаш мергенди жазалагандай жазалаарын кийинки урпактарга эскертишкен.  Ошол түшүнүктөн, ошол өңүттөн тирлик улантышкан. Бизге да ошондой керээз-мурас калтырышкан. Өзү олтурган бутакты кыйган кемакылдай болбой, өзүбүз жашаган чөйрөнү сактай билели жана  кийинки муундарга мураска калтыралы.

 

Таласбаев Рыскулбек Көчөрбаевич, Чаткал районунун аңчылык мекемесинин башчысы

Жеткинчектер комузда кол ойнотушуп….

Үстүбүздөгү март айында район борбору Каныш— Кыя айылындагы балдардын музыкалык мектебинде комуз сабагы боюнча он күндүк декада өтүүдө.  Бул тууралуу комуз ийриминин мугалими, белгилүү музыкант Атакан Сатылганов билдирди. Ал— бүгүнкү күндө, комуз ийриминдеги үч класста жалпы он беш окуучу комузда ойноону үйрөнүшүүдө— дейт.

IMG_20170315_111030 IMG_20170315_110932

IMG_20170315_112124 IMG_20170315_112113

Белгилей кетсек, Атакан Сатылганов район мектептеринде отуз жылдан бери музыкадан сабак берип келүүдө. Андан бир кезде окуган Асан Жакыпбеков, белгилүү  «Таалай элеси » эстрадалык тобунун мурдагы мүчөсү Жеңишгүл Сатылганова, Аймен Акылбекова сыяктуу окуучулары кыргыз шоу дүйнөсүнө аралашып,  республика калкына аздыр— көптүр белгилүү болуп келишүүдө. — Азыркы окуп жаткан окуучулар арасында да идиректүүлөрү арбын. Буюрса, булардан келечекте кыргызга белгилүү өнөр адамдары чыгат деген үмүтүм зор— дейт Атакан Сатылганов.

Жеткинчектер аккордеондо ойноону үйрөнүүдө

Район борбору Каныш— Кыя айылындагы Чаткал райондук балдардын музыкалык мектебинде бүгүнкү күндө эки класста аккордеондо ойноону окутуп, үйрөтүлүүдө. Аккордеон аспабы түпкүлүгү немис калкынын улуттук музыкалык аспабы болгону менен, кыргыз элинин Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаев, Кудайберген Темиров, Исрадин Аманбаев сыяктуу атактуу музыканттары бул аспапты кыргыздын кан— жанына сиңирип, улуттук аспаптардын бирине айлантып салышканын тана албайбыз. Ошондон уламбы, кыргыз жаштары да аккордеон ойноого кызыгышып, немистерден кем калышпай, катыра ойноп келет.

IMG_20170315_111823 IMG_20170315_111832 IMG_20170315_111925

Сөз башында белгилегендей, райондук музыкалык мектептеги эки класста жалпы он жеткинчек аккордеон үйрөнүшүүдө.    —  Он окуучудан сырткары, он сегиз, жыйырмалардагы беш— алты уландар да келишип, өз алдынча үйрөнүп жүрүшөт. Алар музыкалык мектебибизде окушпаса да бош убактыларында суранышып, үйрөнүп жүрүшөт— дейт аккордеон ийриминин мугалими Белек Кочкорбаев.

—Таланттын көбү элетте—демекчи, элеттик жаштардын музыкалык аспаптарда ойноого астейдил кызыгуусу албетте,  элет калкынын маданиятынын жогору экенинен кабар берээри талашсыз.

М. Эшназаров

«Жоокер ыры » республикалык кароо— сынагына тандоо сынагы болду

Бүгүн, район борбору Каныш— Кыя айылындагы Ч. Айтматов атындагы райондук маданият үйүндө быйылкы «Ыйман, адеп жана маданият жылына » карата КР. Билим берүү жана илим министрлиги жана КР. Коргоо иштери боюнча департаменти тарабынан жарыланган республикалык «Жоокер ыры » кароо— сынагына карата райондук тандоо сынагы болду.

IMG_20170310_130501 IMG_9831 IMG_9810 IMG_9829 IMG_9819 IMG_9833 IMG_9834

Аталган сынакка райондон жети мектептен таланттуу окуучулар катышып,   программага ылайык, патриоттук духтагы обондуу жана көркөм ырлардан аткарышып, өз өнөрлөрүн көргөзүштү.

Соңунда, калыстардын чечими менен 1-орунга С. Байдөөлөтов орто мектебинин, 2-орунга Т. Жаналиев орто мектебинин ал эми, 3- орунга Исмаил уулу Матиш орто мектебинин командалары ээ болушту.

Эми, жеңүүчүлөрдөн тандалган таланттуулар облустук тандоого барышмакчы.

Кароо— сынак райондук жетекчиликтин буйругуна ылайык, райондук билим берүү бөлүмү жана райондук аскердик комиссариаты тарабынан уюштурулуп, өткөрүлдү.

М. Эшназаров

101 өрткө каршы кызматы эскертет!

Отсуз адам баласынын турмушун элестетүү мүмкүн эмес. Бирок, аны пайдаланганда этият болуп, эң жөнөкөй болгон өрткө каршы эрежелерди сактабаса ал ырайымсыз  таш боор өрткө айланып, бир заматта өмүр бою жыйып-терген оокатты, материалдык байлыктарды күлгө айлантып, ал түгүл адамдардын өмүрүнө, ден-соолугуна зыян келтирет. 

Чаткал районунда  катталган өрт кырсыктарынын себептерин  анализдеп көрсөк төмөнкүдөй жыйынтык келип чыгат:

Биринчи орунда электр зымдарын туура эмес монтаждоо, электр жабдыктарын эрежеге ылайык пайдаланбоо, стандарттык эмес электр жабдыктарын колдонуу. Андан кийинки орунда балдардын от менен ойноосу, чылым чегүүдөгү этиятсыздык жана башка себептер турат.

Мына ушундай себептердин айынан болуп жаткан өрт кырсыктарын болтурбай коюу жалпыбыздын ишибиз.  Ошондуктан

ар бирибиз өз үйүбүздөгү электр зымдарын талапка ылайык монтаждап, колдо жасалган электр жылыткычтарын колдонбосок. Жаш балдарга от менен ойноо зыян гана алып келээрин түшүндүрүп жеткирүүбүз зарыл.

Дагы бир айта кетчү нерсе атуулдарыбыздын өрт чыккан кезде өрткө каршы кызматынын телефон номерин билбей 103,104 телефондоруна чалышканын угабыз. Ошондуктан өрткө каршы кызматынын телефон номерин билдирип коюууну туура көрдүк. Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын телефону – 101. Эгер кокусунан өрт чыкса ушул телефонго чалып, өрт чыккан жердин толук дарегин, телефон чалган адам өзүнүн аты-жөнүн, телефон номерин айтууга тийиш.

Өрт чыкса 101 кызматы жардамга барууга дайым даяр турат.

101-кызматы эскертет. Ар кандай электр жылыткычтарын, мештерди жагууда өрт коопсуздук эрежелерин так сактаңыздар. От жагууда тез күйүүчү майларды (бензин, керосин, солярка) колдонбоңуз. Стандартка ылайык келбеген электр жылыткычтарын пайдаланууга тыюу салынат. Үйдүн чатырларына моруга жакын жерге кургак чөп, отун, пахта ж.б. тез күйүүчү заттарды жыюуга болбойт.

Сактансаң сактайт дейт элибизде. Ошондуктан  ар дайым өрт кырсыгынан сак жана оолак болуңуздар.

А. Жумабаев Чаткал райондук ӨКМКБнүн инспектору лейтенант                                    

Өрт кырсыгынын алдын алуу өз колубузда

«Өрт тилсиз жоо» дейт элибизде. Анткени өрт айтып келбейт. Ошондуктан өрт кокустугун болтурбоо үчүн ага каршы алдын ала иш-чараларын иштеп чыгып, өрткө каршы колдон келген бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу керек. Ал үчүн кыш мезгилинде жылуулук берүүчү приборлорду, электр зымдарын жана от жагуучу мештерди өз убагында кароодон өткөрүп туруу зарыл. От жагуучу мештердин тура эмес курулгандыгынан, газ жана электр менен жылытуучу приборлордун кароосуз калтырылгандыгынан жылдан-жылга өрт кокустуктарынын саны азайбай кележатат.

Үйлөрдүн үстүнө кургак чөптү же саманды ж.б.у.с. тез күйүүчү заттарды жыйып коюушат. Бул- өрт кокустугу болгон учурда андан бетер өрттүн күчөп, жалындап күйүүсүнө шарт түзөт. үйлөргө жана малсарайларга электр зымдарынын башаламан тартып өтүү, электр зымдарынын уланган жерлери тура эмес болуп, сырты ачык түрдө калтырылгандыгы да өрт кырсыгын алып келет. От жагылууучу мештерди жана түтүн чыгуучу моруларды курууда өрт кокустугунун эрежелерин сактоо, өрт кокустугунун алдын алат десек жаёылбайбыз. Себеби ушул курулмаларды курууда эреже сакталбагандыктан турак жайларда өрт кырсыктары болуп, натыйжада олуттуу зыяндарды алып келүүдө.

Өрт кырсыгын болтурбоо үчүн төмөндөгүдөй эрежелерди аткаруу абдан зарыл:

Мештердин от жагылуучу жана күл чыгарылуучу эшиктеринин алдына 50-70см өлчөмүндө темир түнүкө төшөлүшү зарыл. Мештерге от жагууну жана күл чыгарууну жаш балдарга ишенип  тапшырууга болбойт. От күйүп турган мештерди кароосуз калтырбаёыздар. Күл төгүү үчүн коопсуз жерге чуңкур казып коюу керек. Моруларды мезгил мезгили менен ыштан тазалап туруу да талапка ылайык. үйдүн чатырындагы моору өткөн жердин айланасы күйүүчү заттардан таза болуусу зарыл. үйдүн чатырына чөп, саман, пакал, ж.б.у.с. тез күйүп кетүүчү заттарды сактоо өрт коопсуздугу тарабынан өтө опурталдуу экендиги эсисиёиздерге салабыз. Тандыр, очок ж.б.у.с от жагылуучу курулмаларды сарайдан, үйдөн мүмкүн болушунча алыс жерге курулганы жакшы болот. Ал эми чөптү үйдөн жана сарайлардан 15-20 метр алыстыкта жыюу шартка ылайыктуу. Таштандыларды турак үйлөргө, малсарайларга жана тоют чөп жыйылган жайларга жакын жерлерде өрттөбөгөнүңүз эрежеге ылайык. Ширенкелерди жаш балдар көрбөгөн, билбеген жерлерге коюу да өрттүн алдын алууга өбөлгө түзөт.

Урматтуу мекендештер, өрт кырсыгынын алдын алуу өз колубузда.

Бул үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактап, кайдыгерликке жол бербейли. Ошондо гана тилсиз жоонун жолуна бөгөт салган болобуз.

А. Жумабаев Чаткал райондук ӨКМКБнүн инспектору  лейтенант                                

«Чаткал периси— 2017 » кароо— сынагынын жеңүүчүсү аныкталды

7-март күнү Чаткал районунун борбору Каныш— Кыя айылындагы Ч. Айтматов атындагы маданият үйүндө райондук мамлекеттик администрация, райондук маданият бөлүмү жана райондук жаштар кеңешинин уюштуруусу менен «Чаткал периси— 2017 » кароо— сынагы болду.

IMG_20170307_144609 IMG_20170307_145013 IMG_20170307_145326 IMG_20170307_145117 IMG_20170307_151118 IMG_20170307_160331 IMG_20170307_155343 IMG_20170307_154150 IMG_20170307_184201 20170307_190050

 

20170307_193642

20170307_193730

Кароо— сынакка райондогу  мектептердин жогорку класстарында окуган тогуз кыз катышып, өз өнөрлөрүн көргөзүшүп, биринчиликке ат салышышты. Мында, алгач катышуучулар кызыл килемди басып өтүшүп, маданият үйүнө киришкен соң, зал толгон көрүүчүлөрдүн назарына ыр, бий жана өз өнөрүн көргөзүү номерлерин тартуулашып, калыстардын сынынан өтүштү.

Соңунда, бардык жагынан төп келген катышуучу катары Каныш— Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинин 9-классынын окуучусу Нуржамал Кеңешбекова 1-орунга ээ болуп,  «Чаткал периси— 2017 » кароо— сынагынын таажысын кийди. 2- орун Каныш— Кыя айылындагы А. Баймырзаев орто мектебинин 10-классынын окуучусу Сезимай Курманбековага ыйгарылды. Ал эми, 3-орун Айгыр— Жал айылындагы Исмаил уулу Матиш атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Эрнис кызы Таңнурага берилди.

Кароо— сынактын каржылык маселеси Каныш— Кыя айыл аймагы тарабынан чечилип берилди.

Чаткалда аялзатынын аруулугу даңкталды

7-март күнү Чаткал райондук мамлекеттик администациясында 8-март Аялдардын эл аралык майрамына карата салтанаттуу жыйын болду.

Жыйын алгач, Ч. Айтматов атындагы райондук маданият үйүнүн кызматкерлери жана элдик өнөрпоздор тарабынан концерттик программа тартууланды.

 

Андан соң, КР. Гимни ойнолуп, салтанаттуу жыйын башталды.

IMG_0719 IMG_0772 IMG_0789 IMG_0777 IMG_0740 IMG_0769 IMG_0788 IMG_0800 (1)

Анда алгач, райондук мамлекеттик администрация башчысы— аким Канжарбек Эшалиев, райондук аялдар кеңешинин төрайымы Гүлбарчын Акылбекова, Каныш— Кыя айыл аймагынын башчысы Нургазы Жолдошев, Чаткал айыл аймагынын башчысы Бактыбек Исабеков, райондук жаштар кеңешинин төрагасы Айбек Бекмуратовдор куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Жыйындын жүрүшүндө сыйлык тапшыруу аземи болуп, анда райондук мамлекеттик администрациянын башкы адиси Алтынай Таштанбаева КР. Премьер министринин, райондук мамлекеттик администрациянын жетектөөчү адиси Махабат Токуева облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн «Алкыш » баракчасына ал эми, Каныш— Кыя айыл аймагынын соцадиси Жайна Осмонова жана райондук АККнын башчысы Эркеайым Рысбековалар облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн «Ардак Грамоталарына » ээ болушту.

Каныш— Кыя айыл аймагы тарабынан отуз энеге белек катары ак элечек кийгизилип, жүз отуз энеге ар кандай белектер катары берилди.

М. Эшназаров