Архив за месяц: Сентябрь 2016

Оңой эмес кесиптин ээси Ойгонбай Андашев

Кыргызстанда гляциолог кесибинин ээлери аз санда болгондуктан, мурдатан эле жогору бааланып келген. Гляциологдор негизинен, мөңгүлөрдүн жана кар көчкүлөрүнүн табигый процессин изилдешет.

Чаткалдык Ойгонбай Андашев акыркы мезгилде республикада сейректешип бараткан жогоруда биз айткан кесипти алып жүрүүчүлөрдүн бири.

Ойгонбай Андашев 1974-жылы Шакафтардагы мектеп-интернатты аяктаган соң, Орусиянын Ленинград шаарына жакын жайгашкан Стрельны шаарчасындагы Арктикалык жогорку окуу жайынын гляциология бөлүмүнө тапшырат. Окуу жайын ийгиликтүү аяктап, гляциолог кесибине ээ болуп, алдына-Орусияга кайра барып иштейм-деген зор максат коюп, туулган жерине кайтат. Келген соң, атасы Акмат күнүмдүк тириликти шылтоо кылып, уулун алыс жерге кайра жибергиси келбей туруп алат. Айла жок, биздин каарман туулган жерге кызмат кылганы кала берет. Антсе да, билимди көксөгөн жаш жигит жөн калбай, Фрунзе шаарына кайра барып окуп, кошумча радист-геолог кесибин ээ болуп,  Чаткал метеостанциясына иштеп калат. Ошентип, тагдырдын буйругу менен  эки кесипти бирдей аркалап, алар аркылуу эл-жерге жана мамлекетке жарым кылымга жакын мезгилден бери ак кызмат өтөп, ардактуу эс алууда болсо да, жаштардан кем калышпай эмгектенип келүүдө. Тактап айтканда, Ойгонбай Андашев бул тармакта отуз сегиз жылдан бери талыкпай эмгектенип, республиканын гляциология жана метеорология тармагына зор эмгек сиңирди. Ал өзүнүн көп жылдык тажрыйбасынын аркасында кар көчкүлөрүн зор чеберчилик жана коопсуздукту сактоо менен аткылап, тушүрүү ыкмасын ойлоп таап, “заградительный обстрел” деген жаңы терминди киргизгенин айта кетүү ашыкча болбос.  Бүгүнкү күндө бул ыкма КР. ӨКМ тарабынан кеңири пайдаланылып келатат.IMG_20160812_191413IMG_20160723_122023IMG_20160812_200602IMG_20160812_200843IMG_20160812_200828IMG_20160812_191238IMG_20160812_195957IMG_20160812_200635

Бүгүнкү күндө КР. ӨКМнин Чаткал району боюнча гляциолог адиси жана буга кошо эле, №719713 Чаткал метеостанциясынын башчысы болуп иштейт. Өзүнүн күнүмдүк ишинде Чаткал өрөөнүндөгү кар көчкүлөрдүн жашоо процессин изилдеп, алардын мезгилдик өзгөрүшүн картага түшүрүп, КР. ӨКМнин тийиштүү бөлүмүнө билдирип турат. Анын такталган маалыматына ылайык, кар көчкүлөрү тууралуу маалымдамалар иштелип чыгып, алардын өрөөндүн жашоо-шартына карата таасирин аныктоого кеңири пайдаланылат.  Чаткал өрөөнүн кесип өткөн Ала-Бука-Чаткал-Кировка унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу бар аймактар көп болгондуктан, кышкысын ал аймактардагы кар көчкүлөрүн аткылап, түшүрүү иштери Ойгонбай Андашевсиз ишке ашпайт. Тактап айтканда, биздин каарман кар көчкүнү качан жана кайсы убакта  аткылаганда адамга жана техникага коркунуч келтирбей турган жерге түшүрөөрүн аныктаган соң гана КР. ӨКМ кызматкерлери өз жумушун башташат. Ансыз жумуш болбойт.

Ойгонбай Андашев Чаткалдын башындагы Башкы-Терек айылында жашап, иштеп, пайгамбар жашынан эбак ашып, каадалуу карылык доорун сүрөөр мезгили келип калса да да, бир гана Чаткал эмес, республиканын дээрлик бардык кар көчкү коркунучу бар аймактарына КР. ӨКМнин атайын чакыруусу менен барып, башка кесиптештери менен биргеликте кар көчкү коркунучунун алдын алууга салымын кошуп келүүдө. Айта кетсек, республиканын ар кайсы тарабындагы кесиптештери менен биргеликте Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад альтернативдүү унаа жолунун жана Датка-Кемин электр линиясынын курулушунун долбоорлоо иштерине катышып, аталган жумуштардын кар көчкү жүрбөгөн аймактар менен өтүүсүн камсыздоого салым кошкон. Мындан сырткары, коңшулаш Өзбекстанда гляциологдор жок болгондугуна байланыштуу 2009-жылы  Кыргызстандан беш гляциолог адис менен  барышып, андагы жалпы наркы 2 млрд. долларга жакын Ангрен темир жолун куруу ишин долбоорлоо ишине катышты.  Кыргызстандык гляциологдордун тобунун көрсөтмөсү менен аталган темир жолдун кар көчкү коркунучу бар аймагынан узундугу он тогуз чакырымдан ашуун жерден тоону тешип, тоннель курулуп, аталган темир жол быйыл май айында ишке берилди.

Бүгүнкү күндө, Чаткалда жер алдындагы кендерди өндүрүү менен алектенген компаниялар да Ойгонбай Андашевге кайрылышып, жаңыдан курулуп жаткан унаа жолдорунун кар көчкү коркунучу жок аймактар менен өткөрүү маселеси боюнча кызматташып келет.

Бүгүнкү күндө республикада саналуу гана гляциолог адистер калганына кейиген биздин каарман чаткалдык эки улан Орусиядан аталган кесипке окуп жаткандыгын айтып, Башкы-Терек айылына жаңыдан курулуп жаткан 4-муундагы заманбап метеостанцияга кадр даярдалып жаткандыгына бир чети кубанып калат.

-Уул-кызыңа жогорку билим бер, келечек жолун өздөрү тандап алышат-деген принципти карманган Ойгонбай Андашев Фрунзеде окуп жүрүп таанышкан Баткендин кызы, өмүрлүк жубайы Орозгүл экөөсү төрт уул, бир кызын жогорку билимдүү кылды. Үч уулу ата жолун жолдоп, өзгөчө кырдаалдар жаатында жогорку билим алышып, элге кызмат кылышууда. Тактап айтканда, улуу уулу Алмазбек Андашев Кыргыз-Славян университетинен өзгөчө кырдаалдар боюнча адистикке ээ болуп, он беш жылдан бери Ош-Бишкек унаа жолунун Чычкан кар көчкү станциясынын башчысы, кийинкиси-Асылбек ички иштер тармагында, үчүнчүсү Аман “Кичи Чаарат” фирмасында өзгөчө кырдаалдар боюнча адис ал эми, кичүү уулу Тилек Бишкек шаарынан Политехникалык институтунан өзгөчө кырдаалдар боюнча адистикке ээ болду. Эң кенжеси, кызы Зейнеп Ош шаарындагы У. Салиева атындагы таланттуу балдар лицейинин сегизинчи классында билим алууда.

Ойгонбай Андашев КР. ӨКМнин жана Кыргыз гидрометеорология кызматынын бир нече “Ардак Грамоталарына” татыктуу болгон жана “Гидрометеорологиянын мыктысы” төш белгисинин ээси. Ал мындан сырткары, 2009-жылы Чаткал өрөөнүнөн жоголгон жыйырма сегиз баш жылкыны уурдаган куралдуу кылмышкерлерди колго түшүрүүдө райондук ички иштер кызматкерлерине жакындан жардам көрсөткөндүгү үчүн Чаткал РИИБ  тарабынан беш миң сом акчалай сыйлык жана ыраазылыкка ээ болгон. Анын мындан сырткары, мындан эки жыл мурда Башкы-Теректеги Күлбөс-Хандын ордосу деп аталган тарыхый аймакты мыйзамсыз казып, эски баалуу буюмдарды чогултуп жүргөн эки адамды кармап, алар тууралуу РИИБге кабар берип, тарыхый жайдын сакталуусуна салым кошкондугун айта кетсек ашыкча болбос….

Жогорудагыларды жалпылап айтканда, биздин каарман тоо койнунда өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн өткөрүп, эмгектенсе да, карыдым-деп жатып албай, республикалык деңгээлдеги иш чараларга активдүү катышып, өз кесиби жана атуулдук, жарандык позициясы менен эл арасында аброй алып келаткан кези.

Кеп соңунда, Ойгонбай Андашевдей өз кесибин сүйгөн, атуулдук жана жарандык бийик сезимге ээ инсандар калк арасында көп болушуна тилектештигибизди билдиребиз.

М. Эшназаров

Француз айымы кыргыз айымдарынын ичинен «Жамиланы» издеп жүрөт

Жакында  эксперименталдык кино өнөрүнүн ышкыбозу, француз айымы Аминату Эшар районубузга келип, өзүнүн «Жамила» долбоорунун алкагында чаткалдык бир нече кыз-келиндерге жолугуп, алар менен сыр чечише баарлашып, алардын жашоого болгон көз карашы, таланты жана атактуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун дүйнөгө белгилүү «Жамила» повести тууралуу ой-пикирлери тууралуу сурамжылоо жүргүздү.IMG_20160829_103504 IMG_20160829_103440 IMG_20160829_112127 IMG_20160829_103524

Француз айымы Аминату Эшардын суранычын четке какпай, чаткалдык кыз-келиндер жашоого болгон көз караштары тууралуу ачык айрым маек беришип, кыргыз кыз-келиндеринде Чыңгыз Айтматовдун дүйнөгө белгилүү каарманы Жамиланын айрым алдыңкы көз караштагы сапаттары жана кулк-мүнөзү бар экендигин айгинелешти.

-Мен атактуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун «Жамила» чыгармасына таасирлерип, кыргыз кыз-келиндеринин ичинен Жамилага төп келген каарманды издеп жүрөм. Топтогон маалыматтарымды Францияга алып барып, ал жактан чакан телефильм даярдайм. Ал фильм тууралуу долбоордун интернет сайтынан билсеңиздер болот.-дейт «Жамиланын» күйөрманы Аминату Эшар.

Атактуу жазуучубуздун кыргыз кыз-келиндеринин эталонуна айланган каарманы Жамилага толук төп келген кыргыз кызы табылган күндө да, ар бир кыргыз кыз-келининде Жамиланын алдыңкы көз караштагы сапатынын жана кулк-мүнөзүнүн үзүмү бар экендигине сыймыктануу менен, кыргыз кыз-келиндеринин башка улуттардын аялдарына окшобогон алдыңкы сапаттарына баалап, аларды изилдөө үчүн алыскы Франциядан келген Аминатуу Эшарга ийгилик каалайлы.

М. Эшназаров

Ар тараптуу чарбачыл инсан Сазанкан Эгембердиев

Чаткал өрөөнүндө тоо койнунун бир бурчун ажайып бир гүлбакка айлантып,  дыйканчылык менен алектенип келаткан бир чарбачыл инсан бар. Бул инсан техника бара албаган, жалаң кол эмгеги менен өздөштүрүүгө болоорлук буйга жайды төрт-беш жылдан бери өздөштүрүп, ал жерден мол түшүм алып келатат. Каныш-Кыя айылынын маңдайындагы Каныш-Кыя сайына барган адам сөзсүз ал жерге көзү түшөт.

Биз сөз кылчу инсан-Эгембердиев Сазанкан 1975-жылы Жалал-Абаддагы зооветтехникумду аяктаган мезгилден баштап бир топ жооптуу кызматтарды аткарып,  Каныш-Кыя, Чаткал совхоздорунда  башкы зоотехник, райондо башкы зоотехник болуп иштеп келген. Союз бузулган жылдары райондук дүң жашылча жемиш конторасында (ОПК) башчы болуп эмгектенип, андан соң КР. ӨКМнин райондогу бөлүмүн он үч жыл жетектеп, анда жалпы он алты жыл эмгектенип, ошол жерден ардактуу эс алууга чыккан.IMG_20160813_114033 IMG_20160813_112812 IMG_20160813_114006 IMG_20160813_112954 IMG_20160813_123836

IMG_20160813_123744 IMG_20160813_113629 IMG_20160813_125649 IMG_20160813_113209 IMG_20160813_124052

-Ардактуу эс алууга чыккандан кийин айрым өзүм теңдүүлөргө окшоп жаштардан кызмат талашып же, акылы жетсе жетпесе да коомдук иштерге аралашып, калкка жаман көрүнгүм келген жок.  Өз сыйым менен болуп, андан көрө дыйканчылык менен алектенгенди туура таап, ушул жерди өздөштүрө баштадым-дейт аксакал жашылча, жемиштер жайкалган чакан чарбасын көргөзүп.

Чынында, картошка, сабиз, помидор, капуста, кулпунай айтоор, аз-аздан болсо да, жашылчалардын көп түрү эгилген чакан бакчасына күндө эрте менен күрпүлдөп аккан Чаткал дарыясына салынган көпүрө аркылуу кээде өзү, кээде неберелерин ээрчитип өтүп келип, кооз жаратылыш койнунда бир чети күнүмдүк тиричиликтен алаксып, шыйрак какшаткан муздак тоо суусуна жуунуп сергип эс алса, бир чети жашылчаларын отоп, суугарып, жаңыдан тигилген өрүк көчөттөрүнө көз салып, кечке дейре убактысын ойдогудай өткөрөт.

-Бул жерди өздөштүрүү абдан чоң эмгекти талап кылды. Мындагы таштарды терип, сыртка чыгаруу айрыкча оор болду, антсе да, эмгегибиздин акыбети кайтып минтип, мол түшүм ала баштадык. Эми, бул жерди келечекте өрүкзарга айлантсам деген максатым бар, азырынча он беш чакты түп өрүктүн көчөтүн эктим. Мындан сырткары, эмгеги азыраак, баасы жогору деп сарымсак эгүүнү кеңейтүүнү ойлоп жүрөм. Сабизден жылда төрт тоннадай түшүм алам. Бул да абдан кирешелүү. Жердештерибиздин көбүнө сабиз эгип, киреше табууну сунуш кылып келем бирок, көбү маани беришпейт.-дейт багбан өз ою менен бөлүшүп.

Сазанкан Эгембердиев буга кошо эле, бээ байлап, кышка карата  жети жүз литрден ашуун кымыз камдаарын айтат. -Уулум Санжар келиним Жазгүл менен бирге жай бою бээ байлашып, кымыз кылышат. Кымызды сатып, андан сырткары  кышка да камдап алабыз-дейт чарбачыл каарманыбыз кымыз толтура тизилген  айнек идиштерин көргозо. Мен өзүм жыйырмадан ашуун жыйырма литрлик айнек идиштерге куюлган  кымыздарын көрүп, буга ынандым.

Ылайым биздин каармандай иштин көзүн билген, жаштарга үлгү болгон нарктуу аксакалдарыбыз көбөйө берсин демекчимин.

М. Эшназаров

Жаңы окуу жылы башталды

1-сентябрь-Билим күнү районубузда татыктуу тосуп алынды. Бул күнү жаңы мектеп формасын кийинген окуучулар ата-энелеринин коштоосунда балдардын ызы-чуу, күлкүсүн сагынган мектептерге барышып, жаңы окуу жылынын ачылышынын күбөлөрүнөн болушту.

(Сүрөттөр Т. Жаналиев атындагы Чаткал орто мектебиндеги иш чарадан тартылып алынды) IMG_20160901_100606 IMG_20160901_101153 IMG_20160901_100218 IMG_20160901_095605

Дээрлик ар бир мектепте жаңы окуу жылынын ачылышына арналган райондук мамлекеттик администрациянын, райондук билим берүү бөлүмүнүн жана тиешелүү мекемелердин кызматкерлери, ата-энелер, мугалимдер жана окуучулар  катышкан салтанаттуу маарекелер өтүп, жаңы окуу жылынын урматына коңгуроолор кагылды.

Белгилей кетсек, райондогу дээрлик бардык мектептер 2016-2017-жаңы окуу жылын зор даярдыктар менен тосуп алышты. Тактап айтканда, мектептердин быйылкы утурумдук ремонт иштерине Каныш-Кыя жана Терек-Сай айыл аймактары тарабынан жалпы 12 млн. 693143 сом акча каралып берилген. Мында,  Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан А. Баймырзаев орто мектебинин кошумча имаратына 3 млн. 895724 сом, райондук музыкалык мектептин кошумча имаратына 2 млн. 978036 сом, Башкы-Терек орто мектебине 50 миң сом,  Чакмак-Суу негизги мектебине 30 миң сом,  К. Акназаров орто мектебине 30 миң сом, Кайың-Суу орто мектебине 30 миң сом, С. Байдөөлөтов орто мектебине 100 миң сом, М. Исмаилов орто мектебине 100 миң сом, Ж. Ташкеев орто мектебине 30 миң сом, А. Айымбетов негизги мектебине 30 миң сом, А. Баймырзаев орто мектебине 30 миң  сом, бала бакчаларга берилген акчалай жардамдар менен кошо жалпысы 10 млн. 22180 сом ал эми, Терек-Сай айыл аймагы тарабынан Терек-Сай орто мектебине 584450 сом, А. Чымканаев орто мектебине 554454 сом, Б. Камчыбеков орто мектебине 419934 сом,  бала бакчаларга берилген акчалай жардамдар менен кошо эсептегенде жалпы 2 млн. 670963 сом акча каражаты бөлүнүп берилди.

Ал эми, өз билимин өркүндөтүү боюнча мугалимдердин потенциалдык денгээлин көтөрүү максатында быйылкы жаңы окуу жылын утурлай мектепке чейинки билим берүү уюмдарынан 11 тарбиячы, 2 мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору, райББнын 2 адиси, 11 мугалим, 2 соцпедагог, 5 усулдук бирикменин жетекчиси, жалпы 34 мугалим Жалал-Абад облустук билим берүү борбору тарабынан уюштурулган курстук окуулардан өтүшүп, сертификаттарга ээ болушту.

Ошентип, районубузда жаңы окуу жылы башталды.

М. Эшназаров

Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгы салтанаттуу белгиленди

Районубузда 31-август-Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлугүнүн 25 жылдык маарекеси чоң салтанат менен белгиленди.

Бул күнү район борбору Каныш-Кыя айылында чоң салтанат уюштурулду.

Салтанатта алгач,  район акими Канжарбек Эшалиев, райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Мамарасул Суранов, Каныш-Кыя айыл аймагынын жооптуу катчысы Гүнөтай Ибраевалар баштаган райондук жетекчилер куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, туруктуулук бар жерде албетте, өнүгүү болоорун, жаш мамлекетибиздеги туруктуулукту, элибиздин сабырдуулугун бузууга өткөн 25 жыл аралыгында канчалаган сырткы жана ички терс күчтөр аракеттенип келишкендиги жана азыркы күндө да аракеттенип жаткандыгы жашыруун эместигин жана аларды жузүнөн таанып, билип, республиканын жетекчилигине ишеним артуу менен, алдыга оптимисттик көз карашта караган калкыбыз мамлекетибиздин туруктуулугун сактап, Борбор Азия аймагындагы “демократиялык аралча” деген дүйнөлүк баага татып, өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин арасынан өз ордун таба алгандыгын бир ооздон белгилешти.

IMG_8192

Андан соң, сыйлык тапшыруу аземине кезек берилип мында, райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көрүнүктүү салымдарын кошкон Нарбү Мамбетовага жана Ырысбек Орозалиевге “Чаткал районунун IMG_20160831_104922 IMG_20160831_104700 IMG_20160831_104555 IMG_20160831_103158 IMG_20160831_103243 IMG_20160831_103718 IMG_20160831_103739 IMG_20160831_110941 IMG_8242 IMG_8215Ардактуу атуулу” жогорку наамдары тапшырылды.

Мындан сырткары, жыйыра беш көп балалуу энеге “Баатыр Эне” ал эми, беш көп балалуу энеге “Эне Даңкы” төш белгилери салтанаттуу түрдө  тапшырылды.

Буга кошо эле, бир нече мекеме, ишканалардын кызматкерлери райондук жана облустук “Ардак Грамоталарга” ээ болушту.

Сыйлык тапшыруу аземинен соң, театрлаштырылган оюнга кезек берилип, Ч. Айтматов атындагы райондук маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан даярдалган, Кыргыз мамлекетинин башынан өткөргөн карт тарыхын чагылдырган театрлаштырылган оюн көрүүчүлөргө тартууланды. Тагыраак айтканда, театрлаштырылган көрүнүш аркылуу каардуу Үркүн окуясынан баштап, Кыргыз мамлекетинин түптөлүү мезгили, каардуу согуш жылдары, андан кийинки Совет мезгили чагылдырылып, көрүүчүлөргө зор таасир калтырды.

Театрлаштырылган оюндан соң, спорттук оюндарга кезек берилип, кап урушмай, улуттук күрөш сыяктуу кызыктуу спорттук оюндар болуп, катышуучулар акчалай байгелерге ээ болушту.

IMG_8221 IMG_8242 IMG_8239

Ал эми, эс алуу паркынын ичине Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан тигилген жасалгалуу боз үйлөрдө сыйлуу конокторго сый тамак берилди.

Мындан сырткары, жергиликтүү соодагерлер тарабынан жайылган жарманкеде эл керектөөчү ар кандай буюмдар сатылып, майрамдык салтанатка өзүнчө көрк кошо алды.

Бул күнү райондук төрт айыл аймагында да майрамдык салтанаттуу маарекелер өткөрүлүп, элге майрамдык маанай тартууланды.

М. Эшназаров