Архив за месяц: Август 2016

Кулактандыруу!

Кыргызстандагы Save the Children International филиалы SPRING долбоорунун негизинде ваканттык орунга сынак жарыялайт!

1 орун. Өздүк автоунаасы менен айдоочу

Иштөөчү жери: Чаткал району.

Талаптар;

1. Билими орто же жогорку билимдүү, айдоочулук күбөлүгү В категориясында,

2. Иш тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес. Эл аралык уюмдар менен иштөө тажрыйбасы бар. Кыргыз, орус же, өзбек тилдеринде эркин сүйлөгөн, командада ар кандай кырдаалда иштөө тажрыйбасы бар,

3. Автоунаасы; 2000— жылдан кийинки, 100 чакырымга 10 литр бензин сарптоосу тийиш.

Милдеттери;

—Долбоордун кызматкерлерин, иш кагаздарын жана мүлкүн коопсуздук менен жеткирүү,

—Жол кырсыгына кабылбай иштөө тажрыйбасы,

— Жол эрежелерин жакшы билүүсү,

—Жолдо жүрүүдө ар кандай кырдаалда өз учурунда туура чечим кабыл алуусу жана автоунааны башкара билүү,

—Керектүү мезгилде автоунаасын тейлөө, оңдоо жана жүргүзүү,

—Автоунаанын абалын дайыма көзөмөлдөп туруу,

—Өз учурунда автоунаасын оңдоо иштерин жүргүзүп туруу,

—Салык төлөмдөрүнө (патент, соцфонд)  милдеттүүлүгүн аткаруу,

—Кошумча жумуштарды аткаруу,

 

Так маалыматты долбоордун сайтынан job.kg таап алсаңыздар болот.

Резюме, сунуш кат жана 3 жолдомо катты hr-kg@savethechildren.org электрондук дарегине сынакка коюлган кызматты жана райондогу так, даана даректи 2016— жылдын 8-сентябрына чейин жөнөтсө болот.

 

Ылайыктуу талапкерлер аңгемелешүүгө чакырылат.

Мугалимдердин август Кеңешмеси болду

Август айынын жыйырма  үчүндө райондук мамлекеттик администрациянын жыйынлар залында мугалимдердин райондук август кеңешмеси болду.

Кеңешмеге райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Канжарбек Эшалиев баштаган райондук мекеме, ишканалардын жетекчилери, мектеп директорлору, бала бакча башчылары жана мугалимдер катышты.

Кеңешме алгач, КР. Гимни менен салтанаттуу ачылган соң, райондук маданият үйүнүн кызматкерлеринин чакан концерти жана мектеп окуучуларынын салтанаттуу саламдашуусу менен башталды.IMG_8060 IMG_8076 IMG_8104 IMG_8085 IMG_8095 IMG_8099 IMG_8092 IMG_20160823_161950 IMG_20160823_160307 IMG_20160823_162050 IMG_20160823_161203 IMG_20160823_164151

Андан соң, райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Канжарбек Эшалиев мугалимдердин август кеңешмесине карата куттуктоо сөзүн сүйлөп, райондогу билим берүү тармагындагы аткарылып жаткан иштерге кеңири токтолду. Аким К. Эшалиев белгилегендей, райондогу мектеп жана бала бакчалардын быйылкы утурумдук ремонт иштерине Каныш-Кыя жана Терек-Сай айыл аймактары тарабынан жалпы 12 млн. 693143 сом акча каралып берилген. Мында,  Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан А. Баймырзаев орто мектебинин кошумча имаратына 3 млн. 895724 сом, райондук музыкалык мектептин кошумча имаратына 2 млн. 978036 сом, “Алтын-Бешик” балдар бакчасынын капиталдык ремонтуна 2 млн. 618420 сом, Чакмак-Суу айылындагы “Ак Шоола”бала бакчасынын утурумдук ремонтуна 10 миң сом, “Наристе” балдар бакчасынын ремонтуна 30 миң сом, “Чебурашка” балдар бакчасынын утурумдук ремонтуна 30 миң сом, Башкы-Терек орто мектебине 50 миң сом,  Чакмак-Суу негизги мектебине 30 миң сом,  К. Акназаров орто мектебине 30 миң сом, Кайың-Суу орто мектебине 30 миң сом, С. Байдөөлөтов орто мектебине 100 миң сом, М. Исмаилов орто мектебине 100 миң сом, Ж. Ташкеев орто мектебине 30 миң сом, А. Айымбетов негизги мектебине 30 миң сом, А. Баймырзаев орто мектебине 30 миң  сом, жалпысы 10 млн. 22180 сом ал эми, Терек-Сай айыл аймагы тарабынан Терек-Сай орто мектебине 584450 сом, А. Чымканаев орто мектебине 554454 сом, Б. Камчыбеков орто мектебине 419934 сом, “Ай Нуру” балдар бакчасына  131650 сом,  “Келечек” балдар бакчасына  805275 сом, “Бүчүр” балдар бакчасына 175200 сом, жалпы 2 млн. 670963 сом акча каражаты бөлүнүп берилди.

Андан соң, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тажибай Тынышов сөз сүйлөп, ал өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду. Ал өз сөзүндө белгилеп өткөндөй, өткөн 2015-2016-окуу жылында район аймагындагы 15 орто, 3 негизги жана 1 башталгыч мектеп, жалпы 19 мектепте 548 мугалим эмгектенишип, 4971 окуучу билим алышты. 11-классты 278 окуучу бүтүрүп, орто билими тууралуу аттестатка, 9-классты 313 окуучу бүтүрүп, күбөлүктөргө ээ болушту. 313 бүтүрүүнүнүн 173ү жогорку окуу жайларга, 43ү атайын орто окуу жайларына, 13 окуучу техникумга тапшырышты.

Республикалык жалпы тестирлөөгө район боюнча 237 окуучу катышып, жыйынтыгында  108 лкуучу 110 баллдан жогору, 10 окуучу 150-177 баллга чейинки көрсөткүчтөргө жетише алышты.

Өз билимин өркүндөтүү боюнча мугалимдердин потенциалдык денгээлин көтөрүү максатында мектепке чейинки билим берүү уюмдарынан 11 тарбиячы, 2 мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору, райББнын 2 адиси, 11 мугалим, 2 соцпедагог, 5 усулдук бирикменин жетекчиси, жалпы 34 мугалим Жалал-Абад облустук билим берүү борбору тарабынан уюштурулган курстук окуулардан өтүшүп, сертификаттарга ээ болушту.

Өткөн окуу жылында мектептерге сырттан бир топ инвестициялар тартылды. Атап айтканда, январь айында 5 мектеп “Дүйнөлүк азык Түлүк программасына” пландаштырылып, өткөрүлдү.

Райондон 6 мектеп МЕРСИКО уюму тарабынан пилоттук долбоордун алкагында ысык тамак менен камсыз болду. Бул долбоордун алкагында аталган мектептердин ашканалары толук ремонттон өткөрүлдү.

Өткөн окуу жылында жалпы мектепке чейинки билим берүү уюмдары айыл аймактарынын бюджетинен жана бейөкмөт уюмдардан эмеректер үчүн жалпы суммасы 8 млн. 654 миң 600 сомдук инвестиция тартышты. Мындан сырткары, 235 миң сомдук компьютердик жабдууларды алышты.

Кеңешменин жүрүшүндө, С. Байдөөлөтов атындагы Каныш-Кыя орто мектебинин физика мугалими Р.Байматова, Р.Чонатаева, Б.Чоюнова,  А.Алыбаевалар, Т.Жаналиев атындагы Чаткал орто мектебинин мугалими С.Өскөнбаева. В.И. Ленин атындагы мектеп-интернатынын тарбиячысы Г. Рамашеваларга “Ардагер мугалим” ардактуу наамдары салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Буга кошо эле, айыл аймак башчылары С. Мусабаев, Н. Мырзаяров, Б. Турдалиев, А. Рысбеков жана “Кичи Чаарат” кен фирмасынын өкүлү К. Мамакеевдер  куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, бир нече мугалимдерге акчалай сыйлыктарын тапшырышты.

Мындан сырткары, 2016 – 2017 -окуу жылына карата мектептердин даярдыктары жана окуу-тарбия  иштериндеги жетишкендиктери боюнча мектептерге байгелүү орундар тапшырылды. Атап айтканда, типтүү мектептердин арасынан өткөн окуу жылы ичинде бардык талаптарга толугу менен жооп бергендиги жана жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендиги учун  «Баш байге» менен Исмаил уулу Матиш атындагы орто мектебине ыйгарылып, 4000 сомдон акчалай сыйлык менен  сыйланды.

Ал эми,  жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендиги үчүн типтүү мектептердин арасынан I орун  Б.Камчыбеков атындагы орто мектебине ыйгарылып,  2500 сомдон акчалай сыйлык менен,  II орун С.Байдоолотов атындагы орто мектебине  ыйгарылып, 1500 сомдон акчалай сыйлык  менен, Сумсар орто мектебине III орун ыйгарылып, 1000 сом акча менен сыйланышты.

Ушундай эле жетишкендиктери үчүн типтүү эмес мектептердин арасынан С.Мырзалиев атындагы орто мектебине «Баш байге» ыйгарылып, 4000 сом акча менен,   I орун  Чакмак-Суу орто  мектебине ыйгарылып, 2500 сом акча менен, А.Чымканаев атындагы  орто мектебине  II орун ыйгарылып, 1500 сом акча менен, Ж.Ташкеев атындагы негизги мектебине  III орун ыйгарылып, 1000 сом акча менен сыйланды.

Балдар бакчасынын имаратын сапаттуу ремонттон өткөрүп, аларды толук керектүү инвентарлар менен камсыз кылууда жана тарбиялануучу балдарга учурдун талабына ылайык шарттарды түзүп бергендиги үчүн 1 — орун «Келечек»  мектепке чейинки билим беруу уюмуна  ыйгарылып, 2500 сом акча менен, 2 — орун «Алтын-Бешик»  мектепке чейинки билим беруу уюмуна  ыйгарылып, 2000 сом акча менен, 3 — орун «Чебурашка» мектепке чейинки билим берүү уюмуна  ыйгарылып, 1000 сом акча менен сыйланды.

Кеңешменин соңунда, Чаткал районунун мугалимдеринин жана билим кызматкерлеринин райондук Кенешмесинин катышуучуларынын райондун бардык мугалимдерине, билим беруу кызматкерлерине жана коомчулугуна Кайрылуу кабыл алынды.

М. Эшназаров

 

 

Чаткал районунун мугалимдеринин жана билим кызматкерлеринин райондук Кеңешмесинин катышуучуларынын райондун бардык мугалимдерине, билим берүү кызматкерлерине жана коомчулугуна КАЙРЫЛУУСУ.

 

Урматтуу кесиптештер, кымбаттуу районубуздун коомчулугу!

 

Биз, Кыргыз Республикасынын Жалал – Абад облусунун Чаткал районунун мугалимдери жана билим берүү кызматкерлери ошондой эле райондук мамлекеттик администрациясынын жана райондук жалпы коомчулуктун өкүлдөрү өсүп келе жаткан жаш муундарды сезими назик, жан дүйнөсү бай, билими терең ойлогон ою да, жасаган аракети да асыл, адамгерчиликтүү өз эли жерин сүйгөн келечек ээлерин тарбиялап өстүрүп, алардын алдына чон максаттарды коюу менен бир кишидей баш көтөрүп, бүткүл рухун улуттук ой-тилекке айландырып, багыттоого районубуздун борборуна чогулуп олтурабыз.

Районубузда билим берүүнүн өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттары катары окуучулардын билим сапатын жогорулатууну, адамдардын өмүр бою билим алышынын бирдей шартын түзүүнү жана анын жеткиликтүү болуусун колдойбуз. Мында тез өзгөрүп бара жаткан дүйнөдө билим берүү системасы өзгөрбөй туруп калууга мүмкүн эмес.  Ал коомдун талаптарына жараша тез темпте байма – бай жаныланып туруусу абзел.

Татыктуу билимге ээ болуу укугу – адам баласынын эн негизги укуктарынын бири. Ал укук кандай гана өлкө болбосун билим алуу өнүгүүнүн пайдубалы болорун дүйнө эчак эле тааныган. Ал укук канчалык ийгиликтүү турмушка ашса, ошол мамлекет ошончолук тез, ийгиликтүү өнүкмөкчү.

Урматтуу кесиптештер: Албетте билим берүү системасында жүргүзүлүп жаткан реформалардын башкы кыймылдаткыч күчү Сиздер, мугалимдер экендиңиздерди эске алып,

Сиздер тараптан айтылган сунуштарды, көйгөйлөрдү жалпы  чечүү жолдору төмөндөгүлөрдү зарыл деп табат:

1. Жаш муундарга азыркы мезгилде дүйнөнү түшүндүрүү жана илимий көз карашты калыптандырууну, адамдын укугун коргогон эркин демократиялык коомдун ыймандуу жарандарын патриоттуулукка, эли журтуна, Ата Мекенине камкор мамиле жасоого, тарбиялоого бул багыттагы иш чаралардын жигердүүлүк менен аткарылышына жетишүүгө;

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун жана диний эстремизмдин алдын алуу боюнча бардык билим берүү мекемелеринде жана коомдук уюмдарда ырааттуу иш жүргүзүүгө, бул үчүн, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, «Билим берүү жөнүндөгү мыйзамынын» талаптарына ылайык тарбиялоо-түшүндүрүү иштеринин түрдүү формаларын пайдаланып, алардын аң-сезимин туура калыптануусуна багыт берүүгө, мектеп, ата-эне, коомчулук жана укук коргоо органдары менен тыгыз байланышта иштөөгө;

Мектепке чейинки балдар бакчаларынын экономикалык – социалдык шарттарын мындан ары дагы жакшыртуу жана райондун аймгагында жамааттык мектепке чейинки билим берүү уюмундарын түзүүгө;

XXI – кылым компьютердин жана информациялык технологиялардын кылымы экендигине байланыштуу ар бир мектепте анын өндүрүштүк базасын түзүүгө жана колдо болгон бардык компьютердик техникаларды өндүрүмдүү пайдалануунун натыйжасында окуучулардын билимдерин өркүндөтүүгө жетишүүгө;

Билим берүү мекемелериндеги окуу – тарбия ишинин сапаты алардын материалдык – техникалык базасына байланыштуу болгондуктан окуу көргөзмө каражаттары, окуу китептери менен камсыз кылууга, бул үчүн элдин жана башка Эл аралык демөөрчү уюмдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңири пайдаланууга;

Билим берүү тармагындагы кадрлардын жетишсиздигин кыскартуу максатында жогорку окуу жайлары менен байланышты чындап, жаш адистерди жергиликтүү бийликтердин көмөгү менен өз жеринде иштеп калуусу үчүн зарыл шарттарды түзүүгө;

Окуучуларды олимпиадага, республикалык тестирлөөгө жана «Алтын-тамга» тестирлөөсүнө даярдоодо баланын аң-сезимин терең ойготуу боюнча логикалык ой жүгүртүүгө карата атайын даярдалган тесттер менен машыктырып, эффективдүү жыйынтыктарды чыгарууга;

Эгемендүү өлкөбуздүн демократиялык жолдо өнүгүшү жана укуктук мамлекеттин калыптанышына активдүү катышып, эл арасында мамлекеттин саясатын терең тушүндүрүү аркылуу өзүбуздун билими жогору, саясий аң-сезими жетик инсандар экендигибизди көрсөтүүгө.

 

Урматтуу кесиптештер, урматтуу районубуздун коомчулугу биз сиздерге кайрылабыз!

БУУнун адам укуктары боюнча декларациясында ата – энелер өз балдарынын өнүгүүсү, ден – соолугу жана жыргалчылыгы үчүн функционалдык жактан жооптуу болоору жазылган. Так ушул үй бүлө коомдо өзүн алып жүрүүнүн баладагы үлгүсүн калыптандырат. Алардын негизинде бала өз турмушун курат. Учурда ата – энелер билим берүү процессинин толук кандуу катышуучусу.

Үй бүлө – бул адамдын бүтүндөй өмүрүндөгү бирден-бир тарбиялоо Университети.

Жарандык коомубуздун ынтымак – ырашкерлигин чыңдоону, улуттар аралык ынтымакты бекемдөөнү, элибиздин бейпилдигин сактоону жигердүү ишке ашыруу менен атуулдук парз катары кабыл алып, биз райондук мамлекеттик администрациясынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, билим берүү мекемелеринин жетекчилерине жалпы билим берүүнү өнүктүрүү боюнча жигердүү аракеттерди жасап , чечимдерди кабыл алганга чакырабыз !

 

Кайрылуу райондун мугалимдеринин жана билим беруу кызматкерлеринин август Кенешмесинде кабыл алынды.

 

23 – август  2016 – жыл

Жайкы өрт коопсуздугун сактайлы

Күндүн аябай катуу ысышы менен тоо этектериндеги, ачык аймактардагы, жайыттардагы кургак чөптөрдө, эгин аянттарында өрт кырсыктарынын катталуу ыктымалдуулугу жогору бойдон калууда.

Жайкы өрт кооптуу мезгил башталгандан бери облус аймагында кургак чөптөрдө 88 өрт кырсыгы катталып, жалпы 470 гектарга жакын аянттагы кургак чөптөр, анын ичинде  талаадан ташылып чыга элек, таңгакталган 590 даана пресс  күйүп, 18 тонна тоют өрттөнүп кеткен  кеткен. Мындан тышкары, өрттөн 5,49 га орула элек буудай аянты жабыркаган. ЖоЖайкы өрт кооптуу Жайкы өрт кооптуу кандай өтүп жатат.

Күндүн аябай катуу ысышы менен тоо этектериндеги, ачык аймактардагы, жайыттардагы кургак чөптөрдө, эгин аянттарында өрт кырсыктарынын катталуу ыктымалдуулугу жогору бойдон калууда.

Жайкы өрт кооптуу мезгил башталгандан бери облус аймагында кургак чөптөрдө 88 өрт кырсыгы катталып, жалпы 470 гектарга жакын аянттагы кургак чөптөр, анын ичинде  талаадан ташылып чыга элек, таңгакталган 590 даана пресс  күйүп, 18 тонна тоют өрттөнүп кеткен  кеткен. Мындан тышкары, өрттөн 5,49 га орула элек буудай аянты жабыркаган. Жогорудагы өрт кырсыктары этиятсыздыктан улам келип чыгып, көпчүлүгү Жалал-Абад шаарынын, Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен районунун аймактарында катталган.

Жогорудагыдай кургак чөптөрдөгү өрттөрдү алдын алуу максатында   Жалал-Абад облустук өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгы райшаардык бөлүмдөрү, жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте айыл тургундарынан ыктыярдуу өрткө каршы кошундарды түзүү, аларды өрт өчүрүүчү шаймандар, өрт өчүрүүгө ыңгайлаштырылган техникалар менен камсыз кылуу, чарбалык обьектилердин аймагын, жол четтерин кургак чөптөрдөн тазалоо, өрт кооптуу жайларда соколуу тракторлор менен атайын тосмолорду айдоо, тоют топтоого, эгин жыйноого катышуучу техникалардын абалына өзгөчө көңүл буруу сыяктуу жайкы өрт кооптуу мезгилдеги өрткө каршы иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча иш алып барууда.

Учурда, тоолуу келген Токтогул, Тогуз-Торо, Чаткал райондорунун жана  Кара-Көл шаарынын тоолуу аймактарындагы кургак чөптөрдө, токойлордо ири өрт кырсыктарынын чыгып кетүү коркунучу сакталат.    

Өрткө каршы кызматы  жайкы өрт кооптуу мезгилде кургак чөптөрдө катталуучу өрт кырсыктарын алдын алуу максатында облус тургундарын ачык отту пайдаланууда, тамеки тартууда өрт коопсуздук эрежелерин сактоону эскертет.

 

Каныбек Маматкулов, Жалал-Абад облустук өрткө каршы мамлекеттик  кызмат башкармалыгынын өрттү алдын алуу бөлүмчөсүнүн   улук инспектору, улук лейтенант 

 

 

Чаткал өрөөнүндө экологиялык жактан таза азыктар өндүрүлмөкчү

Он бешинчи август күнү КР. Экологиялык азыктарды өндүрүү ассоциациясынын президенти Турусбек Асаналиев районубузга келип, мындагы чарбакер дыйкандар менен жолугушту.IMG_20160815_111754 IMG_20160815_111814 IMG_20160815_111832 IMG_20160815_122827 IMG_20160815_122805

Жолугушууда Т. Асаналиев адам баласынын организмине терс таасирин тийгизбеген таза айыл чарба продукцияларын өндүрүү маселеси тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Атап айтканда, азыркы кезде айыл чарбасында колдонулуп жаткан жер семирткичтеринин көбү химиялык жолдор менен жасалып, адамга, жерге бир топ зыян келтирип жаткандыгы айкын. Анын кесепетинен адам баласы бир топ дарттарга кириптер болуп жаткандыгы да жашыруун эмес. Мунун алдын алуу максатында Орусия өндүрүшчүлөрү тарабынан адамга зыян келтирбеген жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн табигый өсүшүнө терс таасир тийгизбеген абалда мол түшүм берүүсүнө жакшы өбөлгө түзгөн органикалык жер семирткичтерди ойлоп таап, чыгарып жатышат. «Флора— С», «Фитоп флора— С » деп аталган мындай семирткичтер жогоруда айтылгандай оң касиетке ээ болуп, мол түшүм алууга зор шарт түзмөкчү. Аталган дарыларды дыйкандарга сунуш кылган Т. Асаналиев дыйкандарды топторго уюшуп, ассоциация менен кызматташуу аркылуу район калкынын жашоо— турмушунун оңолушуна салым кошууга чакырды.

Келерки сентябрь айында КР. Экологиялык таза азыктарды өндүрүү ассоциациясы райондук деңгээлдеги жолугушуу өткөрүүнү максат кылып жаткан кези.

Эскерте кетсек, районубузга ассоциациянын өкүлдөрү райондук агрардык өнүктүрүү департаментинин чакыруусу менен келишти.

М. Эшназаров

Артурбектен дагы бир жеңиш!

IMG-20160816-WA0001 IMG-20160816-WA0002Чаткалдык жаш спортчу Артурбек Мамыров 22-июлда Талас шаарында өткөн Кулатуу эр таймаш боюнча эл аралык мелдеште 57 килограмм салмактагылар арасында чемпиондукту жеңип алган эле. Спортчу уулубуз бизди дагы бир ирет кубантып, кечээ, август айынын он үчүндө Жалал— Абад шаарында өткөн эрежесиз эр уруш боюнча MMA Nomad Fights эл аралык турниринде 57 килограмм салмактагы балбандар арасында жеңүүчү болуп, чемпиондук курдун ээси болду.

Спорту уулубузду кезектеги менен куттуктайбыз!

Кулактандыруу !!!

                                                                             Жарыя!  Жарыя!  Жарыя!

Кызыл-Кыя тоо-техникалык колледжинде 2016-2017-окуу жылына карата күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмүнө төмөнкү адистиктерге кабыл алууну жарыялайт!

Шифр                            Бюджет:            9-класстан Сырттан окуу бөлүмү
1 130304 Жер астынан пайдалуу кендерди казып алуу 2 жыл 10 ай   2 жыл 6 ай
2 140613 Электрдик жана электромеханикалык жабдууларды оңдоп, эксплуатациялоо жана камсыздоо (тармактар боюнча) 2 жыл 10 ай   2 жыл 6 ай
3 270103 Имараттарды жана курулуштарды ишке киргизүү жана куруу 2 жыл 10 ай   2 жыл 6 ай
4 140212 Электр менен камсыздоо (тармактар боюнча) 2 жыл 10 ай   2 жыл 6 ай
5 130403 Тоо-кен иштерин ачык жол менен иштетүү 2 жыл 10 ай   2 жыл 6 ай
                         Контракт: 9-класстан 11-класстан 2 жыл 6 ай
1 130403 Тоо-кен иштерин ачык жол менен иштетүү 2 жыл 10 ай 1 жыл 10 ай 2 жыл 6 ай
2 130301 Геологиялык сүрөттөө жана пайдалуу кендерди казып алуу 2 жыл 10 ай 1 жыл 10 ай 2 жыл 6 ай
3     2 жыл 10 ай 1 жыл 10 ай 2 жыл 6 ай
4 140212 Электр менен камсыздоо (тармактар боюнча) 2 жыл 10 ай 1 жыл 10 ай 2 жыл 6 ай
5 050503 Технология (эмгек жана чийүү адистиги боюнча окутуучусу) 2 жыл 10 ай 1 жыл 10 ай 2 жыл 6 ай
6     2 жыл 10 ай 1 жыл 10 ай 2 жыл 6 ай
7 190604 Автоунааларды техникалык жактан тейлөө жана оңдоо 2 жыл 10 ай 1 жыл 10 ай 2 жыл 6 ай
8 080110  Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармак боюнча) 2 жыл 10 ай 1 жыл 10 ай 2 жыл 6 ай
9 230108 Компьютер системалары жана комплекстер 2 жыл 10 ай 1 жыл 10 ай 2 жыл 6 ай

 

Керектүү кагаздары:

  1. Мүдүрдүн наамына арыз.
  2. Орто билими же, атайын кесиптик билими жөнүндөгү документтин түп нускасы (2 көчүрмөсү)
  3. 3х4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт
  4. туулгандыгы жөнүндөгү иш кагаздын 2 көчүрмөсү
  5. 0,86-У формадагы медициналык аныктама баракча
  6. 0,63-У формадагы медициналык аныктама баракча
  7. Тиркеме иш кагазы.
  8. Конверт.
  9. Жашаган жайдан жана үй бүлө курамы аныктамасы

Биздин дарек: Кызыл-Кыя шаары, Школьная көчөсү-27, Молдежная көчөсү-9, болжол “Айсулуу” соода борбору

Байланыш тел- 0 (3657)5-01-44, 5-41-19, 5-01-90, 0777 (557) 219696

 

Чаткалдык дыйкандар чарбасын өнүктүрүүдө

Чаткал өрөөнүнүн климаты катаал болуп, айрым айыл чарба өсүмдүктөрү өссө да, жыргатаарлык түшүм бербей келгени белгилүү. Ага карабай, жергиликтүү бийликтин колдоосу жана эң башкысы, мээнеткеч дыйкандардын тынымсыз аракети менен ондогон күнөсканалар курулуп, район калкы жергиликтүү жашылча, жемиштер менен камсыздалууда.IMG_20160803_110946

Күнөсканалардын көпчүлүгү Айгыр— Жал айылында курулган. Мындагы он күнөскананын сегизи Каныш— Кыя айыл аймагынын бюджетинен ал эми, экөөсү Айыл Кеңеш Кызматы (АКК)  тарабынан курулуп берилген. Баса белгилей кетчү нерсе, быйыл Каныш— Кыя айыл аймагы тарабынан аз камсыз болгон үй бүлөлөргө жыйырма беш даана күнөскана курулуп берилген. Бүгүнкү күндө дыйкандар күнөсканаларга эгилген помидор жана бадыраңдан мол түшүм алышып, өз үй бүлөлөрүнүн кирешесин көбөйтүүдө.

Биз төмөндө айгыр— жалдык дыйкандар жана алардын ийгиликтери менен сиздерди тааныштырмакчыбыз.

Дыйкан Тойчиева Мавлюда алты жылдан бери дыйканчылык менен алектенип келет. IMG_20160803_105059IMG_20160803_111050

Дыйкан Бердибекова Жибек бүгүнкү күндө күнөсканадан алты миң сомдой киреше тапты,   —буюрса, алдыда дагы көп киреше табабыз— дейт кубанып.IMG_20160803_111346

Тажикстандан мындан үч жыл мурда Чаткалга келин болуп келген тажик кызы Зарина  Турдиева да тоолуктардын жашоо— шартына көнүп тим болбостон, айыл аймагы тарабынан берилген күнөсканага ээ болуп, үй бүлөсүн камсыздоодо.IMG_20160803_114256

Дыйкан Алиева Гүлшайыр күнөсканасына алгач эккен бадыраң менен помидордун көчөттөрү дарт  тийип, соолуп калып, ага карабай экинчи ирет эккен. Азыр көчөттөрү чоңоюп, түшүм бере баштады.IMG_20160803_122030

Дыйкан Ташбү Рыскулова (сүрөттө ортодогусу)  көп жылдан бери дыйканчылык менен алектенип келген. Айыл аймагы тарабынан жыл башында куруп берген күнөсканадан бүгүнкү күнгө чейин жүз килодой түшүм алды.IMG_20160803_122800

Дыйкан Гүлзат Нармырзаева күйөөсү Абубакир менен биргеликте тынымсыз эмгектенип, күнөсканадан мол түшүм алууну максат кылып турган кездери.IMG_20160803_124600

Дыйкан Айчүрөк Сарыбаева буга чейин картошка, сабиз эгүү менен чектелип келсе, быйыл айыл аймагы тарабынан берилген күнөсканага ээ болуу менен үй бүлөлүк каржы маселесин чечүүдө зор мүмкүнчүлүккө ээ болгонуна кубанууда.IMG_20160803_130858

Белгилей кетчү нерсе, Айгыр— Жал айылындагы дыйкандарды белгилүү дыйкан, АККнын мүчөсү Нарсулуу Абдылдаева көзөмөлдөп, дыйкандарга баалуу кеп— кеңештерин берип турат.IMG_20160803_121917

Дыйкандар керектүү шарттарды түзүп берген Жалал— Абад облустук Айыл Кеңеш Кызматына жана Каныш— Кыя айыл аймагынын жетекчилигине ыраазылык билдиришүүдө.

 

М. Эшназаров

 

Эгиндерибизди өрт кырсыгынан сактайлы

     2016-жылдын 7 айында Чаткал районунда  9 өрт кырсыгы катталып, өрттүн кесепетинен келтирилген материалдык зыян     261 миң 125 сомду түздү.

Азыркы учурда районубузда  түшүмдү жыйноо жана тоют даярдоо башталган учур. Ушул учурда ар кандай түшүм жыйноочу техникалардын ишке жарамдуусун, өрт жана техникалык коопсуздугуна жооп берерин текшерүү зарыл.

Түшүм жыйноодо өрт кырсыктарынан алыс болуш үчүн ар бирибиз төмөнкү өрт коопсуздугунун эрежелерин сактообуз кажет.

Тоют даярдоодо  эгин талаасында тамеки тартууга тыюу салынат.

Ар кандай от менен байланышкан нерселерди колдонууну катуу                 көзөмөлгө алуу.

Тоютту ташуу убагында техниканы жалын өчүрүүчү тетик менен камсыз кылуу.

Ар бир комбайнды 80 литр суу, кийиз жана шыпыргы менен камсыз кылуу.

Комбайнды күнүгө 3 жолу тазалоо.

Ширетүүчү (сварка) иштерди өзүнчө аянтта жасоо керек.

 

Жогорудагы талаптарды аткарбаган атуулдарга, өрт кырсыгын пайда кылгандарга мыйзам чегинде катуу жаза колдоноорубузду эскертебиз.

 

 А. Жумабаев,   Чаткал райондук ӨКМКБнүн  инспектору ,   лейтенант   

101 эскертет; Өз мүлкүңүздү өрттөн сактаңыз!

  Жылдан жылга калкыбыздын саны өсүп,  жаңы турак-жай, имарат -мекемелер курулуп жаткандыгы баарыбызга маалым. Ошону менен бирге эле өрт кырсыгынын да саны өсүп, андан материалдык зыян тартып жаткандар да жок  эмес. Ошондуктан Чаткал райондук Өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмү төмөнкү эрежелерди эсиниздерге салат:

(Балдарды   кароосуз    калтырбаңыз;

(Балдардын от менен ойноосуна жол бербеңиз;

(Күйүп  турган   ширеңке, тамекилерди  таштап салбаңыз;

(Тиричиликке керектүү электр шаймандарын, радио-теле аппараттарын, газ плиталарын иштеген бойдон   кароосуз    калтырбаңыз;

(Электр   жылыткыч  шаймандарын    күйүп   кетүүчү   буюмдарга   жакын   орнотпоңуз;

(Имараттарга (курулуштарга) жакын от жакпаңыз жана өрт кооптуулугу күчөгөн маалда калдыктарды   өрттөбөңүз;

(Ачык   күйгөн   от  менен   жылытпаңыз;

( 20 литрден ашык бензин, солярка ж.б тез күйүүчү заттарды сактабаныз.  (өрт жөнүндө 101 телефону боюнча кабарланыз;

 

Жогоруда баяндалган өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо менен Сиз,  турак жайыңызды, жылдап топтогон мүлкүңүздү өрттөнүп жок болуп кетүүдөн сактайсыз жана өрт учурунда адамдардын курман болуусун четтетесиз.

 

Д. Тайиралиев, Чаткал райондук ӨКМКБнүн башчысынын орун басары,   улук лейтенант