Архив за месяц: Июнь 2016

Түшүмдү өрттөн сактайлы

Үстүбүздөгү жылдын май, июнь айлары жаанчыл болгону менен учурда жайдын ысык аптабы жердин бетин акырындап тегерек четтеги чөп-чарларды куурата баштады. Ушул кезде кичине эле учкун болсо дүрт этип алоолонгон жалынга айланчу өрт коркунучу күчөп турган убак.

Учурдагы эң маанилүү өнөктүктөрдөн болгон тоют топтоо, кылкандуу дан эгиндерин оруп-чабуу иштерди баштоо алдында турабыз.

Ошондуктан, мына ушундай өрт чыгуу коркунучу күчөп турган мезгилде жыйналган тоюттарды, эгин аянттарын өрт кырсыктарына алдырбоо үчүн тийиштүү кам көрүүнү унутпасак. Эң жөнөкөй болгон өрт коопсуздугунун эрежелерин аткарбагандыктан жыл сайын көп сандаган эгин аянттары жана  тоюттар бөөдө күлгө айланууда.

Ошондуктан жергиликтүү айыл аймак  башчылары өрткө каршы тийиштүү чараларды көрүү менен, фермер, дыйкандар менен биргеликте өрт коопсуздугунун эң жөнөкөй болгон эрежелерин эстеринен чыгарбай, алардын так аткарылышына аракет кылуулары зарыл.

Ар бир үймөктүн аянты 150 чарчы метрден ашпай, бири-биринен аралыгы эң кеминде 20 метрден кем болбоосу тийиш. Үймөктөрдү жуп-жубу менен үйүүгө болот. Бирок, мында бир жуптагы үймөктөрдүн аралыгы 6, ал эми кийинки жуп 30 метрден кем болбоосу керек.

Тоют топтолгон жайлар электр зымдарынан 15 м, жолдордон 20 метр, имараттардан 50 метрден кем эмес аралыкта жайгаштырылуусу талапка ылайык.

Тоют жана түшүм жыйноого катышкан бардык тракторлор, автоунаалар жана комбайндар учкун өчүргүчтөр, алгачкы өрт өчүрүүчү шаймандар менен талапка ылайык жабдылуусу зарыл. Ал эми бул өнөктүктө иштеген адамдар өрт коопсуздугу боюнча атайын нускоодон өтүп, эрежелерди так сактоосу көзөмөлгө алынып турулуусу керек.

Бышып жетилип калган эгин аянттарынын жол менен кесилишкен жерин 8 метр кеңдикте чаптырып, артынан 4 метр кеңдикте айдатууну унутпоо керек, анткени бул өрттүн жайылып кетишине чоң бөгөт болот.

Чабыла баштаган эгин аянттарынын жанында соколуу трактор турганы шартка ылайыктуу. Ошондой эле, эгин аянттары өтө эле чоң болсо алар комбайндын бир күндүк нормасы боюнча участокторго бөлүнүп, ортолорун 8 метр кеңдикте чаптырып, артынан соко менен айдатуу зарыл.

Дагы бир өтө маанилүү нерсе – бышып жетилип калган эгин аянттарын, тоют сакталган жайларды кайтарууну унутпоо керек.

Ар бир тоют сакталган жай милдеттүү түрдө өрткө каршы шаймандар жана суунун запастары менен камсыз болунуп, өрткө каршы катуу тартиптин сакталышы такай көзөмөлгө алынып турулуусу зарыл.

Акырында айтаарыбыз, элибиздин эң негизги байлыгы болгон наныбызды «тилсиз жоодон» сактоо – бул жалпыбыздын  ишибиз. Ошондуктан, бул маанилүү кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо өнөктүгүнө мейли жетекчи, дыйкан болсун, жетишээрлик маани берип, өрттөн сактаналы.

А. Жумабаев, Чаткал райондук ӨКМКБнүн инспектору, лейтенант

Эс алуучу жайларыбыздын коопсуздугун сактайлы

      Районубуздун суктандырган кооз эс алуучу жайларыбызды өрт кырсыктарынан алдын алуу багытында өрт коопсуздук эрежелерин сакташыңыздарды эсиңиздерге салабыз.  

Бүгүнкү күндө окуучулардын лагерлерин жайкы эс алуучу мезгилине карата кызуу даярдап жаткан учур. Андыктан ремонт учурунан пайдаланып жатаканалардын туура эмес курулган эшиктерин сыртка ачыла турган кылып куруу керек. Лагердин имараттарына тартылган электр зымдарын чыңалуудан өткөрүп, жараксыз жерлерин жаңылоо зарыл. Лагердин айланасын кургак чөптөрдөн тазалап, өрт кокустугуна каршы суу сактагычтарды ремонттон өткөрүп, аларга сууларды толтуруп, өчүрүү шаймандары туруучу калканчаларды толуктоо керек. Лагердин айланасына өрт кокустугун эскертүүчү белгилер «От менен ойнобо», «Тамеки тартпа» деген сыяктуу эскертүүчү белгилердин илинүүсү тийиш. Телефондук байланыш ар убак оң абалда болуп, көрүнүктүү жерге «өрт кокустугу болгон кезде 101-ге кабар кылыңыз» деген жазуу илинүүгө тийиш. Лагердин кире бериш дарбазасына өрт кокустугуна каршы курулган суу сактагычка баруучу багытты көрсөткөн белгилери илинип турушу зарыл.

Ал эми токойлуу тоолордо жана башка эс алуучу жайларда эс ала тургандарга: эс алуучу жайларга жеңил автоунаа менен же жөө бара жатып, өчүрүлбөгөн тамекини туш келди таштабай, жагылган отторду унутпастан өз убагында өчүрүп, өрт коопсуздугун эскертүүчү белгилерге көз сала жүрүүңүздөрдү эскертебиз.

  А. Жумабаев, Чаткал райондук ӨКМКБнүн инспектору. лейтенант

 

Саламаттыкты сактоодогу эң көйгөйлүү маселелери талкууланды

Бүгүн, 28— июнь күнү район борборундагы «Ч. Айтматов» атындагы райондук маданият үйүндө райондогу саламаттыкты сактоо тармагындагы эң көйгөйлүү маселелерге байланыштуу райондук тегерек стол болду.IMG_20160628_100936 IMG_20160628_100919 1467088806431 1467088830576 1467088853004 1467088873009

Жыйында алгач, район акими Канжарбек Эшалиев сөз сүйлөп, буга чейин райондогу саламаттыкты сактоо тармагы бир кыйла кыйын абалды кечиргендигин, азыр тейлөө, ички тартип маселелери бир топ чечилип калгандыгын, антсе да, кадр маселелери көйгөй болуп келаткандыгын, азыр эки дарыгердин орду бош болуп, ага чет жактан дарыгерлерди тартуу маселеси каралаарын, азыр райондон он алты улан— кыздар жогорку медокууда окуп жаткандыгын айтты.1467089230317

 

Ал буга кошо эле, райондогу мекемелер менен биргеликте райондогу саламаттыкты сактоо ишиндеги маселелерди жабыла чечүү керектигин билдирди.

Андан соң, Сумсар аймактык ооруканасынын башчысы Эсенгүл Таджибаева сөз сүйлөп, Союз мезгилиндеги дарыгерлерге көрүлгөн камкордуктар тууралуу айтып, азыр дарыгерлер катардагы медайым, кызматкерлердин маяналарындагы теңсиздикти айтып, өз ой— пикирлерин билдирди. Ал буга кошо эле, азыркы медкызматкерлердин кыйынчылыктуу шарттары тууралуу айтып, медкызматкерлерге райондук мекемелер тарабынан керектүү шарттарды түзүп, районго дарыгерлерди тартууга жана аларга шарттарды түзүп берүүгө аракеттерди көрүү керектигин билдирди. 1467089688847 1467089703065 1467089719898 1467089737657

 

Андан кийин, Каныш— Кыя айыл аймагынын башчысы Сатаркул Мусабаевге сөз берилип, ал өз сөзүндө өткөн жылы айыл өкмөтү тарабынан кургак учук менен ооруган жети жаранга жалпы бир тонна жети жүз элүү кило көмүр берилгендигин,  айыл аймактагы медмекемелерге төшөнчү, жууркан жаатында жардам берилгендигин, мындан сырткары келерки айларда акчалай жардамдар берилээрин, Чакмак— Суу айылына ФАП куруу пландаштырылып жаткандыгын, ФАПтардын чатырлары оңдолуп, ремонттолуп жаткандыгын, сырттан келген дарыгерлердин жашоочу үй акылары төлөнүп берилип келаткандыгын, жашоочу үй маселесин чечүү жаатында да аракеттер көрүлөөрүн билдирди.

Ал берилген суроолорго ылайык, эгер кат аркылуу кайрылуу болсо, сырттан келген дарыгерлер менен бирге эле жергиликтүү дарыгерлерди да көмүр менен камсыздап бере алаарын билдирди.

Айгыр— Жал участкалык ооруканасынын башкы дарыгери Байызбек Балташев Чапай, Кара— Суу айылдарына кышында Тез жардам унаасы баралбай жаткандыгын, айрым кургак учук менен ооругандар жардамга муктаж болуп жаткандыгын, удаа эгиз төрөгөн энелерге да үч же, төрт эм төрөгөн энелер сыяктуу жардамдарды берүүнү кароо керек экендигин айтты.

Медайым Ракыя Өнөрбаева Башкы— Терек айылына тез жардам чакыруу менен ушуга чейин врачтар сейрек бараарын айтып, аталган айылдагы медайымдардын шарты өтө оор экендигин айтып, тиешелүү жактардан өтө аз көңүл бөлүнүп жаткандыгын айтып, кошумча штат берүүнү суранды. Буга жооп иретинде Чаткал ЖДПБнын директору Бакыт Ырысбеков аталган айылга бир врач берилээрин билдирди.

1467091685327

Андан кийин райондогу ФАП, ҮДТлардын азыркы абалы жана көйгөйлөрү тууралуу слайд шоу көрсөтүлдү. Бул  видео топтомго райондук санэпидкөзөмөл борборунун башчысы Гүлбарчын Акылбекова түшүндүрмө берип, Сумсар айыл аймагындагы медмекемелерге салыштырмалуу райондун калган башка жактарындагы медмекемелердин абалы өтө төмөн экендигин белгиледи.

Андан соң,  Терек— Сай аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Фарида Ташбалтаева, ЖДПБнын дарыгери Абдумалик Исмаилов, Жаңы— Базар участкасынын дарыгер— физиатры Капар Нарбаевдер сөз сүйлөштү.

Сумсар айыл аймагынын башчысы Айтыкул Рысбеков аймактык ооруканага максаттуу жардамдар берилип келаткандыгын билдирди.

Жыйын соңунда, жыйынга катышкан айыл аймак башчылары, тиешелүү кызматкерлери жана айылдык кеңештердин депутаттары тегерек столдо кабыл алынган чечимдерин жана талаптарын толук аткарууга даяр экендигин билдиришти.

М. Эшназаров

Каныш-Кыя айыл кеңешинин 2016—жылдагы токтомдору

     Каныш-Кыя  айылдык  Кенешинин  V чакырылышынын    XXX сессиясынын                    

№  1 т о к т о м у

           9-февраль 2016жыл                                                              Каныш-Кыя кыштагы

 

Каныш-Кыя    айыл аймагынын башчысы С.Мусабаевдин 2015-жыл ичинде жургузгон иштерин  Каныш-Кыя айылдык Кенешинин  V чакырылышынын    XXX сессиясы угуп  жана талкуулап

 

Т о к т о м    к ы л а т :

 

1. Каныш-Кыя   айыл аймагынын башчысы С.Мусабаевдин 2015-жыл ичинде жургузгон иштери  канаттандырарлык   деп табылсын

 

 

Каныш-Кыя айылдык

 Кенешинин торагасы: С.Смаилов

********************************************************************

Каныш-Кыя  айылдык  Кенешинин  V чакырылышынын    XXX сессиясынын

№ 2 т о к т о м у

9-февраль 2016жыл                                                              Каныш-Кыя кыштагы

Каныш-Кыя    айылылдык  Кенешинин  V чакырылышынын    XXV сессиясы,  Каныш-Кыя   айыл  аймагынын   2015-жыл  ичиндеги  бюджетининин   аткарылышы    боюнча  финансы  экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетинин берген маалыматын     угуп  жана   талкуулап

Т о к т о м    к ы л а т :

 

Каныш-Кыя  айыл  аймагынын    2015-жыл  ичиндеги   бюджетинин аткарылышы   боюнча финансы экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетинин берген маалыматы эске алынсын.

 

Каныш-Кыя айыл аймагынын 2015-жыл ичинде  бюджети 80731,7 мин сомго  аткарылгандыгы белгиленсин

  Каныш-Кыя айылды кенешинин торагасы:         С.Смаилов

*******************************************************************

Каныш-Кыя  айылдык  Кенешинин  V чакырылышынын    XXX  сессиясынын

№  3  т о к т о м у

9-февраль 2016жыл                                                              Каныш-Кыя кыштагы

 

Каныш-Кыя    айыл аймагынын Жайыт Комитетинин 2015-жыл ичинде жургузгон иштерин  Каныш-Кыя айылдык Кенешинин  V чакырылышынын    XXX сессиясы угуп  жана талкуулап

 

Т о к т о м    к ы л а т :

 

1. Каныш-Кыя   айыл аймагынын Жайыт Комитетинин 2015-жыл ичинде жургузгон иштери  канаттандырарлык  деп табылсын

Каныш-Кыя айылдык кенешинин торагасы: С.Смаилов

******************************************************************

Каныш-Кыя  айылдык  Кенешинин  V чакырылышынын    XXX  сессиясынын

№  4  т о к т о м у

9-февраль 2016жыл                                                              Каныш-Кыя кыштагы

 

Каныш-Кыя айылдык Кенешинин  V чакырылышынын    XXX сессиясы,  Каныш-Кыя айыл аймагынын 2016-жылга карата  тузулгон  социалдык-экономикалык  онугуу   программасын карап  чыгып  жана  талкуулап

 

Т о к т о м    к ы л а т :

 

1. Каныш-Кыя   айыл аймагынын  2016-жылга  карата  тузулгон социалдык-экономикалык  онугуу  программасы  бекитилсин.

2. Программага  киргизилген  иштерди  оз  убагында  аткарууда  айыл  аймагынын кызматкерлери  менен  айылдык  Кенештин  тиешелуулугуно  карата   комитеттер  тыгыз  байланышта  иш алып  баруу  жагы  тапшырылсын.

3. Бул токтомдун  аткарылышын  камсыз  кылуу  жагы  Каныш-Кыя   айыл аймагынын  башчысы  С. Мусабаевге  милдеттендирилсин.

 

Каныш-Кыя айылдык

 Кенешинин торагасы: С.Смаилов

*****************************************************************

Каныш-Кыя  айылдык  Кенешинин  V чакырылышынын   XXX  сессиясынын

№ 5 т о к т о м у

      9-февраль 2016жыл                                                              Каныш-Кыя кыштагы

 

Каныш-Кыя    айылдык  Кенешинин  V чакырылышынын    XXX сессиясы, Каныш-Кыя   айылдык  Кенешинин   2016-жылга  карата тузулгон планын карап чыгып жана талкуулап

Т о к т о м    к ы л а т :

1. Каныш-Кыя   айылдык Кенешинин  аймагынын   2016-жылга  карата тузулгон   иш планы  бекитилсин.

2. Иш планда корсотулгон маселелерди оз убагында даярдап,сессияга сунуш кылуу жагы тиешелуу комитеттерге тапшырылсын.

4.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айылдык Кенештин торагасынын орун басары Н.Жолдошовго  милдеттендирилсин.

Каныш-Кыя айылдык

 Кенешинин торагасы: С.Смаилов

*****************************************************************

    Каныш-Кыя  айылдык  Кенешинин  V чакырылышынын    XXX  сессиясынын                    

№  6  т о к т о м у

9-февраль 2016жыл                                                              Каныш-Кыя кыштагы

Чаткал районунун  Каныш-Кыя  айыл аймагынын  жергиликту  бюджетинин  киреше жана  чыгаша  болугунун  2016-жылга  карата  тузулушу   боюнча  айыл аймагынын  финансы-экономика  болумунун  башчысы  К. Темирбековдун  билдируусун  угуп, Каныш-Кыя  айылдык  Кенешинин  сессиясы  томондогудой  белгилейт:

Жогорудагы корсотулгон  маалыматтарды  угуп жана  талкуулап, Каныш-Кыя  айылдык  Кенешинин  кезектеги  V чакырылышынын    XXX  сессиясы

Т о к т о м    к ы л а т :

1. Каныш-Кыя   айыл аймагынын   жергиликтуу  бюджетинин  киреше  болугу  жергиликтуу  салыктардан  жана  жыйымдардан  топтоонун  колому №1-тиркеменин  негизинде  2016-жылга карата 64882,0 мин сом олчомундо  бекитилсин  жана  оз убагында  жыйноону   камсыздоо Каныш-Кыя айыл аймагына  тапшырылсын.

2. Каныш-Кыя  айыл аймагынын  жергиликтуу  бюджетинин  чыгаша  болугу  №2 тиркеменин  негизинде  2016-жылга  карата  64882,0 мин сом  олчомундо  бекитилсин. Эн  биринчи  кезекте  эмгек  акыга, социалдык  фондко  чегеруулорго  жана  комуналдык  чыгымдарга,  бала бакчалардын  тамак  ашына, сапар  чыгымдарына  жумшалаары  белгиленсин.

3. Кыргыз  Республикасынын  бюджетинин   укуктарынын  негизги  принсиптери  жонундогу  мыйзамынын  21-статьясына  ылайык  айыл  аймагынын  бюджетинин  чыгымдарынын коломунун  1% же 648,8 мин сом  олчомундо  айыл аймагынын  резервдик  фондусу  тузулсун.   Ошондой эле  ушул  мыйзамдын  23-статьясына ылайык  айыл аймагынын  бюджетинин  кассалык  накталай  жугуртулуучу  акча  каражатынын  колому  жыл   башына  карата  150,0 мин сом  олчомундо  бекитилсин.

4. Каныш-Кыя  айыл аймагынын  бюджеттик  эсебинде  2016-жылдын  1-январына  карата  калган  18875,2 мин сом  акча  каражаты  №3 тиркеменин  негизинде  жумшалаары  белгиленсин.

5.Каныш-Кыя  айыл аймагынын  атайын  каражат эсебинде  2016-жылдын  1-январына карата  калган  230,7 сом акча  каражаты  №4 тикеменин  негизинде  жумшалаары  белгиленсин.

6. Айыл аймагынын  финансы  экономика  болумуно  бюджеттик мекеме  уюмдардын  жетекчилерине  белгиленген  лимиттерди  максаттуу  пайдалануу  жагы  тапшырылсын.

7. Бул токтомдун  аткарылышын  камсыз кылуу  жагы  Каныш-Кыя  айыл  аймагынын  финансы  экономика болумуно  милдеттендирилсин.

Каныш-Кыя айылдык

 Кенешинин торагасы: С.Смаилов

********************************************************************

Каныш-Кыя  айылдык  Кенешинин  V чакырылышынын    XXX сессиясынын

№  7 т о к т о м у

           9-февраль 2016жыл                                                              Каныш-Кыя кыштагы

 

Каныш-Кыя    айыл аймагынын  коммуналдык чарбасына  чарбалык иштерди жургузуу учун пайда болгон зарылчылыкты карап чыгып жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кенешинин  V чакырылышынын    XXX сессиясы угуп  жана талкуулап

 

Т о к т о м    к ы л а т :

1.Каныш-Кыя    айыл аймагынын  коммуналдык чарбасына  чарбалык иштерди жургузуу учун пайда болгон зарылчылыктар эске алынып,Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтуу бюджетинин эсебинен  портъер автоунасын сатып алууга уруксат берилсин.

2.Сатып-алуу иштерин тиешелуу мекемелерден уруксат алуу менен мыйзамдуу жургузуу жагы ФЭБнун башчысы К.Темирбековго тапшырылып,козомолдоо жагы экономика финансы жана бюджет боюнча туруктуу комитетке жуктолсун.

3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы С.Мусабаевге милдеттендирилсин.

 

Каныш-Кыя айылдык

          Кенешинин торагасы: С.Смаилов

*******************************************************************

Каныш-Кыя  айылдык  Кенешинин  V чакырылышынын    XXX сессиясынын

№  8  т о к т о м у

           9-февраль 2016жыл                                                              Каныш-Кыя кыштагы

 

Райондук аскер комиссариатынын резерв рота менен иш алып барууда  аскердик форма менен камсыз кылуу иштеринде  пайда болгон зарылчылыкты карап чыгып жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кенешинин  V чакырылышынын    XXX сессиясы угуп  жана талкуулап

 

Т о к т о м    к ы л а т :

1. Райондук аскер комиссариатынын резерв рота менен иш алып барууда  аскердик форма жеишсиздигинен пайда болгон зарылчылыктары эске алынып,Каныш-Кыя айыл аймагынын резерв ротада кызмат отогон жоокерлери учун  атайын форма сатып алууга уруксат берилсин.

2.Сатып-алуу иштерин мыйзамдуу жургузуу жагы ФЭБнун башчысы К.Темирбековго тапшырылып,козомолдоо жагы экономика финансы жана бюджет боюнча туруктуу комитетке жуктолсун.

3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы С.Мусабаевге милдеттендирилсин.

 

Каныш-Кыя айылдык

          Кенешинин торагасы: С.Смаилов

**********************************************

Каныш-Кыя  айылдык  Кенешинин  V чакырылышынын    XXX сессиясынын

№  9  т о к т о м у

           9-февраль 2016жыл                                                              Каныш-Кыя кыштагы

 

Коргон-Сай  айылына  курулган  бала  бакчанын  жылытуу  системасын жасоодо кошумча  иштердин  пайда  болгондугун  тузулгон  сметанын  негизинде  карап  чыгып  жана  талкуулап   Каныш-Кыя айылдык Кенешинин  V чакырылышынын    XXX сессиясын  угуп  жана талкуулап

 

Т о к т о м    к ы л а т :

1. Коргон-Сай  айылына  курулган  бала  бакчанын жылытуу  системасын жасоодо  кошумча  иштердин  пайда  болгондугу  эске  алынсын.

2.Тузулгон  сметанын  негизинде  62815 (алтымыш эки мин сегиз жуз он беш) сом акча  каражатын  которуп  берууго  уруксат  берилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы С.Мусабаевге милдеттендирилсин.

 

Каныш-Кыя айылдык

          Кенешинин торагасы: С.Смаилов

*********** ******* **************** ***************** **********

Каныш-Кыя  айылдык  Кенешинин  V чакырылышынын    XXX сессиясынын

№  10  т о к т о м у

           9-февраль 2016жыл                                                              Каныш-Кыя кыштагы

 

Коргон-Сай  айылына  курулган  бала  бакчанын  ашканасына  талапка  ылайык  заманбап  тамак  бышыруучу  электро  плиткасын (коньфорка)  алып  беруу учун  Каныш-Кыя айылдык Кенешинин  V чакырылышынын    XXX сессиясы

 

Т о к т о м    к ы л а т :

1. Коргон-Сай  айылына  курулган  бала  бакчанын  ашканасына   талапка  ылайык  заманбап  тамак  бышыруучу электро  плиткасын (коньфорка)  алып берууго  уруксат берилсин.

2.Коргон-Сай  айылындагы  бала  бакчанын   ашканасына  талапка  ылайык  заманбап  тамак  бышыруучу  электро  плиткасын  (коньфорка) алып  беруу  учун  86951(сексен алты мин тогуз жуз элуу бир) сом  акча  каражатын  болуп беруу  жагы Каныш-Кыя  айыл  аймагынын  башчысы  С. Мусабаевге мидеттендирилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын козомол кылуу  жагы бюджет, финансы-экономика  боюнча  туруктуу  комитетке тапшырылсын.

 

Каныш-Кыя айылдык

          Кенешинин торагасы: С.Смаилов

******************************** **************************

Каныш-Кыя  айылдык  Кенешинин  V чакырылышынын    XXX сессиясынын

№  8  т о к т о м у

           9-февраль 2016жыл                                                              Каныш-Кыя кыштагы

 

Кыргыз  Республикасынын  муниципиалдык кызмат  жонундогу  мыйзамынын  17-беренесине  ылайык  Каныш-Кыя  айыл аймагынын кызматкерлеринин ишин  баалоонун  негизинде  сыйлоо  максатында Каныш-Кыя айылдык Кенешинин  V чакырылышынын    XXX сессиясы

Т о к т о м    к ы л а т :

1. Кыргыз Республикасынын  муниципиалдык  кызмат  жонундогу  мыйзамынын  17-беренесине  ылайык  Каныш-Кыя айыл аймагынын  кызматкерлеринин ишин  баалоонун  негизинде  сыйлык  чараларын  берууго  уруксат берилсин.

2.Муниципиалдык  кызматчыларды  сыйлоо  бир айлык  эмгек  акы  олчомундо  Кыргыз  Республикасынын  муниципиалдык  кызмат  жонундогу  мыйзамынын  17-беренесине  ылайык  квартал  сайын  жергиликтуу бюджетинин  эсебинен  болуп  беруу  жагы  Каныш-Кыя айыл аймагынын  башчысы С. Мусабаевге  милдеттендирилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын  козомол  кылуу  жагы  бюджет, финансы-экономика  боюнча  туруктуу  комитетке тапшырылсын.

 

Каныш-Кыя айылдык

          Кенешинин торагасы: С.Смаилов

************************************** ****************** **********

Каныш-Кыя  айылдык  Кенешинин  V чакырылышынын    XXX сессиясынын

№  12  т о к т о м у

           9-февраль 2016жыл                                                              Каныш-Кыя кыштагы

 

Каныш-Кыя  айыл  аймагынын   социалдык-экономикалык онугуу  программасына  киргизилген  айылдардын  ички  кочолоруно  шагал  тошоп  тегиздоо  жана  суу отуучу  жерлерге  труба  коюуу  иштерин  аткарууга  кетуучу  чыгымдарга  уруксат  беруу  максатында   Каныш-Кыя айылдык Кенешинин  V чакырылышынын    XXX сессиясы угуп  жана талкуулап

 

Т о к т о м    к ы л а т :

1.Каныш-Кыя  айыл аймагынын  социалдык-экономикалык  онугуу   программасына  киргизилген айылдардын  ички  кочолоруно  шагал  тошоп  тегиздоо  жана  суу  отуучу  жерлерге  труба  коюуу  иштерин  аткарууга  кетуучу  чыгымдарга  уруксат  берилсин.

2.Тиешелуу  акча  каражатын  аткарылган  иштин  коломуно  ылайык  айыл  аймагынын  жергиликтуу бюджетинен  каржылоо  Каныш-Кыя  айыл аймагынын  башчысы  С. Мусабаевге  милдеттендирилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын козомол кылуу  жагы бюджет, финансы-экономика боюнча  туруктуу  комитетке  тапшырылсын.

 

Каныш-Кыя айылдык

          Кенешинин торагасы: С.Смаилов

************************************* ***************************

Каныш-Кыя  айылдык  Кенешинин  V чакырылышынын    XXX сессиясынын

№  13  т о к т о м у

           9-февраль 2016жыл                                                              Каныш-Кыя кыштагы

 

Ж.Ташикеев  атындагы  толук эмес  орто мектебинин  ашканасын  салууда   кошумча  иштердин  пайда  болуусунан  тузулгон  сметанын  негизинде  акча  каражатын  болуп  беруу   максатында  Каныш-Кыя айылдык Кенешинин  V чакырылышынын    XXX сессиясы

Т о к т о м    к ы л а т :

1.Ж. Ташикеев  атындагы  толук  эмес  орто  мектебинин  ашканасын  салууда  кошумча   иштердин  пайда  болуусунан  тузулгон   сметанын  негизинде  акча  каражатын  болуп  беруго  уруксат  берилсин.

2.Тиешелуу  акча  каражатын  тузулгон  сметанын  негизинде  130000 (бир жуз отуз мин) сом акча  каражаты  жергиликтуу бюджеттин  эсебинен  каржылоо  Каныш-Кыя  айыл  аймагынын  башчысы С. Мусабаевге  милдеттендирилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын козомол кылуу  жагы бюджет, финансы-экономика боюнча  туруктуу  комитетке  тапшырылсын.

 

Каныш-Кыя айылдык

          Кенешинин торагасы: С.Смаилов

****************************************************** ***********

Каныш-Кыя  айылдык  Кенешинин  V чакырылышынын    XXX сессиясынын

№  14  т о к т о м у

           9-февраль 2016жыл                                                              Каныш-Кыя кыштагы

 

Каныш-Кыя  айыл  аймагы  айыл  мыйзамынын  18-беренесинин  21-пунктусунда  корсотулгондой дене  тарбия  жана  массалык  спортту  онуктуруу  учун  Каныш-Кыя  айыл  аймагына  караштуу  спортсмендерди  областтык  жана  Республикалык  спартакияларга  барып  келуу  учун  акча  каражатын  болуп  беруу  максатында    Каныш-Кыя айылдык Кенешинин  V чакырылышынын    XXX сессиясы

 

Т о к т о м    к ы л а т :

1.Каныш-Кыя  айыл аймагы  айыл мыйзамынын  18-беренесинин  21-пунктусунда корсотулгондой  дене  тарбия  жана массалык спортту  онуктуруу  учун  Каныш-Кыя  айыл аймагына  караштуу спортсмендерди  областык  жана  Республикалык  спартакияларга  барып  келуу учун  акча  каражатын  болуп  берууго  уруксат  берилсин.

2.Областык  жана  Республикалык  спартакияларга  барып  келуу  учун  айыл  аймагынын  жергиликтуу  бюджеттин  эсебинен  2016-жыл  учун  300000 (уч жуз мин) сом  акча  каражатын  болуп  беруу  Каныш-Кыя  айыл аймагынын  башчысы  С. Мусабаевга  милдеттендирилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын козомол кылуу  жагы бюджет, финансы-экономика боюнча  туруктуу  комитетке  тапшырылсын.

 

Каныш-Кыя айылдык

          Кенешинин торагасы: С.Смаилов

********************************************** *********** ********

Каныш-Кыя  айылдык  Кенешинин  V чакырылышынын    XXXI  сессиясынын

№  1   т о к т о м у

28-март  2016жыл                                                              Каныш-Кыя кыштагы

Каныш-Кыя айылдык Кенешинин  V чакырылышынын    XXXI сессиясы,  Каныш-Кыя  айыл  аймагынын  Жайыт  Комитетинин  2016-жылга  карата  тузулгон  сметасын, мал башына  толонуучу  тарифтерин, штаттык бирдигин,  жергиликтуу  инфраструктураны  онуктуруу  боюнча  АРИС  программасы  аркылуу  берилуучу  кичи  долбоорлорду  жана  жайыттарды  башкаруунун  ички  тартиби   жонундогу  жобону  бекитип беруу  боюнча  кайрылуусун  карап  чыгып    жана талкуулап,

Т о к т о м    к ы л а т :

1. Каныш-Кыя  айыл  аймагынын  жайыт  комитетинин  торагасы  Ж. Камчыбековдун  кайрылуусу  эске  алынсын.

2.Каныш-Кыя  айыл аймагынын  жайыт  комитетинин  2016-жылга  карата  тузулгон  сметасы, мал башына  толонуучу  тарифтери, штаттык  бирдиги,  жергиликтуу  инфраструктураны  онуктуруу  боюнча  АРИС программасы  аркылуу   берилуучу  кичи  долбоорлор  жана  жайыттарды  башкаруунун  ички тартиби  жонундогу  Жобо  (№1,2,3,4,5,6,7) тикемеге  ылайык  бекитилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын  камсыз кылуу  жагы  жайыт  комитетинин  торагасы                 Ж. Камчыбековго  милдеттендирилип, козомолдоо  жагы  айыл  чарбасы  боюнча  туруктуу  комитетке  тапшырылсын.

 

Каныш-Кыя айылдык

 Кенешинин торагасы: С.Смаилов

************************************ ************* ***********

Каныш-Кыя  айылдык  Кенешинин  V чакырылышынын    XXXI  сессиясынын

№  2   т о к т о м у

28-март  2016жыл                                                              Каныш-Кыя кыштагы

 

Каныш-Кыя    айыл аймагынын жарандарына там куруу учун жер аянтын алууга уруксат беруудо 0,15 сотых олчомундо бекитип беруу боюнча кайрылуусун,  Каныш-Кыя айылдык Кенешинин  V чакырылышынын    XXXI сессиясы угуп  жана талкуулап

 

Т о к т о м    к ы л а т :

1. Каныш-Кыя   айыл аймагына карштуу бардык (Чакмак-Суу,Башкы-Терек, Коргон-Сай,Каныш-Кыя,Айгыр-Жал) айылдарында там куруу  учун жер сураган атуулдарга 0,15 сотыхдан жер аянтын болуп беруу чечими кабыл алынсын.

2.Там куруу учун мурдатан жер алып,пайдаланбай жургон жерлердин моонотун карап, Мыйзамга ылайык кайтарып алуу боюнча иштерди тиешелуу мекемелер менен бирге чечуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагына тапшырылсын.

2.Жарандарга там куруу учун жер аянтын алууга  уруксат беруудо Кыргыз Республикасынын тийиштуу Мыйзамдарына ылайык иш алып баруу, жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы С.Мусабаевге

 

Каныш-Кыя айылдык

 Кенешинин торагасы: С.Смаилов

******************************************** ************ ********

Каныш-Кыя  айылдык  Кенешинин  V чакырылышынын   XXXI  сессиясынын

№ 3 т о к т о м у

      28-март  2016жыл                                                              Каныш-Кыя кыштагы

 

Каныш-Кыя    айылдык  Кенешинин  V чакырылышынын    XXXI сессиясы,Чаткал МСИнын кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап

Т о к т о м    к ы л а т :

1. Чаткал райондук МСИнин кайрылуусу мурдагы жылдары да каралып, которулуп берилген акча каражаты мыйзамыз болгондуктан  кайтарылып алынгадыгы  эске алынсын.

2.Кыргыз Республикасынын тийиштуу Мыйзамдарына жана токтомдоруна ылайык карап чыгып,тиешелуу жооп беруу жагы Каныш-Кыя айыл Окмотуно милдеттендирилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы финансы,экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.

 

Каныш-Кыя айылдык

 Кенешинин торагасы: С.Смаилов

***************************************** ************ *********

Каныш-Кыя  айылдык  Кенешинин  V чакырылышынын    XXXI

сессиясынын

№ 4 т о к т о м у

28-март  2016жыл                                                              Каныш-Кыя кыштагы

Каныш-Кыя    айылылдык  Кенешинин  V чакырылышынын    XXXI сессиясы сессиясы,Чаткал МСИнын кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап

Т о к т о м    к ы л а т :

1. Чаткал райондук МСИнин мал  башына   толонуучу  жайыт салыгын которуу боюнча кайрылуусу райондук кошмо жыйналышта  каралгандыгы   эске алынсын.

2.Мал башына толонуучу жайыт салыгы Каныш-Кыя айыл аймагында мурдагы жылдарда бекитилген тариф боюнча калтырылсын.

3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл айыл аймагынын Жайыт Комитетине милдеттендирилдсин.

 

 

Каныш-Кыя айылдык

                        Кенешинин торагасы:         С.Смаилов

*********************************** *************** **********

Каныш-Кыя  айылдык  Кенешинин  V чакырылышынын    XXXI

сессиясынын

28-март  2016жыл                                                                                  Каныш-Кыя кыштагы

Т О К Т О М № 5

Каныш-Кыя    айылылдык  Кенешинин  V чакырылышынын    XXXI сессиясы,Чаткал токой чарбасынын  директору Н. Жолдошовдун  “Кичи-Кумбел” ботаникалык  заказнигин  райондук  жерге  жайгаштыруу  болумуно  каттоого  тургузуу  учун  50 га  жер  аянтына  токтом  чыгарып  берууго  уруксат   сурап  кайрылган катын  жана  тиешелуу  иш  кагаздарын  карап чыгып жана талкуулап

Т о к т о м    к ы л а т :

1. Чаткал токой чарбасынын  директору Н. Жолдошовдун “Кичи-Кумбел” ботаникалык  заказнигин  райондук  жерге  жайгаштыруу  болумуно  каттоого  тургузуу  учун  50 га  жер аянтына  токтом  чыгарып  берууго  уруксат  сурап  кайрылган кайрылуусу эске алынсын.

2.Каныш-Кыя  айыл аймагынын  “Кичи-Кумбел” ботаникалык  заказнигине  50 га  жер  аянтын  райондук  жерге  жайгаштыруу  болумуно  каттоого  тургузуу  учун  уруксат берилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл Окмотунун  башчысы                    С. Мусабаевге  милдеттендирилсин.

 

Каныш-Кыя айылдык

                        Кенешинин торагасы:         С.Смаилов

******************************************* *********** *****

Каныш-Кыя  айылдык  Кенешинин  V чакырылышынын    XXXI

сессиясынын

28-март  2016жыл                                                              Каныш-Кыя кыштагы

Т О К Т О М № 6

Каныш-Кыя    айылылдык  Кенешинин  V чакырылышынын    XXXI сессиясы,Каныш-Кыя  айыл аймагына караштуу  айылдарда  2016-жылга  карата  жеке  ветеринардык  кызматкерлердин  ветеринардык  кызмат  корсотуудон  алынуучу  акча  каражатынын  баасынан  олчомун  бекитип  беруу  боюнча  Каныш-Кыя  айылдык  вет.сервисинин  башчысы  Э. Кубатбековдун  кайрылуусун   карап чыгып жана талкуулап

Т о к т о м    к ы л а т :

1. Каныш-Кыя  айыл аймагына  караштуу  айылдарда  2016-жылга  карата  жеке  ветеринардык  кызматкерлердин  ветеринардык кызмат  корсотуудон  алынуучу  акча  каражатынын  баасынан олчомун  бекитип  беруу  боюнча  Каныш-Кыя  айылдык вт.сервис  башчысы                     Э. Кубатбековдун  кайрылуусу эске алынсын.

2.Каныш-Кыя  айыл аймагына караштуу  айылдарда  2016-жылга  карата  жеке ветеринардык  кызматкерлердин  кызмат  корсотуудон  алынуучу  акча  каражатынын  баасынын  олчому  (№1,2) тиркемеге  ылайык  бекитилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя  вет.сервистин  башчысы          Э. Кубатбековго милдеттендирилип,  козомолдоо  жагы  айыл  чарбасы  боюнча  туруктуу  комитетке  тапшырылсын.

 

Каныш-Кыя айылдык

                        Кенешинин торагасы:         С.Смаилов

*************************************** ************ *********

Каныш-Кыя  айылдык  Кенешинин  V чакырылышынын    XXX сессиясынын

№ 7 т о к т о м у

28-март  2016жыл                                                              Каныш-Кыя кыштагы

 

Каныш-Кыя    айылдык  Кенешинин  V чакырылышынын    XXXI сессиясы, Айгыр-Жал айылынын жалпы тургундарынынайылга жаны курулган айылдык клубка маркум Мамадалиев Абдраимдин ысымын беруу боюнча  24.02.2016-жылдагы №6  токтому менен жонотулгон кайрылуусун  карап чыгып жана талкуулап

Т о к т о м    к ы л а т :

1. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Айгыр-Жал айылынын жалпы тургундарынын айылга жаны курулган айылдык клубка маркум  Мамадалиев Абдраимдин ысымын беруу боюнча  24.02.2016-жылдагы №6  токтому  бекитилсин.

2.Айгыр-Жал айылындагы айылдык клубка маркум Мамадалиев Абдраимдин ысымын беруу  клубдун ачылышына карата уюштурулуп, тиешелуу иштерине даярдыктарды коруу жагы маркумдун уул-кыздарына эскертилсин.

4.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы С.Мусабаевге милдеттендирилсин.

 

Каныш-Кыя айылдык

 Кенешинин торагасы: С.Смаилов

************************************** **************** *****

Каныш-Кыя  айылдык  Кенешинин  V чакырылышынын  кезексиз    XXXII сессиясынын

6-июнь  2016жыл                                                               Каныш-Кыя кыштагы

№ 1  т о к т о м у

Каныш-Кыя    айылдык  Кенешинин  V чакырылышынын кезексиз    XXXII сессиясы,           Каныш-Кыя  айыл аймагынын  башчысы  С.Мусабаевдин  2017-2018-2019-жылга  карата  Каныш-Кыя  айыл  аймагынын  киреше  болугунун  долбоорун  бекитип  беруу  боюнча  кайрылуусун  карап  чыгып жана талкуулап

Т о к т о м    к ы л а т :

1. Каныш-Кыя  айыл  аймагынын  2017-2018-2019-жылга  карата  киреше  болугу  боюнча  тузулгон  долбоору  томондогудой  болуп  бекитилсин.

2017-жылга  карата 51050,5 мин сом

2018-жылга  карата 52598,9 мин сом

2019-жылга карата 53501,0 мин сом

2.Бекитилген пландын аткарылышы  боюнча иш алып баруу  жагы  Каныш-Кыя  айыл  аймагынын  финансы-экономика  болумуно  милдеттендирилсин.

4.Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо  жагы  айылдык  кенештин  финансы-экономика жана бюджет  боюнча  туруктуу  комитетине  тапшырылсын.

 

Каныш-Кыя айылдык

 Кенешинин торагасы: С.Смаилов

Чаткал айыл аймагында албан иштер аткарылууда

Чаткал айыл аймагында жыл башынан бери бир топ иштер аткарылып, айыл аймактын жана райондун социалдык— экономикалык өнүгүүсүнө көрүнөөрлүк салымдар кошулууда. Төмөндө, айрым иш чараларга көңүл буруу менен, айыл аймакта аткарылган жана аткарылып жаткан жумуштарга токтоло кетсек ашыкча болбос.

н. мырзаяров

Алсак, Курулуш айылындагы С. Мыр­залиев орто мектеби быйыл республикалык б­юджеттин эсебинен капиталдык ремонттон өт­көрүлмөкчү. Буга чейин аталган мектептин ­чатыры жараксыз болуп калган болчу.

IMG_20160622_092452Быйыл, жакынкы мезгилдерде Чаткал районун­ун Курулуш айылынын жаңы конушуна зым кар­агай мамылары орнотулуп, электр жеткирилм­екчи. Бул тууралуу Чаткал айыл аймагынын ­башчысы Нурланбек Мырзаяров билдирди. Аны­н маалымдашынча, айыл өкмөтү тарабынан бу­л иштерге жетиштүү акча каражаты бөлүнгөн­.

IMG_3970

  Чаткал районунун Жаңы—Базар айылынын Ж­аңы—Кыштак участкасына мал жана жөө адамд­ар өтүүчү көпүрөнүн курулушу башталды. Ба­асы 3 млн, 473 миң сомду түзгөн бул көпүр­өнүн курулуш иштери  «Империя Групп»» ишк­анасы тарабынан жүргүзүлүүдө.

                              *****************************************

Чаткал районунун Ак—Таш айылында айылдык­ ишкер Сүйүтбек Исматов тарабынан зым тор­ токуучу жабдуу ишке берилди. Ишкер учурд­а өз айылын продукциясы менен камсыздап б­үтүп, райондун башка айылдарына да сатуун­у максат кылууда.

                       **************************************

Чаткал районунун чек арага жакын жайгашк­ан Ак— Таш айылынын инфратүзүмүн өнүктүрү­ү максатында түнкү чырактарды орнотуу пла­ндаштырылууда. Буга ылайык, Чаткал району­нун өнүктүрүү фондуна  2 млн, 540 миң 525­ сомдук долбоор даярдалууда. Аталган долб­оор ишке ашып калса, аталган айылга 92 да­ана чырак жана буларды электр менен камсы­здоого 1 даана трансформатор орнотулмакчы­.

                         карышкыр IMG_1876

Чаткал районунун Чаткал айыл аймагы атал­ган айыл аймактагы аңчыларды колдоо макса­тында аңчыларга Аңчылык департаменти тара­бынан берилген акчалай сыйлыктан тышкары ­айылдык кеңештин токтому менен жыйырма тө­рт миң сом акча каражатын бөлдү.  Бул кар­ажат жакында аңчыларга тапшырылмакчы. Бел­гилей кетсек, быйыл аңчылар он жети карыш­кырды тузакка түшүрүп, жок кылышкан.

                              ******************************************

Чаткал районунун Чаткал айыл аймагы жерги­ликтүү калк арасындагы жакырчылыктын деңг­ээлин төмөндөтүү максатында Дүйнөлүк Азык­ Түлүк программасынын алкагында Айыл Кеңе­ш Кызматы менен биргеликте жардамга мукта­ж үй бүлөлөргө  жаз, жай мезгилдерине ыла­йык утурумдук он эки күнөскана куруп берү­үнү максат кылууда.  Бул иштерге айыл айм­агы тарабынан жүз элүү миң сом бөлүнгөн.

                            Изображение 4365

Быйыл Чаткал айыл өкмөтүнө аталган айыл ­аймагына көчүп келген алты этникалык кырг­ыздар кайрылышып, алардын экөөсү «Кайрылм­ан» күбөлүгүн алышты. Ал эми, калган төрт­өөнө кийинчерээк күбөлүктөр берилмекчи.

                         ****************************************

Жыл башынан бери Чаткал районунун Чаткал­ айыл аймагында жашаган калктын жакырчылы­к деңгээли 6.4% га төмөндөдү. Бул көрсөтк­үч жергиликтүү калктын жеңилдетилген кред­иттердин эсебинен төрт түлүк малдын башын­ көбөйтүүсүнөн, айыл аймактагы «Темир мал­» фондунун малдарынын эсебинен жардамга м­уктаж үй бүлөлөрдүн пайда табуусунан жана­ жергиликтүү тургундардын тоо кен фирмала­ры тарабынан жумуш менен камсыз болуусуна­н улам келип чыгууда. Белгилей кетсек, жы­л башынан бери «Кичи Чаарат» фирмасына от­уз эки тургун ал эми, «Вертекс Голд Компа­ни» фирмасына алты жаран жумушка орношкон­.

                      IMG_1480 (2)

Быйыл, жакынкы мезгилдерде Чаткал айыл а­ймагынын Жаңы— Базар айылында жана Курулу­ш айылында эки бала бакча ачылып, элге кы­змат көрсөтө баштады. Буга чейин аталган ­айылдарда бирден гана бала бакчалар иштеп­ келсе эми, бала бакчалардын саны төрткө ­жетти.

                       ipp

Чаткал районунун Жаңы— Базар айылындагы ­Ыдырыс— Ата тарыхый комплексинде «2016— ж­ыл Тарых жана маданият жылына» карата бир­ топ иштер аткарылууда. Атап айтканда, жа­з алды менен комплекстин айланасына КР. А­йлана чөйрөнү коргоо агенттиги тарабынан ­берилген тянь— шань карагайынын үч жүз тү­п көчөтү тигилген. Бүгүнкү күндө, комплек­стин айланасына брусчатка жаткыруу, мейма­нкананы оңдоо,  күмбөзгө чыкчу жолдорду о­ңдоо боюнча долбоорлор ишке ашырылууда.
Ал эми, комплекстин кызматкерлеринин баа­ры медкароодон өткөрүлүп, туристтерди жог­орку деңгээлде тейлөө боюнча курстан өтүш­көн.
Туристтик мезгил башталгандан бери бул т­уристтик жайга жүз кырк адам келип, диний­ жөрөлгөлөрдү жасап кетишкен.

М. Эшназаров

 

Дарыгер кеңеш берет; Мите курт ооруларынан сактаныңыз

Мите оорулары — мите курттар (гельминттер), мите жаныбарлар, жөнөкөйлөр (амеба, лейшмания, лямлия, токсоплазма, плазмодиялар жана башкалар) жана муунак буттуулар (чымын-чиркейлер, биттер) жана башкалар пайда кылган оорулар.

    Мите оорулар тууралуу:

Мите жаныбарлар пайда кылуучу оору инвазиялык деп, ал эми вирустар, козу карындар пайда кылуучу оору жугуштуу оорулар деп аталат. Мите курттар гельминтоздорду пайда кылат. Буга аскаридоз, энтеробиоз, эхинококкоз, анкилостомидоз, дифиллоботриоз, фациолез, трихинелез, трихоцефалез, тениидоз  жана башкалар кирет. Жөнөкөйлөр протозооздорду пайда кылат. Аларга амебиоз, лямблиоз, безгек, токсоплазмоз, лейшманиоз, трипаносомоз жана башкалар кирет. Кишинин организминде 50дөн ашуун жөнөкөй жаныбарлардын түрү мителик кылат. Мите курт-кумурскалар энтомоздорду, кенелер акароздорду пайда кылат. Энтомоздорго миаздар, чиркей, желимчи, бит жана башкалар чаккандан болгон тери оорулары (дерматозооноздор); акоздорго котур кирет. Мите ооруларынын козгогучтары туруктуу жана убактылуу болуп айырмаланат. Убактылуу мителер табиятта же үйдө эркин жашап, кишиге тамактануу (чагуу) үчүн гана келет. Туруктуу мителер кишинин организминде өөрчүү мезгилинин айрым бөлүгүн же бүт өмүрүн өткөрөт.

Козгогучтардын бөлүнүшү:

Мите оорусун козгогучтар кишинин организминде орун алышы, мителик кылышы боюнча сырткы (эктомителер) жана ички (эндомителер) болуп бөлүнөт. Эндомителер негизинен ички органдарда — өпкө, боор, ичеги, булчуң ткандарында жашап, аларды жабыркатат. Мындан сырткары тери алдында (котур кенеси) жана дене көңдөйүндө — мурун, ооз, кулак жана башкаларда жашоочу (сайгактын личинкасы) мителер белгилүү. Мите оорулары мите алып жүрүүчү же оорулуу жаныбарлар менен кишилерден жугат. Организмге козгогучтар тери же ооз, мурун аркылуу кирип, тамак-аш, чымын-чиркей, аба менен таралат.

Тамак-аш менен жугуучу:

Тамак-аш менен жугуучу мите оорулары на мите курттар пайда кылуучу оорулар, ич өткөк, амёбиаз, лямблиоз жана башкалар кирет. Алар мителер менен булганган тамак-ашты, сууну ичкенде, ошондой эле кир кол, идиш-аяк менен жугат. Кээ бир мите оорулары (котур, анкилостамидоз, биттөө жана башкалар) жолуккандан, тийишкенден жугат. Козгогучун башка организмдер (кенелер, чиркейлер, бүргөлөр) таратуучу мите оорулары трансмиссивдүү мите оорулары деп аталат.

Очоктуу оорулар:

Мите ооруларынын ичинен табигый очоктуу оорулар кездешет. Мисалы, лейшманиоздо оорунун очогу кемирүүчүлөр болуп, ал эми тараткыч, жугузуучулар — желимчилер. Мите ооруларынын козгогучтары организмге түрдүүчө зыян келтирет. Ооруну врач дарылайт. Организмге зыян келтирбей козгогучтарды өлтүрүп жок кылуучу химиялык каражаттар, кан препараттары жана витаминдер колдонулат.

Аскаридалар кишинин ичегисинде мителик кылат. Ургаачысынын уз. 25—40 см; эркеги — 15—25 см. Ургаачысы ичегиде суткасына 200 миңге чейин жумуртка тууйт, ал оорулуунун ичегисинен заң менен сыртка чыгат. Сырткы чөйрөдө жумуртканын өөрчүүсү ыңгайлуу шартта, кычкылтек жетиштүү, нымдуу топуракта (24—26°Сда) 24—25 күнгө созулат. Аскариданын жумурткасы сырткы чөйрөдө кыштап чыгуусу мүмкүн (кар алдында —30° температурада). Мелүүн климаттык зонада алар 20 см тереңдикте 5—7 жылга чейин сакталат.

Аскаридоздун жугуу жолдору:

Аскаридозду жугузуунун негизги булагы — адамдын заңы менен булганган топурак, кир кол, жуулбаган жашылча, жемиш, мөмлөр, ошондой эле булганган суу жана башка.

Аскариданын жетилген жумурткасы менен булганган жашылча, жемиш, мөмөлөрдү жегенде, кээде кайнатылбаган сууну ичкенде жугат. Адамдын ичегисинде тамак менен кирген жетилген жумурткада личинка пайда болот. Личинка ичеги капталынын былжыр челин тешип, вена кан тамырына өтүп, кан агымы менен жүрөккө, өпкөгө андан өпкө альвеоласын тешип бронхторго келип, дем алуу жолдору аркылуу ооз көңдөйүнө келет. Ооздон шилекей менен кошо жутканда кайрадан ичегиге келип, жетилген аскаридага айланат.

Белгилери:

Аскаридоздун өтүшү миграциялык — личинкасы ичегиге 2-жолу түшкөнгө чейинки жана ичегидеги болуп эки стадияга бөлүнөт.

1-стадиясыкөбүнчө билинбей өтөт. Кээде дене ысып, жөтөлөт, бөрү жатыш чыгышы мүмкүн. 2-стадиясында оорулуунун жүрөгү айланат, ичи толгоп ооруйт, шилекейи агып, тамакка табити тартпайт, башы айланып ооруйт, бат чарчайт. Балдар уктап жатканда тишин кычыратат; деми кысылат, бронхит, аз кандуулук пайда болот.

Дарылоо:

Дарылоону врач жүргүзөт. Врачка кеч кайрылганда дарылоо узакка созулат. Кабылдап кеткенде (перитонит, ичеги өткөөлсүздүгү, ириңдүү холецистит) хирургиялык операция жасалат.

Алдын алуу:

Аскаридозду жугузуунун негизги булагы-өздүк гигиенанын эрежелерин жана даараткананы таза сактоо керек. Жашылча-жемиштерди чийки жээрден мурун жакшылап жууп, кайнак суу менен чайкоо максатка ылайык. Балдарды кичине кезинен гигиеналык адатка (колду жууганга, колун оозуна салбоого жана башка) үйрөтүү чоң мааниге ээ.

Трихинеллез — адамдын жана жаныбарлардын жумуру мите курт — трихинелла пайда кылуучу оорусу.

Жыныстык жактан өсүп жетилген трихинелла адамдын жана айбанаттардын ичке ичегисинде, ал эми личинкасы булчуң этте мителик кылат. Ургаачысы уруктангандан кийин ээсинин ичегисинин капталына кирип, 2000ге жакын эң майда личинка тууйт да, көп узабай өлөт. Личинкалар лимфа жана кан тамыр аркылуу бүт денеге тарайт. Ал булчуңга өтүп чоңоё баштайт. Эки-үч жумадан кийин булчуңда личинка ийрилип өсүп, спираль формасына өтөт да, 2—2,5 айдан кийин сыртынан кабык (капсула) менен капталат.

Белгилери:

Бул оору адамга трихинеллез менен ооруган жаныбарлардын этин чала бышырып жегенден жугат. Оорунун алгачкы белгиси ал жуккандан 2—3 жума өткөндөн кийин денеси ысып (39—40°С), калтырак басат. Көзү кызарып, жарыкты карай албайт, булчуңдары, ичи ооруп, өтөт. Бети шишимик тартып, кээде көзү жүлжүйүп, ачылбай калат. Балдарда оору көбүнчө жеңил өтөт.

Дарылоо:

Дарылоону врач гана жүргүзөт. Ооруну алдын алууда ветеринариялык текшерүүдөн өтпөгөн малдын этин тамак-аш катары пайдаланууга болбойт. Чочко этин, жапайы жаныбарлардын этин жакшылап кайнатып же кууруп жеш керек.

Лямблиоз — ичке ичегиде, кээде өт баштыкчасында мителик кылуучу жөнөкөйлөр — лямблия пайда кылган оору. Лямблия кыймылдуу (4 жуп шапалакчасы жана соргуч дискасы бар) жана кыймылсыз формада (циста) жашайт. Соо адамга лямблия цистасы менен булганган тамак-аш, суу, кол, буюмдар аркылуу жугат. Ал ичегикарынга өтүп, ичке ичегиге жабышып мителик кылып көбөйөт. Лямблиоз болгондо ичтин жогору жагы же киндиктин тушу ооруйт; ич көөп курулдайт, кускусу келет, кээде былжыр аралаш суюк заңдайт. Лямблия ичке ичегиден жоон ичегиге өткөндө ал жерде өөрчүшүнө шарт болбогондуктан циста формасына айланып, заң менен сыртка бөлүнүп чыгат. Циста формасы сырткы чөйрөнүн түрдүү шартына чыдамдуу келет (топуракта 3 жумага, сууда 5 жумага чейин сакталат). Көбүнчө балдар (өзгөчө 1—4 жашка чейинки) ооруйт. Кээде оорунун белгиси билинбей өтүп, кай бир оорудан кийин байкалат. Баланын ичи көөп, ооруйт, тез-тез былжыр аралаш заңдайт. Врач оорулууга дарылоодон тышкары белогу жетиштүү жеңил диетаны (кайнатып бышырган эт, быштак, кефир, сабиз, капуста жана башкалар) сунуш кылат. Таттууну, камырдан жасалган тамактарды тарта жеш керек. Оорунун алдын алууда оорулууну убагында таап дарылоо мааниге ээ. Тамак-аш азыктарын таза сактоо, чымындарды жок кылуу, сууну кайнатып же суу түтүгүнөн ичүү, жашылча жемишти тамакка жууп пайдалануу, өздүк гигиенаны сактоо зарыл.

Токсоплазмоз — көпчүлүк орган жана системаларды жабыркатуучу оору.

Козгогучу — токсоплазма, 20° чөйрөдө 3 күнгө чейин сакталат. Тике тийген күн нурунан, ысытуудан, кургатуудан тез өлөт. Токсоплазмоз менен уй, кой, эчки, мышык, коен, тоок, өрдөк, жапайы жаныбарлардан бугу,  түлкү, сары чычкан, тыйын чычкан жана башкалар жабыркайт. Козгогуч ылаңдаган жаныбарлардын заңы, заарасы, мурдунан чыккан суюктук, сүтү менен сыртка бөлүнөт. Адамга оору жакшы бышырылбаган, кайнатылбаган эт, сүт, жумуртка жегенде жугат. Өзгөчө козгогучту бөлүп чыгарган мышыктар коркунучтуу. Анын булганган жүнүн кармаганда кол аркылуу козгогуч оозго кириши мүмкүн. Организмге  кирген козгогуч кан менен түрдүү органдарга (мээ, көз, боор, көк боор,  лимфа түйүндөрү жана башкалар) тарап, аларды жабыркатат.

Токсоплазмоздун тубаса жана кийин пайда болгон түрү бар.

Кийин пайда болгон түрү катуу кармаган жана өнөкөт түрүндө өтөт.

Өнөкөт түрүндө оору жылдап созулушу мүмкүн. Мында температура анча көтөрүлбөйт, оорулуунун алы кетет, башы ооруйт, көзү начар көрө баштайт, ишке жөндөмдүүлүгү төмөндөйт, лимфа түйүндөрү, боор, көк боор чоңоёт. Көпчүлүк учурда гепатит, миокардит, өпкөнүн сезгениши,  психиканын бузулушу байкалат.

Тубаса токсоплазмоздо оору түйүлдүк мезгилинде энеден берилет. Бала эненин ичинде же төрөлөрү менен өлөт. Эгер өлбөй калса түрдүү майыптык жана өсүү кемтиктери байкалат.

Алдын алуу:

Оорунун алдын алуу үчүн оорулуу жаныбарларды убагында таап, аларды бөлүп, дарылоо; мындай жаныбарлардан балдар, кош бойлуу аялдар сак болуусу, мышык, итке тамак бергенден кийин колду сөзсүз самындап жуу зарыл. Мал чарбасында, эт, эт азыктары менен иштегендер атайын кийимдерди кийүүгө, тазалыкты сактоого тийиш. Базардан сатып алынган эт жана сүт азыктарын жакшы бышырып, кайнатып ичүү талапка ылайык.

Катуу кармаганда ысытма болуп, баш, булчуң ооруйт.

 

Г. Акылбекова, Чаткал райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык  көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери

Турак жайларыбызды өрт кырсыктарынан сактайлы

 Урматтуу  районубуздун тургундары 2016-жылдын  бүгүнкү күнүнө  чейин район аймагында  8  өрт кырсыгы катталып, андан келтирилген материалдык зыян 140678 сомду түздү. 

  Көпчүлүк өрт кырсыктары турак үйлөрдөн чыгууда. Адамдардын отко шалаакы жана кайдыгерлик менен мамиле кылуусу көп учурда өрттүн чыгышына себепкер болуп калат. Ыргытып ташталган тамеки калдыгы, түйүндөргө сайылган боюнча унутта калган электр шаймандары, балдардын от менен ойноосунан күтүлбөгөн өрт кырсыгы болуп,  үйлөр, үй мүлктөрү күйүп, кээбир учурда адамдар да каза болот.

Ошондуктан урматтуу мекендештер, өрттүн алдын алуу ар бирибиздин колубузда. Бул үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактап, кайдыгерликтен алыс болуубуз талап кылынат. Ушул макалада өрттүн чыгуу себептерин чагылдыруу максатыбыз, сиздерди өрт коопсуздугунун эрежелерине так болууга чакыруу.

Төмөнкү эрежелерди сактай билүүңүз керек: балдарды кароосуз калтырбаңыз, күйүп турган ширенке жана тамекилердин күйгөн калдыктарын таштабаңыз, тиричиликке керектүү электр шаймандарын, радио-теле аппаратураларын, газ плиталарын иштеген бойдон кароосуз калтырбаңыз, электр жылыткыч шаймандарын күйүп кетүүчү буюмдарга жакын орнотпоңуз, имараттарга (курулуштарга) жакын от жакпаңыз жана өрт кооптуулугу күчөгөн маалда калдыктарды өрттөбөңүз, электр шаймандарын түнкү маалда же үйдөн кеткен учурда күйгөн боюнча калтырбаңыз, жашы жете элек балдардын газ жана электр шаймандарын колдонууга жол бербеңиз.

Урматтуу районубуздун тургундары, өрттүн алдын алуу ар бирибиздин колубузда. Кайдыгер болуу менен бирге өрт чыгуусуна өбөлгө түзүп, артынан өкүнүп калбайлы. Өз маңдай терибиз жана ак эмгегибиз менен тапкан байлыгыбызды кайдыгерликтин себебинен «тилсиз жоонун» чеңгелине салып бербейли. Ошондуктан өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактап, кайдыгерликтен алыс бололу. Биз ошондо гана тилсиз жоонун жолуна бөгөт койгон болобуз.

Өрт учурунда эмне кылуу керек: Өрт болуп жаткандыгы тууралуу 101 телефонуна кабарлоо, адамдарды сактап биринчи жардамды көрсөтүү, колдо болгон каражаттар менен өрттү өчүрүүгө киришүү, материалдык баалууктарды жана жаныбарларды эвакуациялоо – булар өрт учурундагы зарыл болон эң биринчи аракеттер.

Бул макалада баяндалган өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо. Сиздин турак жайыңызды жанан мүлкүңүздү өрттөнүп жок болуп кетүүдөн сактайт..

Д. Тайиралиев, Чаткал райондук өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн  башчысынын орун басары, улук лейтенант

 

101 билдирет !

   2016-жылдын  июнь   айына чейин Чаткал  районунун  аймагында 8 өрт кырсыгы катталып,  натыйжасында өрттөн келтирилген материалдык чыгым 140678 сомду түздү.Ошондуктан  Чаткал райондук Өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмү төмөнкү эрежелерди эсиңизге салат:

Кантип  өрттүн  алдын алууга болот:

Бул үчүн өрт коопсуздугунун өтө жөнөкөй жана аткарууга мүмкүн болгон эрежелерин сактай билиңиз.

Эсиңизде болсун:

(Балдарды   кароосуз    калтырбаңыз;

(балдардан   ширеңкелерди  катып   салыңыз;

(Күйүп    турган   ширеңке, тамекилерди  таштап салбаңыз;

(Тиричиликке керектүү электр шаймандарын, радио-теле аппараттарын, газ плиталарын иштеген бойдон   кароосуз    калтырбаңыз;

(Электр   жылыткыч  шаймандарын    күйүп   кетүүчү   буюмдарга   жакын   орнотпоңуз;

(Имараттарга (курулуштарга) жакын от жакпагыла жана өрт кооптуулугу күчөгөн маалда калдыктарды   өрттөбөңүз;

(Ачык   күйгөн   от  менен   жылытпаңыз;

(Чатырларда,   жер   төлөлөрдө   жана тепкич   аянтчаларында   күйүүчү   материалдарды сактабаңыз;

(Газ шаймандарын (плиталарын, суу жылуутучу колонкаларды) түнкүгө же үйдөн кеткен учурда күйгөн боюнча калтырбаңыз;

(өрт кооптуулугу бар суюктуктар жана заттар менен иштөө учурунда этият болуңуз.

өрт учурундагы аракеттер:

(өрт жөнүндө 101 телефону боюнча кабарлоо;

(Колдо болгон каражаттар менен өрттү өчүрүүгө киришүү;

(Материалдык баалуулуктарды жана жаныбарларды эвакуациялоо.

(Жалындап күйүп жаткан нерсени жууркан-төшөк, бышык кездеме же кийим менен жаап салуу;

(Жерге төгүлүп күйүп жаткан суюктуктарды кум же топурак менен өчүрүңүз;

Бул нускоодо баяндалган өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо. Сиздин турак жайыңызды, мүлкүңүздү өрттөнүп жок болуп кетүүдөн сактайт жана өрт учурунда адамдардын курман болуусун четтетет.

Сактансаң сактайт дейт элибизде. Ошондуктан  ар дайым өрт кырсыгынан сак жана оолак болуңуздар.

А. Жумабаев, Чаткал райондук ӨКМКБнүн инспектору, лейтенант                            

 

Өрт кырсыктарынан сак бололу!

Урматтуу атуулдар!

Чаткал райондук өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмү табигый  кырсыктар катталган мезгилде өзүн алып жүрүүнү, жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүүнү үйрөнүүнү сунуш кылуу менен бирге төмөнкү иш-чараларды аткарууну эскертет:

Сууга түшүүдө:

жаш балдардын сууга түшүп кетүү коркунучу бар жайларды тосмолор менен тосууну;

кооптуу жайларда сууга түшпөөнүү;

сууга түшүүдө эрежелерди сактоону.

Жолдо жүрүүдө:

жол коопсуздук эрежелерин сактоону;

тийиштүү ылдамдыктан ашпоону;

автоунаалардын дайыма оң абалда болуусун камсыздоону.

Жайкы өрт кооптуу мезгилде:

турак-жайлардын, мекеме-ишканалардын аймагын чөптөрдөн арылтууну;

таштандыларды коопсуз гана жайда көзөмөлдөп өрттөөнү;

өчүрүлбөгөн тамеки калдыктарын көрүнгөн жерге таштабоону.

Өзгөчө кырдаалдар катталса, токтоосуз 101 же  112 — Бирдиктүү мамлекеттик нөөмөт-диспетчердик кызматына чалыңыздар. Өрт же өзгөчө кырдаал жөнүндө кабар канчалык тез жетсе, ага ыкчам чара көрүү менен сактап же куткарып калуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогорулайт. Ошондуктан эрежелерге кайдыгер карабай, кырсыктардан сактаналы.  

И. Кубатбеков, Чаткал райондук ӨКМКБнүн башчысы, капитан 

Ар кандай кырсыктардан сактана билели

өрт коопсуздугу 2Кырсыктардан сактаналы.

Курамында өрткө каршы бөлүктөрү, куткаруу бөлүктөрү, райшаардык бөлүмдөрү бар Жалал-Абад облустук өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгы өрткө каршы үгүт-насаат иштерин жүргүзүү менен бирге облус аймагында катталган  өрт кырсыктарын жоюу менен бирге сел, көчкү сыяктуу табийгый кырсыктардын, жол-транспорт, жана башка  түрдүү кырсыктардын  кесепеттерин жоюуга тартылып, активдүү катышып келет.

Аткарылган иш-чараларга карабастан акыркы мезгилдерде адам өлүмү, жарат алуусу менен коштолгон кырсыктарынын, анын ичинде жол-транпсорт кырсыктарынын да көп катталуусу байкалууда.

Алсак, өткөн 2015-жылда өрттүн кесепетинен 5 атуул, анын ичинен 2 жаш бала  каза таап, 2 атуул жарат алып,  866 тонна тоют жана 21 автоунаа жабыркаган болсо, сууга түшүп жатып же кырсыктап сууга түшүп кеткен 9 адам, түрдүү жол-транспорт кырсыктарынан 23 адам  каза  болгон.  Куткаруучулар тарабынан 48 адам куткарылып, 51 адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Ал эми, 2016-жылдын 4 айында өрттүн кесепеттеринен 4 атуул каза таап, 2 атуул жарат алып, 129 тонна тоют, 7 автоунаа жабыркаган. Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракеттеринен улам 1 атуул, 2 автоунаа жана 25 млн. 638 миң сомдон ашуун материалдык баалуулуктар сакталып калынган болсо, куткаруучулар тарабынан түрдүү кырсыктардан 22 адам куткарылып, 32 адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Жогорудагы адам өлүмү, жарат алуусу менен коштолгон кырсыктар негизинен өрт коопсуздук, жол коопсуздук жана күнүмдүк турмуштагы коопсуздук эрежелерди сактабагандыктан улам катталууда.

Аба-ырайынын жаанчыл болушу менен аймактарда сел, жер көчкү коркунучтары далее болсо сакталууда.  Ал эми, көп жааган жаандан улам чарбалык обьектилердин аймагындагы, жол четтериндеги, ачык аймактардагы, тоо этектериндеги чөптөр өсүп, жай мезгилинин келиши менен кургап, өрт чыгып кетүү коркунучу күч алууда.

Өткөн 2015-жылдын жайкы өрт кооптуу мезгилинде облус аймагындагы чарбалык обьектилердин аймактарындагы, ачык аймактардагы, жол четтериндеги, жайыттардагы, токойлордогу кургак чөптөрдө жалпы 134 жолу өрт кырсыгы катталып,  андан келтирилген материалдык зыян  1 млн. 310 сомдон ашты. Өрттөрдүн кесепетинен 1 386,5 га аянттагы кургак чөп, бак-дарактар, ошондой эле, талаада топтолгон бирок, жыйыла элек 14 тонна тоют жабыркаган.

Ал эми, 2015-жылдын август айында Токтогул районундагы Чычкан капчыгайында тоолордо өрт кырсыгы катталып, анын натыйжасында 500 гектардан ашуун аянттагы кургак чөптөр, токойлор күйүп кеткен. Өрттү өчүрүүгө өлкө аймагынан өрт өчүрүүчүлөр, токойчулар, жергиликтүү калк, мекеме-уюмдардын кызматкерлери тартылып, өрт 10 күн дегенде өчүрүлүп бүткөн.

Жаз мезгилинин келиши менен атуулдардын өрт коопсуздук эрежелерин сактабагандыгынан улам жол четиндеги, ачык аймактардагы, токойлордогу былтыркы кургак чөптөрдө, камыштарда өрт кырсыктары каттала баштады. Алсак, жыл башынан ушул кезге чейин 13 жолу былтыркы калган кургак чөптөрдө өрт кырсыктары катталып, натыйжада 16,7 га аянттагы кургак чөптөр, камыштар өрттөнүп кеткен.

Урматтуу районубуздун тургундары!

Ар кандай кырсыктардын алдын алуу өзүбүзгө байланыштуу, ошондуктан ар дайым сак бололу!

И. Кубатбеков, Чаткал райондук ӨКМКБнүн башчысы, капитан